Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

ТЕПЕРЬ СВОЁ БОГАТСТВО
"ДОИЛЬЩИКАМ" НЕ ОТДАДИМ
Мой сосед - простой и к тому же богобоязненный человек, который хорошо и на совесть выполняет свою работу, и ему никогда не было дела до политики и большого бизнеса. Но совсем недавно мне впервые довелось увидеть его прямо-таки разгневанным. "У нас в семье три мобильных телефона, и все три - мегакомовские. Когда прочитал в газетах, как проходимцы международного масштаба столько лет вывозили из страны поистине наше общенародное богатство, - мне стало по-настоящему нехорошо", - поделился сосед причиной своего возмущения. И, вполне очевидно, у сотен тысяч кыргызстанцев именно теперь таким же образом стали открываться глаза на то, как нас водили вокруг пальца.

Вот лишь несколько примеров того, как после прихода к управлению Закрытым акционерным обществом (ЗАО) "Альфа Телеком" (торговая марка "MegaCom") новое руководство сумело предотвратить ежемесячный вывоз десятков миллионов долларов.
ЗАО "Альфа Телеком", начавшее свою деятельность под брэндом "MegaCom", с августа 2009-го до 7 апреля 2010 года находилось под непосредственным контролем Максима Бакиева. С того времени и по 22 декабря прошлого года компании "Montgomery Limited" было перечислено денежных средств на общую сумму 14 817 697,32 ((четырнадцать миллионов восемьсот семнадцать тысяч шестьсот девяносто семь) долларов 32 цента США. Мало того, были заключены фиктивные соглашения с целым рядом компаний, зарегистрированных в оффшорной зоне государства Белиз, которое даже трудно отыскать на географической карте мира, и эти соглашения стали ещё одной виртуозной формой выкачивания доходов кыргызстанцев.
Однако и это ещё далеко не всё. Путём использования различных махинаций в ненасытную утробу Общества с ограниченной ответственностью (ОсОО) "БиМоКом Лтд" ухнули ещё 363,79 миллиона сомов, или более 7 миллионов долларов США. По столь же мошеннической схеме так называемого "доверительного управления" компания "MGN Asset Management" прикарманила миллионы долларов.
Изощрённая фантазия дорогостоящих проходимцев просто поражает. На имена двоих ничего не подозревавших простых кыргызстанцев были открыты подставные фирмы, в одну из которых за восемь месяцев было перечислено 68 миллионов сомов, а также 36 тысяч долларов США; во вторую за четыре месяца успели "перекачать" 15 миллионов сомов. И только на допросах выяснилось, что оба кыргызстанца не имели никакого отношения к указанным фирмам, "владельцами" которых они якобы являлись!
Словом, если до известного мартовского дня 2005 года "Мегаком" "доили" Айдар Акаев и "зять всего кыргызского народа" Адиль Тойганбаев, то после этого за "дойку" решительно взялись "Али-Баба" Максим Бакиев и его "сорок разбойников".
Когда к управлению ЗАО "Альфа Телеком" пришли новые руководители, в чём только их ни обвиняли бывшие главари! Направо и налево раздавали интервью в духе: "Рейдерский захват!", "Посягательство на собственность иностранцев!" Но едва только новые руководители компании стали вытаскивать одну за другой на свет божий грязные схемы вывода средств, авторы этих мошеннических механизмов без лишнего шума бросились в бега. Как показало расследование, немало лет в "Мегакоме" занимали должности иностранные граждане, изрядно пополнив из наших с вами средств свои личные счета. Нынче же кадровая политика в компании подверглась коренному пересмотру, и на работу здесь принимаются исключительно граждане Кыргызстана.
И вот теперь те, чьи грязные дела неизбежно всплыли, бросились разыгрывать российскую карту. Без устали размещая на Интернет-сайтах этой страны заказные материалы, разоблачённые дельцы бьют в набат: дескать, из Кыргызстана грубо выдворяют российскую компанию, владевшую контрольным пакетом в 51 процент акций. Между тем прежние хозяева компании "MegaCom" на самом деле лишь прикрывались российскими инвесторами, регистрируя свой бизнес в различных оффшорных зонах, в документальных свидетельствах чего вы теперь и сами смогли убедиться.
Новое руководство ЗАО "Альфа Телеком" вовсе не против российских инвестиций. Дело лишь в том, что проводимое ныне расследование выявило, что и эта компания отнюдь не является образцом деловой чистоты. Кто бы ни занимался бизнесом в Кыргызстане, обязан честно вести дело, уважая законодательство нашей страны. Кыргызстан готов предоставить акции добросовестным российским инвесторам. Но следует крепко-накрепко запомнить: отныне все договоры и соглашения будут заключаться с безусловным учётом национальных интересов Кыргызстана.
После свершившейся в минувшем году апрельской революции Временное правительство своим декретом национализировало эту компанию - крупнейшего налогоплательщика с огромными оборотами. Однако почему-то тогдашняя Генеральная прокуратура национализировала лишь 49 процентов акций, а не контрольный пакет в 51 процент. И в связи с этим, вполне очевидно, появляется множество вопросов к прокурорским органам.
Жогорку Кенеш придерживается такой позиции, что компанию "МegaCom" следует национализировать полностью, снова выставить её на торги через открытый конкурс и продать частным инвесторам. В противном случае нельзя исключить повторения ситуации, когда значительную часть денег двух миллионов абонентов направят не в государственную казну, а в уже привычный "левый" карман.
Здесь остаётся немало всё ещё не раскрытых секретов. Однако новые руководители компании всё же смогли в течение последнего месяца перекрыть многомиллионный поток денежных средств, прежде утекавших за пределы страны, и направить их в народную казну. И уже сам этот факт вселяет надежду.
Азамат НУРГАЛИЕВ




  Кайым айтыш

Бийлик баштаган бүлүк,
калемгерлерге тагылчу чүлүк
"Сөз жана басма сөз эркиндиги" тууралуу бийлик сулуу жана жылуу кеп козгогону менен иш жүзүндө эркин ой жүгүрткөн, Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн күңгөй-тескейин курч мүнөздө сын айткандарга тымызын да, ачык да кысымга алып келгенин эч ким төгүн дей албас чыгар. Эгемендүүлүктө "сөз эркиндигине" формалдуу мүнөзгө ээ болуп, алар "сын жана өзүн-өзү сындоодон" коркушкандыктан, журналисттердин иш-аракеттерин чектеген басма сөз мыйзамын кабыл алышкандыгын ачык айтсак болот. Бул аз келгенсип, Жогорку Кеңештен тарта азыркы Өкмөттүн айрым мүчөлөрү журналисттерди "тартипке сала турган жобону" иштеп чыгууну көздөгөнүн ачыкка чыгарып отурушат.
Буга чейин эле гезитибизге сөз жана басма сөзгө кысым жасоого аракет жасалып жаткандыгын, эсил кайран СССР түзүлгөн учурда падыша өкмөтүнө каршы большевиктер менен өнөктөш болгон кадеттер, эсерлер партияларынын гезиттерин азыркы биздегидей "тартипке салып", натыйжада бир партиянын диктаторлук режими орноп, бул 1937-1939-жылдардагы репрессияга дуушар болгонун тарых өзү далилдеген. Биздин өлкөдө басма сөзгө чек коюу аракети келечекте репрессияга алып келбейби? - деген пикирим үчүн ЖоКенин басма сөз катчысы тарабынан эскертүү бергени "шектүү шекинет" деген ойду пайда кылганын ачык айтсам да болот.
Түркиянын ааламга таанымал акыны Назым Хикметтин XX кылымдын 50-жылдарында үйүн тинтүүгө алган полициялар К.Маркстын "Коммунисттик партиянын манифести" китепчесин буюм далили катары алып кетет. Сот процессинде айыптоочу ушул китептин автору катары Назым Хикметте өмүрү өткөнчө өкүм чыгарууну талап кылыптыр. Ошондо акын:
- Бул китептин автору Карл Маркс деген адам, бул боюнча мени эмес, ошол адамды сотко чакыргыла! - деп шылдыңдап, айыптоочуну да, сотту да маскара кылыптыр. Аргасы түгөнгөндө сот Назым Хикметти актоого аргасыз болгон экен.
Ушул сыяктуу ЖоКенин басма сөз катчысы репрессия маселеси боюнча айыпты мага эмес, азыркы демократиянын шартында жазылган тарых китептеринин түзүүчүлөрүнө эскертсе туура болмок. Бул логикалык жактан да, далил катары да тартипке чакыргандар үчүн өз мыйзамдарына туура келмек.
Эске сала кетели, кечээ эле ЖоКенин төрагасы А.Келдибеков, депутат К.Ташиев көтөрүп чыккан "журналисттердин жоопкерчилиги" маселесин эми биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабановдун кызуу колдоого алышынын артында демократияны муунтуу аракети жаткан жокпу? Анын пикиринде "кыргыз тилинде жазган журналисттер акты кара көрсөткөндүгү" үчүн каңырыгын түтөткөнү канчалык реалдуу боло алат? Өзү оппозицияда жүргөндө сөз эркиндигин сактоону ММКларды кысымга алууга тыюу салууну, талап кылса, бийликке келгенде 180 градуска тескери бурулушу принциптүүлүк боло алабы?
Журналисттик кесип - чыгармачылык кесип. Ар бир кабарчы тигил же бул маалыматты эл оозунан чогултат, ошол маалыматты кайра элге жеткирет. Бул багыттан алганда мурдагы акаевчилер да, бакиевчилер да муну учурма ушак, жалган жалаа, катары ач айкырык, куу сүрөөн салып келишкен. Учурунда ушак, жалаа дегендер турмуштун чындыгы экендиги азыр тастыкталып отурганын эмне үчүн мамлекеттик ири чиновниктер ойлонушпайт?
Ачык айталы, жоопкерчиликти журналисттерден эмес, эң алгач мамлекеттик ири чиновниктерден баштаса туура болмок. Ө.Бабановдун чиновниктердин "ишине жооп берип келгенине" ким ишенет? Коррупциянын ана башы болгон кайсы чиновник жоопко тартылганын кимиси так айтып бере алат? Алардын бетин ачкан канча журналисттер бийликтин куугунтугуна гана эмес, бейчеки өлүмгө дуушар болгонун жалпы журтубузга белгилүү го?
Жалпы жонунан алганда басма сөз - төртүнчү бийлик деп эсептелинет. "Кеп чынынан бузулбайт" демекчи, эсил кайран СССРдин учурунда массалык маалымат каражаттарына сындалгандардын маселеси мамлекеттик деңгээлде каралып, жарыяланган материалдагы фактылар аныкталса, аларга катуу чара көрүлгөн. Азыркы күндө тигил же бул чиновниктин иш-аракетиндеги кемчиликтер тууралуу фактылар документалдуу түрдө далилденип жатса дагы алар эч жаза тартпай, тилекке каршы бул үчүн анын авторлору катуу кысымга дуушар болгондугу, же айыбы ачылган чиновник тарабынан жалдангандардын запкы жеп келгенин кантип тана алабыз. Демек, сөз эркиндигин чектөө коюлса, ири чиновниктердин кылмыштуу аракеттерин жаап-жашырууга, бири-бирин канатына калкалап калуу аракети катарында эсептөөдөн башкача жыйынтыкка келүү мүмкүн эмес.
"Журналисттик акча табуунун жолу болуп калгандыгы" тууралуу пикирге дегеле кошулууга мүмкүн эмес. "Сындын арты чыр" демекчи, журналист тигил же бул чиновниктин кемчилигин ашкерелөөсү менен ал өз өмүрүн тобокелге салат. Бычактын мизинде жашап, тапкан маянасынан тышкары акча тапкан журналистти билгендер болсо, "акты кара деп жазгандардын" аты-жөнүн конкреттүү түрдө неге белгилешпейт? Мындан тышкары бүтүндөй мамлекеттик машина чиновниктерге кызмат кылат, алардын колунда күч структурасы турат жана ошону менен соттор дагы аларга көз каранды. Күнөөлөрү жок болсо, сот аркылуу чечишип алса болот. Көп жылдык тажрыйбага таянсак, ансыз эле чиновниктер менен басылмалар соттошкон учурда, элибиз процессте журналисттердин утуп чыкканын көрмөк түгүл уга элек болсо керек.
Албетте, журналисттер кемчиликсиз иштейт деп айтуу мүмкүн эмес, кээде аша чапмай болушу ыктымал, же маалымат топтогондо калыстык кетип калышы мүмкүн. Бул үчүн сөзсүз эле бүтүндөй журналисттерге "чүлүк" салабыз дегендери орой айтканда түркөйлүк эмеспи, себеби бул жашоодо акыл-эстүү кайсы адам жаңылыштык кетирбеген. Адамзат эмес, калпыстыктан пайгамбарлар да четте калган эмес, демек, кабарчы даярдаган материалдарда кемчилиик кетсе, аны "баса калбастан", айыбын баса көргөзүп, башкы редактордун же жамааттын кароосуна жиберүүгө неге болбосун? Эмне үчүн бийлик бутактары автор менен сын пикирге дуушар болгон чиновникти жооптуу чогуу берүү талабын коюуга болбосун? Эң негизгиси, айыбы документалдуу далилденген чиновниктерге эмне үчүн чара көрүбөй келет? Ансыз азыркы бийлик деле демократиялык багыттан тайгандыгын өздөрү далилдеп берип жүрбөсүн?
Журналисттердин бутасына дуушар болгон саясатчылар, чиновниктер, бийлик бутагындагылар бул үчүн авторду эмес, алгач өздөрүнүн жүрүш-турушуна, сүйлөгөн сөзүнө, иш-аракетине, адамдарга жасаган мамилесине саресеп салып көрүшсө болмок. Эл ишеним кылып берген кызматта иштегендер бардык жерде карапайым калкка аяр жана кылдат мамиле жасашы, жетекчилик этиканы сакташы, бейчеки жана бейооз сөздөрдөн сак болушу керек. Ошол эле учурда кызмат ишинде кристаллдай таза болууга тийиш. Бирок ушундай сапатка ээ болгон бийлик өкүлдөрүн бармак менен саноого болот, а көбү мурда-кийин өз аттарын булгап алгандар экендигин бизден мурда кыргыз элинин басымдуу бөлүгү ачык эле айтып келишет. Айрыкча, журналисттерди "тартипке салып коюуну" көздөгөндөрдүн бир кыйла күнөөсү болгондуктан, ушул кадамга барууга аргасыз болушкандыгын бизден мурда эл көтөрүп чыгарын ойлонушпагандыгы деп түз эле айтсак болот.
Кимдин оозун ким тыят? Ар түрдүү мыйзамдар, жоболор менен мыктаса 5-10, мейли 100гө жакын журналистти "тыйышар", ал эми эл ичиндеги айтылган кепти алар кантип токтотушат? Чынында, кыргыз тилиндеги гезиттер тиги же бул саясатчыларды, чиновниктерди сындаса да, алар ошол пикирди төгүндөөгө басылманын бетинен орун берүүгө даяр экендигин көргөзүп келишет. Бул демократиянын бир айкын көрүнүшү, ал эми көпчүлүктүн ар нерсеге көз караштары, айтуучу ою ар башка. Аларды бир рамкага сыйдырууга, салып коюуга мүмкүн эмес, анын үстүнө гезит окурмандарынын пикирлерин бурмалоо журналисттик этикага жатпасын, ар түрдүү пикирлерди жарыялоо ушак, же жалаа эмес, чыныгы плюрализм болорун дагы бир ирет эске сала кетсек артыкбаш болбос.
Кыргыз журналисттери чектен чыккан ушак-айыңдарды таратканы тууралуу кеп - бул бет тырмачылык. Тетирисинче, этникалык карама-каршылыктарды күчөтүп жаткан орус, өзбек тилдериндеги басылмаларга кыргыз бийлиги каяша айтмак түгүл, бир ооз сөз кайрый албай келет, ушундан улам "өз агасын агалай албаган, башканын босогосун сагалайт" - деген элибиздин учкул кеби аргасыз көңүлгө "кылт" этет.
Эзелтеден эле бийликтин көндүм адатынын бири - такталбаган ушак маалымат, же бирөөнүн аброюна шек келтирген материалдар деген доомат коюулар менен жашап келет. Бирок муну ММКнын бетине көө сүйкөө катары бааласак болот. Бийлик бутактары ММКга каршы күрөштү баштоодон мурда алар эки эски бийлик эмне үчүн кулатылды, биз бийликке кандайча келдик? - деп алгач ой жүгүртүп көрүшсө болмок.
Азыркы күндө ММКга каршы чабуулду баштоого көрүлүп жаткан даярдыктар демократияны муунтуунун алгачкы кадамы катары баалайт. Бийлик кайрадан аты башка болсо да, заты бир болгон цензураны киргизүүгө күч үрөгөн сыяктанат. Алар азыркы доордо күч менен эч нерсени токтото албасын унутуп коюшкандай. Кысым канчалык күчтүү болсо да, жарым легалдуу же жашыруун (подпольелик) басылмалар чыга бериши мүмкүн деген божомолубуз туура экенин өздөрү тастыктап беришет.
Жарыяланган материалдардагы маалыматтарды тастыктоо гезиттердин жана башка маалымат каражаттарынын милдетине кирбейт, себеби аларга юридикалык же мыйзамдык укуктар берилген эмес. Андагы конкреттүү фактыларга жана аргументтерге таянып, аны териштирүү маселеси баары бир бийлик мунарасындагыларга таандык болорун жашырбайлы. Бийлик өзүнө тескери коомдук пикирди пайда кылбоо үчүн ошол сын макаладагы кемчиликтерди жоюуга кандай чара колдонгонун ММКларга билдирип турушу зарыл.
Акырында айтарыбыз, бизде азыр эки гана жол турат, бүтүндөй басылмалар жана ММКлар бийликтин цензурасынын көзөмөлүнө калат да, алар бүтүндөй көшөкөр кошоматчылык менен жашап, диктатордук бийликтин кайрылып келишине жол ачылат. Экинчи жол, сөз жана басма сөз эркиндиги реалдуу күчкө ээ болушу керек, анда эл таламын талашкан, бийликтин терс жактарын катуу сынга алып, абийирин ачкан басылмалар көбөйөт. Бул бийликти эл менен мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого мажбурлайт.
Демократия жана сөз эркиндиги коркунучка кептелген учур келген сыяктанат, ошондуктан журналисттердин биригүү зарылдыгын турмуш өзү талап кылууда.

Эртабылды Аттокуров

(Уландысы 13-бетте)