mainkaptal
Пользовательский поиск
Дамира Ниязалиева,
КСДП фракциясынын депутаты, ЖКнын Саламаттыкты сактоо,
социалдык саясат, эмгек жана миграция комитетинин жетекчиси:
"Эркектерди баш кылып,
жалпы аялзатына дем берип жатат…"
- Дамира Абазкановна, майрамыңыз менен! Кезектеги маегибиз бүгүнкү аялдардын эл аралык майрамына туш келип олтурат. Анда алгач сөздү сиздин куттуктооңуз менен баштасак…
- 8-март майрамы ар бир аялзатынын күткөн майрамы. Себеби ушул күнү бардык жакшы каалоолор, бардык жакшы белектер, өзгөчө ажайып гүлдөр аялзатына арналат эмеспи. Мен Кыргызстандын жалпы айымдарын ушул жаркыраган эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жалпы аялзатына биринчиден: чың ден соолук, бакубат жашоо, кең келечек, узун өмүр, аялзатына таандык болгон бардык мээрмандыкты каалап кетмекчимин. Айымдарыбыз ар дайым бар болсун! Ар бир аялзатынын таттуу кыялы, аруу тилеги ишке ашсын.
- Өзүңүз жакшы билесиз, гендердик маселе эски бийликтин тушунда өтө оор көйгөйгө айланып келген эле, бирок кийинчерээк, бул маселеге көңүл бурулуп, көп сөз болбой калды. Бүгүн ушул маселени толук кандуу чечилди деп айтсак болобу?
- Азыр мурункуга караганда бул маселе жакшы жагына чечилди. Төртүнчү чакырылышка чейин такыр жок болчу, аял-депутаттар абдан аз болгон. Эски бийликтин бир жакшы иши ушул болду окшойт. Анткени ошол учурда 80 депутаттын колдоосу менен бардык жерде гендердик баланс сакталсын деген мыйзам ишке ашкан эле. Ушул мыйзам иш жүзүнө ашкан үчүн учурда ЖКга 30га жакын аял депутат болуп олтурат. Вице-спикерлик кызматка да эки аял киши шайланды. 16 комитеттин төртөөсүн аял депутаттар жетектеп жатат. Ошондой эле орун басар болуп иштеп жаткан аялдар да көп. Негизинен, кыргыздын менталитетинде аял киши үй оокаты менен алек болуп, бала төрөп, аларды багыш керек деген канга сиңип калган түшүнүк бар. Бирок бул түшүнүк убакыт өткөн сайын таптакыр жокко чыкпаса да, кандайдыр бир деңгээлде өз күчүн жоготуп баратат десек болот. Буга кыргыз аялдарынын өздөрүнүн эркектерге тең тайлашып, айрым учурларда алардан да озуп элге, коомго жасаган зор иштери түздөн-түз себеп болуп олтурат. Сөзүбүз кургак болбош үчүн - мамлекет башчысынын кызматын татыктуу аркалап, башка өлкөлөрдүн президенттеринен кем калышпай, бир топ алгылыктуу иштерди аткарып, жалпы элдин колдоосуна ээ болуп келаткан эл аралык деңгээлдеги абдан көрүнүктүү саясатчы эжекебиз Роза Исаковнаны эле мисалга алсак жетиштүү болот. Роза Исаковна талыкпас эмгеги менен өзүн коомдо үлгү катары көрсөтүп, керек болсо эркектерди баш кылып, жалпы аялзатына дем берип жатат десек аша чапкандык болбос.
- Сиз ЖКда бакыйган чоң комитетти жетектеп жатасыз. Учурда бул комитет кандай иштерди аткарып жатат?
- Бул комитетте абдан көп маселелер камтылган. Санай турган болсок, Саламаттыкты сактоо маселеси, бардык социалдык маселелер, балдардын, энелердин ошондой эле миграция маселелери. Биз учурда ушул маанилүү маселелердин үстүндө бардык аракетибиз менен иштеп жатабыз. Кыскача айтсак, жакында эле, саламаттыкты сактоо тармагына байланышкан реформа ж.б. маселелер тууралуу парламенттик угууну өткөрдүк. Андан тышкары акыркы убактарда оор көйгөйлөрдүн бирине айланып бараткан учук оорусуна байланышкан, ошол ооруну алдын алуу боюнча мыйзамдын үстүндө иш алып баруудабыз. Өкмөт 20 жылдан бери, ооруканаларды капиталдык ремонттон өткөрүүгө, айылдарга ФАПтарды курууга тиешелүү каражат бөлбөй, косметикалык эле оңдоп-түзөөлөргө бөлүп келген. Быйыл биз бул маселеге буйруса 200 млн. сом бөлдүрүп жатабыз. Ошондой эле комитетке тиешелүү тармактардагы көйгөйлөрдү парламентке алып чыгып, ал көйгөйлөрдү талапка ылайык чечүүнү максат кылуудабыз.
- Жаңы келген парламент коомчулук тарабынан абдан көп катуу сындарга туш болуп жатканын өзүңүз жакшы билесиз. ЖКнын ичиндеги ар кандай талаш-тартыштар ачыкка чыгып, бул парламенттин деңгээли тайкы экени, көпкө узабастыгы аныкталып калгандай болду. Депутат катары сиздин пикириңиз кандай?
- Мындай көрүнүштөр бир четинен парламенттик өлкө болгондун кесепети десек болот. Себеби, биринчиден, ар тараптан келип кошулган 120 депутат эмес, бир үй-бүлөдө эки бир тууган болсо, ошол бир туугандардын да бир топ маселелерде өздөрүнүн эки башка көз карашы, эки башка пикири болот. Ошол сыяктуу эле парламентте канча депутат болсо, ошончо көз караш, ошончо пикир болуусу - бул табигый көрүнүш. Мурун эски бийликтин тушунда депутаттарга кайсы бир маселени кеңири талкуулоого мүмкүнчүлүк берилген эмес, ал кезде биз бир күндө 30 мыйзамды бир окууда эле кабыл алчубуз. Экинчи окууга калган мыйзам сейрек болчу. Албетте, бул президенттин каалоосу болчу. Бул көрүнүшкө да коомчулук да кандайдыр бир деңгээлде көнө түшкөндөй болгон. Ал эми азыр эң башкысы парламентте сөз эркиндиги орноп, ар ким өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк алды. Ошондой эле азыр ар бир мыйзам үч окуудан кийин гана кабыл алынып жатат. Үч окуу болуш үчүн үч жолу комитеттен өтүшү керек, талкуу болуш керек, анан кийин гана президентке барат. Ушинтип олтуруп мыйзамды кабыл алуунун убактысы узарып кетүүдө. Бул жерде мурункудай бир кишинин көрсөтмөсү жок. Демек, талкуу абдан көп болууда. Эски бийликтин тушунда, эртең менен 9дан түшкү 1ге чейин эле иштечүбүз. Түштөн кийин өтө сейрек чогулчубуз. Ал эми азыр эртең менен башталган ишибиз, кечки 7-8дерге чейин созулууда. Кыскасы, мурунку парламент менен азыркы парламенттин айырмасы чоң. Бирок азырынча парламентте да кемчиликтер арбын. Парламенттин ынтымагы анчалык бекем эмес. Иш менен эмес, саясат менен алектенип жаткандар, жаңы парламентти, жаңы өкмөттү каалап, аны ишке ашырууга кызыкдар болгон күчтөр, өлкөдө туруктуулук орноп жатканына ою түз эместер бар. Бизде жалындаган от тутанып, ал оттун кесепетинен бир топ мекендештерибиз шейит кетти. Азыр ал жалындуу от өзү өчкөнү менен, дале болсо илебинен ысык уруп турган күл бар. Кичине эле "леп" эткен жел болсо, ал күлдөн от тутанып кетиши толук ыктымал. Ошон үчүн биринчи кезекте коомчулукка биз, депутаттар, үлгү көрсөтүп, ынтымакты бекемдешибиз зарыл. Жогоруда мисал кылган ысык күлдү биротоло муздатып, жок кылышыбыз абзел. Мына ушул маселеге коалициянын жетекчилери көп көңүл бурбай жатышат. Албетте, бул абдан өкүнүчтүү.
- Башка партияларга салыштырмалуу тарыхы, тажрыйбасы бай КСДП фракциясы эмне себептен учурда парламенттеги беш фракциянын ичинде "самое слабое звено" деген сынга кабылды. Мунун себеби эмнеде?
- Мен мындай сынды укпаптырмын. Биздин партия көптөгөн маселелер боюнча жакшы эле күрөшүп жатат. Башка фракцияларга салыштырмалуу биздин депутаттар жыйындарга 100 пайыз болбосо да, дайым 80 пайыз катышат. Негизги жоопкерчилик бизде болгондон кийин өкмөттүн иштешине мүмкүнчүлүк берүүнү ойлоп, башка партиялардай болуп өкмөттү катуу сындаган жокпуз. Мунун себеби, бир чети биз бийликтин партиясыбыз. Бир четинен болсо, азыр моюнга алышыбыз керек, бизде көбүнчөсү (биринчи жолу депутат болгон) жаш депутаттар. Алар деле колдон келген аракеттерин көрүп жатышат. Жогоруда айтылгандар, сындар канчалык деңгээлде чындыкка жакындайт, аны убакыт көрсөтөт.
- Туура бир айдан кийин, апрель окуясына бир жыл толот эмеспи. Бир жылдыкты белгилөө боюнча жарлык да чыкты. Бирок 7-апрель менен 2005-жылдагы 24-март күнүнүн статусу боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Сиздин пикириңиз кандай?
- Негизи 7-апрелдин статусу 24-мартка караганда бийик болушу керек. Бирок 7-апрелди майрам катары кылып, кызыл күн кылганыбыз, моралдык жактан канчалык деңгээлде туура болот, азыр аны так-кесе айтуу кыйын. Себеби, биз бул күнү бир топ мекенчил жаштарыбыздан айрылдык, ошондуктан аза күнү катары да белгилешибиз абзел. Ал эми 24-мартты кызыл күнү кылбай, жоюп салуу да менимче туура эмес. Себеби ал күндү тарыхка Бакиев калтырган эмес, ал күндү да жалпы карапайым эл жакшы үмүт менен тарыхка калтырган. Ошондуктан бул күн да кандайдыр бир деңгээлде белгилениши керек. Айтор, бул эки маселе бир кишинин же бир ууч топтун айтканы менен эмес, жалпы элдин пикиринин негизинде чечилиши зарыл. Биз элдин пикирин эске алышыбыз керек, себеби элдин чечиминен өткөн туура чечим жок.
- Роза Отунбаеванын президенттик мөөнөтүн узартуу боюнча байма-бай кептер айтылып келет. Бул боюнча сиздин пикириңизди уксак…
- Роза Исаковнанын президент болуп иштөө мөөнөтү мыйзамда так көрсөтүлгөн. Роза эжекебиз, бийликте калуу кадамына барбайт. Бийликтен кетүүгө толук эрки жетет. Бирок мыйзамга мөөнөтү чектелип жазылып, шайлоого катыштырбай коюшу адилеттүү болбой калган. Шайлоого талапкер катары катыштырып, тең укук берилиши керек эле.
- Сиз социалдык маселелерди көп көтөргөн депутат айымдардын бирисиз. Өзгөчө шарты оор Нарын облусунун элинин бийик тоолуу аймакта жашап жаткандыгына байланыштуу жеңилдиктерди киргизүү, жолдорду оңдоо, айыл жергесине ооруканаларды салуу жана сиз ЖКнын трибунасынан көп айтып келаткан Кара-Кече маселелеринен кандайдыр бир жыйынтык чыгып жатабы?
- Кайсы бир маселени коомчулукка жеткиликтүү кылып айта берсең, андан акыры кандайдыр бир жыйынтык чыгат экен. Мен Кара-Кече маселесинин күңгөй-тескейин көп айтып келдим. Эски бийликтин тушунда Кара-Кече жеке ишкерлердин колунда эле, мына азыр мамлекеттик ишканага айланды. Бирок ал Кара-Кече мамлекеттик ишкана болгону менен, ал жакта азыр деле шарт оор. Себеп дегенде, ал ишкананы толук кандуу иштетүү үчүн 650 млн. сом талап кылынат экен. Бюджетибиз болсо жалпыга белгилүү болгондой тартыш болуп жатат. Азыр Нарындын жаңы губернатору, Жумгалдын жаңы акими менен Кара-Кечеге башка жактардан инвестиция тартуу, жергиликтүү элге көмүрдүн баасын арзандатып сатуу, балким, колдон келсе бекер берүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Буйруса, бул ишибизден талапка ылайык жыйынтык чыгарууга аракет кылабыз. Азыр бул маселе боюнча жетекчилик убаданы берип жатышат. Биз талапты катуу коюп, ишти тыкыр көзөмөлгө алабыз.
Ал эми мурун Нарындагы бийик тоолуу райондорго ар кандай жеңилдиктер берилип, бир тобу кайра алынып калган эле. Ошолорду кайра күчүнө киргизүүнүн үстүндө иш алып баруудабыз. Мисалы, Ат-Башыда 39 айыл болсо, ошол айылдын баары бийик тоолуу айылдар болуп эсептелет. Ак-Талаада 20 айыл болсо, ошонун 13 айылы бийик тоолуу айылдардын катарына кирген эмес, Жумгалда 30 айыл болсо, анын 19 айылы бийик тоолуу айыл эсебине кирбей калган. Жогоруда "бийик тоолуу эмес " деп эсепке кирбей калган айылдар чынында бийик тоолуу айылдар. Буларды биз киргизишибиз керек. Ал эми бир кызыгы, Жумгалга караганда шарты жеңилирээк, көп айылы чынында бийик тоолуу эмес Кочкордо 17 айыл болсо анын баары кирген. Эми бул да болсо Усубалиевдин убагындагы "кол ийрисине тартат" болгон "эмгеги" деп санасак болот.
Жол боюнча айта турган болсок, Нарын боюнча эң эле жолу жаман Жумгал району болуп эсептелет. 2009-жылы Чаекте 5 чакырым жол оңдолгон, 2010-жылы дагы 3 чакырымга акча которулуп, тиешелүү деңгээлде оңдолбой калган. Баарын бир убакта жасай албагандан кийин, жок дегенде жыл сайын 5, 10 чакырымдан оңдоп турсак деле жакшы болот эле. Тилекке каршы, азырынча бул да болбой турат. Маселен, 1 чакырым жол салуу үчүн эле 4 млн. сом кетет. Ал эми Кочкордон Жумгалга чейинки жедеп талкаланган, жаман жол 120 чакырымга созулат. Ошон үчүн бул маселе мамлекеттик деңгээлдеги чоң долбоорго кириши зарыл.
- Бүгүн майрам эмеспи, маегибиздин башын майрам тууралуу сөз менен баштадык, сөз соңун да майрамдык маанай менен аяктасак. Адатта, сиз бул майрамды кандай белгилейсиз…
- Мен өзүм гүлдү абдан жакшы көрөм. Бул майрамда жыл сайын мен белек катары абдан көп гүл алам. Балдарым бул майрамда: "Биздин үй гүл менен кооздолот"-деп тамашалап калышат. Гүлдүн арасына олтуруп алып эс алганды жактырам. Менин балдарым менен бирге болгон убактым аз болот. Майрамдарда үй-бүлөм менен чогуу болгонго аракет кылам.
Аялзаты эркекке караганда жашоодо эки эсе түйшүк тартышат, эки эсе узак сапарда жүрүшөт. Тагдыры да салыштырмалуу татаал болот. Мына ушунун баарына чыдап келген кыргыз аялдарынын бири болгонума, албетте, сыймыктанам. Ошону менен элдин мага арткан үмүтүн актоого бар күчүмдү жумшайм.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ