Кызыгы бүтпөгөн
Кумтөрдө...
Кылым чыры атыккан Кумтөр алтын кени ачылгандан бери Кыргыз бийлиги менен жергиликтүү элдин ортосунда кез-кези менен келишпестиктер орун алып, жол жапмай сыяктуу окуялар кайталанып турат. Буга "Кумтөр Оперейтинг Компаниясы" жана "Центерра Голд Инк" компанияларынын Кыргыз Өкмөтү менен түзгөн келишими Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келгендей түзүлбөгөнү айрым саясатчыларды, депутаттарды, жергиликтүү элди толук кандуу канааттандырбаганы себеп болуп келатканын серепчилер белгилеп келишет. Ошол эле учурда айрым атка минерлер дагы саясий кызыкчылыгы үчүн Кумтөрду курал катары пайдаланып, элди көтөрүп жол жаптырып, максаттарын иш жүзүнө ашырып калууну көздөшөт. Ошондон улам, Кумтөр кени ачылгандан бери, анын айланасындагы чыр-чатактар мезгил-мезгили менен тутанып келатканын жашырууга болбойт. Мына ушундай маселелерди жөнгө салуу үчүн Кумтөр компаниясы кез-кезде нааразы болуп чыгышкан жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аргасыз болушат.
Кумтөр компаниясы менен жергиликтүү элдин ортосунда жыл сайын кайталануучу чырлуу көйгөйлөр жол жабуу аркылуу эмес, ынтымакта сүйлөшүү жолу менен чечүү учурдун талабы экенин жакшы түшүнүп калышкан тараптар15-февралда жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Башкача айтканда, Ысык-Көл областынын Түштүк тарабындагы Жети-Өгүз, Тоң районунун жана Балыкчы шаарынын эли ишеним көрсөткөн өкүлдөрүнөн турган комиссия: Тамга айылынын жаштар лидери Оторбаев Марат, Тосор айылынын айылдык кеңешинин депутаты Букаров Азамат, Күн-Батыш айылдык кеңешинин депутаты Мамбетов Жээнбек, Улахол айыл өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Жээнтаев Ишенбай, Эсенгул уулу Улан Ак-Терек айыл өкмөтүнүн жаштар лидери, Бөкөнбаев айылынын бириккен коомчулуктун өкүлү Тойчубеков Эрмек, Бөкөнбаев районунун жаштар комитетинин жетекчиси Кубатов Кайрат, Балыкчы шаардык жаштар комитетинин жетекчиси Имашев Алмаз, Бообеков Нурлан жана аталган жолугушууну уюштуруп демилге көтөргөн координатору Бөкөнбаев айылынын тургуну Илебаев Уланбек Кумтөр алтын кенинде болушуп, Кумтөр компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кендин өндүрүштүк, экологиялык абалы менен да таанышышып, көйгөйлүү маселелерин ортого салышты.
Жолугушууда жергиликтүү элдин ишеним көрсөткөн өкүлдөрү Кумтөр компаниясынын Коомчулук боюнча менеджери Керимбек Шатмановго кадрдык маселелерге олуттуу көңүл бурууларын өтүнүшүп, жергиликтүү элден жумушка алганда колунда жок үй-бүлөлөргө басым коюу талабын коюшуп, бул жагдай көз боёмочулук болбош үчүн жумушка алуу комиссиясына өздөрүнүн кишилерин киргизүү маселесин көтөрүштү. Натыйжада Кумтөр компаниясынын менеджери Керимбек Шатманов жергиликтүү элдин өкүлдөрүнүн сунушун туура кабыл алып, аталган маселе оңунан чечилди.
Мындан сырткары жергиликтүү элдин өкүлдөрүн тынчсыздандырган маселе Кумтөр компаниясы "Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна" которгон 7 миллион доллардын тегерегинде болду. Тактап айтканда, Кумтөр тарабынан облустун бюджетине которулган 7 миллион доллардын Жети-Өгүз, Тоң, Балыкчыга каралган 50 пайызы, карапайым элге жетпей жатышканын айтышкан комиссия мүчөлөрү Кумтөр компаниясынын жетекчилигине аталган райондорго тиешелүү 50 пайыздык үлүштү түз ар бир райондун бюджетине которуу зарылдыгын белгилешти. Ошондо Жети-Өгүз, Тоң жана Балыкчы шаарынын ар бирине 1 миллион 350 миң доллардан бөлүнүп, Кумтөр тарабынан каралган каражаттын кайда кетип жатканын көзөмөлдөө, талап кылуу жеңил болорун, мындай жагдай элдин турмушун оңдоого шарт түзөрүн айтышкан комиссия мүчөлөрүнүн көтөргөн маселеси колдоо тапкан жок. Муну Кумтөр компаниясынын Коомчулук боюнча менеджери Керимбек Шатманов аталган маселе Кумтөр компаниясынын үстүнөн ээлик кылуучу "Центерра Голд Инк" компаниясынын президенти менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлгөндүктөн, келишимди бузууга укуктары жоктугун, ал үчүн жогорку эки тарап аталган маселени кайрадан карап чыгышып, Кумтөрдүн "Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна" которуп жаткан каражаттын 50 пайызын тиешелүү райондорго түз которуу боюнча келишимге келишсе гана бул иш жүзүнө ашарын, ага чейин мындай аракеттерди Кумтөр өз алдынча жасоого мүмкүнчүлүгү жоктугу менен түшүндүрдү. Натыйжада аталган райондордун жергиликтүү эли тарабынан шайланган комиссия өкүлдөрү бул маселени эл талабына ылайык чечип берүү өтүнүчү менен Өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевге, облус губернатору Нурдин Абдылдаевге жана "Центерра Голд Инк" компаниясынын президенти Стивен Лангга кат жүзүндө расмий кайрылмай болушту.
Муну менен катар "Центерра Голд Инк" менен Кыргыз алтындын ортосундагы 2009-жылдын 6-июнундагы акционерлер менен макулдашылган келишимге ылайык "Центерранын" директорлор кеңешине Кыргыз Республикасы тарабынан киргизилген А.Муралиев, К.Ибраевдин ордуна элдин көйгөйүн жакшы түшүнгөн элдин көрсөткөн адамдарды киргизүү өтүнүчүн өкмөт башчысына кат жолдомой болушту.
Болот Кыргыз