mainkaptal

Пользовательский поиск
Эми болду да, дагы өрттөшүп, кырылышабызбы?
Кыргызстан өткөн жылы өтө оор күндөрдү башынан кечирди. Канча деген мекендештерибиз, бир туугандарыбыз мезгилсиз оо дүйнөгө сапар алышты. Былтыркы Түштүктөгү коогалаңдан кийин ал жердеги абал аз-маз турукташканы менен, кырдаал дагы деле болсо кооптуу. Бирок эл арасындагы улуттар аралык мамиле мурункудай болбосо дагы былтыркыга караганда бир топ эле жакшырып калган. Аймактагы кырдаалды жергиликтүү элдин өз оозунан угуу максатында аймакка барып келген элек. Көчө аралап элдин пикирин угалы десек, кайгылуу күндөрдө коркуп калышкан айрым адамдар эмнегедир аты-жөнүн толук айтпай, кээ бири сүрөткө түшүүдөн да баш тартып жатышты.

Марифат,
Жалал-Абад шаары, 65 жашта:
- Өкмөт жакшы эле иштеп атат. Кыргыздар менен мурункудай эле жашап калдык. Кырсык да эми. Эмнеге жазда тополоң болот деп атышат. Кудай андай кырсыктан алыс кылсын. Эми болду да, дагы өрттөшүп, кырылышабызбы?

Кыргызга турмушка чыккан
Дилорам,
Жалал-Абад шаары:
- Ленин көчөсүндө жашайбыз. Үйүбүз өрттөндү. Айла жок өмүр улана берет экен. Бул эми Кыргызстанда тополоң болсун дегендердин кылган иши болду. Карапайым калкта өзбеги болобу, кыргызы болобу күнөө жок да. Эл баарын билет. Ал эми Өкмөт тууралуу айтсак, жакшы эле иштеп атышат окшойт. Атамбаевдин авторитети менен бензин арзандады. Губернатор Бектур Асанов да жардамга муктаждардын маселесин чечкенге аракет кылып атат. Өрттөнгөндөр бутубузга туруп келатабыз. Карапайым эл ынтымактуу элебиз. Баарын жогору жактагы чоңдор өздөрү өзбек-кыргыз, түндүк-түштүк деп бөлүнүп атпайбы. Президенттик шайлоо келатат дейби, ошого дагы элди бөлүп жаман кылат го деп кыжалатпыз. Саясат башталса эле балекет башталат. Иштеген эле бирөөнү президент кылса гана. Эл да убара болот. Парламентти карасаң бири-бирин жаман көрүп, кекетип сүйлөгөн эле депутаттар. Аларга биз ишенип турсак, алар ынтымаксыз болсо, бизде каяктагы үмүт. Уялышса боло, кан төккөн балдарды аяшса боло, токтошсо боло. Дүйнөгө таанылдык эми намыстанып иштешпейби. Бир эки эле адам жан үрөп иштебесе калганы бийлик талашмай. Андан көрө криминалдарды тыкыр жойсо, эгер өздөрү аларга "крыша" болбосо. Эл арасынан айрым чоңдордун кылыгын угуп алып, айраң таңбыз, чынбы, калппы, билбейм, бирок элдин айтканы туура келчү эле. Тынччылык болсунчу, баарыбыз убактылуу жашаган эле пендебиз да, эмнеге жанталашабыз, өлбөчүдөй болуп, тирүүлүк дегендин баркын билдирчү окуялар деле болуп, согуш жанып кетпедиби, жалкыган жокпузбу? Келгиле тынччылыкта жашайлычы?

Кубат Өзүев,
30 жашта. Ош шаары:
- 14-майда биринчи тополоң башталып, баягы Бакиев Жалал-Абадга келди эле го. Ошондо иним Жакшылык Өзүев Шерматовичке ок тийип каза тапкан. Анда Жаныштын охраналары бүт куралчан эле. Ошолор атышканда тийген. Базарды жаап коюп, тынчтык митингге чыккыла деген экен, эл менен барганда артынан атыптыр. Соту болуп атат, күнөөлүүлөр аныктала элек. Өлгөндөрдүн кунун алыш керек да. Канкорлордун кылганы жанга батты. Ал эми биздеги өзбек-кыргыз мамилеси акыры жакшырат го. Каякка бармак элек бир жерде жашап жаткандан кийин ынтымакта эле жашашыбыз керек да.
P.S.: Жергиликтүү жетекчилер кыргыздарга караганда өзбек тургундарга чет элдик донорлордун жардамы арбын болуп атканын ырастады. Анткени Ош окуясын иликтеген НПОлор Кыргызстандагы азчылык улут өкүлдөрүнүн укугун коргоо зарыл деген маалымат таратышканы боюнча жардамдар бөлүнгөн экен. Жалал-Абаддын тар көчөлөрүндө өрттөлгөн махаллалардын ордуна чоң үйлөрдү башка, кенен жерге салып берүүгө өзбектер макул болбой аткан фактылар бар экен. Анткени НПОлор: "жашаган жериңердин дареги өзгөрсө жардамдар берилбей калат"- деген экен. Губернатор Бектур Асановдун айтканына караганда, шаарды көрктөндүрүү үчүн көчөлөрдү да кеңейтип, асфальттоо иштерине жогорудагы түшүнбөстүктөр тоскоол болуп жатыптыр.
Рита Борбукеева





Турсунбек Чыңгышев эмне мынча "тырмышты"?
Азыркы биздин мамлекет башынан өткөрүп жаткан оор күндөрдө, элдин тынчтыгы, биримдиги, ынтымагы оңой маселе эмес экендигин акыл - эси бар адамдардын бардыгы билет болуш керек. Учурда президенттин да, өкмөттүн да иштери ушул чоң маселеге багытталган.

Президент Роза Отунбаева өзү да аймактардын баарын кыдырып жалпы элди биримдикке, ынтымакка чакырып жатат. Себеби ынтымак жок болсо бөлүнүп, жарылып итче ыркырашкандан пайда жок экенине баарыбыздын көзүбүз жетти окшойт.
Бирок ушундай учурда айылдын ынтымагын кетирип бөлүп-жаруу менен алектенген топтордун пайда болгондугу өкүндүрөт. Мына ушундай топтун биздин Барскоон айылында да ылдый жак, өйдө жак, кутуй, мажик деп бөлүк жарып, элдин ынтымагын кетирип айылга тынчтык бербегендигинен улам гезиттерге аргасыздан кайрылганга мажбур болуп жатабыз.
Максатыбыз жок дегенде ушул топтун башында туруп, уюштуруп жаткандарды элдин билиши керек экендигинде. Көрсө бул топтун башында "атактуу" агабыз Чынгышев Турсунбек тургандыгы жакында белгилүү болду.
Чынгышевдын кандайча "атагы" чыккандыгын Кыргызстандын эли унута элек. Акаевге кошулуп мамлекеттин алтынын "аласалдырганы" аз келгенсип, "жалкоолор менен келесоолор эле уурдабайт"-деген былжырак сөзү менен Барскоон эле эмес, бүтүндөй көлдүктөрдүн бетине көө жапканы эмдигиче эсибизде. Премьер-министр болуп иштеген иши менен эмес ушул айткан сөзү менен тарыхта калды десек да болот. Учурда Чынгышевдин жанында жандап жүргөн жан жөкөрлөрү өзүнүн балдарынан да кичүү бизнесмен сөрөйлөр Кады, Шалбаев, Эшмамбетов дегендер. Булардын максаты мөөнөтүнөн мурда айыл өкмөтүн алмаштырып өз максаттарына жетүү экендиги эл арасында кызуу сөз болууда. Азыркы айыл өкмөтү Бекболоттун жасап жаткан иштерин көрмөк турсун уккулары да келишпейт. Айыл өкмөттү алмаштыруунун айласын кылып буларың акыркы күндөрү Бишкек менен айылдын ортосунда чапкылап жүрүшөт.
Айыл өкмөтү Бекболот жөнүндө айтсак колунан келишинче иштеп жатат. Жакында эле айылга 25 тонналык эки чоң самосвал бир жүктөөчү трактор алып келди. Көчөнүн баарына шагыл төктүрүп, түздөтүп жатат. Бир ишкананын жетекчилери менен сүйлөшүп Кумтөргө самосвалдарды кийирип жумуш орундарын түздү. Ал жумушка 25 киши кирип иштеп жатат. Айыл чоң болгондуктан, дагы бир мектеп салдыруу үчүн чуркап жүрөт. Эми анча-мынча кемчиликтери да болуп жатат, себеби иш бар жерде кемчилик да болот экен. Ошол эле "атактуу" Чынгышев премьер-министр болуп турганда да айылга бир сомдук жардам кылган эмес. Ал эми жанында жүргөн бизнесмен сөрөй Кады айылда МЖС деген ишкананы жетектеп тургандагы кылыктарын эл жакшы билет. 9-февралда айыл өкмөтүнүн отчеттук чогулушу болуп, көпчүлүк добуш менен айыл өкмөтү Бекболот ордунда калган.
Чынгышев андан кийин да жөн жата албай 25-февралда айылдык кеңештин депутаттарын чогултуп, Бекболотту иштен алдырып салам деген максаты ишке ашкан эмес. Булар Бишкектеги "Бапа коомунун" атынан келдик дешет, ал эми Бишкектеги коомдун башка мүчөлөрү коомдо андай маселе каралбагандыгын айтышууда.
Эми жетимишке жашы таяп калган Чынгышевге эмне керек экендигин билбей башыбыз маң. Кеч да болсо эстерине келип, бузукулук иштерин токтотуп, айылды жайына койсо жакшы болот эле. Жакшылыктан үмүтүбүз үзүлө элек.
Эсенгулов, Конокбаев,
Келгенбаев, Элебесов, Токтокожоев жана башкалар,
Барскоон айылы.



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика