Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Тарыхың бил, бурадар

Алтайлык эл менен
кыргыздардын уруулук
байланышы

Бардыгыбызга белгилүү, кыргыздар узак мөөнөттө Енисейдеги Минусуу ойдуңундагы кеңири аймакта узак мөөнөттө жашап келишкен. Көчмөн кыргыздар Тянь-Шань аймагына 15-кылымда отурукташкандыгын, Ала-Тоого алгачкылардан болуп анчалык көп эмес кыргыздар көчүп келишкендигин, Кыргыз мамлекетинин кризиске учураган мезгилинде Чынгызхандын уулу Жуучу 1207-жылы басып киргенин жана кыргыз хандыгы ага баш ийгендигин, ал эми Енисейлик кыргыздар тууралуу кытай жылнаамачылар тарабынан биринчи ирет биздин заманга чейинки 201-жылы маалымат берилгенин, тарыхый бул далилдер кыргыздардын 17-кылымга чейин Сибирде жашап келгенин аныктайт. Бул багыттан караганда кыргыздар эң байыркы элдин катарына кирет да, саны жагынан да көп калк болуп, этнографиялык жаңы түзүлүүлөрдө өзүнүн зор салымын кошкон деген жыйынтыкка алып келет. Эгерде байыркы кыргыздардын өңү-түсү, бой-келбети боюнча караганда кыргыздар европалык келбетке ээ болсо, демек, кыргыздар аз сандагы этникалык группаларды жана көп элди ассимиляциялаштырып, анын натыйжасында трансформацияланышкан деген жыйынтык чыгарууга негиз түзөт. Батыш Сибирдин жана Борбордук Азиянын калкынын көчмөн турмушу жана тынымсыз согуштары кыргыздардын башка элдер менен аралашып кетишине кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизген мүмкүнчүлүктөрдү четке кагуу мүмкүн эмес. Бул мезгил элдин бири-бирине сиңип кетишине жана интеграция процессинин ишке ашышына алып келген.
Алтай эли: алтай-кижи (киши), төлөнгүт, телеут, шорцу жана хакастар бул кеңири аймактагы этногездердин калыптанышына енисейлик кыргыздардын таасири зор болгон деп эсептешет. Алар негизинен чыгыш-түрк тилдерин пайдаланышат. Эске алалы, географиялык чөйрө, кылымдардын алмашышы жана башка эл менен байланыштардын таасиринде алардын тили азыркы кыргыз тилинен айырмаланып турат, ошол эле учурда алар енисейлик кыргыз тили менен байланышын сактап калат.
Хакастар өздөрүн хонгорайбыз деп аташат, хакас этноними Кытайдагы Тан династиясынын мезгилинде кыргыздарды алардын хягас, кяргаз деп атагандан кийин болгон деп эсептешет. Совет бийлиги орногондо Кытай булактарынын негизинде Хакасия аты берилип, калкы хакас деп аталып калат. Самодий жана кет эли кыргыздар менен ассимиляциялашып, хакас элинин калыптанышына компонент түзүлөт. Булардын бардыгын күтүлбөгөн кокустук катары да карасак болот. Ошентип, "кыргыз" этноними эки түрдүү транскрипцияга ээ, бири - биз, экинчиси енисейлик кыргыздар болуп саналат.
Ушул жерден кет тууралуу да кыскача токтоло кетели. Алар бул күндө Енисей дарыясынын жээгинде жашашат жана калкынын саны 2000ге жакын. Окумуштуулардын аныктамасында аларды түндүк америкалык индеецтердин тукумдарына кошот. Эл өздөрүн енисейликтербиз дешет, бирок факт бул пикирге күмөн ойду жаратпай койбойт. Кет жана самодий индеецтери Сибирге Түндүк Америка менен Европа бир бүтүн материк болуп турганда келишкен деген божомолдор бар. Ал учурда азыркы Беринг кысыгы чакан мойнок болгондуктан өтүп келүүгө мүмкүнчүлүк барын белгилесек болот. Ал эми бул мойноктун чоңоюп, кысыкка айланышын илимпоздор 70 миң жылдан 12 миң жылга чейинки мезгилге таандык кылышат.
Жогорудагы жоромолго ишенсек, индеецтер Сибирге биздин заманга чейинки 5 миңинчи жылда көчүп келген болот, бирок ошол мезгилде аралыгы 80 километрди түзгөн Берингден кайсы кеме менен сүзүп өтүшкөн? Чыгыш-түрк тилиндеги енисейлик кыргыздар менен арин тилиндеги кеттердин кеп-сөздөрүндөгү окшоштуктар кантип пайда болгон? Енисейликтер менен кеттердин тилиндеги сөздөр фонетикалык жактан айрым өзгөрүүлөрү болбосо, окшошуп кетет. Мисалга дарыяны алып көрөлү, кеттер сууну "сат", ири дарыяны "коль", ал эми биздеги "сай" жана "көл" деген сөздөр менен үндөшүп турат. Негизгисине өтөлү. Арин тилинде деген бул элде уруулук жактан алганда индеецтер менен эч качан окшоштук жок, тетирисинче кыргыз жана казактарга жакын уруулардын курамын түзөт. Далил келтирелик. Индеецтердин курамына киргизилген кет эли тлингит уруусун түзөт. Ал эми Алтайдагы кыргыздарга жакын төлөнгүт жана телеут уруулары жашайт. Мына ушундай азыркы кыргыздарда төөлөс (дөөлөс), казактарда төлөнгүт урууларынын аттары да сакталып калган. Бул уруулардын уюткусу түрк тилдүү элде да бар экендигине ишеним бар. Ошол эле учурда индеец-тлингиттер менен алтайлык-төлөнгүттүктөрдүн сырткы кебетесиндеги окшоштукту да танууга мүмкүн эмес.
Мен бул ойду айтуу менен илимий ачылыштарды төгүндөгүм келбейт, бул кеңири сөз кылуучу тема, ошондой эле комплекстүү жана системалуу түрдө иликтөө жана изилдөөнү талап кыларын да түшүнөм, бирок кээде илимий ири ачылыштар да жөнөкөй дал келүүлөрдүн негизинде ишке ашаарын айта кетсек артык баш болбос. Ошондуктан кеттер менен самодийлердин кыргыздар менен ассимиляциялашуусунан жаңы этнос "хонгорай" (хакас) калыптанган деп эсептейм. Жөнөкөй жол менен түшүндүрмө берип көрөлү.
Жунгарлар (ойроттор) күч алып, 15-кылымда енисейлик кыргыздар алардын экспансионисттик саясатынын курмандыгынын объектисине айланат да, миграциялык процесс күчөйт. Кыргыздардын Енисейден түштүккө - Тянь-Шань, Фергана багытына, батышка - Башкырияга (азыркы күндө да башкырларда ири "кыргыз" уруусу сакталып калган), түштүк-батышка - Крым жана Кара деңиз багытына массалык көчүүсү башталган (азыр Дагестанда "ногой" уруусу өз алдынча этнос), ал эми түрк, каракалпак, азыркы кыргыз, казак, өзбек элдеринин курамында да ушул уруулар бар. (Башкырстандагы "ногой" уруусунун кызыктуу жана татаал тарыхын да тааныштыруу келечектин иши).
Жунгарларга каршы тынымсыз күрөш енисейлик жана тянь-шандык кыргыздардын өнүгүүсүнө жана эл катары калыптанышына себепкер болду. Ырас, мындай оор сыноодо күч тең салмактуу болбогон. Жунгарлардын баскынчылык аракеттерине күрөштө тянь-шандык кыргыздар монголдордун бир кыйла урууларын өздөрүнө кошуп алса, енисейлик кыргыздар алтайдагы тектеш урууларды баш коштура алган. Алты кылым бою енисейлик кыргыздарга хакастар, алтай-кижи, шорцу, төлөнгүт, телеут уруулары бириксе, азыркы кыргыздар тили, маданияты, каада-салты, үрп-адаты жактан айырмаланган, бирок азыркы кыргыздар коргоого жардам сураган ар кыл урууларды баш коштуруп, өз курамына алганы менен өзгөчөлөнгөн. Борбордук Азияда кыргыздар кара-кидандарга ассимиляциялашып кетпестен, жергиликтүү кидандар кыргыздардын таасиринде калган, бара-бара алар кыргыздарга сиңип кеткен сыяктанат. Айрым орус окумуштууларынын кидандарды кытайдын бир тарамы катары эсептеши жаңылыштык, кидандын укум-тукумдары кытайларга тиешеси жок экендигин эскерте кетсек болот.
Бул мезгилде Енисейде калган анчалык көп эмес кыргыздар Түштүк Сибирдин токойдо жана талааларда жашаган элдерди өзүнө бириктире алган. Бул тууралуу окумуштуу Радлов: "Качан кыргыздардын басымдуу бөлүгү Абакандын жана Енисейдин талааларын таштап кеткенде, анчалык көп эмес кыргыздар гана бул аймакта калган. Кеңири мейкин талаалар аз убакытта элсиз калып, бул түшүмдүү түздүккө тайгадагы башка уруулар жана эл агылып кирген. Түштүктөн Абакан өрөөнүнө бельтирлер, түштүк-чыгыштан кайбалы жана маторлор, түндүк-батыштан ариндер көчүп келишет". Ошол кезде шорцулар, чулымдар, алтай-кижи, төлөнгүттөр, телеуттар да ошол жол менен Енисей жээктеп отурукташат.
Чынында, алтайлык төлөнгүттөр мурда төлөс уруусу болуп саналат, алар азыркы кыргыздардын ичкилигиндеги төлөс урууларынын бир бөлүгү. Тактап айтканда, бул уруунун Жогорку Енисейди калган бөлүгү ээлеп калса, башка элдин курамында бир кыйла бөлүгү Борбордук Азияга көчкөндүгүн эске алуу керек. Телеут, төлөнгүт, алтай-кижи уруулары кыргыз-кыпчак тилин, шорцу менен чулымдар кыргыз-хакас тилин пайдаланышат. Мисалга алсак, Мрас-су - бул шорцулар жашаган аймак, мында мрас - мурас, су - суу деген түшүнүктү берет. Ушул мезгилге чейин Хакасияда байыркы сугат каналдарын "хыргыз аргылары" - кыргыз арыктары, айдоо аңыздарын - "хыргыз тарлалары" - кыргыз талаалары, орто кылымдардагы мүрзөлөрдү - "хыргыз сөөктөрү" - кыргыз көрүстөндөрү деп айтылып келет. Окумуштуу В.Бутанаевдин "Хакас-орус этнографиялык сөздүгүндө": "Кыргыздар ак сөөк болушкан" - деп көргөзөт жана "тоолуу Хоорайда он миң кыргыз эли" бар экендигине токтолот. "Парыс пиг"- Барсбек, кыргыз жоокеринин кылычы, калканы, жаасы жана башка жабдыктары кыргыз элине таандык катары айтылат. Ошол эле учурда хакастар менен алтайлыктардын элдик оозеки адабиятында Алып Манаш (Манас) эпосу кеңири тараган.
Мындай мисалдарды келтире берсең жетиштүү, Сибирь элдеринин тарыхын изилдөөдө кыргыз уруулары тууралуу кызыктуу санжыраларына көңүл бөлгөн тарыхчы Н.Н.Козьмин хакас, шорцу, алтай-кижи, телеут, төлөнгүт жана кыргыз урууларынын байланышына көңүл бурат. Кыргыздын санжырасында Тагай бий (Мухаммед кыргыз) мезгилинен баштап толук айтылганын эске алсак, мындан жаңылып калуу мүмкүн, себеби Тагай бий 16-кылымда жашап өтөт. Демек, андан мурунку кыргыз элинин тарыхы толук иликтенбей калмак.
Азыркы күндө алтайлыктар 80 миң, хакастар 75 миң, төлөнгүттөр менен телеуттар 3 миң адамды түзөт, бирок аздыгына карабастан кыргыз элинин бай тарыхый жолун сактап, бизге жеткирип, маданияты жана фольклору азыркы күндө да архивдик милдетти дагы аркалап келгенине өзүбүз күбөбүз.
Ошентип, "хакас" этноними кытайлык Тан династиясынын учурундагы "кыргыз" деген сөзү бүгүнкү күндө да аз сандагы элдин биригишине кызмат кылып келет. Бул төрт субэтносту бириктирген Хакасиянын улуттук-маданий жактан кайра жаралуусуна алып келди деп жыйынтыктасак болот.
Аман САМАКОВ,
МГУнун эл аралык мамилелер институтунун аспиранты.