Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Электр тармагындагы "экспромт" иштер...

Жаныбеков кызматтан алынбашы керек эле
Аз күн мурун Энергетика министрлигинде коллегия болуп, анда жылуулук-"Энергетикалык комплекстин 2010-жылда аткарган иштери жана 2011-жылдагы милдеттери" деген маселе каралып, анын жыйынтыгы менен "Чыгышэлектро" ОАОнун генералдык деректири Акылбек Жаныбеков кызматынан алынды.
Жаныбеков бул кызматта 2010-жылдын 1-октябрынан баштап иштей баштаган. Аталган жетекчи келгенге чейин коллектив 3-4 жаат болуп бөлүнүп, бири-бирине кадимкидей эле душмандык көз караш менен карап келген. Акылбек мырза креслосуна олтурары менен, адегенде эле жаатка бөлүнгөн коллективди бир бүтүнгө айлантуу үчүн аракеттерди көрдү. Ал аракеттер текке кеткен жок, аз өтпөй коллектив бир бүтүнгө айлангандай болду. Андан соң жаңы жетекчи айлыкты да, сый акчаларды да убагында бердиртип коллективдин ишенимине татыды. Аны менен бирге былтыркы жылдан бери айлыгын алалбай жүргөн кээ бир кызматкерлер да айлыктарын алышты.
Башкасын айтпаганда да "Чыгышэлектродо" электроэнергиянын коромжу болушу 25,6 пайызды түздү жана бул көрсөткүч башка компанияларга караганда дурус көрсөткүч. Алсак, "Түндүкэлектро" 26,9, "Жалал-Абадэлектро" 26,3, "Ошэлектро" 30 пайыз болгон.
Ишин жакшы баштап, ал ишти ийгиликтүү жетектеп бараткан Жаныбековду эмне себептен кызматтан алынганы таза адамдарга түшүнүксүз болуп турат. Коллегиянын чечими менен Жаныбеков иштен алынсын деген чечимден кийин ал жүрөгүнөн катуу жыгылып догдурга жатып калат. Анан ал догдурда жатканда Деректирлер кеңеши аны иштен алып, ордуна аты-жыты белгисиз Турсункулов деген бизнесмен-куруучуну убактылуу дайындай салышыптыр. Орусча айтат го, жан күйгөн кезде "бардак" деп. Дал ошол бардак ишти баштап туруптур Энергетика министрлиги. Кай бийликте болсо да май-талканга дындыя тоюп жүрчү Шадиев мырза жетекчилерди кызматка коердон мурда ошол иштен түшүнүгү бар бекен деген суроону койгону дурус болбойт беле...
Бу Турсункулов деген куруучу "Республика" партиясынын шайлоо тизмесинде №11 кандидаты болгон экен. Эл-журтту, кызматты ж.б. үчкө бөлүп алып, иш жүргүзүү жакшы жыйынтык бербеши Турсункулов сыяктуулардын түшүнүгү жок кызматтарга барышы менен айкындалып жатат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде ооруп жаткан адамды кызматтан алып, анын ордуна башка бирөөнү чектөөгө болбойт. Муну Шадиев мырза билбейби, билет болуш керек. Анда эмнеге мыйзамды бузуп жатат. Бул чоң суроо.
Айтып коюшубуз керек, электр тармагында дасыккан профессионалдар гана иштеш керек, анткени бул тармак татаал тармак, ишин жөндөй албагандар иштесе, кырсык да көп болот, эл жарыгы жок көп олтурат, мамлекетке пайдасы аз болот ж.б. Азыр болсо, 20-30 жыл эмгектенген, өз ишин мыкты билген тажрыйбалуу адамдардын ордуна кудайдан жөө качкан бизнесмендер, коррупционерлер, кошоматчылар кызматка алынып жатат. Бул акыр-аягы келип электр тармагын кыйроого алып келчү жол.
Жаныбековдун кызматтан алынышы карандай зордуктун негизинде, өз адамдарын кирешелүү тармактардагы жетекчилик орундарга олтургузуу ниетинде болуп жатат. Мындай жүрүштү коррупцияга даңгыр жол деп коет, урматтуу Шадиев мырза. Сиз ойлончу маселелер күн санап арбып барат...
Баратбай АРАКЕЕВ