Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Баратбай АРАКЕЕВ
Кандуу жылдар
...Бу сөз Куланга октой тийди. Сөздүн ачуулугун ушундан бил, ал эсинен тана жаздады. Бир жагына кыйшайган жаак эти дирт-дирт эте башы калчылдай түштү.
- Сен Нестанды кор кылып, сойку Сонунуң экөөң кылбаганды кылганыңды көрүп-билип жүргөн Кудай эми сага көрсөтүп жатат, түшүндүңбү, - деди Макан кекээрлеп. - Нестан эми меники, менин аялым. Мени менен бактылуу жашайт.
Муну уккан Кулан ого бетер оңколоду, бул дүйнөңдөн кечип кеткиси бар, айласы жогунан көзүн жумду. Көз жумгандан башка айласы жок болчу ушул тапта.
Нестан да кызык болду. "Нестан эми менин аялым" деген Макандын сөзү анын да дайнын таптырбай салды. Дене боюн бир жылуулук каптап өттү, жагымдуу ошол жылуулук аны бат эле өрттөп жибере жаздады. Жыргаганы менен уялганы аралаша кетип Маканына кынала түштү, жер тиктейт.
Макан аны колдон ала жетелеп кетти. Көзүн кайра ачкан Кулан эми аларды даана көрдү. Нестанын жетелеп бараткан жигит жалаңкычтай да, коркунучтуу да көрүндү. Буулугуп кетти. Эч качан ыйлабагандай буркурап ыйлап жиберди. Жанындай көргөн Нестанын колунан алдырбадыбы. Буту-колу соо болсо ушул азыр жетип барып өлбөгөн жерде калып Нестанын алып калмак. Бу сыртынан эле каруусу байкалган жигитти балталаса да алып калмак Нестанын. Ордунан обдулган болду. Эми эле соо өңдөнгөн экинчи буту кыймылдабайт. Бутун бүккөнгө аракет кылды эле андан майнап чыккан жок, кыймылсыз. Кадимкидей өңгүрөп жиберди.
Анын үнүн уккан Батма жете келди:
- Сизге эмне болду, аке?!
Кулан жооп бере албайт эле. Эмне болгонун бу келинге кантип айтат, айткан күндө да шай жок болчу. Маңдайында турган келинди тиктегени менен аны даана көрө албай көзү тумандап жашы куюлуп турду. Эми элеги бакырыгы калып мелтиреди. Үзүлүп кетсем экен деп Кудайдан чын тиленген болчу азыр...
Макан менен Нестан Кенженин жанында дагы бир сааттай отурушту. Сүйлөнбөгөн сөз аз болду. Нестан Кенжеге аябай берилген эмеспи, ошол маанайы келип аны менен эзилише сүйлөшөт. Макан кез-кези менен кепке аралашканы болбосо, кеп ээлери Кенже менен Нестан болуп турду.
Кетеринде Макан аз күндөн кийин Кенжени алып кетип чоң догдурларга көрсөтүп сөзсүз айыктырарын айтты эле, Кенже адатынча былбырай жашып берди. Бу ыйманы куюлган эки жаштын улам бирин өпкүлөп, анысын коштогон ыйы басылбай жаткан жеринде узатып калды. Кенже апанын жашоого кумары келди...
***
Нестандын мерез атасы Жигитбек катуу кайгыга баткан кез. Анан кантмек. Жүрөгүн денесине кошуп, бүт дүйнөсүн ээлеп алган Сонун катыны эч нерсе айтпастан баса бербедиби. Баса бергенде да эченден бери чогултуп жүргөн акчасынан бир тыйын таштабай алып кетиптир. Илгери колхоздун конторунан үйүнө апкелип өзү жаткан бөлмөсүндөгү дубалга киргизе орнотуп алган чакан сейфине акчасын, документтерин, түрдүү кагаз-пагаздарын катчу. Ачкычын жанынан чыгарчу эмес. Кийин Сонун таарынымыш эткенде ага бир ачкыч жасатып берген. Сейф ошентип эки кожоюндуу болгон. Быйыл эгини түшүмдүү болуп жакшы баа кылып саткан. Аны мурунку акчаларына кошуп Сонун бир жакка кеткен күндөрү ошол акчаларды алып чыгып кайра-кайра санай берчү. Ошондо көңүлү токпейил тартып, дене-боюн жылуулук каптап, корстон болуп турчу. Сонунду эки күн күттү. Үчүнчү күнү сейфти ачып акча салчу текчеси бош турганын көрүп жүрөгү куушурулду. Шалдайып отуруп калды. Сонундун эмне оокаты калды экен деп шифоньерден баштап бардык жерден издеди эле бир байпагы да калбаптыр.
Ошондо биринчи жолу Жигитбек Сонунду жек көрүп турду. Сонунга караганда акчаны жакшы көрөт тура...
Эми Сонунду кайдан тапты? Тапкан күндө ал акчаны бере коебу. Мээсине кан таамп кете таштады, тегеренип-тегеренип отуруп калды. Кызыгың кур, кечээ эле көзүнө суйкайган сулуу болуп, жанбиргеси болуп көрүнчү аял эми ага жалаңкычтай элестеди...
Ошонун эртеси Жигитбек дале эмне кыларын билбей зыңгыраган үйүнүн улам бир бөлмөсүнө кирип-чыгып өзүн ээн талаа, эрме чөлдө калгандай сезип дүйнөсү тарып турду эле дарбаза кагылды. Дароо чыгып эшикти ачты. Маңдайында узун пальто, башында тумак кийген бир жигит турду:
- Салоомалейкум.
- Алеки салам...
- Сонун эженин күйөөсү болосузбу?
- Ии, - деди да, - болчумун, - деп кайра оңдоду.
- Ошол Сонун эже сизге жиберди эле. Бир нерсе сатып алып апкете албай жатыптыр...




Асыкбек ОМОРОВ
УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ
...Темирлан менен Хусейиндин армиясы мындан кийин Кеш шаарын көздөй бет алат. Шаарга жакындаганда доолбас жана чоң монгол барабандарын дүңгүрөтө койгулатып, атчан жоокерлердин колдоруна от карматып, абаны каңырсыган коюу чаң менен кара түтүнгө каптатып кирип келет. Шаардын үрөйү учуп, Темирландын жоокерлерине каршылык көрсөтпөй багынып берет.
Темирлан менен Хусейин Мавераннахрдын эмирлерин чогултуп, өздөрүн Чынгызхандын урпактары экенин таанытып, бийлик тактысына отуруу салтанатын өткөрөт. Самаркандда Темирлан өзүн башкаруучу эмир жарыялап, мамлекетти бийлей баштайт. (Темирландын Персия вариантында тартылган сүрөтүн караңыз).
Темирлан тактыга отургандан баштап анын жан-жөкөрлөрү, аскер башчылары, Чынгызхандан калган тогуз куйруктуу, кызыл күн, кара айдын сүрөтү бар ак жана кара түстүү эки желекти эстешип, ар бири Темирландын тактысынын астына келишип, тогуз жолу эңкейип таазим кылып жүгүнүп кетип жатышты. (Чынгызхандын тогуз куйруктуу ак жана кара түстөгү желектерин караңыз). Бул желектин касиети ошол кезде Күн менен Айдын нурунда, Көк Асмандын астында, Көкө Теңир колдогон элбиз деген белги эле.
Темирлан ошол күнү кечинде ордосундагы ак сөөктөргө жана аймактык эмирлерге, аскердик жоокер башчыларына сый тамак бердирди, марттыгын көргөзүп ар бирине баалуу буюмдарды тартуулады. Бирок Хусейин Темирланды жактырбаган мааниде тойдон кыр көрсөтө чыгып кетет.
Чогулган жыйында эмирлер Темирланга перси тилинде "Сахиб Киран" же болбосо "Жер жүзүнүн жеңүүчүсү" деген наам ыйгарышат. Окуя кеч күздө болгондуктан, чогулган эмирлер кышка даярданыш үчүн өз аймактарына кетишет.
Кийинки жылы жаздын алды менен Могулистандын ханы Туглук-Тимурдун ордун баскан баласы Иляс-Ходжа Темирландын бийлигин кулатуу үчүн Мавераннахрга кол салат. Беттешүү Чыназ менен Ташкент шаарынын орто жеринде болот. Салгылашуу болордун алдында монгол шамандары, жаанчылары катуу шамал чакырат, шамалдын артынан күчтүү жаан башталып таң аткыча ак жаанга айланат. Иляс-Ходжанын жоокерлери акылдуулук кылышып суу өтпөгөн материалдан жамынышып, таң аткыча ылымталуу далдоо жерде болушат. Ал эми Мавераннахр жоокерлери таң аткыча жаандын астында калып, кийимдеринен денелерине суу өтүп, чыйрыгып аябай чарчап калышат.
Эртеси күнү "чыла кармашы" деген ат менен тарыхта калган беттешүүдө Темирлан менен Хусейин жеңилүүгө учурайт. Алар Аму-Дарыясына багыт алып, Балх дубанынын аймактарына качат.
Самаркан шаарында Хусейин аскер калтырган эмес эле, ошондуктан монголдор ордо шаарга оңой киргенге жол ачылат. Самаркандын тургундарынын көпчүлүгү сарбадар уруусунан болгон. Сарбадарлар соода иштери, дыйканчылык жана майда кол өнөрчүлүк иштерин жакшы билгендиктен, алардын арасында монгол бийлигине каршылык маанай күчтүү эле. Монгол бийлигин ак сөөк мусулман башкаруучулары гана жактап турган.
Самарканга Иляс-Ходжанын колу жакындаганда шаардагы медресе-мечиттерде окугандардын жетекчиси Абу Бакир Калави, сарбадарлардын башчысы Мавланзаде элди чогултат. Он миңден ашык адам топтолуп, Мавланзаде элди Иляс-Ходжага каршы чыгууга үндөп сөз сүйлөп, ислам динин сактап калууга, тышкы баскынчыларга салык төлөөдөн баш тартууга чакырат.
Мавланзаде жана Абу-Бакир элдин колдоосун алгандан кийин шаарды коргоону уюштурат. Эркектер жапырт колдоруна курал алып, шаарды коргоого чыгышат. Мавланзаде башында турган сарбадарлар шаардын тар көчөлөрүндө тосмолорду коюп, жаачыларды далдоого жайгаштырышат. Иляс-Ходжанын аскерлери куралдуу каршылык болорун күтпөй, чоң көчөлөр аркылуу шаарга бейкапар кирип келишет. Качан тар көчөлөргө келгенде алар курчоодо калып, туш тараптан жааган таш менен жаа жебелерине кабылып, эки миң аскер жер жазданат. Шаар ичи адам менен ат өлүгүнө толуп, 3-4 күндүн ичинде жугуштуу оорулар жайылат. Бул Иляс-Ходжанын өмүрүндөгү акыркы согуш эле. Ал Моголистанды көздөй баш калкалап качып жөнөгөндө чек арадан дуглат урууларынын эмири Камар ад-Дин Иляс-Ходжаны кармап өлтүрүп таштайт.
Ошол жылдын жаз айларында Темирлан менен Хусейин Самарканды көздөй жүрүш жасайт. Бул жолу Абу Бакр, Хусейин жана Темирлан үчөө биригип, Самаркан шаарын каратып алышат. Бул окуя 1366-Жылкы жылында болгон эле. Мамлекетти башкаруу ишинде Хусейин жер-жерлердеги эмирлерге салыкты көбөйтүүнү жактап чыгат. Темирлан буга макул болбой, экөөнүн ортосунда кайрадан каршылык күчөйт. Салык чогултуу учурунда Темирлан өз аялынын сөйкөсүнөн баштап баалуу буюмдарын Хусейиндин эжесине берген, мындай көрүнүш кимдин-ким экенин көрсөтүп турду. Ошентип, Хусейин менен Темирландын ортосунда жарака улам чоңоюп жүрүп отурду.
Өлкөнүн ичинде кырдаал тынч болбой, майда көтөрүлүштөр чыгып турган, ошондуктан дыйкандар, кол өнөрчүлөр, дин кызматкерлери, соодагерлерден баштап эмирлерге чейин феодалдык бийликтин биригишин тилеп, тынч жашоону каалап турушту.
Хусейин Ооганстан жакта Балх, Хулм, Кундуз жана Кабул шаарларын, ал эми Темирлан Кеш, Карши шаарларын өздөрүнүн бийлиги астында кармап турушту. Темирландын аялы Алжай ооруп көз жумган учурдан тартып экөөнүн мамилеси кайра ого бетер курчуйт. Хусейин Темирланды Карши шаарынан сүрүп чыгарууга жетишет, Темирлан өз кезегинде Бухара шаарын басып алат. Темирланга жооп кылып Хусейин Сал-Сарайдан баштап Кундуз шаарына чейинки аймакты каратып алып, Мавераннахрга толугу менен бийлигин орнотуунун камында болот. Ошентип, Хусейин Бухара менен Самаркан шаарын алууга жетишет, Темирлан Хорасан шаарын колго алат.
Эрегиштен тажаган Хусейин акыры жарашуу демилгеси менен кайрылат...




Кулактандыруу!
"Жети Нур" борбору Мухаммад (САВ) Пайгамбарыбыздын туулган айына карата Пайгамбар жөнүндө мыкты обонго сынак жарыялайт. Обону да, сөзv да мыкты болгон ырларды дискке жаздырып алып келиңиздер. Сынактын жүрүшү 1-апрелге чейин. Жеңүүчүлөргө: 1-орун 20 000 сом, 2-орун 15 000 сом, 3-орун 10 000 сом. Сыйлыктар апрелдеги "мавлют" кечесинде тапшырылат. Сурап билүү 10:00-17:00ге чейин:
Тел: (312) 32 50 85, (559) 77 11 41.