Кылым бою бүтпөгөн мектеп
"Балдар - биздин келечегибиз" - деп ооз көптүрөбүз, "Бардыгы - балдар үчүн" - деп кооз сүйлөгөндү терең өздөштүргөнбүз. Алардан терең билим алууну, таасирлүү тарбия алууну талап кылабыз, бирок биз койгон бул маселенин реалдуу чечилиши үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү унутка калтырабыз. Мектептер жетиштүү экенин билим алууга умтулган жаштар азайганын, билим сапатынын кескин төмөндөгөнүн мисал келтиребиз да, анын түпкү себебин коомчулуктан жашырабыз. Ал эми өлкөбүздө мектеп деген аты гана болбосо, учурдун талабына жооп бере албаган, ал түгүл эртеңки күтүлбөгөн кырсыктын себепкери боло турган, аты мектеп аталганы менен, тээ XX кылымдын 30-жылдарындагы Дүйшөндүн биринчи мектебинин деңгээлиндеги, орой тийсе, кечиришер, атканадан айырмасы жок имараттар сакталып калганын кантип танабыз?!
Сөзүбүз куру болбосун, буга конкреттүү мисал катары Талас облусунун Талас районундагы Көк-Кашат айылындагы Атай Огомбаев атындагы орто мектебин көргөзсөк болот. Мектептин имараты 1952-жылы сокмо дубал менен курулган, 1992-жылдагы катуу жер титирөөдөн кийин дубалдарынан жарака кетип, ошол мезгилден бери айылдын эли жаңы мектеп куруу маселесине бир нече ирет кайрылган.
Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы учурда өлкөнүн экологиялык абалына, жаңыдан түзүлгөн мамлекеттин каражатынын тартыштыгына туура түшүнгөн эл бийликке катуулап кысым жасоодон айбыгышкан. Ошентип, ортодон бир нече жылдар өтүп, бул мектепте сабак окуу кооптуулугунан чочулаган айыл эли жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен 2002-жылдан тарта кайрылып өтүнбөгөн бийлик бутактары калган эмес, бирок башкаруу бийлиги бул боюнча көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жасаган жок.
Мектептин оор абалда экендиги тууралуу 2003-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) департаменти мониторинг жүргүзүп, коркунуч коңгуроосун кагып чыгат. Аны түп нускасы боюнча келтирели: АО "Жергетал", с. Көк-Кашат.
Средняя школа на 360 учащихся. Здание одноэтажное, глинобетонное, 50-х годов постройки, с шиферной кровлей общей площадью около 800 м/кв.
В школе отмечаются следы протеканий атмосферных осадков через шиферную кровлю, отслаивание потолочной штукатурки в отдельных классах. Здание ветхое, несейсмостойкие.
Министерству образования и культуры необходимо рассмотреть вопрос о строительстве нового здания школы с учетом потребности" - деп комиссия (жетектеген В.Мокроусов) жыйынтык чыгарат.
Бул маселени жеринен таанышып, мектептин абалына изилдөө жүргүзүүгө КРнын ӨКМ министринин орун басары К.Жанузаковдун "мектептин абалы канааттандырарлык" деген жоопторуна көк-кашаттыктар нааразы болушат. Ал мектептин фундаментинин жоктугун, дубалдан кеткен жаракалардын, полдор "грибоктун" таасири астында чирип жаткандыгын, көк жыттанган ным класстардын полунан жаз, жай айларында камыш өсүп чыгарын, ӨКМдүн актысындагы бул чындыктын бурмалагандыгы ачык көрүнөт. Кимисине ишенебиз? Мындан мектеп курулушун токтотууга кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болгонбу деген суроо туулууда. Бир эле министрликтин кызматкерлеринин эки башка маалыматы, анын ичинен кызмат даражасы чоң министрдин орун басары К.Жанузаковдун тескери жыйынтыгы А.Огомбаев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушунун башталышына кедергисин тийгизген сыяктанат. Ушул жерде Көк-Кашаттын эли жана мектептин жамааты бул адамды кастарлап сыйлабай койгонбу, же "чай ичип койгонго" сураган каражатын бербей койгонбу, айтор, ал кызмат абалын да пайдалангандай түрү бар.
Министрдин орун басарынын чала сабаттуулугубу, мектептин сыртынан карап чыгарган жыйынтыгын мезгил өзү төгүндөп коёт, 2005-жылдын 12-13-марттагы жер титирөөдөн кийин "талканга таарынган" К.Жанузаковдун мектептин абалы тууралуу изилдөөлөрүнүн жалгандыгын табигат өзү тастыктап берет. КРнын Билим берүү министрлиги (V 09-8/1126"? 11/04/ 2005-ж.) тарабынан ӨКМне жиберген катында жер титирөөдөн жана жаан-чачындын нормадан көп болушунан улам, 6 класс-кабинет, 3 кызмат кабинеттеринен 10-15 сантиметр кеңдиктеги жарака кеткендиги, мектепте сабак өтүү коркунучтуу экендиги, мектеп авариялык абалда экендиги тууралуу билдирилген. Ошол эле учурда министрдин ошол кездеги орун басары К.Жанузаковдун учурмасы тууралуу айылдын демилгелүү тобунун башчылары Субанбеков Аманбек жана Кенжегулов Токтогул КРнын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ошол кездеги министри С.Чырмашевге башка комиссиялардын чыгарган жыйынтыгын кошуп катты өз колдору менен тапшырышкан.
"Карга карганын көзүн чукубайт" эмеспи. Министр С.Чырмашев калктын ой-пикири менен эсептешкен эмес, кандай иш-чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу жооп бергенге моюну да жар бербеген көрүнөт. Аргасы түгөнгөн көк-кашаттыктар Жогорку Кеңешке кайрылып, ЖоКенин социалдык саясат жана экология боюнча эл өкүлчүлүгүнүн Кеңешинин Комитетинин Төрагасы Б.Жолчиев бул маселени карап, чечим берүүгө КРнын Финансы министрлигине кат жолдойт, ал эми Финансы министри Б.Абилдаев "2003-жылды объектилерди куруу үчүн республикалык бюджетинин 2003-жылдагы иш планы бекитилип калгандыгына байланыштуу А.Огомбаев мектебине каражат бөлүү мүмкүнчүлүгү жоктугун, көмөк берүүгө грант каражаттары түшсө, андан мектеп курулушуна бул жылы үлүш бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин, ал үчүн айыл эли кепилдик милдеттенме алып, проект-сметалык документацияларын чукул мөөнөттө тапшыруу зарылдыгын белгилеген жооп жөнөтөт. (030303 №13-3-4) 1557, 08.02.2003.
"Үмүтсүз шайтан болобу", эң кур дегенде мектептин кулап калуу коркунучун түшүнүп, ЖоКенин кезектеги сессиясында бул маселени мамлекеттик масштабда көтөрүп чыгабы? - деген ишеним менен ЖоКенин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Талас облусу боюнча депутаты Мырзакан Субановго да кайрылышат. Учурунда депутаттык мандат үчүн ат салышканда, кайсы учурда болсо силердин социалдык курч маселеңерди оңунан чечип бергенге кудурет жетет деп желпинген М.Субанов да КРнын Экология жана өзгөчө кырдаал министрлигинин ошол учурдагы министри Т.Акматалиевге бул маселени кароого өтүнүч жасайт. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Т.Акматалиевдин (№4-06/46 от 19.01.2004) жообунда: "Министерством экологии и чрезвычайных ситуаций включены в программу работ на 2004г. следующие объекты Таласского района, Таласской области:
- мероприятия по понижению уровня грунтовых вод в с. Көк-Кашат (2-ая очередь) на сумму 1 млн. сомов; - деп Субановго да жооп узатат, бирок ошол каражат мектепке берилдиби? Бул ири суммадагы акча өз максатына жумшалдыбы, же ал кимдир бирөөлөрдүн "чөнтөгүн кампайттыбы", болбосо маселе ишке ашпай, убада кагаз жүзүндө кала бердиби, муну депутат М.Субанов менен министр Т.Акматалиев гана билбесе, элге белгисиз кылгандыгын эскерте кетели. Дагы бир эске алынуучу нерсе, бул мектептин канчалык оор абалда экендигин учурунда Талас облусунун губернатору болгон учурда Т.Акматалиев кантип билбей калган? - деген суроо туулат.
Чындап элге жаны күйсө, ошол кезде мамлекеттин башчысы А.Акаевдин сүймөнчүгү Т.Акматалиев А.Огомбаев атындагы мектептин курулушуна каражат бөлдүрүүгө мүмкүнчүлүгүн неге пайдаланган эмес? Ал эми М.Субанов экология жана өзгөчө кырдаал министрлиги убада кылган каражаттын качан жана кайда пайдаланганын эмне үчүн катуу көзөмөл жүргүзгөн эмес.
Мектеп керек
Бирде бар, бирде тартыш өмүр жолу,
чоң сыноо койду бизге улуу турмуш.
Жашоонун түйшүгүндө алпурушуп,
жакшы үмүт менен жашап келет кыргыз.
Ал ырас, каражат жок, чөнтөк тешик,
улуулар урпактарга берсе "кешик".
Көп жылдар бүтпөй турат мектебибиз,
арманды агайын-журт турса сезип.
Айтмакчы, айылга да керек мечит,
Андан да урпактарга кымбат кесип.
Уул-кызыңар "киргиз" болбой, кыргыз болмок,
Ойлонуп, оң жагына берсе чечип.
(Уландысы бар)
Эртабылды Аттокуров