Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

АКШ базасы 3 жылдан кийин чыгарылат
Америкалыктардын Бишкектеги 2009-жылдагы эски бийликтин аферасынан кийин Транзиттик борборго айланган "Ганси" авиабазасы 2014-жылы чыгарыларын Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева "Евроньюс" сыналгысына берген маегинде айтып берди. "Бакиевдин учурунда эле келишимге кол коюлган. Ага ылайык база 2014-жылга чейин туруш керек. 2014-жыл альянстын күчтөрүн Ооганстандан чыгаруу мезгили катары белгиленген. Мен келишимдер аткарылыш керек деп эсептейм"-деген кыргыз президенти европалыктарга чуулгандуу "Гансинин" кийинки тагдыры кандай болорун ачыктап берди.


Дале болсо көзүн кызартат
Көл тарапта Өмүрбек Шаршеналиев деген кызматты аябагандай сүйгөн, кай бийлик болсо да бир жеринен башы көрүнгөн мырза бар. Ал мырза кезегинде Каракол, Жалал-Абад, Балыкчы шаарларынын мэри болду, Тогуз-Торо, Түп райондорунун акими болду. 2005-жылы аны Жалал-Абад мэриясынан алкынган аялдар төпөштөп салыптыр деген да сөз бар.
Кийин Садыр Жапаровго жагып, ал башкарган коррупцияга каршы агенттиктин Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча жетекчиси кылып дайындалганда күлбөгөн эл калган эмес…
Эми ошол Түптө оппозиция лидерлерин жумуртка менен урдуруп, тескери жагынан атагы чыккан мырза Каракол шаарынын мэри болом деп Садыр Жапаровдун мазээсин алып жаткан кези экен. Садыр мырза деле кимди көтөрмөлөөрдү үйрөнүп бүтсө керек…

Парламент ичи тынч эмес
Жаңы чакырылыштагы парламентибиздин өмүрү кыска болорун ЖоКедеги жолдоштордун билим деңгээлин, саясий дараметин байкагандар эчак эле айтып чыгышкан. Акыркы күндөрү ал кептер күч алып, Ак үйдүн ичинде ар кандай оюндар башталып, айтор, ал жак тынч эмес дешет. Жусуп Иманалиев, Азамат Кангелдиевге окшогон айрым акылдуулары депутаттык мандатын аудитор сыяктуу мансаптарга алмашып, эмитеден биротоло ээрден шыпырылбастын камын ойлоп башташыптыр. Кулов да жылан теппей, жылан чакпай туруп: "Эгер парламент таркай турган болсо, Кыргызстан саясий да, экономикалык да жактан изоляцияда калып, биротоло мамлекеттүүлүгүн жоготот, туңгуюкка кептелет"- деп айткан кептери эсибизде. Көптү көргөн Кулов мындай кооптонууларын жөн жерден айтып жатпаса керек. Себеби азыркы парламенттин таркап кетиши Кыргызстанды туңгуюкка алып келбесе дагы, "Ар-Намыс" сыяктуу партиялардын кийинки тагдырын чын эле туңгуюкка кептелтет.


Гфеллер айым кетмей болду
Бүгүн 3 жылдан бери АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп жүргөн Татианна Гфеллердин биздеги миссиясы аяктайт. Өзүнүн кыргыз элине болгон кайрылуусунда Татианна Гфеллер кыргыз элинин меймандостугуна ыраазы экендигин, Кыргызстандагы саясий абал ал жаңы келгендегиден алда канча алдыга кеткендигин, кайгылуу күндөр менен катар чоң жетишкендиктер болгондугун баса белгилеп, мындан ары да демократиялык өнүгүү жолунда чоң жетишкендиктерди, ийгиликтерди каалады.
Бирок эгемендүү кыргыз тарыхындагы мурдагы элчилерге караганда Татианна Гфеллер Кыргызстандагы демократиянын өнүгүүсүнө анчейин деле салым кошо алган жок. Бакиевдин баскынчылык саясаты күчөп турганда, көпчүлүк учурда көз жумуп, демократиялык баалуулуктарга караганда базасынын кызыкчылыгын жогору коюп койгон учурлар көп эле болгон. Эмкиси эмне дээр экен?


"БелТАнын" калпы калкып чыкты
Бакиев кара башын катып жүргөн Белорусcиянын мамлекеттик "БелТА" деп аталган маалымат агенттиги өткөн жумада ЖККУнун атынан Кыргызстандын коопсуздугуна байланышкан коркунучтуу кабарды жарыялаган. "Кыргызстанда террордук актылар, согушкерлердин кол салуусу болот"-деген сыяктуу кабарлар менен кошо кыргыз президенти баш болгон өлкө жетекчилери ар кандай мүнөздөмөлөр берилген. Кечээ күнү Орусиянын Регнум агенттиги ЖККУнун бул маалыматтарды төгүндөгөн маалыматын жарыялады. Анда БелТАдагы маалыматтар чындыкка дал келбестигин, андай маалымат таратпагандыгын жана кыргыз бийлиги былтыркы коогалаңдардан кийин өлкөнү экономикалык, саясий оор кырдаалдан чыгаруунун үстүндө активдүү иштеп жаткандыгын кабарлаган. Белорусcиянын мамлекеттик маалымат агенттигине жарыяланган Кыргызстан жөнүндөгү кооптуу маалыматты өлкө президенти Лукашенконун тапшырмасы болушу мүмкүн дегендер да чыгууда. Жаз алды менен жандана баштаган белорустарды ошентип коркутайын деген ою го…


Ак торпок алына карап ышкырса…
Өткөн жумада Улуу Британиянын Астанадагы элчилиги тарабынан Бишкекте журналисттер үчүн атайын окуу өткөрүлгөн экен. Ошол жерден өзүн мыкты журналист сезип жүргөн Султан Жумагулов да катышып, кыргыз тилдүү бир катар басылмалардагы кесиптештерибизди "сабатсыз, маданиятсыз, этиканы билбейт"-деген сыяктуу балит сөздөрүн айтып, жерден алып көргө, көрдөн алып жерге уруп, болушунча жамандаган экен. Башка бирөө айтса го мейли эле, бирок кечээ эле элин атып, жерин саткан Бакиевдин катчылыгында эксперттик-аналитикалык деп аталган бакыйган кызматты жетектеп, алардын сасык саясатын эл-журтка "жыттуу" кылып саймедиреп жүргөн Жумагуловдун айтканы анчейин окшошпой турат. Максим баш болгондор эл байлыктарын сатып киргенде, кыргыз үчүн чын дилинен күйгөндөр камалып, сабалганына карабай ачык сөзүн айтып келген. Ал эми Жумагуловго окшогон кызматын бийик көргөндөр кара жанынын камын ойлоп, эски бийликтин этегине намаз окуп, алар ыргыткан сөөктү "кемиргенине" ыраазы болуп күн кечирип келишпеди беле. Султан мырза ошончолук эле маданияттуу, этикалуу экен ошол кезде эски кожоюнуна бөжөңдөбөй, эл-журтка эки ооз адилет сөзүн айтып койбойт беле…
Айтмакчы, туура бир жыл мурун дал ушул убакта Султакең буту үзүлгөнчө чуркап, Бакиевдин дүжүрлөрүн "дүрбөтүп", "Ынтымак" курултайын уюштуруу менен алек болуп жүргөн.