Бах!
ШАКЕден
шаң кече…
Көптөн күттүргөн, жамы журт кадырлаган калк акыны Шайлообек Дүйшеевдин 26-февралда улуттук филармонияда өткөн 60 жылдык мааракеси, эгемендүүлүк алган жылдардан берки элдин бүйүрүн өзгөчө кызыткан эң жогорку деңгээлдеги мааракелердин бири болду, ал тургай алды болду десек да аша чапкандык болбос. Саат экиде баштала турган мааракеге Шакенин күйөрмандары кулак-мурунду тызылдаткан суукка карабай бир жарым саат мурун эле топурап чогулушуп, кеченин башталышын зарыга күтүшүп, Шаке тууралуу шайма-шай кеп кылып турушту. Чакыруу кагазы жетпей, кайдан болсо да тапканга аракет кылышып ары-бери чымын-куюн жүгүргөн адамдар да арбын болду.
Кече "Айтыш фильм" тарабынан тартылган 20 мүнөттүк "Шаке" аттуу даректүү тасма менен ачылды. 3 жашында атасынан жетим калып, энеси башка кайын журт которуп кеткен Шакенин татаал тагдырын таасын чагылдырган бул тасма залда олтурган адамдардын зээнин кейитип, муун-жүүндү бошотуп, жүрөктү зырылдатып турду. Адам чыдагыс турмушка туш болсо да, ал куу тумшук турмушту жетимдигине карабай жеңип чыккан Шакенин бекем эрки, эченди суктанткан эрдиги далайды таңгалдырды.
Андан соң Шакенин сөзүнө жазылган "Кыргызстан" аттуу ырын айтылуу "Ак шооланын" балдары ийине жеткире аткарышты. Балдардын аткаруу чеберчилиги же ырдын күчтүүлүгүбү, айтор, ал ыр көпчүлүктүн жан дүйнөсүн козгоп: "Бул ыр гимнден да артык ыр экен, гимн ырдалып жатканда, жан дүйнө мынчалык деңгээлде козголбойт… " - деген ой жетелеп турду. Бул ырдын артынан, Шакенин канаттуу ырлары окулуп, ыр күйөрмандары ыр дүйнөсүнө балкып калган кезде, президент Роза Отунбаевага сөз берилди. Роза эжекебиз кагазга расмий жазып алган сөзүн окуган жок. Себеби өзүнүн толкундап турганын жашырбай ачык айтып, кыска сүйлөп, сөз арасында Шакенин улуу акын экендигине басым жасап, анын эки ырын берилүү менен окуп берди. Ажо айым баштаган салтты айтылуу акындар Анатай, Жолочу, Кыялбек, Карбалас, Тургунбек агаларыбыз, актриса эжебиз Жамал, саясатчылардан Сариев, Жунусовдор да кем калышпай окушуп, бул салт кеченин аягына чейин коштолду. Ободо калкып окулган ырлардын ортосунда Шакенин сөзүнө жазылган обондуу ырларды Саламат Садыкова Асылбек Өзүбеков, Бермет Байкелова, Сыймык Бейшекеев маал-маалы менен жаңыртып турушту. Төкмө акындарыбыз чыгып төкпөсө да, айтылуу төкмөлөрдүн бири Элмирбек Иманалиев Шакенин "Манастагы" Кошой менен Жолойдун кармашын сүрөттөгөн "Эки дөө" аттуу китебинин негизинде "Манас" айтты. Коомчулук мындай кечеге суусап калган экен. Анын үстүнө Шакенин жалпак тил менен жазылган тамшандырган күчтүү ырлары күйөрмандарды ансайын күүлөп, алакандар чоктой кызарганча чабылып, Шакенин кечеси эстен кеткис шаң кече болуп, далайларды суктантып, далайлардын көзүн кызартып ичин күйгүзүп койгондугун да баамдап койдук. Эмнеси болсо да, Шакенин сейрек талант, улуу акын экендиги бул кечеде дагы бир жолу даана аныкталды. Шакеге арналып көп сөздөр, мактоолор, каалоолор кабат-кабаты менен айтылды. Кече соңунда ат-башылык жердештери: А. Салымбеков, М. Турганбаев, Ш. Садыбакасова, Ш. Абдыкеримов, Өмүракунов, Жолдошбаев баштаган олигархтар Шакеге оңбогондой баада турган 00 60 номерлүү "Honda" үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты.
Филармониядагы үч жарым саатка созулган салтанат кечинде "Дасмия" ресторанындагы тамак-аштуу, чучук-пучуктуу, арак-шараптуу, ыр-бийлөө менен уланды. Салтанатка багышталган "сонун" деген сыпаттама да жетип-жетпей турду. Асылбектин сыйкыр сөздөрү, Анарбек, Майрам эжелердин ырлары, кезек талаша куттук айткандардын каалоолору… алигиден алуу, чучукка тайгалануу Шакенин меймандарынын жарпын жазды белем!
Шакем жакшылыктан эсине келген соң, төр маекте маектешерибиз бар.
Бар болуңуз, Шаке!
Айбек ШАМШЫКЕЕВ