mainkaptal

Пользовательский поиск
Бүткөн ишке сынчы көп
Апрель окуясы жакындаган сайын кайрадан бийликке жойлоп киришкен бакиевчилер эски кожоюну төккөн канды, кыйган кырчындай өмүрлөрдү азыркы бийликтеги мурунку оппозиция өкүлдөрүнө оодара салганды адат кылып, ачык эле айтып башташты.
Менимче, бул көз караш аларды каралоого кызыкдар саясатчылар менен карапайым мага окшогон элдин күнөөсү деген ойдомун.
Апрель революциясынын учурунда оппозициянын көрүнүктүү лидерлеринин көпчүлүгү камакта болчу. Же камакта жатып, "атса да болбой, каптай бергиле"- деп үндөптүрбү? Азыркы учурда борбордук аянтта окко учкан жигиттердин өлүмүнө ошол кездеги оппозицияны күнөөлүү деп аткан саясатчылар ошол кезде эркиндикте жүрүшүп, эмнеге элди токтотуп коюуга аракет жасашпады. Менимче, ал учурда элди эч ким токтото алмак эмес. Оппозиция лидерлери камакта болбой, эл менен жүргөн күндө деле элди токтото албайт эле. Анткени элдин чыдамы түгөнгөн.
"Бүткөн ишке сынчы көп" дегендей, жумурткадан кыр чыгара берген айрым саясатчыларыбыздын элдин башын айланткандан башка бир дагы пайдалуу сунуш киргизгенин көрө албадым.
Бир адамга бийликти топтоп койгондо акыры жеке бийлөөчүлүккө алып келерин жана андай бийликтин "жемишин" өткөн эки президентибизде көрбөдүкпү.
Убактылуу бийлик президенттик башкарууну жоюп, бийлик бутактарынын укуктарын теңдештирген Конституция кабыл алды. Шайлоону таза өткөрдү. Ырас, иш бар жерде кемчиликтер болбой койбойт. Ошондуктан Убактылуу Өкмөт бардыгын сонун кылды дегенден алысмын. Ошентсе да элдин ишке ашпай келген талаптарынын эң негизгилерин ишке ашырды десем аша чапкандык болбос.
Таза өткөн шайлоодо айрым саясатчыларыбыздын "кара пиарына" ишенип алып, мурунку оппозициялардан баш тартып эски чиновниктерди колдоп, депутаттыкка өткөрдүк. Алар болсо кайра бийликти толук колго алуу үчүн болгон аракетин жасап жатышат.
Жеке түшүнүгүмдө, А.Жапаров жетектеген комитеттин бюджетти бекитүүгө каршы болуп жаткандыгын, өкмөттүн ишин атайын үзгүлтүккө учуратуу деп эсептеймин.
Ооба, бюджетте ишенүүгө болбогон суммадагы кирешелер бар. Бирок Атамбаев, Бабанов экөө тең бюджеттеги көрсөтүлгөн суммаларды таба албасак, отставкага кетебиз деп, алар өздөрүнө ишенген үчүн айтып жатат да. Демек, калп эле созбой бекитип берүүлөрү керек эле.
Сынчынын сыңар өтүгү майрык дегендей, Жапаровдун ишин да көрбөдүк беле. Кыргызстанды ХИПКе кийриш керек деп аз жерден башка мамлекеттерге көз каранды кылып, түздөн-түз бийлетип коё жаздаганын кантип унутабыз. Бюджеттеги бул дефицит сумманы таба албайбыз, андан көрө ХИПКке өтөлү деп эски жоругун баштаганы жатабы. Же чыгымды азайтып мугалимдердин айлыгын мурункудай эле калтыралы дейби.
Жеке пикиримде, Өкмөт колунан келгенин кылып атат. Өткөн 2 бийлик батырып кеткен саздан чыгуу үчүн убакыт керек экендигин эске алуубуз керек.
Жок, биз эч нерсе менен эсептешпей эле, нааразылык акциясына чыгууну өнөкөт кылып алдык. Кээ бир жарандарыбыз жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн да ачкачылык жарыялап өкмөттү коркутчу болду. Мисалы, Нарын губернаторун кызматтан алса, кайра ордуна кой деп ачкачылык жарыялап чыгышпадыбы.
"Бийликке өз партиялаштарын эле коюп жатышат" -деп азыркы өкмөттү күнөөлөшүүдө.
Кайсыл жетекчи болсо да, өз ишинин жакшы жүрүшүн каалайт. (Айрыкча ушундай кырдаалда) Ал үчүн кол алдындагы кызматкерлерди камчы салдырбай, өз ишин алып кетүүчү адамдардан тандайт. Партиялашпыз деп кызматка коё берсе, иши жүрүшпөй эртең эле өзү да ээрден шыпырылары кимге болсо да түшүнүктүү. Демек, "кызматка кызыккандар" - силерге караганда партиялаштарынын жөндөмдүүлүгүнө ишенимдери чоң экен деп түшүнүңүздөр. "Мен ушул ишке кыйынмын" деген амбиция ар бир саясатыбызда бар. Ал эмнеге жөндөмдүү экендигин өзү эмес, башка адам жакшы түшүнөт.
Урматтуу
А.Жекшенкулов, М.Өмүракунов!
Азыр бардык эле товарлар, айрыкча тамак-аш кымбаттап жаткандыгын сиздер айтпасаңыздар деле билебиз. Аны жоюу үчүн өкмөттүн жасап жаткан аракеттеринен да кабардарбыз. Сиздер өзүңөрдү өзүңөр премьер-министр, парламентке башчы кылып шайлап албай эле, кризистен чыгуунун жолдорун бийликке, аларга жеткизе албасаңар ММКлар аркылуу элге жеткирсеңиздер туура болмок эле. Эл көрүп тургандай, "оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" - болуп, ММКларда саясатчылардын сөзүн жерде калтырбайт.
Тилебалды Бакытаев,
пенсионер




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика