Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Кайдыгерлик

ТРАНСФОРМАТОР ДАГЫ
БИР ЖОЛУ КАЙГЫ АЛЫП КЕЛДИ
Үстүбүздөгү жылдын 30-январь күнү Каракол шаарындагы Жакыпова көчөсүндөгү № 48 үйдүн маңдайындагы трансформаторго Ысык-Көл областынын Түп районундагы Талды-Суу айылынын тургуну, 1968-жылы туулган Чаргынбаев Таалайбек Асанбаевич кызуу абалда токко урунуп, аталган шаардагы областтык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилип, ошо жерден каза болгон.
Ушул эле трансформаторго 2010-жылдын 3-апрель күнү жогоруда аталган үйдүн тургуну Казакбаев Баймырза деген алты жаштагы бала да токко урунуп, бир өлүмдөн калган.

Ый аралаш күндөр
Бул жердеги трансформатор 10000 кВТ К266 чыңалууда болгондуктан жана ток жердин алды менен келгендиктен, ал кирпичтен салынган тосмо менен бекитилип коюлган. Бирок анын эшигине кулпу салынбагандан кийин бала өзү теңдүү тестиерлер менен жашынмак ойноп жүрүп ага кирген. Андагы ток жогорку чыңалууда болгондуктан, Баймырзаны 50-60см аралыктан урат. Ошол учурда трансформатордон катуу "тарс" эткен үн чыгып, 200м аралыкта зым үзүлгөн жана №46, 48-көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы өчүп калган. Апасы Айзат Исакова келгенде, баланын дем алуусу токтоп, көзү ачык бойдон жатыптыр. Ал жасалма дем алдыргандан кийин гана уулу эптеп эсине келип, ыйлаган. Баланы алгач Караколдогу областтык ооруканага, анан абалы өтө оор болгон үчүн, жолдо катар капельница куюп, уктатуучу дарылар менен уктатып жатып, борбор калааны көздөй алып жөнөшкөн.
Бишкек шаарындагы №4 шаардык оорукананын күйүктөр бөлүмүнө келгенде, Баймырзанын экинчи жолу жүрөгү токтоп, эсине келет. Бала 4-баскычтагы күйүк алган. Ток чекесинен кирген жүрөгүнө барып, ички органдарын жабыркатып, эки колунун билектерин, манжаларын жарып жана оң бутунун согончогунан чыккан экен. Анын эки жарым ай бою температурсы түшкөн эмес. "Эки колун тең чыканагынан, такыр болбосо ийнинен кесиш керек" дегенге ата-эне көнбөй, бир Кудайга, бир баланы операция кылып алып калчу дарыгер бар экенине ишенип, акыры Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүндө эмгектенген профессор Матеев Мырзабекке кайрылышат. Анын аракети менен баланын сол колуна 4 жолу операция жасалган. Ал эми оң колунун билегинин сөөгүн жана манжаларын алганга туура келген. Азыр анын сол колу кыймылдабай карышып турат, ошондуктан алдыда дагы операция жасалышы керек. Баймырзанын кыйналганын, чымындай жаны чыркырап, оору менен күрөшкөнүн айтпаганда да, эне-атанын көргөн азап менен тозогу, уйку көрбөгөн түндөрү, көлгө айланган көз жашын түшүнүү кыйын эмес .
Учурда Баймырза өз алдынча тамактанып, кийинип же бир нерсени кармай албайт. Анын жанында камкордук көрүп дайым бир адам болушу керек. Бала деген бала да, Үйүнөн, кийин өтө тааныш болуп калган ооруканадан жедеп жадап, досторун сагынганда, Айзада аны өзү барып жүргөн балдар бакчасына алып барат. Бирок баары баягыдай эмес ...

Ээси жок электр очогу
Алгач "бул трансформатор эмнеге ачык калган?"деген суроо менен Каракол шаардык РЭСке барганыбызда, алар бул трансформатор бизге тиешеси жок, ал "Ата-Канч" ишканасына карайт деп жооп берген. Бирок ал ишкананын жетекчилиги өзүнүн короосунда трансформатору бар экенин, анын аталган ишканага таптакыр тиешеси жок экенин билдирген.
Каракол РЭСинин орун басары болуп мурда иштеген Апышев Мурат деген адам ошол тарапта жашагандыктан, чакан цехин, мончосун иштетип, трансформаторго отундарын да сактап койчу экен. Кийин эмнегедир ал жөнүндө, өз ишине кайдыгер караган "Чыгышэлектронун" күнөөсү айтылбай, РЭСте иштеген Исаев Токтосун деген кызматкер күнөөлүү деп табылып, КРнын Мыйзам-жаза кодексинин 258-беренеси менен иш козголгон. Бирок аталган берене боюнча күнөөлөнүүчү жабырланган тарапка 700 сомдон 2000 сомго чейин айып төлөйт экен. Демек, бул "Чыгышэлектрону" эптеп күнөөсүнөн куткаруу дегенге барабар. Ал эми чын-чынына келгенде, Баймырзаны дарылатуу үчүн 300 миңден ашык акча каражаты кеткен. "Чыгышэлектронун" жетекчилиги бала токко урунгандан кийин 24 миң сом берип, бирок аны болгону боорукерлик кылып бергенин билдирген.
Бул каргашалуу трансформатор талаада калса бир жөн, шаардын ичинде, болгондо да балдар ойноочу жердин жанында. Анан эле анын ээси жок болуп, ушундай жогорку чыңалууда тогу бар жай эмнеге бекитилбей калышы керек? Эгерде аталган электр булагы "Чыгышэлектрого" тиешеси жок болсо, анда абоненттердин акчасы эмнеге аларга төлөнөт? Дал ушу трансформатордон электр кубатын алган эки көп кабаттуу үйгө коюлган счетчик эмнеге ушул трансформатор турган тосмонун ичинде, болгондо да мамлекеттик пломбалар менен (СА 4 У-И 672 М, №606556 ) бекитилип коюлат? Айтор, кайдигерликтин, шалаакылыктын акыры бир канча адамды кайгыга салды көрүнөт.
Бир эле кулпунун орду ал-күчкө толуп турган 43 жаштагы адамдын өмүрүн алып, ойносо оюнга тойбогон наристенин бактылуу балалыгын нечен кыйноого салып, бир мүчөсүн кем кылып койгону өтө өкүнүчтүү. Баймырза токко урунгандан кийин да көшөрүп: "Бул трансформатор биздин баланста эмес"-дегенден тажабаган "Чыгышэлектро" бул электр очогуна бир кулпу алып салып койсо, кийин өлүм болбойт эле да. Ал жер бүгүнкү күнү да ачык турат. Жакшы жай тапкансып, БОМЖдор жанына төшөк салып жатат экен, ошол жерде жашагандардын айтуусунда. Ал эми шаардагы 600дөн ашык трансформатордун дагы канчасы ачык калды экен деген күдүк ой санааңды бөлбөй койбойт экен.

Үмүт өчөт, кайра жанат...
- Биз ушу күнгө чейин балабыздын өмүрү менен күрөшүп келдик. Колуктум 10 айдан бери иштеген жок. Баламдын оң колунун билегине жана манжаларына сөөктү чет мамлекетте гана улайт экен. Ушул жылы Кыргызстанда Бүткүл дүйнө жүзү боюнча микрохирургдардын саммити болору белгилүү болду. Баймырзаны дарыгерлер япониялык микрохирургдарга көрсөтөбүз дейт. Себеби алардын практикасында мындай операциялар жүргүзүлүп келиптир. Буга кеминде 40000 ЕВРО керек болуп турат. Эмне кылабыз, балаң үчүн керек десе, манжаларыман деле берет элем, каражат маселесин ойлогондо заманам куурулуп кетет, - дейт аргасы түгөнгөндөн манжаларын кармалаган Баймырзанын атасы Оболбеков Жеңишбек.
- Бу жашоодо кыска убакыт ичинде баарын көрдүк, бир өмүр жашап койгондой болдук. Жакшыны да, жаманды да аңдадык. Жашоодо жакшы адамдар биздин кайгы-муңду бөлүшкөн үчүн биз ушу күнгө жеттик. Бир туугандар, жакшы санаалаштар жардам берип, тажрыйбалуу дарыгерлер Мырзабек Матеев, Султан Тукешов, Сайра Осмоналиевадан жылуу сөз, жумшак мамиле көрдүк, - деди Баймырзанын апасы Айзат.
Баймырза бирөөнүн көзүн карабай, өз алдынча жашап кетүүгө жетишкендей болуп колдору айыгып, мүмкүнчүлүгү чектелбей, сабакка барып, эч кимге көз каранды болбой, эл катары өз алдынча тамак жеп, келечекте эркек бала үй-бүлө бакканга жараса деген тилек, үмүт ата-эненин жашоосунун негизи болуп калды.
Бул окуяны уккан адам аталган үй-бүлөнүн канчалык шорго малынып турганын сезсе керек. Айтайын дегеним, жогорудагы трансформаторго тиешеси бар адамдар баланын убал-сообунан корксо, бул үй-бүлөгө кол сунуп жардам бериши керек. Ата-эненин көз жашын эч ким бөлүшө албайт. Демек, жок дегенде материалдык чыгымды бирге тартышсын.
Жумагүл БАРКТАБАСОВА,
Каракол шаары.