Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бахадыр Халматов:
"Көпчүлүгү Курсан Асановдун
сүрөтүн үйүнө илип алышкан... "
Бийлик тарабынан 7-апрелде Ак үйдүн астында учкан 87 балага "Эл баатыры" деген наам берилди, Ош, Жалал-Абадда окко учкан балдарга эмнеге "Эл баатыры" наамын беришпейт деген кээ бир саясатчылардын жүргүзгөн саясаты азыркы кезде Ош, Жалал-Абадда кенен тараган. Ошондон улам, өткөн Ош коогалаңда күбө болгондордун саны арбын болуп, редакциябызга телефон чалгандар көп. Телефон чалгандардын улуттары ар кыл, кыргыздары да бар, өзбектери да бар, татар, орустары да бар. Редакциябызга телефон чалгандардын бири, Оштогу Кызыл Кыштак айыл өкмөтүнүн "Беш капа" участкасынын домкому, өзбек улутундагы Халматов Бахадыр телефон чалып, бөлүшкөн маегине көңүл бурсак.

- Бахадыр мырза, айтсаңыз, Ош коогалаңында сиз эмнелерге күбө болдуңуз жана көргөндөрүңүздү айтып берсеңиз.
- Ош коогалаңы 10-июндан 11ине караган түнү башталды, эгерде эл согуш башталарын билгенде, алдын ала даярдыктарды көрүп, көпчүлүк кыргыздар өзбектердин арасынан, ал эми өзбектер кыргыздардын арасынан чыгып кетмек. Тилекке каршы, эч ким күтпөгөн кандуу окуядан бирдей запкы тартышты, эки эл бирдей уул-кыздарыбыздан, туугандарыбыздан ажырадык. Ошто болгон кан төгүү эч кимдин башына салынбасын, өтө жаман жана коркунучтуу окуяны баштан өткөрдүк. Ошто коогалаң башталгандан кийин, 11-июнь түнү менин уюлдук телефонума Курсан Асанов чалып, түнкү саат эки жарымда мени тез келип калышымды суранды. Курсан Асановду Оштогу эки элдин арасындагы барктуу, элине сөзү өтүмдүү адамдардын баары таанышат, мен да тааныйт элем. Курсан Сатарович мага чалып: "Мага ишенесиңби, сөзүмө турарымды билесиңби? - дегенде, - Билем, ишенем, - деп жооп бердим. - Андай болсо, өзбек улутундагы аттуу-баштууларыңды чогултуп, тез кел". - деп суранды. Коркконубузга карабай, бир канча адам болуп алып түнү Ош шаарынын борборуна келип Курсан Сатаровичке жолуктук, үйлөрүнөн чыга албай калган, барымтада калып кеткен адамдарды бошоткону өзбектер тараптан мен жооптуу болуп, ал эми кыргыздардын арасында калган өзбектерди бошотуп бергени Курсан Сатарович мойнуна алып ишти баштадык. 12-14-июндарда түнү-күнү тынбай Курсан Сатарович менен уюлдук телефон менен ар 20 мүнөттө байланышып, ал мага кайсыл райондо кыргыздар калганын, ал эми мен кайсыл райондо өзбектер чыга албай жатканы жөнүндө маалымат бөлүшүп турдук. Ошол барымтада калган адамдарды алып чыкканы аракеттерди жасап, орто эсепте 3000ден ашык адамды аман алып калып, туугандарына жеткирип бердик. Бир канча мисал келтирип берейин. Ибрагимов Максат деген жаш жигит өзүнүн унаасы менен 11 үй-бүлөнү өзбек кварталдарынан алып чыгып кеткенге жардам берди, Кудратулло деген баланы Данияр деген жигит шкафтарды тинтип жүрүп, алып чыгып берди, Талант Ташиев 18 үй-бүлөнү алып чыгып кетти, андан кийин фамилиясы эсимде калбаптыр, Абды деген полковник 23 үй-бүлөнү алып чыгып берди, Ош филармониясында штаб кылып, жоголгондорду издеп, үйлөрүндө калгандарды алып чыкканга жардам берген Анарбай деген жигит болду. Ошол күндөрдүн биринде Курсан Асанов: "Өзбекстандан курал-жарагы менен 3000 боевик Кыргызстанга өттү деген сөз эл арасына тарады, ошол сөздүн чын-жалганын тактап, эл кыдырып, чек арага чейин барып сураштырып берчи" - деп суранды. Түнгө карабай чын-жалганын териштирсек, Өзбекстандан бир да адам өтпөгөнү тастыкталды. Ушундай маалыматты бердик, бирок өзбектердин арасында Алайдан кыргыздар түштү деп элди качырткан болсо, экинчи тараптан кыргыздарга куралдуу боевиктер Өзбекстандын чек арасынан өтүп келди деген жалган маалымат тараткандар көп болду. Үйүн коргоп жаткандарды үйүн таштап качырыш керек болгон экен, себеби үйүн таштап качкандар кийин келишсе, үйлөрү уурдалып тонолгон болуп чыгат, жабыркаган кыргыздар да өзбектер да бирдей болду.
- Ош коогалаңы кантип токтоду?
- Курсан Асанов 12-июнда Ошко келип комендант болбогондо, согуш токтошу оңой болмок эмес. Согушту токтоткону мамлекет тарабынан дайындалып келген адамды эки эл бирдей сыйлашы зарыл болчу, ошол адамга эки эл бирдей ишениши керек болчу. 12-июнь Курсан Асанов кара футболкачан, бронежилеты жок, өлүмгө бел байлап, болгону бир канча жардамчылары менен баррикада жасалган районго кирип келип, өзбек элинин аттуу-баштууларын чогултуп, эки элдин арасында болгон согушту токтотуунун аракетин катуу жасады, тынчтыкка чакырды. Ошол жолугушууга өзбектердин арасында барктуу болгон Салахиддинов Жалаладин жана Шарипов Рустамжан деген жигиттер да катышкан, Курсан Асанов менен биргелешип иштешип, согушту токтотууга бардык мүмкүнчүлүктү колдонууну эл менен бирге чечишти, бирок эртеси эле Салахиддинов Жалаладин Өзбекстанга качып кетип, башыбызда өзбек элинин арасында барктуу болгон Шарипов Рустамжан калды. Курсан Асанов койгон талаптардын бири баррикадалардын алынышы жана жолдор толугу менен ачылышы болгон, болбосо БТРлер менен сүрүп салуусун билдирди. 12-июндан тартып, 15-июнга чейин баррикадалар акырын алынды. Курсан Асановго ишенип кошулуп жүргөн үчүн мени да коркуткандар болду, "үй-бүлөң менен союп кетебиз сени, эгерде Курсан Асанов алдаган болсо" дегенге чейин жетишти. Курсан Сатаровичке кошулуп жанымды канжыгага байлап жүрдүм. Эки тараптын эли бирдей жабыркады, бирдей коркту, өзүнүн жанын ойлобой, элди тынчтыкка чакыргандар арбын болду. Биз мамлекет тарабынан бирөөгө ишенишибиз керек эле, ошол ишеничибизди өкмөттөн Ошко комендант болуп шайланып келген Курсан Асанов толугу менен аткарды. 11-июнда башталган согуш 14-июнда толугу менен токтоду. Өзбек эли көп жашаган кварталдарда калган кыргыздарды башынан бир тал чачын түшүрбөй биз алып чыгып бердик, кыргыз кварталдарда жашаган өзбектерди кыргыздар өздөрү алып чыгып берип жатышты. Силер билбешиңер мүмкүн, бирок Ошто, Ош областында кандуу коогалаңда аман калгандардын көпчүлүгүнүн үйүндө Курсан Асановдун сүрөтү илинип турат, себеби бул адам болбогондо, бир туугандарынан, кыздарынан, балдарынан ажыраган адамдардын саны чексиз болмок. Ал эми Курсан Асанов болсо, өз ишин так аткарып ошол маалда кыргыз-өзбек кылып бөлгөн жок, менин байкаганыма караганда бул адамга ошол кезде айырмасы деле жок болчу, кыргызсыңбы, өзбексиңби, татарсыңбы же оруссуңбу, баарынан да Курсан Асанов согушту токтотуп мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калды.
- Бахадыр мырза, Ош коогалаңында элге жардам бергени үчүн, согушту токтоткону үчүн "Эл баатыры" деген наамга ким татыктуу?
- Бир мамлекетте жашаган эки элдин ортосунда согушка катышты, ал тараптан бул адамга, бул тараптан ал адамга наам берүү такыр туура эмес болот, наам Курсан Асановго окшогон адамга берилиши керек. Биз бул маселени 2010-жылдын август айында бир жолу, экинчисин 2010-жылдын декабрь айында мамлекет башчы Роза Отунбаевага жана Алмаз Атамбаевге кат жолдогонбуз. Ал катта жүздөгөн адамдардын колдору коюлуп, Курсан Асановго элдик генерал наамы ыйгарылышын, жана согуш токтотконго эбегейсиз салым кошкону үчүн Кыргызстандын "Эл баатыры" деген наам берилишин кыргыз-өзбек биригип алып суранганбыз. Бирок, тилекке каршы, эмнегедир азыркы күнгө чейин Курсан Асанов эл атынан татыктуу болгон наамын албай жүрөт, бул өтө өкүндүрөт. Ош коогалаңы учурунда адамдарды куткарганы үчүн, барымтада калган адамдарга тамагын берип, ачка калтырбай жашыргандары үчүн бир канча адамдар жергиликтүү ИИМ өкүлдөрү тарабынан грамота алгандар болду. Алардын арасында мен да бармын, менин кыргыз досторум да бар. Ош коогалаңында элге жардам бергенибиз үчүн, мени эл чогулган жерде жаш болсом да аксакалдар төргө өткөзүшөт, себеби элди аман сактап калган салымың бар дешет, сага ишенип биз Курсан Асановго ишендик, ал жигит эки элди элдештирди, сен да өз салымыңды коштуң деген сыйга ээ болуп жүрөм.
Ал эми Курсан Сатарович мамлекеттик деңгээлде бааланышы зарыл.




Курсан Асанов,
ЖКнын депутаты:
"Аны укпаптырмын, эмне деп жооп береримди да билбейм..."
Халматов Бахадыр мырза менен сүйлөшүп бүткөнүбүздөн кийин биз Курсан Асановго телефон аркылуу чыгып, суроо салдык.

- Курсан Сатарович, биздин редакцияга Оштон чалган адамдар арбын болуп жатат. Сизге генералдык наам жана "Эл баатыры" деген наам эмнеге берилбей жатат деген суроолор көп, буга эмне дейсиз?
- Мени Ошко комендант кылып Кыргыз Өкмөтү жиберген, Ошко барып эки элдин ортосунда кандуу согушту токтотууну мен генералдык чин үчүн жана "Эл баатыры" деген наам үчүн эмес, өз кызматымды так аткаруу үчүн жасагам. Мени элим сыйлап, кары-жашына карабай сый-урматын көргөзгөнү мен үчүн генералдык наамдан да, "эл баатыры" деген наамдан да кымбат жана бир канча сыйлуу.
- Оштогу Халматов Бахадыр деген өзбек улутундагы адамды тааныйсызбы?
- Ооба, тааныйм. Бахадыр менин жакшы таанышым, ал адамдын жана ошого окшогон өзбек улутундагы адамдардын жардамы менен барымтада калган жүздөгөн кыргыздарды алып чыгып кеттик, биз да кыргыздардын арасында калган өзбектерди алып чыкканга жардам бердик. Кыргыздардын арасында калган өзбектер дегеним, кыргыздардын айылында устачылык кылып, дыйканчылык кылып жүргөн өзбектерди кыргыздар өздөрү жашырып, өздөрү биздин штабга алып келип жатышты, ошого окшогон Ошто өтө эле көп учурлар болуп жатты.
- Курсан Сатарович, Ошто кыргыз-өзбек улутундагы канча адамды алмаштырып алышып сактап калдык деп ойлойсуз?
- Сиз туура түшүнүңүз, Ошто кыргыздар өзбектердин арасында, өзбектер кыргыздардын арасында калган учурлар өтө көп болду. Барымтада калгандар бул өзбектер кармап алгандар эмес, же кыргыздар кармап алгандар эмес. Барымтада калгандар деп үйүнөн чыга албай калгандар жөнүндө, же болбосо кыргыздар өзбектердин үйүндө, ал эми өзбектер кыргыздардын үйүндө жашынып калгандар. Ошондой учурларда биз Бахадырга окшогон жигиттерге чалып, бул үйдө мынча адам калыптыр, силер алып чыгып бергиле деп суранабыз, ал эми Бахадырга кайрылып жардам сураган өзбектердин туугандарын биз чыгарып берип жаттык. Ушундай иштер менен бузулган мамилени, эки элдин ортосунда болгон ишеничти кайра жандандырып согушту токтоттук.
- Курсан Сатарович, сиздин жардамыңыз менен Ош коогалаңында аман калган жүздөгөн кыргыз, өзбек улутундагы үй-бүлөлөрдө сүрөтүңүз төрдө илинип турганын уктуңуз беле?
- Жок, укпаптырмын. Мен үчүн бул күтүүсүз суроо, эмне деп жооп береримди да билбей калдым.
Бетти даярдаган
Нургазы Нарынбаев