Баратбай АРАКЕЕВ
Кандуу
жылдар
...Аз болсо сууктан өлчүдөй. Жээкти көздөй жан үрөп жанталашат. Шайы небак кетип, буту араң шилтенип жатса, суу астынан бирөөлөр буттан алып, бири колдон алып жатпайбы. Сөккөндөрү угулат. "Айбандар, мага тийбегиле" деп Сонун да сөгөт... Сонун көзүн ачты. Эс-мас абалда. Жаман күйөөсү пальто жаап жатат, отурган жеринен. Тилденген, шылдыңдаган сөздөр угулат, толгон немелер тегеректеп алыптыр. Жок, бул түшү эмес экен. Түшү сууга чумкуп чабак урганы экен. Сонун өзү да кымтылана калды. Көк муштум болуп калтырай, тиши-тишине шакылдайт.
- Бетиң курусун! - деди бири.
- Ичип алган тура, энеңди урайын жалап!
- Туй ата, катын болгон сенин!..
Тегеректегендердин баары кетип жанында жаман күйөөсү күйпөлөктөйт.
- Тур, жүрү кетеличи бу жерден...
Сонун пальтосун жылаңач этине кийип жылаңайлак басты.
Күйөөсү батинкесин чечип берген жок.
Ушул айылда бир сексенден өтүп каза болгон чалды койгону келген немелердин кай бири сөөк казанакка коюлуп, кирпичи тизилип, көргө топурак үйүлгөнчө бу жерде сөөгү коюлган урук-туугандарынын эстеликтерине басып, кай бири куран окуп жатышкан. Бир чал илгери кеткен атасынын мүрзөсүнө баратты эле, дал алдында зоңкуйган аял жылаңач жатат. Чалдын жүрөгү оозуна кептелди, эмне сөз айтканы белгисиз бир кыйкырып алды эле, бат эле он-он беш адам ага жетип алар да көрүштү жылаңач аялды. Арак буркурайт денесинен. Жанагы машинеси менен алып келген жигит бир бөтөлкө аракты Сонундун үстүнө жаба куюп кеткен эмеспи. Чогулгандардын бири айты:
- Эй, бу энеңди урайын тирүү экен!
Бу кезде Сонун жанталашып чабак уруп бараткан болчу.
- Ким бу, - деди бири.
Дагы бири аялды оодара:
- Ой, бу жанагы Жигитбектин аялы турбайбы.
- Ой энеңди десе... Баягы сойкусубу?
- Анан эмне анын башка да сойкусу бар беле?
- Таң...
- Ой, мусулман болсоңор жаап койсоңор болбойбу.
Эки киши аялды кырынан оодарып салынган пальтосунун бир өңүрү менен жапкан болду.
- Туй, эненди, ит ичкендей ичиптир тимеле!
- Ой, жылаңач катын көрө элексиңерби, тиги күйөө сөрөйүн чакырбайсыңарбы, - деп бир карыя айтты эле, бирөө барып топ арасында отурган Жигитбекти чакырып келди. Бул баягы кызын кыз деп санабаган айбан. "Жаман иттин аты бөрүбасар" деген дал ушуга арналгандай аты Жигитбек, соолуп калгырдыкы. Сөөктү узата келген толгон-токой машиналарга салууга болбойт бу аялын, анан да ким алмак эле. Жашырынып-жашынып барууга буйтку жол да жок. Көчө менен апкелди аялын жетелей. Элдин баарына шермендесин чыгарган бу катынына бир ооз жаман сөз айта албайт, бети дуулдай ысып жерден башын көтөрө албай короого киргенде гана азга демин басты Жигитбегиң. Сонун болсо жана мүрзөдөн эле эсине келген. Анын абийири кеткенин ойлоп жинди боло жаздаганын сөз менен айтып болбос.
Бир жума төшөктө жатып, бир күнү таң заардан кийим-кечегин түгөлү менен көтөрүп үйүнөн чыгып кетти кайра кайткыс болуп.
Бул Мирбектин Нестан үчүн алган өчүнүн башы гана болчу.
Кулан баягы боюнча Нестанды издеп жүрөт. Милийсага нечен барат, сүрөтүн апкел дейт, же сүрөтү жок.
Бүгүн дагы милийсага барып келаткан. Райборбордон айылга кетчү аялдамага келип таксиге отурмак болду эле, бир жаш жигит салам айтып эле сурады:
- Кулан сиз болосузбу?
- Ии, менмин, - деп ал делдейе калды.
- Сиз болсоңуз, Нестан табылды. Биз менен барып алып кетиңиз, - деди жигит, - жүрүңүз.
Кулан жигитти ээрчий басты, сүйүнүп баратат. Жигит обочо турган "Жигулисинин" эшигин ачып Куланды отургузду, өзү отурду. Кетип баратканда Кулан сурады:
- Кайдан таптыңар Нестанды?
- Таптык, - деди жигит кайдан экенин айтпай.
"Бу милийсада иштеген неме го, - деди Кулан ичинде, - кебетесине караганда ошондой. Эми унчукпайын, жинине тийип албайын".
Машине райборбордон чыгып бир аз узагандан кийин жол жээгинде турган дагы бир "Жигулинин" артына токтоду. Тиги машинадан эки жигит бери басышып түз эле Кулан отурган тараптагы эшикти ачып аны делдектете сүйрөп, өздөрүнүн машинасына тыгышты. Куланда кайдан кеп болсун. "Бу эмнеңер?" деп сураганга шаасы келбей тил-ооздон кала жүрөгү түшүп, муун-жүүнү бошой, денесин тегиз калтырак басты.
Эки жигит эки жагында отурат. Анан бири бөтөлкө аракты ачып кырдуу стаканга баса куйду:
- Ме, ич!
Кулан калтыраган колу менен стаканды алды, ичпей турду. Ичкиликти ыгы менен ичип жүрөт, бирок мынча аракты бир басып көргөн эмес.
Сол тарабында жигит:
- Эй, ичпейсиңби, ыя?! - деп Куланды кежигеден шадылуу колу менен капшыра кармады эле анын мойну сынып кете жаздады, көздөрү мөлт этип чыгып кетчүдөй. Стакан оозуна алынды. Дымын чыгарбай ичти. Дагы бир стакан куюп ичиришти. Ошондон соң Кулан эңги-деңги болуп, эмне ойлогонунан эсеби жок кеңгиреп калды. Машина баягы Сонун "мейман" болуп кеткен үйдүн короосуна токтотулду. Куланды машинадан түшүрүшкөн жок, жанына эс-учунан тана мас болуп шалпылдай сөгүнгөн бир турна бут сойкуну отургузушту...
Саат таңкы жетиден өтүп калган...
Асыкбек ОМОРОВ
УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ
...аймактагы ээликтердин бардыгын өз бийлигине баш ийдирген. Мындай иштерди аткарууда Хызыр-Ходжага Темирландын өкүлү Өмөр-Шайык көп жардам берген. Хызыр-Ходжа Мухаммад - оглан аркылуу өз карындашын Темирланга аялдыкка берип, куда-сөөк болуп, мамилени бекемдешкен. Бирок бул жерде белгилей кете турган нерсе, XIV кылымдын акырында Моголстан мамлекетинин Темирланга көз карандылыгы формалдуу түрдө гана болгон. Мындан биз Хызыр-Ходжа хандын Темирландын баскынчылык саясатына карата туура мамилесин гана байкайбыз. Себеби Моголстандын мурунку ханы Камар ад-Дин Темирланга каршы бир нече жыл согуш ачып, жеңилип бара жатса карматпай качып кетип, бир топ убак өткөрүп кайра бири-бири менен согушуп, ортодо Моголстан мамлекети жана бир топ көчмөн элдер мал-жандан чыгым тартып, бүлүнүп чабылган.
Шараф ад-Дин Йездинин маалыматына караганда Хызыр-Ходжа Турпан жана Кара-Кожо шаарларын басып алып, ыдырап бара жаткан уйгур мамлекетинин чыгыш бөлүгүн Моголстан мамлекетине кошуп алган. Ошентип, Моголстан хандарынын ичинен жалгыз гана Хызыр-Ходжа Темирландын Моголстанды бүлгүндүү жортуулдарынан сактап, көз каранды эмес мамлекет катары сакталып турушуна шарт түзгөн күчтүү жана айлакер мамлекет башчысы болгон.
Хызыр-Хорджа 1399-Коен жылында дүйнөдөн кайткандан кийин бийлик үчүн анын балдары: Шам-и Жакан, Мухаммед-Оглан, Шер-Али-Оглан жана Шах Жахандардын ортосунда хан тактысын ээлөө үчүн күрөш башталган. Бул хан тактысы үчүн болгон бир туугандардын арасындагы согуштун натыйжасында Моголстан мамлекети бытыранды болуп майда бөлүктөргө бөлүнгөн. Кийинки мезгилде, бүлгүнгө учураган бул аймакта майда ээликтер пайда болуп, ар бир уруу өзүлөрүн башка урууларга караганда жогору сезип, уруу эмирлери жана башкаруучулардын ар кимиси өздөрүн башкы хан катары баалашып, биригүү аракеттери жасалбай, ар кимиси өз алдынча тиричилик кылууну улантышкан. Теңир-Тоодогу көчмөн элдери эч ким менен иши жок, колдогу малын көбөйтүп, эптеп тиричилик өткөрүшкөн.
III БАП. ТИМУРИЙЛЕР МАМЛЕКЕТИ XIV КЫЛЫМДА
Балаң кийин, кудайым буюрса, 370 урууну, 70 падышачылыкты бириктирип, ааламдын жарымын башкарат.
Кулал
Жарык дүйнөдө ар бир уруунун, улуттун, мамлекеттин же империянын жашоо узактыгы аларды башкарган лидерлердин көсөмдүгүнө же көсөлдүгүнө жараша, өмүрүнүн узактыгына, ички жана тышкы саясатынын канчалык акылдуу жүргүзүлгөнүнө жараша болот. Адатта, казанга куюлган сүт деле кайнап жатканда бир жолу ташыйт, андан кийин от канчалык күчтүү жагылса деле кайра ташыбайт.
Дүйнөдөгү жүздөгөн улуттардын, элдердин, мамлекеттердин, империялардын тарыхына көз чаптырып отуруп, жеке адамдын тарыхта ойногон ролу эбегейсиз зор жана айныгыс чындык экенине ишенбей коё албайсың. Алсак, V кылымдын орто ченинде Европада пайда болгон Аттила империясы, XIII кылымда Орто Азиядагы Мухаммед Султан Ал-ад-Диндин Хорезм падышачылыгы жана Чынгызхандын Улуу Монгол империясы, XIV кылымдын орто ченинен XV кылымдын башына чейин жашаган Улуу Эмирдин (Темирландын) Мавераннахр империясы, Кичи Азиядан баштап Европанын мамлекеттерин бириктирип XIII кылымдан XX кылымдын башына чейин башкарып келген Осмон империясы, Бабур жана анын урпактары бир нече кылым башкарган Моголистан империясы, мына ушулардын баары бүт көчмөн түрк элдери болуп келгенине тарых өзү күбө. Ушул аталган империялардын башкаруучулары, биз каалайбызбы же каалабайбызбы, дүйнөлүк маданияттын очогубуз деп мактанып келген Европа элинен баштап дүйнөдө элинин саны жагынан алдына эч кимди салбаган Улуу Кытай элин кошо башкарып келишти.
Бул империялардын ичинен эли жагынан көп, аянты жагынан 50,01 млн. чарчы км келген Африка континентинен (Мадагаскар аралы кошо) бир жарым эсеге көптүк кылган кургактыкты Чынгызхандын Улуу Монгол империясы ээлеп келди. XIV кылымда дүйнөгө жайылган улуу тумоонун кесепетинен Евразияда Улуу Монгол империясы алсырай баштаганда, XIV кылымдын экинчи жарымында Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыянын ортосундагы Мавераннахр аймагында Темирлан негиздеген дагы бир кудуреттүү империя пайда болду.
Темирлан өзүнүн мамлекетинин ээлигин бара-бара кеңейтип отуруп, батышы Түркияга чейин созулган, түштүгү Иран, Ирак мамлекеттерин, түндүгү ошол кездеги Орто Азия жана Жети-Суу аймагын кучагына алган, аянты 9,33 млн. чарчы километрге барабар эбегейсиз зор аймакты башкарып келди.
Орто Азия аймагын мурун Чынгызхандын экинчи баласы Чагатайдын урпактары башкарып турушкан. Орто Азияда Бухара, Ош, Самарканд, Кеш, Термез, Ургенч, Балх сыяктуу чоң капкалуу шаарлары менен таанылган, учу-кыйры жок Түркестан талаасы менен Тарбагатай тоо кыркаларын мекендеген түркий көчмөн уруулары жашаган.
Мавераннахр империясына Чыгышта Улуу Жибек Жолундагы кытай ээликтери...