Үшкүрүк…
Айнура Такырбашева, 7-апрелде курман болгон Эдил Такырбашевдин бир тууган эжеси:
"Иним Эдилдин өлүмүнө ким жооп берет?.."
Ала-Тоо койнун титиреткен каргашалуу 7- апрелде кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн кырчындай өмүрүн Бакиевдердин мөндүрдөй жааган огуна тосуп шейит кеткен 87 баатырыбыздын арасында Ички иштер министрлигинин алдындагы Эргеш Алиев атындагы академиянын 4-курсунун курсанттары Эдил Такырбашев менен Никита Кущ курсанттык милдеттерин аткарып жүрүп курман болушкан. Окуусун толук аяктай элек курсанттардын аянтка чыгып, элге каршы туруусуна буйрук берген ошол кездеги академиянын ректору баш болгон жетекчилер жоопко тартылышы керек эле. Тилекке каршы, алар жоопко тартылып, тийиштүү жазасын алган эмес. Бүгүнкү күнү мончоктой жалгыз уулунан ажырап, сай сөөгү сыздап, кабыргасы кайышып турган маркум Эдил Такырбашевдин ата-энесинин арманын ким угуп, курсанттык милдетин аткарып жүрүп курман болгон бейкүнөө курсанттардын өлүмүнө ким жооп берет? Бул боюнча маркумдун бир тууган эжеси Айнура Такырбашеваны маекке тарттык...
- Айнура, иниңиз Эдил жөнүндө айтып берсеңиз?
- Каргашалуу 7-апрелде бир тууган иним Эдилден ажырап, балбылдап жанган отубуз суу сепкендей өчүп, байлыгыбыз шамал айдагандай учуп жок болду. Анткени атабыздан кийинки эле таянар тообуз - иним Эдил эле. Кудай ата-энени баладан, баланы ата-энеден айрыбасын. Баарынан да бөөдө кайгы адамды чөгөрүп, картайтып жиберет тура. Ата-энемдин чачтары буурул тартып, жүздөрүн бырыш басып, бир жылдын ичинде картайып кетишти. Жерди теше тиктеп терең ойго батып отургандарын көрүп жүрөгүм мыкчылат. Жалгыз уулуман айрылдым, же артында туяк калбады деп сыртынан айта албаса да, атамдын ичинен сызганы билинип турат. Бүтпөгөн көр оокат менен алпурушуп, өлбөгөн адамдын жашоо-турмушу өтө бергени менен, инимдин ордун эч ким толтура албайт экен. 6-апрель күнү телефон аркылуу сүйлөшсөм, "эже, аянтка чыгабыз" дегенинен жамандык оюма келбей абайлап жүр дегем. Ошол менин акыркы сүйлөшүүм болду. Ичинде кири жок, ак көңүл жайдары жүргөн бала эле. Бир жылдан кийин окуумду аяктап, Көлгө келип милиция болуп иштеп ата-энемди багам деп калчу, ошол тилегине жетпей калды. Окуусунан бошобой жылына айылга эки жолу келчү. Ал келгенде үйүбүздө кадимкидей майрам болор эле. Эсимде, бир күнү мектептен келип, апама "апа менин атым эмне деп чечмеленет?"-десе, апам өмүрүң узун болсун деп атыңды дарыянын атынан койгонбуз дегенде абдан кубанган эле. "Кийин балалуу болгондо, балдарыма берем"- деп бала кезиндеги оюнчуктарынын баарын катып жүрчү. Аларды сактап койдум. Дубалда илинип турган үн-сөзсүз сүрөтүн карап алып, "Сен тирүүсүң, эмнеге бизди таштап кеттиң?" - деп суроо салам. Инимдин эжекелеген үнүн угууга зармын. Жүзүбүз жашка жуулуп, мөгдүрөп, жашап келебиз.
- Канча бир туугансыз?
- Үч бир тууганбыз, жашым 25те. Менден кийинки Эдил 22 жашта болчу. Сиңдим Элнура 19 жашта. Эдил айылдагы Акун Мыктыбеков атындагы орто мектепти аяктап, Эргеш Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясында 4-курста окучу. "Биздин Академиянын командирлери, офицерлери, курсанттары"-деп көтөрө чаап мактай берер эле. Спортту жанындай сүйүп, грек-рим күрөшү менен машыгып жүргөн.
- Каргашалуу 7-апрелде өз милдетин аткарып жүрүп каза болсо керек эле?
- Ал күнү жогору жактан берилген буйрукту аткарам деп, кыргыз элинин келечеги үчүн курман болду. Бакиев элге каршы ок атат деп эч ким ойлобосо керек. Милиция кызматкерлерин эл ур-токмокко алганда иним кошо тепки жептир. Анын баарын кийин атайын тартылып алынган интернет булактарынан көрүп жүрөгүм оозума тыгылды. Граната жарылып, иним оор жаракат алып, Улуттук госпиталда жатып үзүлүптүр. Өкүнүчтүүсү иним ооруканада кыйналып жатканда ата-энеси, бир туугандары жанында боло албай өкүттө калдык. Себеби айылда жашагандыктан, бизге кабарлаган киши жок болду. Академияда иштеген командирлерден деле бирөө жарым кабарлап койсо болмок. Азыр апам "баламдын мага айтар керээзи болсо керек? "Каралдым айта албай кетпедиби, үзүлүп баратканда коштошуп калсам эмне" - деп көз жашын төгүп баарыбызды кайгыга салат. Эдилдин бул жашоо менен коштошуп атканын эстеп, өзүмдү коёрго жер таппай кетем. Сөөктү жерге бергенден кийин сиңдим экөөбүз, көзүбүздүн жашын көл талаа кылып, ээрчишип алып, ооруканага барып, дарыгерден сурасак, ал бир дагы офицер, же командир басып келбегенин айтты. Буйрук берип, курсанттарды аянтка алып чыккан жетекчилер жазага тартылар бекен деген илгери үмүт менен адилеттүүлүктү издеп, аталган академияга барсак, "адилеттүүлүктү издеген силер келесоосуңар"- деп мазактаган командирлердин орой сөзүн угуп сай сөөгүбүз сыздады. 87 баатырдын ичинде академиянын курсанттары иним Эдил менен анын группалашы орус улутундагы Никита Кущ болгон, ал дагы Эдилге окшоп, бир үйдүн жалгыз баласы.
- Эдилди ооруканага ким алпарыптыр?
- Ооруканага ким алпарганын сураштырсак, ИИМде иштеген милициянын майору Азиз Мумузаев жараат алып, кансырап жаткан жеринен алпарып, дарыгерлердин колуна салып берген экен, биз ал кишиге ыраазыбыз.
- Иш сотко өтпөдү беле, күнөөлүүлөр жазага тартылган жокпу?
- Кезинде бүтүндөй сот тармагын колуна алып турган Азимбек Бекназаров курсанттарды: "мыйзамсыз түрдө аянтка алып чыккан тиешелүү адамдар жооп берүүгө тийиш, бул боюнча конкреттүү чараларды көрөм"- деп убадасын берди эле. Бирок ал кишинин айтканы аткарылбай, бир да күнөөлүү жоопко тартылган жок. Күнөөлүүлөр атасын тааныбай тайраңдап жүргөнүнө караганда акча алып бошотуп жибергенби деп да ойлойм. 2010-жылдын сентябрь айында иш жанданымыш болуп октябрь айында ишти кайра жаап салды. Ошол бойдон бул иш каралган жок. Аргабыз кетип, президентибиз Роза Отунбаевага кайрылуу кат жолдогонбуз. Ал деле жеткен жок көрүнөт. Мавлянов, Шайбек Жумагуловдорго окшогон күнөөлүүлөр жоопко тартылбай келет. Академиянын азыркы ректору Алмаз Базарбаев бул боюнча ушул күнгө чейин үн катпады. Себеби эмнеде экенин билбейм. Же "карга карганын көзүн чукубайт" болуп, укук коргоо кызматкерлери бири-бирин жазалагысы келбей жатабы? Ансыз деле эки баланы Апрель баатыры наамынан четтетип коюшту. Башка түшкөн оор тагдырды көтөрбөскө арга жок экен. Күнөөлүүлөр мыйзам алдында, эл алдында жооп берчү күн келерине ишенем. Айтарым, канкорлор биз сыяктуу жакындарынан айрылып, көз жашы тыйылбай мөгдүрөп калсын. Кыргыз эли 87 баатырбыздын эрдиги менен сыймыктанып жашоого тийишпиз. Алар тарыхый баатырларыбыз Чолпонбой, Дүйшөнкулдун аткарган эрдиктерин кайталашты. Элдин ырыскысын жеп чиренген, адамдык абийири жок Бакиев жана анын жандоочтору кара башын ала качты. Аларды 87 баланын убалы уктатпайт. Менин иним Эдил жаш болсо да, милициянын курсанты, мекенинин атуулу катары курсанттык антын так аткарды. Бир боорум Эдилдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Бүгүнкү күнү айрым саясатчылардын "революцияны биз жасадык"- деп баатыр болуп чуркап жүргөнүн кантейин. Ошолорду көрүп күйбөгөн жерим күл болот.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев