Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Кадам ушул...

САЯСАТТА ТАКШАЛЫП БҮТТҮК,
КУРСАКТЫ КАНТТИК?
Бакиевдин куулушуна жана да ушул бийликтин келишине биздин эки-үч аталышта чыгып келген гезитибиз бир топ эле салым кошкон эмеспи. Бул бийликти таптакыр кыя албайбыз, аны кандай болгон күндө да коргоп алуу милдетибиз бар. Ошонун натыйжасында азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан экономикалык, социалдык ж.б. саясатына "жаман тил тийгизүүгө" дитибиз барбай турбайбы. Антсе да "өз күйдүрө айтат..." дегенге таянып аттиңдерди аздап айтып коюп турбасак, анда гезитибиздин буга чейинки басыгына шек келтирип аларбыз...

Туура, кайсы гана бийликти болбосун кетирүү аракетинин башкы себеби кара курсактын айынан келип чыгат. Эл курсагы ток жашаса бийликке каршы чыгышы чанда. Буга сонун мисал ушу: жанагы арабдардын Бахрейн деген мамлекетинде чыгып жаткан чатак оокаттуу жашаган элдин кандайдыр бир демократиялыкпы же моралдык укуктунбу шылтоосу менен экен.
Айтып коюшубуз керек, биздин мамлекет жашоо-шарты боюнча Бахрейнге жеткенче көп бар, а балким, "төөнүн куйругу жерге түшкөнчө" жетип каларбыз деп куудул-пессимист болуп койсок, азыркы биздин шартта жарашып калат.
Жетекчилер менен жеп-ичкендерге сезилбесе сезилбей жаткандыр, бүгүнкү күндө эл массасы сөздүн түз маанисинде өлбөстүн күнүн көрүп жатат. Эт-ашты айтып не, карапайым эл үчүн бир сындырым нандын дасторконго түшүшү чоң маселе болуп турат. Базар баасы күн санап өсүп жатат, кыкка турбаган айлык алган көпчүлүк ошол айлыгын эмнеге жеткирерин билбей жаны көзүнө көрүнүп жаткан учуру. Ал эми элдикин өзүнүкү кылып алган жексурлар тойдон-тойду берип чардап жаткан мезгили. Алардын баарын чогултуп Балыкчынын тоо тарабындагы таштуу жерге алып барып атып таштачу жан чыкпады...
Өкмөт деген премьерден жана да тигил же бул министрлерден турган, баскан-турганынын эрежеси жок кандайдыр бир коомдук уюм эмес, өкмөт деген бүтүндөй мамлекеттин чарбасын тейлеген жана анын жаман-жакшы болушуна баш-оту менен жооп берген мекеме. Ага ант да берген. Демек, азыркы кымбатчылыктын соккусу менен өлбөстүн күнүн көрүп жаткан элдин абалы үчүн жооп берет, жооп берүүгө милдеттүү. Элинин курсагын тойгуза албайбы, ал өкмөт чилче тарашы керек.
Азыркы өкмөттүн курамына бакиевчилер да, ишин жөндөй албаган эргулдар да кирип алганы уламдан-улам дааналанып жатат. Үч партия атасынан калгансып бийлик креслолорун бөлүшүп алышы болбогон нерсе экен. Азабын Атамбаев тартып жатканын баамдап жатпайбызбы. Эпадам өкмөттү премьер-министр өзү түзгөндө Жунусов, Ташбаев, Шакиев, Шадиев сыяктуу бакиевчилерди ал тарапка жакын жолотмок эмес. Анткени алар Бакиевге берилип калган, аны көңүлдөрүнөн чыгара албайт, жаңы бийликке жан дилден кызмат кылбайт!
Эмне иш кылып жатканы анча дааналанбаган антимонополиялык комитет деген бар, арзан, кымбатты булар тескеши керек. Алар болсо "мыйзам андай болуп жатат, мындай болуп жатат" деп колун жайып шыпшынып олтурат.
Өкмөтүң болсо, тигил, бул жактан баланча суммадагы акча келет деп көңүлү ток. Парламент "кымбатчылык болуп жатат, аны кан буугандай токтотуш керек" деп эл алдында популисттигин кылып, алардын да курсагы ток. Чынында эле алардын курсагы ток, анткени алчусун алып, жулчусун жулуп коюшкан, аларга миң бир эсе кымбатчылык болсо да тоотуп койбойт, дындыйганы дындыйган. Курсагы ток адамдар ач курсактын камындагы мыйзам чыгаруусу да тескери тегеренип кетчү иш...
Карасаңыз эй, бу ырыскысы ашып-ташыган мекенибизде эмнелер гана жок, баары бар. Ал дагы керегиңе жарат. Жок, ошол жерде даяр жаткан нерселерди алып пайдалануу үчүн бизге паланча деген жыл керек, буюрса кийин, кийи-ин, иттей оңолуп жашайбыз. Айнанайындар, кийин оңолуп жашаганыбыздын сокур тыйынча кереги жок, "кийин" дегенге жетүү кыйын болуп жатпайбы... мына азыр, ушул саатта элиңдин курсагын тойгуз, жерден чукусаң да бир мыйзам таап кымбатчылыкты токтот! Айлык көбөйтүп жатабыз деп жаакты жанып жатат, артынан инфляция тебелеп-тепсеп кетип баратат.
Эзелтеден эт, сүт жыттанып өскөн элдин көрүп катып коерго бир ууртам сүтү менен бир кесим эти жок болуп турат. Бул деген трагедиянын классикалык түрү десек да так маанисин бере ала турган эмеспиз. Туура, өкмөт аракет кылып жатат дейли, бирок жыйынтыгы жок аракетти тебелеп-тепсеп туруп итке ыргытыш керек!
Биз өкмөткө акыл үйрөтө албайбыз, анткени ал жерде акылдуубуз дегендер олтурат. Тез аранын ичинде кымбатчылыкты токтотчу рычаг таап, жок эле дегенде нанды кеңири кылып таштаган жыйынтыкты гана күтөбүз.
"ЖАМАНДЫН КОНОГУ БИЛЕТ" - БИЗДИН ӨЛКӨДӨ ТҮБӨЛҮК ЖАШАЙБЫ?!
Ушундай суроону накта атуулдарыбыз азыр байма-бай берип жаткан учуру. Кечээ жакындан бери бардык орус гезиттер кыргыз тарапты "улутчул" маанисинде сынга алып киришти. Алардын тыбырчылаганы ушул - кыргыз мамлекетиндеги орусча аты бар айылдардын бир тобун кыргызча атка которуу улутчулдуктан чыгып, алардын намысына тийип жатат экен. Алар көнүп бүтүшкөн Советтер Союзунун курамындагы республикаларды түзгөн орус эмес улуттардын баары оруска кулдук уруп туруш керек, айтканын эки кылуу түшүнө да кирбесин ж.б. Мына ошол шовинисттик идеология, практикасы андан күчтүү идеология, мына бүгүнкү күнгө чейин биз окшогон былбыраган улуттарга запкысын улантып турганы...
Өзүн эркин улут сезген грузиндер, латыштар, эстондор, литвалыктар орустун шовинисттигин кийин окумуштуулар эрмектесин деп тарыхка калтырып, өз улутунун кызыкчылыгы менен жакшы делчү турмушка баратышат. А биз болсок, жалтак болуп калган адатыбызды жандыра албай бүжүрөгөнүбүз бүжүрөгөн. "Манасты" ала чуркап, Алтайдын баарын туулган жерибиз кылып, кыргызың деген бүтүндөй дүйнөнү башкара жаздаган" деген сындуу ашыра чапмайлардын ордуна мына бүгүнкү кыйындыгыбызды жасашыбыз керек эмеспи. Антүүнүн ордуна жерибиздеги орусча аттарды укугу бар кыргызчага которууда да орус тарапты жалдырап карап олтурабыз. Ал эми орустар болсо бизди "улутчул"кылып көрсөтүү аракетин баштап, дүйнө коомчулугуна ишендирип да таштады окшоду. Баса, Россияда деле далайдан бери шаарлардын, кыштактардын аттары тарыхый аттарын алып жатат: Ленинград-Санкт-Петербург, Горький-Нижний Новгород, Куйбышев-Самара ж.б. болуп.
Ооба дечи, аталган маселеде аша чабуунун кажети жок, кээ бир айыл-кыштактар орусча эле аталышта калышы керек. Анткени алардын түпкү аттары нукура, жаралышында орусча аталган.
Президент алдындагы тил комиссиясынын мурунку жетекчилиги өз укугунан аша кетип орусча аттардын баарын кыргызчалайбыз деп салбадыбы. Ал маселе Жогорку Кеңештин ыйгарымында эмеспи.
Ойрон орусуң кыргызча түшүнгөнчө көп бар, антсе да айтып коёюн: кымбаттуубу же урматтуубу орусум, биз кыргыздар бабалардан энчибизге тийген томуктай жерди жердеп турабыз, ал жер бизге гана, ооба, бизге гана тиешелүү. Андыктан жерибизде, мамлекетибизде кандай иштерди жасайбыз, кайсы намазыбызды окуйбуз... биздин өз ишибиз. Ага укугубуз бар. Андыктан биздин ички иштерге эч кимди аралашууга акысы жок, аралаштырбашыбыз керек. Ошону түшүнүп койгонуңар оң. А силер болсо кадимкидей эле жашооңорду уланта бергиле, силердин укукту эч ким тебелебейт.Туурасын айтып өлгөнүбүз жакшы да - азыр Кыргызстанда жашаган бир дагы башка улут кыргыздан кем жашабайт, тескерисинче, алардын көбү, мисалы, орустар, татарлар, уйгурлар, өзбектер, кореецтер, дунгандар, чечендер, азербайжандар, курддар ж.б. кыргыз улутундагы массадан алда канча жетиштүү жашайт.
Жогорудагыдай сөздү бийлик официалдуу түрдө айтышы керек. А бийлик болсо антип айтууга батынбай турат.
Танганыбыз болбос, биздин турмуш Россия менен чырмалышып калган. Мындан ары да аны өркүндөтүүбүз керек. Бирок тең укукта гана. Чын-чынына келгенде орустар бизди тең ата кылбайт дечи, ошентсе да... Айтып коюшубуз керек, орус мүнөзү барып-барып эле айкөлдүккө такалат. Баарын былгытып турган орусташып кеткен жөөттөр болот, аларды накта орустардан ажырымдап турушубуздун мааниси да зор...
Кыргызым, өз үйүңдү өзүң шыпыр, төрүңө өзүңдүн өтүгүңдү ил, бул сенин үйүң, ошону айныгыс бил! Билбесең эл болуп не?!
ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУДА ДЕЛЕ КУРСАК АЧАТ...
Парламенттик башкаруу системасы келсе эле жашоо-турмушубуз жакшырып кете тургандай да абалда турдук. Эми анысы да келди. Келди да жакшылыгын көрсөтпөй турат дымып, а балким, "ачыбаган камырдай" болуп туруп "ачып" кетеби?
Парламенттин иши башталганына бешинчи айга кетти. Мына ошол аралыкта көрүп, катып коерго эл кызыкчылыгын көздөгөн жана "азаматтар" деп эли айтчу мыйзам кабыл албай келет. А бирок, дымагы асмандын башындабы, же анын ары жагындабы... болуп турат.
Ооба, Бакиевдер жана анын куйруктары элдин ырыс-кешигинин баарын алып кетти, бирок турмуш улана берет, казынабыздагы "карала каптын кагынчыгын" деле туура пайдаланса бир топ эле керекке жарап берет. Мына ошолорду, четтен келген бекер жардамдар менен аз пайыздуу кредиттерди жалпыга иштетүү, налог, бажы жаатында элге ылайыктуу шарттарды түзүү, көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгаруу ж.б. туурасында мыйзамдарды жаратып, алардын тез эле ишке киришүүсүн өкмөттөн талап кылып, айтор, толгон иштерди аткаруунун ордуна эки-экиден чабышуу, президенттикке аттанууга даярдануу, кримавторитет менен лыжа тебишүү, "ячейкалардан алынган акчалардын" эсебин чыгаруу үчүн, Убактылуу Өкмөттүн ишин териштирүү үчүн комиссияларды түзүү кыйкырыгы менен, "Аврора" сыяктуу пансионаттарды башкарууга алуу менен алышып келет. Бакиевчилер бийлеп алгандай болуп турган бу парламенттин келечеги жок экени дааналанып калганы качан!
Кадамыбыз кыйчалыш абалга шилтенбейби...
Баратбай АРАКЕЕВ