Саяк
Аңгеме
(болгон окуя, каармандардын аттары өзгөртүлүп берилди)
"Энеңди.... Саяк! Энеңди.... Саяктар" деп өзү дайыма орус тилинде сүйлөгөн Азик байке кыргызча даана так жана майлуу кылып сөгүнөт эле. "Саяктын балекетин ал.... Саяктардын богун же..., билсең Саякмын, билбесең башыңа тийген таякмын, өлүгүңдү көрөйүн тентиген тентимиш, арам сийдик" деп аялы саячка "Сары катын" ажылдап, жаагын жанып жемин жедирбейт. Азик байкенин "Энеңди... Саяк" деп сөгүнгөнү жеке аялы сары катынга багыштаганы, "Энеңди... Саяктар" дегени сары катындын төркүндөрү, Азик байкенин кайын журтуна багышталганы. Кыргызча сөздүн терең маанисин толук түшүнө албаган Азик байкенин аялы, саячканын "арам сийдик" деген сөзүнө таарынчу деле эмес. Өзүнүн ата-тегин, ата-энесинин ким экенин билбеген Азик байке көңүлү жайдары болгондо саячка сары катынды эркелетип, же ага жагынуунун аракетин кылып:
"Ты саячка я саяк"
"Ты на суше я на море"
"Мы не встретимся никак" - деп дарылдап ырдап калар эле. "Тигини, тигини, тигини кара, саяк боло калган тура, эмне, аракка акча керек болуп атабы? Арак үчүн баарына макул болосуң го, алда бечара" деп сары катын да көңүлү жайдары болуп, түбөлүктүү жетим бечара чалын аяп, жаркылдап күлүп калат. Тагдырдын татаалдыгын, тагдырдын аргасыз ачуу тамашасын, тагдырдын сыноосун жараткан ушул үй-бүлөгө, ушул эки жупка атайын жибергендей сезилет эле мага. Азик байке экөөбүз көчөнүн боюндагы бактын көлөкөсүнө отуруп алып, бир бөтөлкөнүн артынан экинчи, үчүнчү бөтөлкөнү жайлап, жүздөрүбүз тамылжып жүрөктөрүбүз элжирешип, айда-а сырдашып калган күндөрүбүздө, жашы 50дөн ашып калса да эмгиче ата-энесинин, тегинин ким экенин билбей арманда өтүп кетемби деген көкүрөгүндөгү арманын айтып калар эле. Экөөбүз арактын акесин тааныта ичсек дагы, көчөнүн башында жашаган саяктын дагы бир баатыры Жуман аракечтен өзүбүздү көп эле өйдө сезчүбүз. Жуман аракеч бөтөлкөнүн түбүнө түшүп, үй-бүлөсүнөн ажырап, эртеден кечке издегени арак. Жуман аракеч саячка сары катындын үч ата өткөн Бирдаали деген маркум агаларынын баласы экен. Жуман аракеч көчөдөн өткөндө, Азик байке экөөбүз арактарыбызды катып, бактын көлөкөсүнө дымып отуруп калабыз. Айылдаштардын баары аракеч деп адам катарынан чыгарып койгон Жуманды Азик байке: "эмнегедир ушул баланы жакшы көрөм, билбейм, мне его жалко" - деп менин кыжырымды келтирип Жуманды чакырып арактан куюп бере берчү. Заман өзгөрүп, турмуш оорчулук кылып Азик байкенин аялы саячка сары катын Орусияга соода кылып тез-тез каттай баштады. Эне мээримин көрбөгөн Азик жетим эне ордуна эне болуп калган саячка сары катыны жок жүдөп, чүнчүп тез эле куса боло баштайт. Аялы Орусиядан келип калганда "Энеңди.... саяк, мен карыганда кайра жетим кылдың, соодаңды токтот, Орусияга каттаба" - деп чыр салат.
Күркүрөгөн күздө саячка сары катын Азик байкеге жапжаңы чет элдик машине сатып берди, улуу баласына колукту алып берди, чоң той өткөздүк, мени жаштарга өкүл ата шайлашты. "Ээ бечара чалым, оокат кылалы, мен жокто чайыңды келин кайнатып берет, соода кылып жаштарга үй сатып берели" - деп кайрадан Орусияга кетип калды. Келин деген келин, сары катын деген сары катын. Бечара Азик байке кайра эле жүдөп чүнчүп үйгө батпай сары катынын сагынып куса болот. Ызасына чыдабай ачуусу келип "башка катын алам" деп баарыбызды коркутат. Адам сыягы жок Жуман аракечке кошулуп арак ичет, бир күнү Азик байке тез келсин деп мени үйүмө чакыртып жибериптир. Азик байкенин үйүнө жөнөдүм, короосуна баш бакканда эле короодо Азик байкеге кошулуп "бопорос" чегип отурган кемпир көзүмө урунду. Кемпирди көрөр замат эмне окуя болгонун жүрөгүм сезди. Азик байкеге бетинин бырышынан тарта куюп койгондой опокшош кемпир экен. "Апам табылды" деп кемпирдин жанында ошол кемпирдин эркек көчүрмөсүнө окшоп турган Азик байке мени карап жалжайып жылмайып койду. Эмнегедир ошол күндөн тарта Азик байке көзүмө кемпирге окшошуп көрүнө берет. 50 жашында энелүү болгон Азик байкенин дагы бир бүтпөгөн арманы атасынын ким экени белгисиз бойдон калды. Энесинен жалдырап суранса да, атасынын ким экенин айтпай койду. Бечара жетим чалынын энелүү болгонун угуп, саячка сары катын Орусиядан учуп келди. Кайран сары катын ишке жарады, Сокулуктун Күн-Туу айылында турган, жаңы табылган кайненесине учурашканы жөнөдү. "Кыңыр иш 40 жылда билинет" - деп бекер айтылбаптыр, саячка сары катын тарыхтын жашыруун архивин тактап, териштирип, ийне-жибине чейин изилдеп билип келди. "Энеңди... Саяк, Энеңди.... Саяктар"-деп сөгүнгөн Азик байкебиз өзү таза кандуу нукура Саяк болуп чыга келди. Саяк болгондо дагы, саячка сары катындан үч ата өткөн агалары Бердаалынын баласы болуп чыгып, адам сыягынан ажыраган аракеч Жумандын агасы болуп калды. Тамашакөй саячка сары катын туруп алып да күлдү, отуруп алып да күлдү, жатып алып да күлдү, кыйшайып алып да күлдү: "Ии бечара жаман чалым, 30 жыл энеңди... саяк деп мени сөктүң, эми мени эмне деп сөгөсүң?" - деп табасы канды.
Тарыхты барактасак мындай окуя болуптур: Азик байкенин энеси Бердаалы аксакалга турмушка чыгып, бир айдан кийин ажырашып кетиптир. Колхоздо жалгыз бой саанчы болуп иштеп, Азик байкени төрөп, ымыркайды колуна көтөрүп алып талаада колхоздун уюн кайтарып жүрсө, бала көрбөгөн башкарма атчан келе жатып колунда баласы бар, уй кайтарган саанчы келинге жолугуп, окуянын чоо-жайын сурап билип: "Сен жашсың, баланы мага бер, менин балам жок" - деп колунан баласын алып кеткен экен. Азик байкенин айтуусунда башкарма кара мүртөз, тоңгон муздай муздак, кыялы татаал адам экен. Азик байке май көтөн болуп, артынан бала келип, башкарма бала көрөт, өз балдарына мээрим берип, Азик байкени кул катары пайдаланат. Качан гана саячка сары катынга үйлөнгөндөн кийин тайманбаган саячка сары катындын чечкиндүүлүгү менен кулчулуктан кутулуп, өз алдынча оокат кыла баштайт. "Ата-энемдин ким экенин айтып кой" - деп башкармага жалынса да тоңгон муздай муздак башкарма ээрибей коет. Азик байкенин энесинин айтуусунда, арам ойлуу башкарма Азик байкенин энесин Сокулукка турмушка берип жиберет. Ал жактан бала-чакалуу болуп, жабылуу аяк жабылуу бойдон калат. Жашы 70тен ашып, өлөрүн алдын ала сезген кемпир Азик байкени издеп келип, тарыхтын жашыруун сырларын ачып, жетим жалгыз бечара уулун энелүү да, бир туугандуу да кылып койду. Саячка сары катын сооданын аркасы менен Орусияга кайра кетти. 50дөн ашып энелүү болгонуна эркелеп кеттиби, айтор, көп өтпөй эле ичине сыр ката албаган орус кыял Азик байке мага жолугуп: "Понимаешь мой дорогой, на старости лет я не только маму встретил, но встретил ещё и настоящую любовь"- дебеспи. Бул жаңылыгын угуп, Азик байкенин мээси ордунан жылып кеткенин түшүндүм. Ал жолуктурган чыныгы махабат, коңшу көчөгө көчүп келген бала-чакалуу Азик байкеге тең чамал далдайган кара катын экен. Менин өкүл балам жана өкүл кызым, Азик байкенин уул-келини, мага келип Азик байке элге аларды уят кылып "Чыныгы махабаты" кара катын менен ачыктан-ачык эле элди көзүнө илбей баш кошуп алганын айтышып арызданышты. Азик байкенин мындай жоругуна мен боорум эзилгенче күлдүм. Мага арызданып келген эки жашты "кам санабагыла, баары жайында болот" - деп узаттым. Бул жерде көзү ачыктыктын деле кереги жок, бечара чалынын кылыгы жана чыныгы махабаты саячка сары катынга жеткенче эле уланары белгилүү. Сары катынга бул маалымат жетери менен Орусиядан учуп келип мээси жылып кеткен чалынын мээсин ордуна коюп, кара катындын таенесин таанытып чыныгы махабатты чыныгы турмушка айландырып коёоруна саячка сары катындын кыял жоругун жакшы билген мага көзү ачыктыктын деле кереги жок болчу. Окуя мен ойлогондой эле болду. Саячка сары катынга маалымат жетти, учуп келди, бечара чалынын мээсин ордуна койду, кара катындын таенесин таанытты. Ушу менен Азик байкебиздин чыныгы махабаты аяктады.
Орусиядан келип, өзүнүн чакан мамлекетин тартипке келтирген саячка сары катынга бир чети учурашканы, бир чети окуянын кандай аяктаганына кызыгып угуш үчүн, бир чети эркектердин жашыруун мыйзамын коргогонго, Азик байкеге жактоочу болумуш болуп барып калдым. Барсам, саячка сары катын туруп алып күлдү, отуруп алып күлдү, жатып алып күлдү, кыйшайып алып күлдү. Ачууланып чыр салгандын ордуна саячка сары катын боору эзилгенче күлүп жайдары экен. "Мен жаңы келин болуп келгенде" - дейт сары катын, күлкүдөн чыккан көзүнүн жашын сүртүп, - бечара чалымдын башкарма атасы коңшу көчөдөгү бир аял менен жүрүп алыптыр, ал аялдын үйүнө киргенин элден угуп, башкарманын аялы - кайненем кызганычы кармап, бирок заар башкармадан коркуп, жаңы келген келин мени "бас" деп, жетелеп алып, жанагы аялдын үйүнүн эшигинин астына алып барып "Атааа, бас үйгө" деп кыйкыртат, кыйкырбай койсом катуу чымчып "кыйкыр" дейт. Бир чети кайнатамдан уялып, бир чети чымчыгандан этим ооруп, "ата эле ата, бас үйгө" деп кыйкырам. Кайнатам менден уялып, ал катындын үйүнөн чыкпайт. Кайненем экөөбүз бактын арасына жашынып, кайнатамдын чыкканын карап турабыз. Кайнатам шашканынан баш кийимин кийбей чыгыптыр. "Эми мунун башына суук тиет, жинди катын окшойт, баш кийимин кийгизип койбойбу" деп кайненем кобуранат. Менин күлкүм келип, араң эле чыдайм, эртеси таңда баарыбыз чайга отурдук. Мен чай куюп жатып күлкүмдү араң эле тыям, заар кайнатам уялып араң эле чай ичет. Жашмын да, бир кезде күлкүмдү тыя албай, бышкырып эшикке атып чыктым, кайненемден тил уктум. "Кайрадан саячка сары катын туруп алып күлдү, отуруп алып күлдү, жатып алып күлдү, кыйшайып алып күлдү. "Сын такпа" дейт, Азик байкенин чыныгы махабаты кара катындын үйүнө ачуусу, кызганычы менен байкабай менин өкүл кызымды, жаш келинин ээрчитип алып барганын айтат.
Азик байкени чакыртып, "Аталатып" кыйкыртканын айтат, кайрадан саячка сары катын боору эзилгенче каткырып күлөт. Бул үй-бүлө, бул эки түгөй бул турмушта бири-бирин толуктап турган жөнөкөй, тамашакөй таза адамдар. Саячка сары катын соода кылганын токтотуп, бечара чалынын жанына отуруп калды. Бир жылдан кийин Азик байкенин энеси кайтыш болду, кошумчага бир чоң торпок жүктөп келип, Азик байке досум экөөбүз топурак салдык. Андан бери көп жылдар өттү, жакында айыл тарапка каттап, Азик байкеге учурашканы кирдим. Үйүнүн ичи кыжы-кужу, үч-төрт небереси үйүн ызы-чуу кылып ойноп жатышат, күлкүчү саячка сары катыны, бечара чалы экөө менин келгениме абдан кубанышты. Азик байкенин эки сөзүнүн бири эле: "Мы великие саяки, мы потомки великих саяков, мои внуки будут великими саяками" - деген сөздөрдүн курамынан туруп калыптыр.
Мелис Карыбеков Асан теги