Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Азизбектен азил кеп

Белестеги беш ыргай
Мыктыбек Абдылдаев...
Акаевдин заманында айрымдар жалгыздап мүлжүсө, Мыктыбек Абдылдаев эки күлтүйгөн инисин эки капталына алып алып мүлжүшкөн. Акаев байкеси качып кетти эле, эч нерсе болбогонсуп, үчөө тең Бакиевдин жылуу колтугунан орун алышып, кайрадан күлтүңдөй башташты. Алдын ала сезе билген доңуздукундай сапаты бар белем, Мыктыкең мыкты экен. Ошол мезгилдеги оппозициянын көзүрү Бекназаровду боодон бек кармап "суу кечирген" куда болушкан. Шайлоонун алдында бирок анын шайы ооду. Барбаган партиясы, кирбеген эшиги калган жок. Абдылдаевди жакшы билгендер эшигинин четине да жолотушкан жок. Бир гана айласы кетип Акаев менен Бакиев журтка калтырып кеткендерден куралган "Ата-Журт" партиясы короосуна кийирип алган. Анысы кийин жакшылап жайгашып алып, ээлерин каап, Акмат менен Камчыга "үрө" баштаганы айтыла калып жүргөн.


Карганбек Самаков...
Азыркы парламентте бир мойтойгон муруту бар бир жигит бар. Өткөн парламенттерде шейхтер менен дос болуп, кыргызга жакшылык кылуунун үстүндө иштеди. Ошентип бир күнү шейхтерге кетип калса сейфи талкаланып бир ызы-чуу болгон. Шейхинен да сейфи жаман болгон. Какең кийин шейхинен сейфин жакшы көрүп калды. Сейфин Нарынына көтөрө кетти да, эки-үч жыл эл ичинде болду. Анан кантет бечара, Максимдин куйруктары Нарынга чейин жетип барып, болгон жеринен кысмакка алып, "өлтүрөм, кыйратам, жок кылам"-деп атса… Эми депутат болгон соң шейхтерге барганын уккан жокпуз. Бирок янкилерге чейин барып келди деп угуп атабыз. Америкага барып Бакиевдер басмырлап кеткен Манастын кадыр-баркын көтөрүп келиптир. Курманжан датка апабызды дүйнөлүк тилде сүйлөтүп, саясатыңарды урдум дегендей кылып, рухий дүйнөбүзгө катуу үңүлдү. Какенин мунусуна балиден башка айтарыбыз жок!


Нурлан Шакиев...
"Иңа-а" деп бакырып, бул ааламга келген күндөн баштап, "арамзачылыктын" алиппесин үйрөнө баштаган Нукең, бешиктен бели чыга элек жатып, Эшимкановдун эшигин сагаалай баштайт. Ал жерден элдир-селдир жазганды үйрөнгөн соң, андан катта акаларынын "акырларын" аңдый баштайт. Анын "арзыматтык" аргамжысына алгач акасы "аспирант" Кубанычбек Жумалиев чалынат. Ал жерден "арамзачылыктын" анатомиясын толук үйрөнгөн соң, тормозу жок токтолбой кете берет. Күндүн тең жарымында Акаевдин "аспирантынын" ишин бүтүрсө, күндүн экинчи жарымын Акаевге каршы оппозиционер Бакиевдин ишин бүткөрөт. Эки "акырдан" жем жеп аткан учурда Бакиев акеси байкоосуздан бийликке келип, аспирант акеси Жумалиевдин хансарайынын унитазына чейин чыгарып көчө качууга мажбур болот. Нукең жылып жүрүп Бакиевдин бакыйган пресс-катчысына айланат. Бакиевдин "чоң муштум" заманында чокчолоңдоп убайды ушул жигит көрдү. Эсирип кеткенде Эшимканов менен Ак үйдө стакан кагышып, экс-ээсинин КТРдагы ордун көздөп, Ак үйдө мас болуп отурган сүрөтүн даңазалап чыккан деп жүрөт. Эшимканов шапалактай Шакиев эмес, шайтанга да куйругун карматмак беле, шар эле Максим менен кете берди. Нукең элдин мүлкүнө көз арткандай ЭлТРга барган. Акасы кайра качты. Баягы дардаңдаган Шакиев жарылган шардай шалбырап, артынан кылмыш иши козголуп жүргөн. Бирок Шакиевге айла жок экен. "Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы" дегендей, күндүз Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстанында" иштеп, түнкүсүн жамынып барып, ырчы акасы Ибрагимдин ишин бүтүрүп, мына кайрадан министр болду. Бийлигиңди деле урдум дейт турбайбызбы, Маданият министринин кебетеси ушул болсо...


Адахам Мадумаров...
Бийлик деген жакшы жигитти деле бузат экен. Үзөңгү-Куушту берерде үзүлө чуркаган Адакең, эл-журтка "алдыңарга ат болуп берейин" деп, буркурап ыйлап жиберчү. Ат болсоң мынакей деп Бакиев акеси ээрин токубай туруп, жүгөн катып минип алды. Кыргызстандын бийлигинде эмне катта кызмат болсо хаммасын берди. Баягы Аксыга барып келин-кесектерди машинага салып алам дегенден кийин аңгилиги да калды. Вице-премьер-министр болду, криминал менен стакан кагышып жүрдү, мамлекеттик катчыга койду эле, Манаска асылгандан башка ишке жараган жок. "Ак жолду" баштатып келип спикер кылды эле, Каркыраны кайындарына садага чаап, жаңгак менен ЖКны кайсайм деп, дагы жыгылды. Айласы кетип дагы бир мансап берди, чек араны да чече алган жок. Ошондон кийин көчүккө тээп кубалап чыкты. "Азаттыктан" үн чыгарды эле, Максим үкасы сотка менен соолутуп койду. Ошого карабай шайлоо учурунда шаңыраңдап жүргөн. Эми кыймылсыз мүлккө айланганбы, дымы чыкпай калды.


Ибрагим Жунусов...
"Анжиянда кызым бар, ал да менден шалаакы, Бухарада кызым бар, бу да менден шалаакы"-деп, илгери бир сарттын аялы мактанган экен. Ал мезгилде ата-бабаларыбыз Анжиянга чейин мал айдап, сарттар менен тамыр болуп жүргөн кези го. "Эшегине жараша тушагы" дейт, министри Шакиев болсо, Шакиевди тейлеген вице-премьер-министри ким болмок эле. Ибрагим Жунусовдун талантын эч ким танбайт. Керим Турапов экөө кыргызга чанда келүүчү таланттардан. Экөө жетелешип алып "Ак жол" менен легитимсиз парламентке келишкен. Турапов эки жагын карап кол шилтеп кете берди. Ибрагим Жунусов болсо балга жабышкан аарыдай бийликти шап кармады. Бакиевдик бийликке деле бир "шут" керек болчу, көңүл ачаарда ырдатып, бийлетип койгонго. Бул ролду так аткарган Ибрагим Жунусов Бакиевдер менен куда болом деп жулунуп жүрүп, түз эле министрге жеткенде топ этип учуп түшпөдүбү. Бактысы бар экен Ташиевге куда болом деп жулунуп жүрүп вице-премьерликке жетти. Эй, кыргыздар, азыркы заманда Ташиевге куда болом деп жулунсаңар эле катта папкени кучактайсыңар.


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ