Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Кайрат Жакыпов, Роза Отунбаеванын мурунку жан сакчысы:

"Роза эже Бакиевди каргап-шилеп ыйлады..."
Кайрат гезиттерге жарыяланган "Роза Отунбаева 7-апрель күнү Американын атайын кызматтары менен байланышып алып, "Ганси" авиабазасында жашынып жаткан" - деген жалган маалыматты окуп, окурмандарыбызга чындыкты айтып коюуну эп көрүп бизге кайрылган экен.

- Кайрат, Роза Отунбаевага кантип жан сакчы болуп калдың эле?
- Мен алгач 2009-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыровго жан сакчы болуп иштегем. Ошол жылы жайында Балыкчы окуяларында Кубан Кадыровду Бакиевдин ляппайчылары ар тараптан кысымга алып, а түгүл кол салып, тындым кылуу аракеттери жасалбады беле. Ошондой учурлардын биринде Балыкчы шаарынын ички иштер башкармасында иштеген, Бакиевдин бир полковник мырзасын көп элдин көзүнчө бир уруп, "айкурунан" томолото салып, Кубан Кадыровду куткарып кеткем. "Жан сакчы" деп аты эле айтып тургандай, бул кызматты аркалагандар кайтарган адамы үчүн жанын бергенге даяр болушу керек. Мен дагы өз ишимди чын жүрөгүм менен аткарып жүрдүм. Ушундай мүнөзүм үчүн КСДП партиясынын жигиттери мени сыйлап калышкан. Революцияга бир-эки ай калганда, Роза эжеге жан сакчы болуп калдым.
- Ачык эле айтсаң, Роза эженин жердеши, иниси болгонуң үчүн жан сакчы болуп калдыңбы?
- Жок, Роза эже анда менин таластык экенимди билчү эмес. Мен Мелис Карыбековдун тапшырмасы менен Роза эжени кайтарып калдым. Роза эже жердешчиликке көңүл деле бурбайт, менин таластык экенимди азыр деле билбесе керек.
- 7-апрелде Роза эже кайда жашынган?
- Биринчиден, 7-апрелде таң эртең менен Роза эже: "Оппозициянын лидерлери баары камалып калды Кайрат, мени СНБга алып бар, мени да камашсын" - деди. Роза эженин мындай чечимине мен каршы болдум. Ал күнү эженин жалгыз кеңешчиси мен элем. Эже ал күнү шаардык ИИМдин имаратынын артында жайгашкан 9 кабаттуу үйдүн 5-кабатында, эженин туугандарынын биринин үйүнө жашырганбыз.
- Эмне себептен 6-апрель күнү Роза эже камалбай калды? Же эжени аял деп аяштыбы?
- 6-апрель күнү Бакиевдин желдеттери эжени таппай калышты, эженин үйүн, менин үйүмдү кайтарып тинтишип, абдан катуу издешти. Биринчиден, Кудай колдоду, экинчиден, алдын ала чара көргөнбүз. 6-апрель күнү таңга маал Мелис Карыбеков: "Кайрат, бүгүн өтө сак бол, эжени камап салышы мүмкүн" - деп алдын ала мени эскерткен.
- 7-апрель күнү Роза эже кандай акыбалда болду?
- Сурооңузду түшүнбөй калдым...
- Роза эже корктубу, корккон жокпу? Салмактуу болдубу?
- Албетте, аял киши да, коркту, Ак үйдүн астында балдар атылып баштаганда Бакиевди каргап-шилеп ыйлады, өзүн жоготуп, бир кезде аянтка барам деп чыкты. Менин каршылыгым менен гана сыртка чыга алган жок. Оппозиция лидерлерин бошотуп баштаганда гана эжени аянтка алып келдим.
- Азыркы учурда деле Роза эженин жан сакчысы болуп иштеп жүрөсүңбү?
- Жок, мен Роза эженин жан сакчысы болуп 6 ай иштедим. 3 ай айлык акы алган жокмун, калган 3 ай 8000 сом айлык алдым, батирде аялым, эки эгиз кызым менен бул айлыкка жан багыш кыйын экен.
- Роза эже сага эч материалдык жардам кылган жокпу?
- Биринчиден, мен эжеден материалдык жардам сураган жокмун, экинчиден, эже аял киши болгондуктанбы, же Совет доорунда тарбияланып калгандыктанбы, өкмөт айлык бердиби, ошол менен гана жашаш керек деген адам.
- Роза эжеге жеке таарынычың барбы?
- Жок, эч таарынычым жок. Эже эл үчүн чын дили менен жеп-ичпей, уурдабай иштеп жатат, мен ага өзүм күбө болдум. Эгерде эркек киши болсо, анда таарынмакмын. Азыркы учурда Таласка барып жердештерим катары эле төө буурчак айдап иш кылсамбы деп жүрөм.
- Жан сакчылыкка кайра чакырса кимдер менен иштешет элең, же кайсыл белгилүү саясатчыларга жан сакчы болмоксуң?
- Билбейм, жан сакчылыкка кайра барамбы, барбаймынбы, эгерде Алмаз Атамбаев чакырса бармакмын.
- Эмне үчүн Алмаз Атамбаевге? Ал жакшы материалдык жардам береби?
- Жок, Алмаз Атамбаев жөнөкөй тил менен айтканда "мужик".
Маектешкен
Мирлан АЛЫМБАЕВ




Президент: "энергетиктердин эсебин табыш керек" - деди
Президент Роза Отунбаева Байкоочу кеңештин чогулушунда отун-энергетика маселеси боюнча сүйлөп, бул тармакта небактан келаткан коррупциялык жүрүштөр кадимкидей уланып турганын айтты.
Азыр энергияны бөлүштүрүү тармагында бир топ өзгөрүүлөр болуп, далай колу менен жолу таза эмес чиновниктер кызматтан алынганын айтты. Бирок электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү контролерлор акча түрүндө алары, алар абоненттер менен келишип алып бир тобун жеп коерун, илгерки эле бухгалтерлер ордунда иштеп жатканын, аларды эс алдырып башка таза адамдарды алууну айтты.
Президент жакшы айтты. Эми сөз Шадиевде. Ал "президент айтып жатпайбы" деп, "бөрк ал десе баш алмай" оюнун ойноп жибербесе болду.




Байлыгың канча, атка минер?..
Кыргызстандын мамлекеттик кадр кызматы 2011-жылдын 28-февралына карата өлкөнүн парламентинин 41 депутаты кирешелери жөнүндө декларацияны тапшырбаганын маалымдады. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамды жана 2011-жылдагы декларациялык компанияны азырынча этибарга албагандардын арасында өкмөттүн аппаратынын 28, президенттин аппаратынын 31 кызматкер, Жогорку Соттун 6 соту, Тышкы иштер министрлигинин 10 кызматкери, ыйгарым укуктуу элчилер, Чүй облусунун мамадминистрациясынын башчысын кошпогондо облустардын губернаторлору да бар.
Ведомство 28-февралда кирешелер жөнүндө декларацияларды тапшыруу мөөнөтү кечинде аяктары жана мыйзам боюнча кирешелери жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү. Мамлекеттик бардык кызматкерлерди компания мөөнөтү аяктаганга чейин тапшырууга чакыргандыгын эске салат. Эгер мындай жасалбаса, мамлекеттик кадр кызматы 2-мартта декларациясын бербеген кызматкерлердин тизмесин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялай баштамакчы. Ушул эле тизме президентке, премьер-министрге Жогорку Кеңештин төрагасына жана өлкөнүн Башкы прокуроруна жиберилмекчи.




Диктаторду колдогон жаман экен…
Исхак Масалиевди ак жерден соттоп жатат маанисинде "Бүтүн Кыргызстан" партиясы билдирүү таратты. Алардын ою боюнча: "Масалиевдин кенедей да күнөөсү жок, телефондон сүйлөшүп койгон нерсе күнөө болмок беле". Туура, телефондон бирөөнүн аманчылыгын тилесе, туулган күнү менен куттуктаса, аба ырайын сураса, такси чакырса, эки аял шыбыраша бирөөнү ушактаса, "ай, газга тийбе, муздаткычтагы этти алып чыгып кой, эшикке чыкпа, бирөө эшикти шыңгыратса ачпа…" сыяктуу толгон сүйлөшүүлөр күнөөгө жатпайт.
Ал эми жаңы эле диктаторду кууп салып, элдик бийлик келгенде, мурунку элге жек көрүндү бийликти контрреволюциялык жол менен кайра орнотуу деген сүйлөшүү кылмыш болуп саналат деп түшүнөбүз.
Үсөн Сыдыковго үкөсү Курманбек Бакиевдин куулушу аябагандай катуу тийген, бир күндө эле баарынан айрылып калгандай болгон. Ошондон улам, анын бийлигин кайра орнотуу ал үчүн биринчи иретте жеке кызыкчылык болгон. Анын тилегине сөз менен болсо да И.Масалиев кошулуп жатат. Демек, Сыдыковдо күнөө болсо, анда Масалиевде да бар.
Аталган маселе сотто чечилерине аз калды…




Кыргызстанга Датка, Кытайга Жетим-Тообу?
Кыргыз Өкмөтү өткөн жумада Кытайдын "TBEA" компаниясы менен "Датка" подстанциясын куруу үчүн 208 миллион доллар акчага келишим түздү. Келишим боюнча 18 айдын ичинде Датка подстанциясы жана жогорку өткөргүчтөгү линия курулуп бүтүшү керек. Энергетиканын экс-министри Осмон Артыкбаев бул маселени иш жүзүнө ашыруу үчүн кыйла эмгек жумшагандыгы белгилүү. Азыркы министр Шадиев болсо, даяр оокатка тап болуп, болушунча мактанып турган чагы. Осмон мырза министр кезинде кытайлардан алына турган 208 млн. доллар 20 жылдын ичинде электр энергияга болгон төлөмдөрдүн эсебинен төлөнөрүн айтканы бар. Шадиев болсо негедир бул оңбогондой акчаны кандай жолдор менен төлөнөрүн айтпай келет.
Кыйланы кызыктырып турган бул маселенин күнгөйү бул болсо, тескейи төмөнкүчө. Кытайлыктар Бакиевдин тушунда Нарындагы Жетим-Тоодогу эсеби жок темир кенин казып алуу үчүн ал жерге база курууга да үлгүрүшкөн эле. Айрым бир такталбаган маалыматтарга караганда эми кыжылдаган кытайлар Датка үчүн Жетим-Тоодогу кендерди казып алууга "уруксат" сурап жаткандыгы айтылууда. Бул имиш кептердин чын-төгүнү тууралуу Шадиев деген неме айтып койгонго жарайбы? Же…