mainkaptal
Пользовательский поиск
"Путин" чокусу пайда болду
Буга чейин талаш туудуруп, ар кыл пикирлерди жаратып келген, Чүй облусунун Москва районундагы тоо кыркаларындагы бир чокуга "Владимир Путин чокусу" деген атты берүү маселесине чекит коюлду. Жогорку Кеңеш аталган тоо кыркасындагы бийиктиги 4446 метрге чейин жеткен чокуну "Владимир Путин чокусу" деп атоого сунушталган мыйзам долбоорду жалпысынан кабыл алды. Эске сала кетсек, мындай сунушту Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев колдоого алып, демилгени Москва районунун жергиликтүү администрациясы көтөрүп чыкканын айткан. Бирок Кыргыз чокусуна Путиндин атын ыйгарууга айрым коомдук жана саясий ишмерлер каршы пикирлерин билдиришип, мындай жагдайды Орусияга баш урган кошоматчылык мамиле катары сынга алышкан.


Бийликте кылмышкерлер менен байланышкандар бар…
Президент кылмыштуу чөйрө менен күрөшүүнү күчөтүүгө буйрук кылганы бир топ кылмыш топтордун мүчөлөрү кармалып, Кыргызстанды жарым жыл ичинде ар кыл кылмыштуу топтордон тазалоо планы башталды. Бул пландын алкагында 1-январдан бери кылмыштуу топторго тиешеси бар делген 56 адам кармалган. Алардын элүү бешин камакка алуу чечими чыгарылса, бирөө үй камагына чыгарылган. Кылмышкерлерге карата мындай катуу чара көрүлүп жатканына карабастан, бийлик сересинде отурган айрым атка минерлер кээ бир кылмыштуу топтун мүчөлөрүн калкалоо аракетин көрүп жатканы айтылып келет. Демек, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун Ысык-Көлдөгү "Капризде" "Мыйзамдуу ууру" аты бар Камчы Көлбаев менен жолукканы туурасындагы эл арасындагы айтылган сөздөр бекеринен чыгып жатпаса керек. Бийликтеги айрым адамдардын кылмыштуу чөйрө менен байланышы бар экенин Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев да танбайт. Анын сөзүнө караганда, бийликтин ар кыл бутактарында, анын ичинде Ички иштер министрлигинде да кылмыштуу топтор менен байланышы бар кээ бир адамдар отурат. Жарым жыл аралыгында алардын бардыгын аныктоо, кылмыштуу топторду бийликтеги шериктери менен кошо тазалоо планы бүткөрүлөт. Ишенич артып туралы, калганын мезгил көрсөтөт…


Коомдук телеканал кимди кооптондурууда?
Эки бийлик тушунда тең элдин эмес, үй-бүлөнүн камчысын чаап, мактап-жактап келгендиги үчүн коомчулук алдында жек көрүндү болуп, "кара жащик" деген каймана атка ээ болгон. Акыркы ыңкылаптан кийин КТРыбыз Коомдук телеканал аталып, түп-тамырынан болбосо дагы, бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болуп, бийликке да акаарат айтканга жарай баштаган. Башкы телеканалыбыздын башчылары эми Ак үйгө эмес, КТРКнын алдында түзүлгөн Байкоочулар кеңешине баш ийип калган. Бирок эски бийликтин эркелери жойлоп кирген азыркы парламентибиз Коомдук каналдын Байкоочулар кеңешин таркатып, бийликке эмес, коомго баш ийе баштаган телеканалдын макамын өзгөртүүгө катуу кызыга башташты. Айрым серепчилер Байкоочулар кеңешинин таратуу маселеси алдыдагы президенттик шайлоого түздөн-түз байланыштуу экендигин айтып чыгышты. Коомдук каналды кайрадан "кара жащикке" айлантуу идеясы "Ата-Журт" партиясынан чыгып жаткандыгы да жөн жерден эмес окшойт. Себеп дегенде, былтыркы парламенттик шайлоодо "Ата-Журттун" аталыктарынын бири Камчыбек Ташиев КТРКнын чоңу Кубат Оторбаевге тиш кайрап калганы эсибизде да.


Байболов ээрден жылмышабы?
Башкы прокурор Байболовдун ээлеген ордунан ыргычу мезгили келип калганы туурасында Ак үй тараптан айың тарады. Айыгышкан душманына айланган бир кездеги кан досу маркум Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин ачмайынча, бул кызматтан кетпестигин жар салган Байболов Башкы прокурорлук мансабын тапшырып берүүгө өзү деле даяр болуп калгандай түрү бар дешет. Бир кездери өзү түптөшкөн "Ак шумкарын" Темикеге биротоло өткөрүп бергенден кийин капчыгы калың Кубатбек Калбекович Текебаев менен катуу дос болуп, "Ата Мекендин" ардактуу мүчөлөрүнөн болуп калган. Акыркы парламенттик шайлоодо да кан досунун партиясы биринчи орун менен алдыга озуп чыгарынан шек санабай, депутаттык ат салышка чыкпагандыгы айтылып келет. Ойлогон оюн кыстаган турмуш жеңип, кызматтан же депутаттык мансаптан жок орто жолдо кала турганын сезген Кубатбек мырза учурда партия лидери Өмүрбек Чиркешович менен таарынышып жүргөнүн укканыбыз бар.


Сары оору кылган жарандык паспорт…
Биздин өлкөдө паспорт алуу коррупциялашып калганы жашыруун деле эмес. Эгемендикти алгандан бери паспорт үстөлдө иштегендердин күнү тууп, колунда жок карапайым адамдардын паспорт алышы тозокко айланганын танып болбойт. Учурдагы өлкө ичинде жүрүү үчүн жана тышка чыгуу үчүн эки бөлөк үлгүдөгү паспорт алуу - акча жасоонун амалы катары атайын иштелип чыгарылган механизм, карапайым эле элдин башына түшкөн шор болду. Азыр өлкө ичинде жүрүү үчүн берилген ID карт үлгүсүндөгү паспорт акча жасоонун булагына айланып калганын жөнөкөй жаран түгүл, мамлекет башындагы атка минерлер деле жакшы билишет. Дегенибиз, эгер кайсы бир жаран Чүй облусунан Нарын облусуна көчүп барып каттоого турайын десе, ал жердеги паспорт үстөлдө иштегендер кайрадан жаңы паспорт алууну талап кылып, каттоого тургузушпайт. Мындай маселе жаңы үйлөнгөн жаштардын дагы көйгөйү. Бир облустан, же бир райондон экинчи районго турмушка чыккан кыз сөзсүз паспортун алмаштырууга аргасыз. Антпесе, жедеп коррупциялашып калган паспорт үстөлдөгүлөр каттоого алышпайт. Бир жерден экинчи жерге барып каттоого туруу зарылдыгы, сөзсүз паспорт алмаштырууну талап кылбаса да, паспорт үстөлдө иштеп, акча жасоонун кыныгын алып калгандар жаңы каттоого турууга келгендерди паспортун алмаштырмайын каттоого таптакыр алышпайт. Эми паспорт үстөлдө иштегендердин жоругун айта берсең, кагаз бети түтчүдөй эмес.
Мунун бир мисалы катары Кочкор районунун паспорт бөлүмүнүн жетекчиси Сагын Мамытсаеванын жоруктары ат көтөргүс мисал боло алат. Өзүн-өзү бийлеп көнгөн Сагын айым каттоого турганы барган жарандарды паспортун алмаштырмайын эзэли сүйлөшпөйт. Паспорт алууга же каттоого турууга айылдан районго келген карапайым адамдар Сагын айымдын өзүм билемдик мамилесинен бир күндө бүтчү ишин, он жолудан келип жатып араң дегенде бүткөрөт. Айрымдары райондун паспорт бөлүмүн сагалап, айлап жүрүшөт. Бүгүнкү күндөгү социалдык оор шартта алардын келип-кеткен жол киреси Сагын Мамытсаеваны таптакыр ойлонтпойт. Эң эле кызыгы бул айым паспортко сүрөткө түшүп келген адамдардын сүрөттөрүн жаратпай, атайын келишимдик негизде сүйлөшүп алган сүрөт салонго жиберет. Андан башка бир дагы сүрөттү жаратпайт. Көрсө, ал сүрөт салонунун ээси менен сүрөткө түшүүдөн түшкөн каражатты тең бөлүшөт экен. Бул туурасында Кочкор районунун эли ачык эле кеп кылып жүрүшөт. Башкача айтканда, С.Мамытсаева паспорт алууга араң тыйын таап келишкен айылдын карапайым адамдарын айлап сүйрөгөнү аз келгенсип, түшкөн сүрөттөрүн жаратпай, өздүк салону аркылуу акча жасоонун жолун ойлоп тапкан. Сагын айымдын мындай "келемиштик жүрүштөрүн" теске салып, тыйып койгон жан жок. Ошондон улам, райондук паспорт бөлүмүнүн жетекчиси эле ушундай өзүм билемдик кылып жатса, аталган тармактын облустук, республикалык деңгээлдеги кызматкерлери эмне кылып жатканын бир кудай өзү билбесе, айтуу кыйын. Мындай алешемдиктерди Мамлекеттик каттоо агенттигинин жетекчиси Жаныбек Бакчиевдин тыйып коюуга кудурети жетер бекен?... Эгер "балык башынан сасыйт" болуп жатпаса...


Камчы Элмурзаны кысымга алганбы?..
Бакиевдин ишенимдүү кишиси катары анын айткандарын ашыгы менен аткарууда илбериңки жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, "үй-бүлөнүн" камчысы болуп шилтенгендердин алдыңкы сабында жүрчү делген Элмурза Сатыбалдиевдин кел-кели келип турган учурда, майлуу-сүттүү кызмат эсептелген Башкы прокуратурадан Камчы Көлбаевдин кысымы менен кетүүгө аргасыз болгону туурасында шыбыштар чыга баштады. Мындай сөздөр кылмыштуу чөйрөгө катаал чара көрүлө баштагандан тартып пайда болду. Эл арасындагы имиштерге караганда, Элмурза мырзанын Камчы Көлбаевдин кайсы бир кылмыштуу кадамдарына бөгөт коймокчу болгон аракети Бакиевдердин колдоосуна ээ делген кылмыштуу чөйрөнүн аталыгынын кыжырын келтирип, "сени колдогондор мени дагы колдойт, кызматыңан кетпесең, бирди көрөсүң" деп кысымга алган имиш. Бул окуя ошол кездеги президент Курманбек Бакиевге чейин жетип, аргасы кеткен экс-ажо Элмурза Сатыбалдиевге ортодо ойдон чыгарылган Коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип боюнча мамлекеттик кеңешчи деп аталган кызматты ыроолоп, аталган чырды эптеп жайгарган экен.







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"

Яндекс.Метрика