mainkaptal

Пользовательский поиск
Нариман "Ата-Журттан эмесмин" - дейт
Акыркы эки-үч айдан бери Ак үй менен Көк үйдүн көшөгө артындагы күбүр-шыбырлардан "Ата-Журттун" белдүү бешилтигине кирген Нариман Түлеев партиялаштары тарабынан өгөйлөнүп баштаганын, Ташполот аксакалдын уулу былтыркы шайлоодогу талапташтарына катуу таарынганын, а түгүл айрымдары менен жакалашканга чейин барганын уккан элек. Укканыбызды тактап, териштиргенче эле Нариман Ташполотович бир басылмага өзү маек берип, кабарчынын "Акыркы күндөрү "Ата-Журтка" ичиңиз жылыбай жүрөт окшойт?" - деген суроосуна "Башынан эле "Ата-Журт" партиясынын мүчөсү эмесмин. Ошондуктан өзүмдү ушул убакка чейин бош депутат сезем"-деп укканыбызды өзү улап кетиптир.


Камчы Жаныш менен Максимге каттаганбы?
Криминалдык чөйрөнүн лидери кадимки Камчы Көлбаевдин акыркы жылдары "Манас" аэропорту аркылуу 50 жолу чет өлкөгө чыкканын милициянын генералы Мелис Турганбаев "Дело №" гезитине берген маегинде айтыптыр. Андагы маалыматтарга таянсак, Камчы Көлбаев Москва, Ташкент, Дубайдан гана эмес, эки жолу Лондондон учуп келиптир. Ал жакта Максим Бакиев жашап жатканын айтсак, ары жагы түшүнүктүү чыгар. Азыркы тапта Ирландиядан башпаанек алган Балкыбековду криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү апрель окуяларынан кийин Англияга чейин узатышып, акысына 20 миллион доллар акча алышкандары тууралуу ушак, ошол кезде оголе көп айтылган эле. Ошондой эле, көлдүн экс-губернатору Кыдыкбек Исаевди океандын ары жагына узатышкан ушулар экени айтылып жүрөт. Интерполго илинбей жүргөн Жаныш Бакиев менен жаңыдан издөө жарыяланган Алманбет Анапияев азыркы тапта Дубайда жашырынып жүрүшкөндөрүн эске алсак, Камчы мырзанын кимдер жолугушуп жүргөнү бүдөмүк болбой калат. Ушундан кийин, криминалдык чөйрө менен Бакиевчилердин бир жакадан баш чыгарып жүрүшкөндөрүнө баш катырбай деле койсок болчудай.


Эски кара пальточон айым…
Калкты социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулова "Азаттыктын" "Интернет эрөөлүндө" түз байланышка чыгып, карапайым элдин ар кандай суроолоруна жооп берди. Министр айымга калктын турмушу начар катмарына, кароосуз жана жетим балдарга, кары-картаңдарга, майып жарандарга мамлекет кандай камкордук көрөрүнө жана көрүп жатканына, гендер саясатына байланыштуу суроолор узатылды. Баткендик Ташболот аттуу окурман министрге: "Сиз норка шуба кийип жүрөсүзбү?" - деген суроо узатты эле, Айгүл айым: "Өмүрүмдө норка шуба кийген эмесмин, эски кара пальтом бар, ошону кийип жүрөм" - деп жооп кайтарды. Ушундан улам, министр айымдын мындай карапайымдыгынан башка дагы министрлер үлгү алса жакшы болмок деген ой жаралат экен.


Арапбаевдин "казаны" кайнабай калды
Үй-бүлөнүн жеке менчик партиясы "Ак жолдун" арыгын чаап жүрүп, "Ата-Журтка" журт которгондордун бири Азамат Арапбаев деген депутат мурдагы күнү түшүнөн чочугансып, бир кызыкты кылтыйтты. Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдин негизинде Кыргызстанга күйүүчү жана майлоочу майларды бажы төлөмүсүз жаңы тартип менен ташымакчы болгон орусиялык тарап айнып, учурда өлкөбүзгө жаңы тариф менен бир да тонна күйүүчү май келе электигин, жакында бул товардын литрине болгон баа 40-50 сомго чыгарын балп эттирди. "Ата-Журттун" бул "азаматы" мындай маалыматты каяктан алганын ким билсин, бирок өкмөт башчы Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов бажы төлөмүсүз эки айдын ичинде Кыргызстанга 50 миң тонна май келгендигин документтери менен тастыктап берди. "Айрым эл өкүлдөрү мындай чагымчылдык кептери менен эмнени көздөп жаткандыгы түшүнүксүз"-деген Фарид Ниязов эки өкмөт башчы Атамбаев менен Путиндин ортосунда түзүлгөн өкмөттөр аралык келишим өз күчүндө экендигин жар салды. Азаматтын айтканында кандай кеп жатканын ким билсин, бирок бензинге болгон баалар жаңы жылдан бери 8-9 сомго арзандаганын бир кадам жөө баспаган Арапбаевге окшогон депутаттар кантип байкабай калды экен? Мамлекеттин эсебинен май куйдуруп көнүп алган Арапбаевдин анын баасы менен деле иши жок болуш керек…


Алына карабаган Акылбек эмне мынча оолугат?..
Экономиканы чемичкедей чаккан, бирок жеткен кошоматчы Акылбек Жапаровдун акыркы убактарда таскагы катуулап баратат. Амбициясы аттын башынан ашкан Акылбек мырза ажолукка ат салышмай болуп, эл көзүнө көп көрүнүүгө далалат жасоо менен алек. Угушубуз боюнча, каржы маселесин чечип алсам эле президенттикке ат салышам деп жатыптыр. Алына карабаган Акылбек мырза кадырынын кайтыш болуп кеткенине карабай, ажолукка ат салышса бүтүндөй Кыргызстан эмес, туулуп өскөн жери Кочкордун эли колдоорун кудай билет. Ошого карабай оолугуп жатканына караганда бир билгени бар го.


Бажы тармагында "байкуштар" бар экен эй…
Бажы тармагы ичиндеги интригалар күчөп, ириңдеп жарылганы калыптыр. Атамбаевге арызын киргизе албай жүргөндөрдүн айтымында, ал жактагы коррупция аябай күчөп жаткан имиш. Кожобеков Асылбек деген Кулматовдун орун басарынын аппетити аябай ачылган болсо, Оштун бажы башчысы Матраимов Раим дегендин оозу жабылбай калыптыр. Ал жигит убагында кадимки "Кошелектун" шопуру болгон дешет. Бакиевдердин убагында бажы тармагындагы кадрлар бөлүмүн тейлеген Кадыржан Семетеев демейдегисиндей эле "деньги" жасап жаткан имиш. Иркештам аркылуу Кытайдан кирген товарлардан алынуучу миллиондогон бажы төлөмдөр бюджеттен кайкып, кайсы бир чиновниктин капчыгына агылып жатыптыр. Айтор, алардын айткан армандардын баарысын жазсаң, гезит бети түтпөчүдөй. Атамбаевге арызын партиясы аркылуу жолдогондор, "жообун күтөлү, болбосо силер аркылуу ачыкка чыгалы" деп кетишти. Алар жарылгыча Алмаз Шаршенович жарылып, ачендиктерин алып түшпөгөй эле.


Маселе Таласта эмес,
"Манаста"
Оппозициялык "Ата Мекен" партиясы менен коалициялык "Республика" партиясынын ортосундагы тирешүүлөр өз апогейине жеткенге аз калды окшойт. Өткөн шаршемби күнү алардын тирешүүсү жаңы формага өтүп, отставка маселелери козголуп кетти. Өмүрбек Чиркешович адашы Өмүрбек Токтогуловичтин вице-премьерлик кызматта отурушу орунсуз экенин айтып, аны кызматын ташташына такаса, аксакал депутаты Ташболот Балтабаев ага кошулуп, "олигархтар отурбашы керек" кыязында кылтыйтты. Ата мекенчилердин мындай атакасын, республикачылар ичи күйдүлүк катары сыпаттап чыгышты. "Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам" демекчи, балакеттин баарысы "Манас" аба майданынан башталганы байкалып турат. Ал жердеги "Ата Мекендин" кадры алынып, анын ордуна республикачы отуруп калбадыбы. Окуянын очогу ошол жакта болуп турат. Эмне себептен эрегешип жаткандарын эмки сандарда эрмектеп берели. Ошондо оозуңар ачылсын.







кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика