Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Кекиртек кыйла жерге секиртет…

Акималы Турдалиев:
"Бекназар Максим Бакиевдин 2 миллион долларын алып чыгып кетиптир…"
Каргашалуу 7-апрелде Жибек-Жолу көчөсүндөгү Максим Бакиевдин хан сарайы өрттөлгөн кезде, ал үйдүн ичинен чыккан бир чемодан долларды Бекназар Капаров деген жигит көтөрүп кеткен деген маалымат коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Бул окуянын бетин ачкан эки милиция кызматкерлерин иликтөө учурунда аты аталган жарандын "акчаларын тартып алган"- деген кине коюлуп, бул иш сотто каралууда. Бул окуя боюнча милициянын подполковниги Акималы Турдалиев жана милиция кызматкери Жолдош Иманалиевдерди окуянын толук чоо-жайын билелик деген максатта кепке тарттык. Анда сөз ирети менен болсун!

- Акималы мырза, өзүңүздү тааныштырып, окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн окуяны кененирээк айтып берсеңиз?
- 1969-жылы Талас облусунда туулгам. Афган согушунун ардагеримин. 23 жыл милиция кызматкери болуп эмгектендим. Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгында, Кемин районунун ички иштер башкармалыгында жетекчинин орун басары кызматында иштедим. Акыркы кезде ички иштер башкы башкармалыгында кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүндө башкы опер кызматкери болуп иштечүмүн. 7-апрелдеги кандуу каргашадан кийин, Ички иштер министрлиги тарабынан милиция кызматкерлерине карагашада элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактарды кайтарып алуу талаптары жүктөлгөн. Октябрь айында биздин бөлүмгө: "Ленинград-Баялинов көчөсүндөгү №109 үйдө мыйзамсыз курал-жарак катылып жатат"- деген ыкчам маалымат түштү. Шектүү деп эсептелген ал үйгө чогуу иштеген Жолдошбек Иманалиев экөөбүз бардык. Барсак үй ээси Бекназар Капаров деген жаран экен. Бирок биз барганда үйүндө жок болуп чыкты. Бир аз убакыт өткөрүп, 4-декабрь күнү барып, Бекназарга жолугуп, катылган мылтыктарды көрсөтүүсүн талап кылдык. Ал бизге темир үкөккө салып катып койгон куралдарды көрсөттү. "Күбө болсун" деп көчөдө кетип бараткан эки баланы чакырдык. Биздин маалымат боюнча эки тапанча жок болуп чыкты. Бекназарды ички иштер башкармалыгына алып келип, бир сааттан ашык суракка алдык. Биз барган үй жашаганга бардык шарты бар эки кабат үй экен. Lexus-470 үлгүсүндөгү автоунаа менен кошуп, 190 миң долларга сатып алганын айтты. Суракка алган соң Бекназарды бошотуп жибердик. Арадан аз күн өтүп эле биз менен күбө катары кирген, эки баланын бири Акан Жолдошбек Иманалиевге телефон чалып, жолугушууга чакырып Бекназардын автоунааларын, үйлөрүн шашылыш сатып жатканын айткан. Ошол күндөн тартып Бекназардын үстүнөн кайрадан иликтөө жүргүзө баштадык. Иликтөөбүз боюнча, 7-апрель күнү Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан Максим Бакиевдин үйүнөн кара чемоданга катылган 2 миллион АКШ долларын алып чыгып кетиптир. Ал акчага 7 автоунаа жана жомоктогудай үйлөрдү сатып алган экен. Ушунча болгон соң, бирден санап берейин: Toyota Windom үлгүсүндөгү автоунаадан экини, Lexus-470, Toyota Camry, Mercedes-Benz GL450 Гигант, Porter, Toyota Highlander, Баялинов көчөсүнөн жер үйдөн төрттү, Гоголь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен үч бөлмөлүү квартира, андан тышкары шаар ичинен дагы бир квартира сатып алыптыр. Ошондой эле Дордой базарынан эки контейнер, Жалал-Абад облусунун Ленин-Жол айылына 45 миң долларга мечит куруп бериптир. Сотто Бекназар: "мечитти долбоор жазып, арабдар менен биргеликте кургам"- деп көрсөтмө берип жатат. Бекназар 7-апрелге чейин көчөдө жеңил автоунаасы менен жүргүнчү ташып, жашай турган үйү жок үй-бүлөсү менен кайнатасынын үйүндө баш калкалап келиптир. Анан кайдагы мечитти курмак эле. 7-апрель күнү кечинде: "Ушуга чейин мени үй-бүлөм менен багып келдиңиз"- деп кайнатасына 5 миң доллар бериптир. Кайниси Мирланга Toyota Windom бирин белек кылыптыр.
- Сот качан башталды эле?
- Жакында эле башталган. Иш сотто каралып жатат. Бекназар: "Акчаны коркутуп тартып алган"- деген жалаа менен подполковник Жолдош Иманалиев экөөбүздү күнөөлөп чыкты, бул негизсиз доомат айынан 15 күн УКМКнын абагында камалып чыктык. Жаш кезимде башыман оор жаракат алган элем. Камалып чыккандан бери башым ооруп, эки күндүн биринде ооруканадамын.
- Сиздерди укук коргоо кызматкерлери Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынан кармап келишиптир го?
- Ал окуя мындайча болгон. Менин жолдош баламдын атасы каза болуп, Казакстанга барганбыз. Келатсак Башкы прокуратура Ак жол постунан бизди кармоо үчүн атайын карточка ачтырып койгон экен. Ал жерден бизди милиция кызматкерлери кылмышкерден бетер кармашып, Башкы прокуратурага алып барышып, күнөөнүн баарын мойнубузга илип, УКМКнын абагына 15 күн камашты. Азыр үй камагындабыз. Ак ийилет, бирок сынбайт демекчи, эртедир-кечтир биздин ак экенибиз далилденер.
- Сиздерди күнөөлөп жаткандардын аттарын так атай аласызбы?
- Убагында Конгантиевдин оң колу болуп жүргөн Бекназар Капаровдун бир тууган агасы учурда президенттин протокол даярдоо бөлүмүндө иштеген Мамат Капаров, бир тууган таяжеси Ракыя Жунусовалар киришип жатышат. Ошондой эле Бакиевдин убагында сот тармагынын жогорку бутактарында иштеген Айбек Абдразаков, Максат Абдыгулов, Башкы прокуратурада иштеген Манас деген балдар Бекназарды Чапаев көчөсүндө жайгашкан кафеге алып барышып, биздин үстүбүздөн кагаз жаздырып сотко өткөрүшүптүр. Сот бир тараптуу болуп, акыйкат болбой, биз ак жерден күнөөлөнүп жатабыз.

Жолдошбек Иманалиев:
" 7-февраль күнү Египеттен учуп келип, сотко келип сурак берип…"
- Негизи, Бекназар бизге биринчи: "Куралын да сатып алып, аны өзүмө каттатып алгам"-деп венчесторду көрсөткөн болчу. Жогоруда Акималы айткандай, биз бул окуяга курал окуясы боюнча илинип калдык. Ал эми чынында эле Капаров Бекназар Баялинов көчөсүндөгү №109 үйдө Тимощкин деген орустун үйүн, Lexus-470 автоунаасын 190 миң долларга сатып алыптыр. Бекназар Ички иштер башкармалыгынан суракка алынгандан көп өтпөй, жогоруда айткандай, Бекназардын үйүнө күбө болуу үчүн кирген Акан деген бала мага телефон чалып, Москва көчөсү менен Карпинка көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Золотая Рагуна" деген саунага чакырды. Акан ошол жерден: "Бекназар менен мамилем жакшы болуп калды. Үйлөрү, автоунаалары көп экен, ошолорду сатканга жардамдашып кой, мен сага акчаңды төлөп берем деп жатат"- деди. Мен болсо, Аканга: " Бекназар, үйлөрүн, автоунааларын эмне себептен шашылыш сатып жатканын билип бер" - деген элем. Ошо бойдон Бекназар да, Акан да дайынсыз. Бирок 7- февраль күнү Египеттен учуп келип, сотко келип сурак берип кетиптир"- деген маалыматтарыбыз бар. Биз сотко: "Бекназар менен жолуктуруп, беттештир"- десек, сот: "Ал силерден коркот" - деп болбой койду. Бекназар бизден корккудай биз эмне киши жегич белек?
Бизди тергөөгө алып аткан Улук Калыков, ушул күнгө чейин: "Алардын дайынын силер билесиңер, катып жатасыңар"- деп бизден көрүп жатат. Сотто деле ак адамдар бар экен. Бизди үй түрмөгө кесишти. Сот иштеринин баары бир тараптуу болуп, бизди эле күнөөлөп жатышат. Жаныш Бакиевдин куйруктары Бакыт Парманкулов, Максат Абдыгуловдор Бекназарды кафеге чакырып: " Жолдошбек менен Акималы тапанча такап коркутуп акчамды тартып алган" - деген кагаз жаздырышкан экен. Сот азыр бизге: "Бекназар адал эмгек, маңдай тери менен тапкан акчасын силер коркутуп тартып алдыңар"-деп айыптап жатат. Азыр Бакиевдин адамдары эптеп азыркы бийликти күнөөлөп чыгыш керек болуп жатат. Айбек Абдразаков азыр таптырбай качып жүрөт. Маркум депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө да тиешеси бар. Революциядан кийин жумушсуз калып, ич күптүү болуп калып ушундай кадамдарга барып жатышат. Бекназардын 7-апрелге чейин көчөдө автоунаа айдап, эл ташып оокат кылып келгенин, аны менен чогуу иштеген таксисттер да тастыкташып: "Кылдыраган Мерседеси бар болчу. Максимдин үйүн тоноп, бир күндө эле миллионер болуп, 7-апрелден кийин эле жок болуп кетти"- дешет.
- 2006-жылы Бакиевдин бийлигине каршы митинг болгондо милициялык формаңызды чечип эл тарапка өткөн экенсиз, ошол туурасында кененирээк айтып берсеңиз?
- Таласта милиция болуп иштеп жүрүп, 1995-жылы Бишкекке которулуп келгем. Мыкты кызматкер болгондугума байланыштуу ошол кездеги мэр Борис Силаев үй берем деп убада кылып, бирок ордуна акчалай сыйлык берген. 2006-жылы Бакиевдин бийлигине эл каршы чыкканда, эл тарапка өтүп кеткем. Милицияларды Конгантиев жетектеп турган эле. Бакыт Парманкулов баш болгон жетекчилер: "Мылтык менен атсак дагы элди таркатышыбыз керек" деп чечим чыгарып жатканда, толгон милициянын арасынан көлдүк Бакыт Сулайманов деген милиция экөөбүз: "Кантип элге ок чыгарабыз, биздин абийирибиз ага жол бербейт"- деп эл тарапка өтүп кеткенбиз. Ошондо жетекчилер: "Аркалыктар кетсе кетсин, түштүктүктөр биз Бакиевди коргошубуз керек!" - деп кадимкидей бөлүнүшкөн эле. Кийин бизди коркутуп куугунтуктап жүрүштү. Үй-бүлөмдү таштап коюп, Таласта айылымда баш калкалап жүрдүм. 2008-жылы Эрнис деген аксакал киши ГУИНге опер кылып кызматка алышты. Революциядан кийин кайрадан Шаардык ички иштер башкармалыгына кызматка келгем. Биздин иш такыр каралбай жатат. Бакиевдин убагында Шаардык прокуратураны жетектеп келген Учкун Каримовдун да тиешеси бар.
P.S.: Бул боюнча экинчи тараптын да пикирин чагылдырууга даярбыз.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев