Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Кадам ушул…

КУРСАК ТОЕР, ДИЛИБИЗ
АЧКАДАН ӨЛБӨГӨЙ ЭЛЕ…
...Карапайым адамдардын бир нерсени өзгөртүшү кыйынга турат, анткени алардын колунда бийлик да, байлык да жок. Мамлекеттин жашашы биринчи иретте бийликтегилердин тигил же бул аракеттерине байланыштуу болот. Биздин буга чейинки жетекчилик жалаң гана дүнүйө чогултуу менен алек...


Болуптур, талашпайлы, кылымдан келатат: кара курсактын айынан далай согуштар чыккан, далай революциялар болгон, ууру-кескиликтин бардыгы эле ошол кара курсактын айынан эмеспи. Дале болсо болуптур, кара курсак, тойгондон кийин жанагы акча, алтын, бриллиант дегендер керек экен. Ага да тойдук дейли, анан дагы эмне керек бу адам баласына? Жогуңуз эй, адам баласы дегендин курсагы биротоло тойбойт экен, тиги баалуу нерселерге эзели тойбойт экен. Апбали, эми таптың, адам баласы деген топуракка гана тоет экен, ал үчүн өлүш керек экен. Эпадам өлбөсөң, топуракка да тойбойсуң! Биротоло тоюш үчүн өлүм гана жарап берери адам баласынын гана тагдырына жаралыптыр!
Бирок адам баласы бу жашоого күрөш үчүн келет экен, "жашоо-күрөш" деп айтпаган акылман жок. Ошентип, күрөшүп жүрүп адам баласы кээ бир жараткан берген сапаттарды жеңип, жок кылып коюшу да мүмкүн. Маселен, ошол эле өлгөндө гана тоерсуң дегенди, кээ бир азаматтар жокко чыгарып, а балким, оңолгус сокку уруп туруп жеңип салганын - ушул эле жарык дүйнөдө баарына тоюп, топук кылып турганын айттым.
Ооба, улунуп-жулунбай, жулунганды жактырбай, өзү ошондой болбогондугу үчүн тээ көкүрөктүн түпкүрүндө азга сыймыктанып жүрчү токпейил, айкөл азаматтарыбыз арбын, жигиттерибизден, кыздарыбыздан. Арбын деп ашыра айтып алдым көрүнөт, жок эмес дейинчи, туурасы ошондой го…
Айта турган, кеңеше турган сөзүмдүн багыты жогоруда айтылды. Эми өзүбүз басып-турган, көрүп турган турмуш менен кадам таштайлы…
Каракол-Бишкек маршрутунда чакан автобус менен наркы-терки көп каттайм. Ошондо бирөөлөр келип шоопурдан Бишкекке же Караколго кагаз-пагаз, баштык-саштык берип жиберишет, акысына шоопур жүз сом акча алат. Ошондо ошол шоопурларды ичинен каргабаган киши аз. Кенедей кагазды чыдамсыз күтүп турган кишиге берип коюш үчүн жүз сом деген аябагандай эле көп эмеспи. Ага күч да, каражат да коробойт, убарасы да жок. Ошону он сомго эле алып барса да көптүк кыла турган. Мына ошондой ач көз шоопурлар, башкалар азыр толуп кетти. Дегеле, жулунбаган адам калбай калды. Базарга бир кирип чыксаң жаныңдан түңүлөсүң. Анын баарын айтып бериш ашыкча болор, анткени ак дил адамдар-баарыңар бизден жакшы билесиңер. Айтарыбыз бу - биз, адамдар, анын ичинде кыргыздар ач көздүктүн коркунучтуу жолу менен космостук ылдамдыкта кетип бараткандайбыз.
Мына ошол ач көздүктүн туткунунда калган турмушубуз жашообуздун бир жеринде оңолуп кетишинен да күмөнүбүз көп. Бүгүнкү турмушубуздун реалдуулугу ошол болуп калды: кимибиз болбосун акча таба коелу деп алдап, калп айтып, бирөөнү какшатып, ууру кылып, кошоматтанып ж.б. жексур иштерди жасайбыз. Бөтөнчө жетекчи кызматта олтургандардын акчага болгон ач көздүгүн жөн сөз менен айтып бере албаспыз. Бакиевдердин мисалы эмне деген гана мисал! Ырыскысы куюлуп, сындырым нанын бирөөнө карамта берчү кыргызыңда "ме" деген сөзү жоголуп барат, анын ордун "келе" деген басып барат…бечарага боор ооруткандын ордуна шылдың кылып турчу сезим каптап барат!
Баам салыңызчы, азыр кай кызматкер болбосун ошол кызматына олтурары менен акча табуунун жолун издейт, "бул кылганым эп эмес" деген оюна келбейт. Ал ой тарыхтын бир жеринде калды окшоду.
Бүгүнкү күндө бир дагы кызматкер "мен тазамын" деп айта албайт, айтса калп болуп чыгат. Демек, мамлекеттүүлүгүбүз аябагандай коркунучтуу жолго түшкөндөй.
"Жаш муундарды тарбиялайлы, мектеп рэкетин токтотолу" сыяктуу куру сөз, куру кыйкырыктарды чоң-кичине чогулуштарда мугалимдер, ата-энелер, милийсалар көп айтып жатат. Ал сөздүн баары талаага кетип жатпайбы, анткени ошол мектеп балдары чоңдордун баскан жолу менен баратат, көргөнүн, билгенин жасап жатат. Эпадам, ошол акылды айтып жаткан улуулар өздөрү таза болгондо, анда кеп башка эле да…
Башкаларын айтып не, азыр бийлик тарапта олтургандардан же отуруп кеткендерден Акаев, Рустамбеков, Акматалиев, Бакиевдер, Абдиев, Субанбеков, Шаршеналиев, Сатыбалдиев, Сулайманов, Келдибеков, Шадиев, Түлеев, Ташбаев, Шакиев, Кулов, Жапаров, Сыйданов сыяктуулар "таза болгула" деп башкаларга же балдарына айта алабы?
Жогорудагы ойду чексиз улантса болот, бирок андан не пайда, экинчиден, аталган маселени баары билет, баары тескери жол менен турмуш улайт. Коомубузду канткен күндө таза абалга алып келебиз дегендин теориясы болгону менен, ал эч качан турмушка практика жүзүндө ашпай калды! Бүтүндөй системабыз тескери кеткен эмеспи.
Кыргызда үмүт жана берет, алоолой берет. Ошонун күчү менен айтсак, ниетибиз күндөрдүн бир күнүндө оңолуп кетиши бар. Маселен, дүнүйөгө болгон ач көздүккө дилге болгон "ач көздүк" каршы туруп берсе.
Кылымдар айтылып келатат эмеспи: адам баласы үчүн дил байлык деген көроокат байлыгына караганда жогору турат деп. Айтылып келатканы менен турмуш чындыгы дал келбей жатпайбы. Ар качандан бир качан көроокатка болгон ач көздүк калган сезимдердин баарын жутуп коюп жатат. Болуптур дейли, көроокатка болгон ач көздүктү жеңе албайт экенбиз, бирок дилибизди ар дайым байытып турсак, көроокатка болгон ач көздүктүн темпи басаңдаар беле…
Адамдын дилин маданият байытат: адабият, искусствонун түрлөрү, кино, театр, ыр, опера, балет, оперетта, цирк өнөрү ж.б. Бизде, кыргызда болсо, маданияттын мааниси кеткенден кетип жатат. Маданият тармагын башкарып тургандарды "Аман эле болсун" деп коебуз да.
Элдин эсебинен чиригендей байыган кээ бир айбандар, аялы да, а балким, бала-чакасы да мектеп, жогорку окуу жайлар программаларына кирген китептерден башканы окубаса керек. Көркөм адабияттын таасири оңбогондой. Бөтөнчө жаш муунга болгон таасирин айт. Ушул эле көркөм адабият менен, кино менен адамдыкка да, адамгерчиликсиздикке да тарбиялап салса болот. Ошондон улам биздин элдир-селдир иши бар телеканалдар жетишип калгансып Американын тескери таасирдүү кинолорун көрсөткөнүнө корстон болушат.
Манас, Семетей, Сейтек, Гүлчоро, Эр Төштүк, Эр Табылды, Саринжи, Каныкей, Айчүрөк, Айканыш, Акыл Карачач, Тариэл, Автандил, Тинатин, Нестан Дарежан…Гулливер, Дартаньян достору менен, Том Сойер, Чапаев, Петка, Павел Корчагин, Мересьев… Апсамат, Жамила, Дүйшөн… сыяктуу жүздөгөн адабий каармандар бир кезде биздин дилде жашап келген. Жөн гана жашап келбестен актыкка, айкөлдүккө, баатырдыкка үндөп келген, ошолордой болууга дит койчубуз да… Азыркы балдардын каармандары кимдер экенин айткандан да коркобуз!
"Манастан" кеп баштаса ким да болбосун сөзгө аралаша калат, бөтөнчө кызматкерлер, бирок ошолордун көбү "Манасты" окумак турсун колуна кармап көрбөгөн; Аалы, Түгөлбай, Алыкул, Чынгыз, Төлөгөн десе жанында жүргөнсүп "жарымы жалган, жарымы чын" кылып баяндайт, китептерин окуган эмес, жок дегенде жеген акчасын санап болгондон кийин китеп барактап койбойбу да. Кыргыз жомокторунан, кенже эпосторунан түшүнүгү жок, кылым карытып келаткан не бир ыйык салт-санаа менен иши жок бүтүндөй муун мына-мына мамлекеттик башкарууну колго алганы турат. Алар башкарган учур келгенде кайсы, кандай мамлекет болобуз, кыргыз мамлекети боло алабызбы?! Жүрөктү түшүрчү суроо…
Улуунун сөзүн эки кылбаган, душман каптаса жылаңач төшүн найзага тоскон кер мурут жигиттер кайда, алардын кайда экенин Кулов, Жапаров, Шадиев сыяктуу мырзалар билет болду бекен; этек-жеңин кымтылана, ырысы, ыйманы куюлуп турган, үйгө алды менен кирип арты менен чыккан келин-кыздарыбыз кайда, алардын кайда кеткенин Үмөталиева, Сасыкбаева, Жолдошева, Ажыбекова сыяктуу айымдар билер бекен; айтканы уккандарга кыттай уюп, ар кебинен ыймандын деми уруп, ниетин жалаң жакшылыкка түздөп турчу аксакалдарыбыз кайда, аларды кайда кеткенин Сыдыков, Аблесов, Сооданбеков, Мырзакаримов, Жакиев, Султанов, Баекова, Сарыгулов сыяктуу аксакалдарыбыз, эжекелерибиз билер бекен… жоголуп турган ыйык сапаттарыбызды ушинтип түгөлдөй берсек аягына чыгар белек…
Карапайым адамдардын бир нерсени өзгөртүшү кыйынга турат, анткени алардын колунда бийлик да, байлык да жок. Мамлекеттин жашашы биринчи иретте бийликтегилердин тигил же бул аракеттерине байланыштуу болот. Биздин буга чейинки жетекчилик жалаң гана дүнүйө чогултуу менен алек болуп келди. Анан аларды алмаштырган бийликтин ынтымагы жок болуп турат, алардын арасындагы бакиевчилерге элдин эмне болуп жатканы баары бир, алдырган бийлигин жоктоо менен, аны кантип кайруу керек деген суроонун үстүндө күнү-түнү ойлоп жаткан учуру. Жетекчилик жер-жерге бөлүнүп, бири-биринин жакындарын кызматтарга коюп, байлык кууп, бийлик кууп, бири-бирине компромат издеп түйшүккө батып турган кезде элинин келечекке шилтенген кадамы дурус болбой турат, келечектин өзү коркунучтуу болуп турат. Кантип тандык!
Ун кымбаттап жатат, нан кымбаттап жатат дейбиз. Мына, өлбөгөн жанга жаз да келди. Дыйкандарыбыз бир силкинип тердеп койсо, айдап-сээп алат, күздө мол түшүм болор, курсак тоюнар. Ал эми дил азыгын кай жерге сээп, кай жерден түшүм жыйнайбыз…ага тоюнчу кез келеби?
Ушинтип ак дил адамдардан жардам сурап турабыз…
Баратбай АРАКЕЕВ