Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Добр, ырчы:

"Эң башкысы - өз
намысымды коргой алдым…"
Кыргыз шоу-бизнесине Добр деген ат менен таанылып, өз калеминен жаралган рэп стилиндеги ырларын коомчулукка тартуулап, аз убакыттын ичинде өз күйөрмандарын топтоого жетишкен жаш рэпер Добр жакында эле "Шоу-бизнес мырзасы" сынагына ат салышып, өз күчүн сынап көрдү. Мырзалар арасында болгон сынактын кандай өткөнүн билүү максатында Добр менен баарлаштык.

- НБТ каналы уюштурган "Шоу-бизнес мистери" сынагы кандай өттү?
- Аталган сынакка шоу-бизнесте жүргөн мырзалардын көпчүлүгү ат салышты. Чынында, сынак аябай кызыктуу болду. Баарыбыз бир айдай катуу даярдык көрдүк. Жыйынтыгында, калыстар тобунун чечими менен Алекс "Шоу-бизнес мистери" деген баш байгени жеңип алды.
- Конкурска кандай талаптар коюлду?
- Жалпысынан, сынакта төрт талап болду. Биринчиси, аскердик милдет, экинчиси, бийлөө чеберчилиги, үчүнчүсү, жаңылмач айтуу, төртүнчүсү, акыйнек айтышуу болчу. Бирок биз төртүнчү тапшырманы аткарган жокпуз.
- Кайсы талапты аткаруу кыйынга турду?
- Баары эле кыйын болду. Бийге эки жумалап даярдандык. Ал эми аскердик милдетти көрсөтүүдө кошумча жигиттер керек болуп, "Тамашоу" лигасындагы "2- рота" тобундагы балдарды жардамга чакырдым. Дос балдар болчу. Алар да каршы болушпады. Колдорунан келген жардамдарын беришип, менин ийгилигиме кошо чуркап жүрүштү.
Күндө эки-үч сааттан даярданабыз. Аларды тамак-аш менен камсыздоо керек. Кыскасы, жөн эле таймаш болгон жок. Анын үстүнө атаандаштык да күч болду. Баарыбыз уят болуп калбайлы деген ой менен аябай даярдык көрүп жаттык. Учурдан пайдаланып, мага көмөк көрсөткөн адамдарга ыраазычылыгымды билдирип кетейин.
- Сага кайсы стилдеги бий туш болду?
- Мага рэп стилиндеги бий келиптир. Менимче, бий чеберчилигин жогорку деңгээлде эле аткардым деп ойлойм. Эми биздин сахнага чыгып жасаган иш-аракетибизге көрөрмандар өз баасын берди болуш керек. Эң башкысы мен өзүмдүн намысымды коргой алдым. Мага ушул эле жетиштүү болду.
- Калыстар тобунун курамын кимдер түздү? Деги эле наам калыстык менен ыйгарылды деп ойлойсуңбу?
- Жеңүүчүлөрдү негизи эл аныктамак. Бирок биз бул сунушка каршы болуп калыстар тобун өзүбүз түздүк. Калыстар тобунун курамында ар бир талапкердин бирден жакыны болду. Калыстар тобуна эч кандай нааразычылык жок. Сынак ачык, калыс өттү деп айта алам. Алекс өзүнүн аракетинин арты менен баш байгеге ээ болду. Азамат! Кыргыз тилинде ырдамак түгүл, сүйлөй албай жүргөндөр канча.
- "Шоу-бизнес мистери" номинациясынан башка да наамдар ыйгарылдыбы?
- Ооба, ар бирибизге ар кандай номинацияларды беришти. Мен "Эң эрктүү мырза" деген наам алдым.
- А эмнеге элдин тандоосуна каршы чыктыңар?
- Баарыбыздын чечимибиз ошондой болду. Анткени кээ бир ырчылардын жакындары, күйөрмандары ал күнү концертке көбүрөөк келип, башкасыныкы аз санда болуп калышы ыктымал да. Ошону эске алып, биз тандоону калыстар тобуна бердик.
- Башка улуттун мырзалары менен ырдап чыгайын деп жаткан экенсиң…
- Коомчулукка тааныла элек, бирок таланттуу балдар менен ырдап чыгайын деген максатым бар. Азырынча бул идея ишке аша элек. Буйруса, келечекте ишке ашырайын деген оюм бар. Ар бир улуттун өкүлү менен ырдап чыгуунун негизги максаты - улуттар аралык ынтымакты бекемдөө. Биз бир өлкөдө жашап, бир арыктан суу ичип жаткандан кийин бири-бирибизге жек көрүү сезимдер болбошу керек деп ойлойм.
- Өзүңдү рэпер стилиндеги ырчымын деп эсептейсиң. Кайсы бир учурда башка стилге өтүшүң мүмкүнбү?
- Башка стилде да ырдап көрүшүм мүмкүн. Бирок рэптен эч качан баш тартпайм. Анткени бул стиль мага аябай жагат. Жан дүйнөм каалаган, сүйгөн ишим. Жашоом да рэп. Рэп менен жан дүйнөңдө болуп жаткан нерселерди коомчулукка жеткирип турасың.
- Ырларыңды өзүң жазасың. Ыр жазуу үчүн сөз байлык керек эмеспи. Ички дүйнө бай болуу үчүн көркөм адабий чыргармаларды көп окуу керек да. Сен китеп окуйсуңбу?
- Ооба, сиздин бул сөзгө толугу менен кошулам. Мурда мектеп программасындагы адабий китептерди гана окуган болсом, азыр биздин акындардын ырларын окуп, сөз байлыгымды байытуудамын.
- Сулуулук десе эле баарыбыз сырткы келбет сулуулугун элестетет эмеспизби. Сулуулук дегенде сен эмнени түшүнөсүң?
- Сулуулук - жан дүйнөнүн тазалыгы.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова