mainkaptal
Пользовательский поиск
Экономика -
аң-сезимдин күзгүсү
Кыргызстандын эгемендигине мына быйыл буюрса 20 жыл толот. Бул жыл кыргызстандыктар үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени ата-бабалар кылымдар бою эңсеп келген эгемендик майрамынын тегерек датасы. Ошону менен бирге эле калкыбыз артка көз чаптырып, 20 жыл ичинде кандай жетишкендиктерге ээ болгондугун жана эмне кемчиликтерди кетиргендигин ойлой, өздөрүнүн алдында эсеп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп олтурат. Кыргызстандын көптөгөн маанилүү маселелеринин түп-тамырында бир канча факторлор жатат. Бирок ошол факторлордун жанында эң маанилүү болгон өлкөнүн экономикалык жагдайынын дагы ролу өтө чоң. Кыргызстандын экономикасы учурда кандай абалда жана мамлекетибиздин бул жааттагы саясаты кандай болуп келген, ошондой эле элибиздин жакшы турмуш куруп кетишине азыркы экономикабыз шарт түзүп бере алабы деген суроолор жарандарыбызды ойлонтпой койбосо керек?

Бул суроолорго жооп табыш үчүн учурдагы маселелерге көп кырдуу карашыбыз керек, анткени мамлекетибиздин экономикасына төмөнкүдөй түрдүү факторлор таасирин тийгизип турат: элдин аң-сезими, мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгү, түзүлүшү жана тутунган идеологиясы, үрп-адаттары, салт-санаасы, тарыхы ж.б. Кыргызстанда 70 жыл коммунизмдин өкүм сүрүшү, ал доордогу пландоо экономикасы жана Совет доорунун саясаты кыргызстандыктардын жашоосуна таасирин, албетте, тийгизбей койгон жок. Кыргызстандын пландоо экономикасынан базар экономикасына, коммунисттик идеологиядан демократиялык баалуулуктарга бир учурда өтүү муктаждыгы элге чоң кыйынчылыктарды туудурду. Элдин аң-сезими, мамлекеттик органдар жана жалпы эле коом мындай жаңы түзүлүшкө даяр болбогондугу жана бир тамчы кан тамбастан белек катары колубузга берилип калган эгемендигибизди кандай колдонууну биле албагандыгыбыз даана көрүнүп турат.
Экономика - эгемендүүлүктүн пайдубалы
Эгемендүүлүктүн баркына дагы эле жете албай жүргөндөйбүз. Бир акылман: "Эгемендүүлүккө жетиш үчүн кан, тер төгүлүшү керек", - деп айтыптыр. 1991-жылы Советтер Союзу күч-кубаттуу болгондугуна карабастан кан төгүлбөстөн эле ыдырап, натыйжада Кыргызстан дагы башка Союздук республикалардын катарында эгемендикке ээ болду. Апрель ынкылабы жана Оштогу июнь окуялары акыры келип кан да төктүрдү. Эми тер төгүп иштегенге бел байлашыбыз керек.
20 жыл бою эл аралык уюмдар тарабынан каржыланып келген экономикалык реформалар тынымсыз жүрүп турду. Ал реформалар Кыргызстандын эгемендигин түптөй ала турган экономика куруп кетишибизге шарт түзүп бере албады. Өткөн реформалардын жыйынтыгы бийликтин дагы, элдин дагы бирөөнүн оозун карап турган - күн карама болуп калгандыгыбызды далилдеп турат. Тилекке каршы, көп учурда ким акча берсе ошонун сөзүн сүйлөп келе жатабыз. Бул элдин аң-сезимине жана түздөн-түз эгемендүүлүгүбүзгө чоң зыян алып келди. Азыркы учурга чейин улуттук көз карандысыз экономика кура албай келе жатабыз.
Экономика - бир мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн пайдубалы. Экономикабыздын акыбалы начар болгондуктан, биз башка мамлекеттерге жана ар түрдүү күчтөрдүн таасири астында калып эгемендүүлүгүбүздү жоготуп алуу коркунучу алдында турабыз. Алгач барар багытыбызды так белгилеп албасак, эртең эле мамлекетибизди кайра реформалоого туура келет. Тез өзгөрүп турган ааламдашуу доорунда андай адашуулар бизди башка өлкөлөрдүн жанында кыйын абалга дуушар кылууда.
Адам баласы билимин жана тажрыйбасын жогорулатып башкалар менен атаандашкандай эле, мамлекет дагы түрдүү тармактарда өнүгүп башка мамлекеттер менен атаандашууга тийиш. Экономика - бул мамлекеттин каражат табуу, аны туура колдонуу жана көбөйтүү жөндөмдүүлүгү десек болот. Демек, адам баласы өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө карай замандын талабына жараша максат коюп, ошол максатка жетиш үчүн иш-чараларды көргөндөй, мамлекет дагы дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө, өзүнүн күчүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша максаттарды туура коюп, экономикалык стратегияларын иштеп чыгышы жана кайсыл тармакка басым жасаш керектиги боюнча акценттерди туура коюп, тактап алуусу керек.
Бардык саясатчылар мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү керектигин айтышат. Экономиканы өнүктүрүү деген эмне? Эгер жөнөкөй тил менен айтсак, элдин жашоо деңгээлинин жогорулашы - бул экономиканын өсүшү болуп эсептелет. Эл бай болсо, мамлекет дагы бай болот. Демек, мамлекет элди байытууга аракет жасап, бул жаатта элдин акча табуусуна шарт түзүп бериши абзел. 20 жылдан бери элдин турмушу оорлошуп, байлар менен кедейлердин ортосундагы айырма чоңоюп, орточо стандартта жашаган элдин бөлүгү жок болуп баратканын байкоого болот.
Экономиканын акыбалынын кандай деңгээлде экендигин төмөнкү мисалдардан билели: чиновниктердин коррупцияга малынып калгандыгы, экономиканын өзөгүн түзгөн орто жана чакан бизнеске шарттар түзүлбөгөндүгү, ошондой эле мамлекеттин так өнүгүү стратегиясынын болбогондугу жана эффективдүү иштей турган чакан өкмөт курулбагандыгы ж.б. Дүйнөлүк тенденцияларды туура баамдай албагандыгыбыздан атаандаштыкка чыдай алган экономиканы кура албай келе жатабыз.
Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы өндүрүш доорунан маалымат дооруна эчак эле өткөн. Өнүккөн мамлекеттердин экономикасынын 70 пайызын билим жана маалыматка таянган кызмат секторлору түзөт. Оор өндүрүш, айыл чарбалары, ж.б. тармактар мамлекеттин коопсуздугун сактап туруш үчүн гана дотацияланып кармалып турат. Мисал үчүн кыргызстандык дыйкан 1 тонна картошканы 6 ай өстүрүп, 20 000 сомго сатат. Ал эми Тайвандагы ишкер 1 компьютерди 1 сааттын ичинде чогултуп, ошол эле баага сата алат. Ал эми индиялык бир программист 6 айдын ичинде баасы эң кеминде 1 000 000 АКШ доллар болгон программаны үйүнөн чыкпай туруп эле таба алат. Ушул мисалда көрүнүп тургандай, биз замандын талабына ылайык тармактарга басым жасап, экономикабызды атаандаштык деңгээлге чыгарышыбыз керек.
Максатыбыздын бир болушу - Кыргызстандын өнүгүшү
Кыргызстандык саясатчылардын дээрлик көпчүлүгү эскиче ойлонуп, эски методдор менен иштеп келе жатышат. Көпчүлүгүнүн мамлекетти өнүктүрүү жаатында көрөгөчтүгү, стратегиялары жана программалары жок. Азыркы учурда колдонгон программаларын коңшулаш мамлекеттерден көчүрүп алгандыгы жөнүндө көп сын пикирлер айтылып келет.
Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн калктын жана саясатчыларынын ою бир болушу керек - бул Кыргызстандын өнүгүшү. Эгер ушул маселеде баарыбыз бир ойдо болсок ынкылаптар болмок эмес. Максат бир болгон соң, ал максатка жетүү жолдорунун ар башка болуусу максатка жетүүгө тоскоол болбойт. Эгер азыркы учурда дагы эле "ыңкылап жели" согуп турган болсо, демек, саясий элитанын максаттары башка - элдин ой-мүдөөсү башка болуп жаткандыгы. Саясатчылардын арзыбаган саясий жана жеке кызыкчылыктарынан улам, Кыргызстандын экономикасы түп-тамыры менен бузулуп баратышы интеллигенцияны кайдыгер калтырбаса керек.
Саясий элитанын мамлекеттин максаттарын жана өнүгүү жолдорун элге так түшүндүрүп жана көрсөтүп бере албагандыгы көп нааразычылыктарды туудурат. Бул болсо саясий элита менен элдин ортосундагы байланыштын жоктугун көрсөтөт. Саясатчылар калайык-калкка Кыргызстандын 5, 10, 20, 30 жылдан кийин кандай өлкө болорун көрсөтө алуулары керек. Ошондо эл, саясатчылардан эмнени талап кылышты билмек жана ошого жараша сабыр кылып, бардык жарандардын энергиясы бир максатты көздөй жумшалмак жана ар ким өз билемдигин жасамак эмес.
Кыргызстандын акча табуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жолдору
Биринчиден, Кыргызстан кайсыл тармактарда мүмкүнчүлүктөрү жогору экендигин аныктап алуубуз зарыл. Булар - адамдык ресурстар, кооз табигат жана кен байлыктар. 21 кылымдын экономикасы маалымат технологияларына таянат. Маалыматка жетүү, аны туура колдонуу жана сата билүү бир гана билим аркылуу болот. Бул доордо экономикага кен байлыктардан дагы көп киреше алып келе турган ресурс - бул адам ресурстары болуп калды.
Мамлекет билим берүү тармагында кандай иш алып бара жаткандыгына көз чаптыралы. Мамлекеттик университеттер 20 жылдан бери дотацияланып келе жатышат. Бул университеттер жогорку денгээлдеги адистерди даярдай алышкан эмес жана илимий чоң жетишкендиктери жок. Азыркы учурда мамлекет тарабынан каржыланып, колдонулуп келген системада диплому бар, бирок билими жок бүтүрүүчүлөр мамлекетке жүк болуп келе жатышат.
Өкмөт университеттердин жетишкендиктерине жараша шыктандыруу иретинде жакшы материалдык колдоо көрсөтүшү тийиш, же каржылоону азайтуу аркылуу атаандаштыкка чыдай албаган университеттерди жоюусу зарыл. Эгер университеттерге талап көп, сунуш аз болсо, анда базар экономикасы бул маселени дагы жөнгө салып коёт, анткени менчик университеттер көп ачыла баштайт. Жакшы иштеп кете алган мамлекеттик университеттерге илимий изилдөөнү замандын талабына ылайык жүргүзүү үчүн чоң каражаттарды өкмөт бөлүп бериши керек. Өнүккөн мамлекеттердин университеттеринин илимий борборлорунда 21-кылымдын экономикасын түптөй турган ачылыштарды жасап, өлкөнү өнүктүргөнгө эн чоң салымын салышат.
Эгер билим берүү тармагын өнүктүрүп алсак, башка мамлекеттерден келген студенттер дагы акча төлөп окушмак. Англияга, Сингапурга окшогон мамлекеттерде тыштан келип окуган студенттер мамлекеттин казынасына чоң пайда алып келишет. Атаандаш билим берүү системасын куруп алсак, Африка жана Азиядан көп студенттер бизге умтулмак, анткени биздин меймандос элибиз, жагымдуу климатыбыз жана арзан жашоо стандарттарыбыз коңшулаш өлкөлөргө салыштырмалуу ыңгайлуу.
Кооз табигатыбыз болуп туруп, туризмди өнүктүрө албай келе жатабыз. Бул тармакта эң чоң маселелерден төмөнкүлөрү көзгө көрүнбөй койбойт: саясий стабилдүүлүктүн жоктугу; инфраструктуранын начардыгы; заманбап талапка ылайык сервистин жоктугу; аба каттамдардын аздыгы жана кымбаттыгы; дүйнөгө табигый кооздуктарыбызды даңазалаган жарнактарды чыгара албагандыгыбыз ж.б. Айтылып өткөн себептердин көбү саясий эрк жана атаандаштыкты түзүүнү гана талап кылат.
Кен байлыктарыбыз көп болгону анык, бирок ал кен байлыктарды чыгарып, иштетип сатуу өтө чоң кыйынчылыктарга турат жана көптөгөн каражаттарды талап кылат эмеспи. Кыргызстандын азырынча өзүнүн мүмкүнчүлүгү жок. Өзүбүз чыгара албагандан кийин тышкы инвесторлорду бул тармактан качырбай аларга шарт түзүп беришибиз керек. Келген инвесторлор жумуш орундарын түзүшөт жана салыктарын төлөшөт. Ошондой эле мамлекетибиз акциялар аркылуу чыккан кең байлыктардан киреше табат. Саясий элитабыз элге бул тармакта тышкы инвесторлор каражат сарптабаса, биздин өзүбүздүн күчүбүз жетпегендигин элге түшүндүрүп бере албай келишет. Балким, мунун себеби саясий күчтөрдүн элдин ишениминен ажырап калгандыгын аныктаган чыгар.
Мамлекеттик кирешелердин 50 пайыздан көбүн Кумтөр компаниясы берип келет. Эгер бул тармакка тышкы инвестор келбегенде биздин кен байлыктар дагы эле жердин алдында элге кызмат кылбай жата бермек.
Экинчиден, дүйнөдө өкүм сүрүп жаткан базар экономикасынын оюн шарттарын Кыргызстан жакшы өздөштүрүшү зарыл. Кыргыз өкмөтү жалпы эле тармактарга экономикалык эффективдүүлүк призмасы аркылуу карашы тийиш. Көптөгөн өлкөлөрдө мамлекеттик ишканалар менчик компаниялар менен атаандаша албайт. Экөөнү салыштырсак, менчик компаниялар ыкчамыраак, чаканыраак, өздөрүнүн ишине күйүшөт жана иш куралдарын этият колдонушмакчы. Ошондон улам, өнүккөн мамлекеттер көп тармактарды менчиктештирип, чакан жана жакшы каржыланган өкмөт курушат. Жакшы каржылангандан кийин, өкмөткө мыкты адистер келип ишкерлерге жакшы акча табуу шарттарын түзүп беришет.
Мамлекеттин кирешеси салыктар аркылуу келерин билебиз. Ишкерлер көп салык төлөш үчүн, көп акча табуулары зарыл. Демек, мамлекет ишкерлердин жүгүн жеңилдетип, аларды колдоп өстүрүп туруусу керек. Ишкерлер чоңойгон сайын, салыктар менен бирге жумуш орундары дагы көбөйөт. Ааламдашуу процесстери жүрүп жаткан кезде мамлекет өзүнүн гана ичинде эмес, керек болсо башка өлкөлөрдө дагы өзүнүн ишкерлерине акча табуулары үчүн шарттарды түзүп бериши тийиш.
Жыйынтыктоо
Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүү боюнча так саясат болбогондугу ачык-айкын көрүнүп турат. Ал Биздин ушуга чейин иштеп чыккан экономикалык стратегияларыбызда декларативдүү айтылганы менен, эң приоритеттүү тармактарга басым жасалганы көрүнбөй турат. Мамлекеттик органдар жана ишканалар эффективдүү иштей албаганы менен бирге, инвестиция алынып келе турган мейкиндик жана ишкерлердин өнүгүп-өсүшүнө шарт түзө албады. Башкача айтканда, чет өлкөлөрдөн алган карыздардын эсебинен жашап келе жатабыз.
Мындай шарттарда экономикабызга көңүл бурбасак, мамлекеттүүлүктү сактап калуубуз күмөн. Мамлекетибиздин коопсуздугу экономика менен түздөн-түз байланышта, себеби күч структураларыбызды жакшы каржылаш үчүн, мыкты экономикабыз болушу зарыл. Кайсыл тармакты гана алып карабайлы, бүт тармактар келип каражатка такалат.
Өткөн эки ыңкылап дагы элдин материалдык жагдайынын начарлап кеткенинен улам келип чыкты десек болот. Элибиздин аң-сезими базар экономикасына даяр болуп калды, бирок мамлекеттик органдар жана ишканалар бийликтин саясий эрктүүлүгү жоктугунан базар экономикасынын талабына ылайык иштебей келе жатат. Максаттар так коюлуп, мамлекеттик машина толугу менен ал максаттардын орундалышы үчүн иштеши зарыл.
Максатыбыз 21-кылымдын талабына ылайык заманбап мамлекет куруу болсо, анда жогоруда айтылып өткөн эң приоритеттүү тармактарга басым жасап, ал тармактарда дүйнөдө биринчи болгонго аракет кылышыбыз керек. Дүйнөдө бул моделди туура колдонуп кеткен Сингапур, Япония, Малайзия, Түркия жана башка өлкөлөрдү баарыбыз көрүп турабыз. Өнүгүүбүзгө эң чоң тоскоолдуктардын бири болгон жана акыркы кезде улуттук көнүмүш адатка айланып бара жаткан донорлордон акча жана реформалоону күтүү оорусунан арылышыбыз зарыл.
Эсенкул Момункулов,
Сереп Изилдөө институтунун
директору.





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"