mainkaptal

Пользовательский поиск
  Бөрк ал десе, баш алмайбы?..

Элмира Жумаева, Ильяс Абдыкадыровдун жубайы:
"Күйөөңдү чыгаргың келсе,
10 миң доллар алып кел деди…"
Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда иниси Жаныш Бакиев күч органдарын чеңгээлине уучтап, былкылдатпай кармап турган кезде түрк ишкери Четин Серветтин өлүмүнө шектелип камакка алынып, ак жеринен 1 жыл 7 ай СИЗОдо отуруп, кийин акталып чыккан Ильяс Абдыкадыров 7-февралда кайрадан Шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынып отурат. Учурда Ильяс Абдыкадыровго "мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн, адаттагыдай эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү" деген айып тагылууда. Бирок Абдыкадыровдун жубайы Жумаева Элмира эки кичинекей балдары менен редакциябызга кайрылып, жолдошунун ак жеринен камалып, күнөөлөнүп жатканын айтып, укук коргоо кызматкерлеринин "бөрк ал десе, баш алган" иштерин баштан-аяк төкпөй-чачпай баяндап берди. Эмесе, чындык издеп чыркырап келген Элмира айымдын жолдошу Абдыкадыровдун кайсы жерден кармалып, эмнеден улам камалганын өз оозунан угуңуздар.

- Окуяны башынан айтсаңыз, жолдошуңузду кайсы жерден, эмне себеп менен кимдер кармап кетишти эле?
- 7-февралда жолдошум экөөбүз кызыбыздын туулган күнүн өткөрүүгө кичинекей балдар ойной турган аянты бар кафе караштырып, белек издеп жүргөнбүз. Кечке маал менин көзүмчө УБОПтун жетекчисинин орун басары Калык Айтбаев: "Жалал-Абад" кафесинде отурам, жолукпайлыбы" - деп телефон чалып калды. Жолдошум макул болуп, "бир аздан кийин барам" дегенден кийин мага эмне бар деп үйдө калып калдым. Жолдошум ал кишиге жолугуп, андан кийин саат түнкү ондордо 6-кичи районундагы Сухе-Баатыр көчөсүндөгү "Нур" деген унаа жуучу жайга машинасын жуудурганы токтоптур. Кезек күтүп, унаа жуучу жайдын администрациясы менен сүйлөшүп турса эле, бир такси менен Шаардык ички иштер башкармалыгынын "гражданский" кийинген Ж.Абиев, Н.Амангулов, К.Казаков деген бейтааныш үч жигит келип, Ильязды "сени шеф Бегалиев Талас чакырып жатат" дешет, жолдошум макул болуп, машинага отурайын десе, К.Казаков деген милициянын кызматкери "машинаны мен айдайм" деп ачкычын алып, ШИИБге чейин айдап барыптыр. Ал жактан бир кабинетке киргизип коюп, эки саатка чейин кирип-чыгып жүрө беришет. Эки саат бою машинанын ачкычы Казаковдо болуптур. Эки сааттан кийин гана нөөмөттөгү тергөөчү Э. Аширходжаев деген бар экен, ошону чакырышып, андан сырткары каяктан таап келишкени белгисиз, эки дежурный жаш баланы күбө кылышып, ошондон соң гана Казаков тергөөчүнүн көзүнчө чөнтөгүнөн машинанын ачкычын алып чыгып жолдошума берип, машинаны ачтырып, тинтүү жүргүзүшөт. Багажникти ачканда запасной дөңгөлөк жаткан жерден кайдан-жайдан "ИЖ-17" үлгүсүндөгү 16 калибрлүү аңчылыкка колдончу ок атуучу курал "табышып", мыйзамсыз курал алып жүргөн, кылмыштуу топтун мүчөсү деген шылтоо менен камап жатышпайбы!
Эми булардын жоругуна айла жоктон күлкүң келет экен. УБОПтун жетекчисинин орун басарына жолукканы баратса, машинаны жуудурганы кайрылып жатса, анан кантип багажнигине курал салып алсын? Ушунун өзү эле эч бир логикага сыйбаган, чындыктан алыс болуп жатканын, акылы ордунда киши жакшы түшүнсө керек. Анын үстүнө карамалгандан эки сааттан кийин тинтүү жүргүзүп жатышпайбы. Машинага ал убакта пулемёт деле салып койсо болот да. Эң эле кызыгы, ал машинаны мен айдачумун. Машинанын үлгүсү "БМВ Х-5". Документи жездемдин "Арин" деген фирмасына катталган болчу. Бирок машинаны балдарды бала-бакча алып барып келгенге деп мен айдап жүрсөм, Ильяздын куралы болгон күндө деле, балдарыбызды салып, жүргөн машинага кантип курал салмак эле?
Укук коргоо органдарынын ушундай мыйзамсыз иш аракеттеринин айынан, чындык издеп үнүбүздү угузалы деп сиздерге кайрылып жатам.
- Куралды экспертизадан өткөрүүнү жолдошуңуз талап кылган эмеспи?
- Экспертизадан эмгиче өткөрүлө элек. Экспертизадан өткөрбөй туруп, прокуратурага ишти өткөзүп жиберишкен. Ошонун негизинде ишти кайрадан тергөөгө жиберген.
- ШИИБнын кызматкерлери жолдошуңузду кармап кеткенин кайдан билдиңиз?
- Ильясты унаа жуучу жайдан кармап кеткенин жүзүнөн тааныган балдар келип айтышты. Угуп алып, дароо эле ШИИБге барсам, эч кими киргизишпейт. Эшигинин алдында турсам, бир бейтааныш бала келип, "Ильястын аялы силер болосуңарбы?" деди, "ооба менмин" десем, "ШИИБнын артындагы үйгө барсаң, бир "Жип" турат, сенин күйөөңдүн маселеси боюнча" деди, далбастаган жаным, жакшы ой менен айткан машинага барсам, машинанын ичинде милициянын кызматкери отуруптур, ал мага өзүн Таласмын деп тааныштырып, (кийин билсем Бегалиев Талас экен) "сен күйөөңдү чыгаргың келсе 10 миң доллар алып кел" деди. Түн ичинде ал акчаны каяктан тапмак элем, менде акча жок десем, - эч нерсеңди билбейм, эки саатта таап келе албасаң, - машинасынын ичинде жаткан куралды көрсөтүп, - ушул куралды күйөөң алып жүргөн кылып, түрмөгө отургузам - деп опурулду. Ошону менен ал жерден кеттим. Акча таба албай койдум. Натыйжада баары анын айтканындай болду.
- Күйөөңүз кармалган учурда адвокат чакырттыңызбы?
- 8-февралда саат бирден өткөндө гана адвокат чакыртыңыз деп мага чалышты. Негизи эле жолдошумдун кармашкандарынын өзү мыйзам боюнча туура эмес болгон. Адвокаттардын жазгандары боюнча оперлердин жүргүзгөн иш-аракети таптакыр мыйзамга каршы келет. Мыйзамга ылайык жолдошумду шектүү катары кармашкан болсо, ошол кармалган жеринде күбөлөрдү, адвокаттарды, эксперттерди чакырып, анан машинага тинтүү жүргүзүшү керек эле. Ага карабастан иштин баары оперлердин мыйзам бузуусу аркылуу жүргүзүлгөн. Муну жолдошумдун ишин караган Кымбат Курманалиева деген тергөөчү деле атайын уюштурулуп жасалган иш экенин билди. Ал түгүл оперлердин жасаган туура эмес иштерин токтомдо жазып көргөзгөн. Оперлердин жолдошумду кантип кармаганын чагылдырган видео дагы бар.
- Ал эмне болгон видео?
- Унаа жууган жайда видео көзөмөл бар экен. Анда унаа жууган жайга жолдошум келип токтоп, машинадан чыгып, ал жердин администрациясы менен сүйлөшүп турганы, анан бир такси токтоп, андан түшкөн кишилер күйөөм менен сүйлөшүп жатканы, Ильястын машинанын рулуна отурайын дегени, бирок милициянын кызматкери өзү рулга отуруп, жолдошум жүргүнчү отурган тарабына отурган жери бар. Бул видео кассетаны адвокат мыйзамдуу укугунан пайдаланып, унаа жуучу жайдын администрациясына кайрылып алдырган.
- Анан сиз бул туурасында эч жерге арызданган жоксузбу?
- Албетте, Башкы прокурор Кубатбек Байболовго даттануу арызы менен кайрылдым. Байболов менин арызымды карап туруп, ишти кайра тергөө үчүн Бишкек шаарынын прокурору Төрөкулов Эрмекке жөнөттү. Ишти азыр кайрадан карап жатышат.
- Эмнеге мындай болуп жатканын биле алдыңызбы?
- Эмне үчүн мындай болуп жатканын ар кимге чыгып сураштырсак, баары эле үстү жактын командасы, эч нерсе кыла албайбыз деген сөздөрдү айтышууда.
- Сиздин оюңузча Ильяс Абдыкадыровду кармагыла деген команда берилиптирби?
- Ошентип айтып жатышат. Ильясты чыгарбай камаш үчүн.
- Бул боюнча Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге кайрылып көрдүңүзбү?
- Министр Зарылбек Рысалиевге дагы арыз жазгам. Президентке да кайрылгам. Бирок алигиче жооп боло элек.
- Жолдошуңуз кармалганда Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисине кайрылдыңызбы?
- Азыр ШИИБнын жетекчиси Батырканов Капар деген киши экен. Жолдошум камалганда ага кайрылып, жолукканы кабинетине кирип, "мен Абдыкадыровдун иши боюнча келдим, жубайы болом" десем эле, "мен кылган жокмун, мен эмесмин" дебедиби.
- Анан эмне деди?
- Жогор жактан команда эле дейт.
- Машинаны эмне кылышты?
- Тергөөчү машинаны бир жумадан кийин кереги жоктугун айтып берген. Бирок ошол күнү кечинде телефон чалып чакыртып, кайра унаа токтотуучу жайга койдуруп салды. Укканыма караганда тергөөчү Кымбат Курманалиеваны дагы "сен эмне үчүн милиция кызматкерлеринин туура эмес иштерин токтомго жазасың, машинаны эмнеге бердиртип саласың. Акча алдың беле" деп, министрликке чейин чакыртып, коркутуп-үркүтүшүптүр. Ушундан улам булар кудайдан дагы коркпой калышканбы деген ой туулат.
- Жолдошуңузга кандай айып коюлуп жатат?
- 241-берененин 1-бөлүгү боюнча мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөн, Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү деген айып тагып жатышат. Кээ бирөөсү Көлбаевдин тобунда жүргөн десе, дагы бирөөсү Абакировдун тобунда болгон деп айтып жатышат. Эмне себептен камап жатышканын өздөрү деле билбесе керек. Ильяс Абдыкадыровду өзүнчө эле мокочо көрсөтүшүп, киллер атап, каяктагы бирөөлөр урушуп кетсе деле жолдошума жармаштыра беришеби?
- Чындыгында эле жолдошуңуздун кылмыштуу топтор менен байланышы болгонбу?
- Эч кандай уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси жок. Машиналарды алып-сатуу менен алектенчү. Бирок жолдошума карата укук коргоо органдары 2006-жылы эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп айып тагышып, мурдун, кабыргасын сындырышып, мага дагы кол көтөрүшүп "мозги сотресение" болгом. Натыйжада экөөбүз тең судмедэкспертизадан өтүп, Башкы прокуратурага кайрылып, ошол укук коргоо кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козготконбуз. Тилекке каршы, кылмыш иши аягына чыккан эмес. Ошондон улам, укук коргоо органдарынын жолдошума асылганы көндүм адатка айланса керек.
- Ошондон улам жолдошуңузга укук коргоо органдары өчөшүп калды деп эсептейсизби?
- Ооба, Бегалиев Таластын өчөшкөн бир нерсеси бар окшойт деп калдым.
- Мурда-кийин тааныш беле?
- Бегалиев дагы, менин жолдошум дагы таластык болгондуктан бирин-бири тааныса керек…
- Буга чейин жолдошуңуз түрк ишкери Четин Серветтин өлүмүнө шектүү катары кармалып, кийин акталып чыккан эле. Ошол окуяга токтолуп кетпейсизби? Балким, ошол окуянын негизинде кармап жатышкандыр?..
- Анда дагы кышында кармашып, милициялар талаага алып чыгышып жылаңачтап сабашып. "Мойнуңа ал, сен өлтүргөнсүң" дешип карга көмүп тоңдуруп, башына целофан пакет кийгизишип тумчуктуруп муунтушкан экен. Соттун өкүмү чыга электе эле Ильясты "киллер, Четин Серветти ушул өлтүрдү" дешип укук коргоо органдары массалык маалымат каражаттарына чейин жарыялап жиберишти. Ал эми түрк ишкеринин өлүмүнө тиешеси бар адамдын дайны Алматадан чыккандан соң, аргасыздан актап чыгарышты. Кийин акталып чыкканда, жолдошумдун жөндөн-жөн эле 1 жыл 7 ай СИЗОдо отуруп, моралдык, материалдык зыян тартканы үчүн бул ишке тиешелүү милициянын ошол кызматкерлерин сотко берип, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылсак болмок экен. Анда биз баарысы жогору жактагылардын көрсөтмөсү менен жасалган го деп унчуккан эмес элек. Бийлик деле алмашты, тилекке каршы, азыр деле ошол көрүнүш кайталанып жатат. Башкача айтканда, биздин укук коргоо органдар ачылбаган ишти күнөөсүз бөлөк бирөөгө эле илип, кылмышкерди таптык, кармадык кылышканга көнүп бүтүшкөн сыяктанат. Азыр дагы ошондой окуя кайталанып жатат. Милиция бизди коргобой эле, кордоп жатышкандай таасир калтырууда…
P.S.: Массалык маалымат каражатынын мыйзамына ылайык, экинчи тараптын дагы пикирин угууга даярбыз.
Маектешкен
Болот КЫРГЫЗ




кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика