Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Акындын мааракеси Акылдын маселеси
Жаагы жабылбаган Жапаров деген депутат бар эмеспи, бизди ХИПКке киргизмей болгон. Ушул жигиттин акылы манектей болгону менен, ар-намысы данектей гана болсо керек. Парламентте сүйлөгөн "популисттик" сөздөрү аздык кылгансып, эми той-топурларда торгойчосунан сайрап баштаптыр. Өткөн апта аягында Шакемдин 60 жылдыгы аябай чоң салтанат менен өтүп, филармониядагы кечесине ажобуз өзү дагы катышты го. Ал жерден сөз кезеги тийбеген Акылбекке кечки сый тамакта сөз беришсе, адатынча мугалимдердин айлыгын айтып, отургандардын оозун ачырса болобу. Аттуу-баштуу аксакалдар, "ай атаң, аны айтып эмне кылат" кыязында баш чайкашса, кээ бирлери микрофондун өчүрүлүшүн талап кылышты. Танапис учурунда бир таластык жигит айтып жатат, "жан сакчылары күлүк экен, көтөрүп качканда жеткизбей коюшту, болбосо тытып салмакпыз" деп. Канкор Бакиевдин камчысын катыра чапкан эме, кайсы бети менен калк аралап, кайсы бети менен калыстык айтып жүрөт? Андан көрө, Эшимкановдон үлгү алып, люстрацияны үйрөнүп алса болбойт беле. Докем ушундай бир депутат инисине катыра какшык айтпады беле, "үтүктү сайсам дагы ошол үкөмдүн үнү чыгып жатыптыр" деп. Айтор, жазаланбаган адам тазаланбайт окшобойбу.


Жоругуң жолдо калгыр…
Шоу тартуулоо жагынан парламентте эч кимди астыга салбай калган "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу "Баракелде" интернет баракчасына Кыргыз Республикасынын Гимнин эмгиче жатка билбегенин айтып, колду төшкө коюп ырдоо керек дегенге да каршы экенин билдириптир. Ушундан улам, Башкы мыйзамга куранды коюп ант берген Турсунбай мырзага "жел" тийип, шамалдап калганбы деген ой туулат. Курандан башкага ишенбеген Бакир уулу молдокелерге барып бир дем салдырып койсо жакшы болмок беле дегенге аргасыз болосуң. Дегенибиз, эки чакырылыштын депутаты болгон Турсунбай мырза биринчи класстын баласы билген Гимнди билбей туруп, Кыргыз мамлекетинин атрибуттарына ыйык мамиле жасоо керектиги тууралуу мыйзам долбоорун парламентке алып чыкканы күлкүнү келтирет экен. Жоругуң жолдо калгыр… "Укмуштуунун төөсү жорго" деп бекеринен айтылбайт тура…


Мелистин максаты эмнеде?..
Буга дейре массалык маалымат каражаттарында Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов Үсөн Сыдыковдукундай "ОБОН катындардан" турган топ түзгөнү айтылып келген эле… Төгүн жеринен сөз чыкпайт демекчи, көрсө "бактын башы жөн жеринен" кыймылдабаптыр. Ушул тапта Мелис мырза мэриянын жер төлөсүн евроремонт кылдырып, жүзгө жакын аялдарды "буктурмада" кармайт имиш. Күбөлөрдүн айтканына караганда ал аялдар кылган жумушу жок болсо деле, эртең менен кадимкидей мамлекеттик кызматка келгендей келишип, түштө тамактанышып, кечке чейин болушуп, саясатты талкуулашат экен. Мелис мырза мынча кишини кайсы акчасына багып, мамлекеттик мекемеден эмне себептен орун берип жатканы белгисиз. Угушубузга караганда, Мелис мырзанын айтканындай роль аткарчу аялдардын саны бүгүнкү күндө 400гө чамалаары айтылууда. Мырзакматовдун мындай аракетинин артында кандай саясат жатканын ар ким ар кандай божомолдоп жүрүшөт. Алардын ичинде Мелис Мырзакматовду жумушунан алуу маселеси козголсо, аялдарды "курал" катары пайдаланат деген пикир басымдуулук кылат. Эмне демекчибиз, эр жигиттин башына кандай күн түшсө да, аялдын этегине баш катчу эмес эле… Андыктан Ош шаарынын мэри андай пастыкка барбаса керек…


Бай-бай-бай, Бабановго ай-ай-ай
Маалында ата-бала Бакиевдердин маалымат саясатын жетектеп калган белгилүү меди-менеджер Илим Карыпбеков, азыркы тушта биринчи вице-премьер Бабановдун ушундай кызматын аркалап жатканын уктук эле. Бая күнү Бабанов мырза балп этти го, жалпыга маалымдоо кызматкерлерине жаңы мыйзам долбоорун киргизүү керектигин. Ошол идея Илим мырзадан чыкканбы, айтор, Бабанов жаңы мыйзам долбоорун жазууну дал ушул жигитке дайындаганы айтылып жүрөт. Идея кимден чыкпасын, Илими кандай мыйзамды иштеп чыкпасын, баары бир Бабановдун басма сөз кызматкерлерине болгон баа берүүсү актуалдуу маселеге айланып, күндөн-күнгө күчөй берет. Эгер Бабанов байкабай айтып алган болсо, анда кечиктирбестен кечирим сурашы керек эле. Андай болгон жок. Демек, ал айткан оюнан кайткан жок. Эми, Өмүке ал айтканы үчүн "адекватный ответтерди" ар тараптан алат. Ал айткан "басмачылар" бастырышпаса да, укук коргоочу уюмдар ушундай урдурушат, алапайыңды анан издей бер. Эл аралык уюмдар дагы чыгышат, "сөз эркиндигин муунтпагыла" дешип. Какалып жатсаң кара желкеге ура турган депутаттар бар, алар чыгат, "демократиянын демин кыспагыла" кыязында. Бай-бай-бай, Бабановго ай-ай-ай.


Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин…
Акыркы учурларда Жогорку Кеңешке тиешелүү машиналарды номурун алмаштырып коюп, "Ата-Журт" партиясынын парламентке өтпөй калган мүчөлөрү минип жүргөнү туурасында сөздөр байма-бай айтыла баштады. Ал түгүл айрымдары Жогорку Кеңештин депутаттарына арналган үйлөргө да кирип алышканы туурасындагы айыңдар, ошол эле Ак үй тараптан чыгууда. Мындай көрүнүшкө парламенттин төрагасы Акматбек Келдибеков "кол ийрисине тартат" кылып, уруксат берип койгону да кеп болуп жатат. "Калк айтса, калп айтпайт" дегендей, "жел болгон үчүн бактын башы кыймылдап" жатса керек. Дегенибиз, парламентте жабык эшик артында машина, үй маселеси козголуп жатканда КСДП, "Республика", "Ата Мекен" фракцияларындай болуп, ата-журтчулардын бири дагы эңшерилип турган бюджетти үнөмдөйлү деп машина менен үйдөн баш тартуу тууралуу ооз ачышкан эмес. Көрсө, депутат болбой калышкан партиялаштарынын камын ойлошуп, үн чыгарбай билмексенге салышкан окшойт. "Балык башынан сасыйт" деп бекеринен айтылбайт да… Деги эмне болуп кетишер экен?.. "Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин" дегендерден кутулбас болдук го… Мына ушул жагдайда кийинки сандарыбызга журналисттик иликтөө жүргүзмөкчүбүз…


Конфискацияланган акчалар эл кызматына
Мамлекеттин пайдасына конфискацияланган акчалар кайда кетет деген "Вестинин" суроосуна генерал-майор Кубатбек Кожоналиев жооп берди.
Андай акчалар мамлекеттин казынасына түшөт. Мисалы, өткөн жылдын сентябрь айында "Ак жол" чек ара бекетинен бир шектүү машина токтотулуп, анын жашыруун жеринен 700 010 доллар суммасындагы мыйзамсыз акча алынган. Ал акча Бакиевдер бир партияга шайлоодо пайдалансын деген акча экен деген да кеп кеткен. Кармалган акча Чүй облустук соттун чечими менен мамлекеттин карамагына өткөн. Азыркы учурда банкта сакталууда.


Аскар айтты, бай экенбиз…
Энергетика министрлигине караштуу отун-энергетика комплексинин ачык айкындыгынын демилгеси боюнча байкоочу Кеңештин жыйынында Энергетика министри Аскарбек Шадиев Кыргызстандын байлыктарын баштан-аяк санап, байытып эле таштады. Министрдин сөзүнө таянсак, мамлекетибиз жылына 1 миллион тонна көмүр казып алганда да анын запасы 2 миң 290 жылга жетет. Өлкөдө 2 миллиард 290 млн. тонна көмүрү бар жетимишке жакын кен бар. Мындан сырткары "Жаратылыш газынын запасы да 4,9 миллиард куб метрге жакын. Жылына 25 миллион куб метр казып алганда да, газдын кору 196 жылга жетет, ал эми жылына 80 миң тонна нефти казылып алынганда анын корун 182 жылга чейин узартууга болот. Ушул кезде жер астында 14,6 миллион тонна нефтинин запасы бар. Ылайым эле ушундай болсо экен…


Баары шашты, КСДП менен президент кечикти…
Жогорку Кеңештин депутаттары Эсептөө палатасынын аудиторлук (9 орун) кызматына парламентте олтурган (азырынча ) 4 партиянын 5 мүчөсүн шайлады. Ал эми КСДП фракциясы өзүнүн талапкерин бир жумадан кийин гана көрсөтүшөрүн билдирди. Кыязы, КСДПчылар бул кызматка ылайыктуу адам таппай жатканбы, же ылайыктуулар оголе көп болуп ылгай албай жатканбы, айтор анысы азырынча белгисиз. Президент тарабынан шайлана турган 3 аудитор да азырынча шайлана элек. Кыскасы, ЖК бул маселенин үстүндө шашылыш иштегендей түр көрсөтүп койду.
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору: "Ата-Журттан" бирөө эмес, (Кыязы, Келдибековдун кел-кели менен го) экөө: Кангелдиев Азамат, Иманалиев Жусуп, "Республикадан" Султанкулов Алмасбек "Ата Мекенден" Шыкмаматов Алмамбет, "Ар-Намыстан" Абакиров Эрнст аттуулар "майлуу" кызматтын "майын сызгырганга" шымаланып турган чактары. Булардын ичинен элге алгылыктуу таанылганы айтылуу Алмамбет мырза экенинен талаш жок. Эске сала кетсек, саясатта "Наполеончик" аттуу каймана аты бар, Шыкмаматтын небереси Алмакең, Мамкаттоо кызматында 10 ай жакшы көрсөткүчтө иштегендиги байма-бай айтылып келет. Эми Алмамбет мырза, өз ордун бошотуп берген Жаныбек Бакчиевди (Мамлекеттик катто кызматы) катуу текшерип, былыктарын чукуп чыкканга кенен мүмкүнчүлүк алды.