mainkaptal

Пользовательский поиск
  Үшкүрүк...

Зыйнат Сагидаева,
7-апрелде ок тийип, курман болгон Баястанбек Дөөталиевдин жубайы:
"Кыргызды кыргыз кантип атсын деп, өзүмдү жоошутуп койгом…"
"Үшкүрүк" деген рубриканы улантып, 7-апрелде шейит кеткен баатырларды алардын жакындары менен бирге эскерип турууну туура көрдүк. Анткени маркумдарды эстутумга салып, алардын арбагына багыштап куран окуп туруу мусулманчылыктын парзы эмеспи. Убагы келгенде гезит бетине жарык көргөн эскерүүлөр китеп болуп жарык көрө тургандыгын баса белгилеп кетели. Бүгүн биз кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн Бакиевдердин огуна тосуп, кырчындай болгон 38 жаш курагында курман болгон Баястанбек Дөөталиевди эскерүү ниетинде маркумдун жубайы Зыйнат Сагидаева менен бир тууган жездеси Жакып Ибраимовду маекке тарттык…

- Зыйнат эже, жолдошуңуз кандай адам эле өзгөчө кайсыл сапаттарын эстегенде ичиңиз ачышат?
- Бардык эле асыл сапаттарын, балдарына болгон аталык мээримин, мага болгон сый-урматын эстеп ичим ачышат. Көзү өткөндөн кийин жаман сапаттарынын баары бир күндө унутулат экен. Ак көңүл, ичинде кири жок, ишенчээк адам эле. Жашоодо ошол ишенчээктигинин запкысын көп тартты. Ата - үйдүн куту тура, атасыз үй караңгы болот экен. Буга чейин эч нерседен бейкапар, жолдошумдун көлөкөсүндө жашап келиптирмин. Бардыгын андан ажырагандан кийин түшүнүп отурам. Өлгөн адамдын артынан өлбөйт экенсиң. Өлбөгөн адамдын жашоосу суу ичсе да өтө берет экен. Эптеп өз күнүбүздү көрүп, күн кечирип жатабыз. Жолдошум экөөбүз тең Кочкор районунун Дөң-Алыш айылынан болобуз. Ал менден 4 жашка улуу болчу,1997-жылы баш кошконбуз. Эки уул, бир кызым бар. Балдарын мойнуна мингизип, өзүндө эле бала бардан бетер, балдарын аябай эркелетер эле. Азыр балдарым атасын жоктоп, мени кайгыга салышат. Анан калса, үчөө тең атасын жазбай тарткан. Учурда айылда балдарым менен кайын энем Маасынбүбүнүн колунда турам. Энем мени өз кызындай көргөн жароокер эне. Мектепте мугалим болуп иштейм. Улуу балам Арген 6-класста окуйт, эс тартып, кол арага жарап калды. Экинчи уулум Уларбек 1- класстын окуучусу. Кызым Курманжан бала бакчага барат. Баястанбектен ажыроо мага эле эмес, карганда кайын энеме дагы кыйын болду. Жашы 80ге келип, кыбырап жашап жатканда кырчындай болгон көзгө басар жалгыз уулунан ажырап, кан жутуп отуруп калды. Күндөн-күнгө ахыбалы оорлогондун үстүндө. Ошентсе да, кайын энемдин карааны бизге күч-кубат берет. 1995-жылы жолдошу менен Баястанбектен улуу баласынан бир күндө ажырап, башынан көп кыйынчылыкты өткөргөн кайраттуу адам болгондуктан, белин бекем бууп жашап жатат окшойт.
- Кандайча ажырады эле?
- Кайнатам баласы экөө тең, Кудай даарыган касиеттүү адамдар болгон. Дартка даба болуп, дарыгерлер айыктыра албаган оорунун баарын айыктырып, Кыргызстанга аты чыга баштаган маалда айыл ичиндеги көрө албагандар 1995-жылы кайнагамды өлтүрүп кетишкен экен. Баласынан айрылганын укканда ошол эле жерден кайнатам каза болгон. Ошентип, экөө бир күнү жерге берилген. Жолдошумдун дагы кыргызчылыгы бар болчу.
- Жолдошуңуз өзү канча бир тууган эле?
- Балдардан жалгыз болчу. Өзүнөн улуу эки эжеси бар, азыр алар шаарда жашашат. Алар тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай оорубузду колдон, жеңилибизди жерден алып дегендей каралашып турушат.
- Кайда иштечү эле?
- Жалгыз бала болгондуктан, түйшүктүн баары жолдошумдун мойнунда эле. Жаш кезинен бери соода-сатык менен алектенип келди. Көбүнчө эт сатып иштеди. Акыркы учурларда Бакиевдин жүргүзүп жаткан саясатына нааразы болуп, нааразычылык акцияларга көбүрөөк катышып калган. Ошол учурда экөөбүздүн ортобузда таарынычтар болуп, таарынышып, Бишкекте туугандарымдыкында болчумун, карагашалуу 7-апрель күнү "Медиа Форумдун" алдында башталган пикетти козутуучулардын бири жолдошум болуптур. Сыналгыдан аянтта кыйкырып, элди сүрөөнгө алып жүргөнүн көрүп, "катыгүн, менин баатырым да кошо жүрөт" - деп чалсам, телефонун өчүрүп коюптур. Ошондо эле тынчым кетип, эмнегедир алдыда жамандык күтүп тургансып, жүрөгүм опкоолжуп бир башкача болгон. Кыргызды кыргыз кантип атсын деп, өзүмдү жоошутуп койгом. Эр жүрөк болуп, эч нерседен тайманбагандыгынан өз өмүрүн Бакиевдердин огуна тосуп курман болду. Суук кабарды кайын эжелерим телефон чалып угузушту, сөөгүн айылга жашырдык. Ок жамбашына тийип тамырын үзүп кетиптир. Баса, өлүк сүрдүү болот деп айтылат го, бирок жолдошум мага акыркы коштошордо сүрдүү көрүнгөн жок. Мурдагысынан дагы супсулуу болуп, мемиреп тынч уйкуда уктап жатты. Түшүмө көп кирет, мурдагысындай эле күлүп-жайнап жайдары жүрөт. "Балдарыңды жакшылап бак"- деп кайрат айтып, мени сооротконсуйт. Эмне демекчимин, бирге аз убакыт жашасам да, Баястанбектей баатыр менен жашаганыма сыймыктанам. Баатырдын эрдигинен бир мисал айта кетейин. Экөөбүз жаңы баш кошкондо бир үйүр жылкыбызды уурулар айдап кетишип, атам экөө уурулардын артынан сая түшүп, Ысык- Атанын белинен Казакстанды көздөй айдап бара жаткан жеринен кармашат. Ууру Баястанбектин колундагы мылтыгын жулуп алып, атканы жатканда коркпой кармашып акыры жеңген экен. Атам: "күйөө балам өлүмдөн да коркпойт экен"- деп жүрөгү оозуна тыгылып келген.
- Өкмөттөн кандай жардам болду?
- Кудайга шүгүр, өкмөткө ыраазыбыз, колунан келген жардамдарын берди. Президентибиз Роза Отунбаевага карапайым эне катары абдан ыраазымын. Берилген бир миллион сомго үйүбүздүн үстү-башын оңдоп, ремонттоп алдык. Кайын энем ажылык сапарга барып келди. Уулум президенттик балатыга катышты. Андан тышкары Өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев өлүмтүгүнө деп 20 миң сом, жердешибиз, коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов 20 миң сом берди. Эми Бакиевдерди жазага тартуу бийликтин колунан келбесе, биздин колдон келбейт экен. Биз, 87 баатырдын жакындары, канкорлорду бир гана Кудайга койдук, Кудай жазаласын! Баатырлардын арбагы аларды тынч уктатпасын. Жолдошумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Кудай балдарыма узак өмүр жаш берсин. Атасы жетпеген ийгиликтерге балдарым жетип, элибизде тынччылык болсун.

Жакып Ибраимов,
маркумдун бир тууган жездеси:
- Кайним, Баястанбек, Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебин аяктаган. Чымыр денелүү, эч нерседен тайманбаган эр жүрөк, намыска бек жигит эле. Бакиевдин тушундагы оппозиция лидерлери менен жакшы мамиледе болчу. Ал тургай криминалдык чөйрөдөгү адамдар менен дагы тааныштыгы бар экенин билем. Каргашалуу 7-апрелде Кочкордон келген балдарды жетектеп жүрдү. Өкүнүчтүүсү, Кочкор районунан беш бала мерт болду, ошонун бири Баястанбек. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, жай башын бейиштен берсин.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев







кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика