mainkaptal
Пользовательский поиск
ЭПТЕП КЕЛТИРИП АЛДЫК ЭЛЕ,
КЕТИРБЕЙ КОЙГОНДО ЭМНЕ…
Президент Роза Отунбаева Америкага болгон официалдуу визити менен өзүнүн ички жана тышкы душмандарына катуу сокку урду, оңолгус сокку урду деп койсок жарашат.
Отунбаеванын Америкага болгон бул жолку сапары аябагандай эле жемиштүү болду, биринчи иретте мамлекетибиз үчүн болсо, экинчиден, жеке башына дагы дейли.

Алгач Отунбаеваны АКШнын президенти Барак Обама кабыл алды. Экөөнүн ортосундагы сүйлөшүү дурус делчү маанайда жүрүп, Обама Кыргызстан демократиялык жол менен өнүгө баштаганын, дүйнөлүк терроризмге каршы күрөштө Кыргызстандын да зор үлүшү бар экендигин белгилеп, Отунбаевага ыраазычылыгын айтты жана АКШ мындан ары да Кыргызстанга ар тараптуу жардамдарды берип турууну улантарын да билдирди. Өз кезегинде Отунбаева кыйын кырдаалда кыргыз мамлекетин колдогондугу үчүн Обамага чексиз ыраазычылыгын билдирди.
Барак Обама менен жолугушуусунан кийин Роза Отунбаева АКШнын мамлекеттик департаментинде кабыл алынып мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун колунан "Каарман айым" деп аталган сыйлыкты алды.
Аталган сыйлык 2007-жылы мурунку мамлекеттик катчы Кандолиза Райс тарабынан уюштурулуп, элинин тынчтыгы үчүн, эркиндиги үчүн кан-жанын аябай күрөш жүргүзүп келген 30дай аялга ыйгарылган. Ал эми мамлекеттин президентине биринчи жолу ыйгарылышы болду.
Эмнегедир Америка лидерлери менен абройлуу адамдарынын көпчүлүгү Роза Отунбаева менен жолугууга ынтызар экендигин ушул жолку расмий сапары айкындап койду. Президент Обама, мамкатчы Клинтон менен жолугушкандан соң, Отунбаева президенттик ат салышууда Обаманын атаандашы болгон таасирдүү сенатор Жон Маккейн, бир кездеги мамкатчы Мадлен Олбрайт жана башкалар менен жолугушуп чын дилден маектешти.
Алардан соң Роза Отунбаева АКШ Конгрессинин китепканасында кабыл алынып, аларга "Манастын" кыргызча жана англисче варианттарын белекке тапшырды, комуз күүсүн жаңырттырды. Бир кезде алакандай кыргызга гана белгилүү болгон залкар эпосубуз эми минтип дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекеттин башкы китепканасынан орун алып олтурат. Терең баам салсаңыз бу дагы бир чоң жеңиш. Анан да такталбаган маалымат боюнча Америка баланча миллион жардамын да бермей болду.
Президент Отунбаевага таза көз караштагылар баамдап жаткандыр, анын кадыр-баркы дүйнөлүк аренада күндөн-күнгө өсүп жатат. Тилекке каршы, баркы өскөн сайын президенттик мөөнөтү, кашайып, кемип жатат. Карапайым элди капа кылып турган учур ушул!
Жакында эле Россия Мамдумасына акча оротуп барып келген парламент төрагасы Келдибеков мырза Отунбаеванын Америкага болгон ушул жолку сапарынан бир нерсе үйрөнүүгө тийиш, а эмнеге дегенди өзү териштирип-тепчип алар, тиши небак чыккан…
Отунбаева аялдар арасынан "биринчи" деген аныктаманын бир тобуна ээ болуп турат: Орто Азияда биринчи жолу оппозиция башында турган, диктатордун бийликти кулаткандан кийин биринчи жолу Убактылуу Өкмөттүн башына келген, биринчи жолу мамлекеттин президенти болуп шайланган, анан биринчи жолу Америка мамлекеттик департаментинин кадырлуу сыйлыгына ээ болгон президент болуп олтурат. "Биринчи жолу" дегендин артында кандай эмгек, эр жүрөктүүлүк, элим дегенин биринчи орунга койгондук турат, жана да ал биринчи деген сыпаттамасы бар жол өтө татаал жол, анын накта инсандар, кайраттуу инсандар гана басып өтө алат. Эң башкысы - Роза Отунбаева биринчи жолу президенттик кызматын өз эрки менен аталган мөөнөттө башкага өткөзүп бергени турат, биринчи жолу! Темселеп, жыйырма жыл бою Акаев менен Бакиевдин айбандыктарына эзилип, көрбөгөндү көрбөй убагында эле Отунбаеваны тандап алганда эмне?!
Роза Отунбаеванын ардактуу сыйлыгы жөнүндө биринчилерден болуп Адахам Мадумаров үкөм укса экен деп аябай тиледим. Биринчилерден болбосо да укту болсо керек. "Роза Отунбаева президенттикке өзүн-өзү шайлап алган" деп миллиондогон адамдардын добушун жокко чыгарган сөздү айткан Адахам мырза эми кантти экен? Дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекеттин Отунбаеванын сыйлоо чечимин жокко чыгарууга батынып бир нерсе айткан болобу, батынган күндө жокко чыгара алабы, маселе ошондо… Баса, аталган сыйлыкты бир жылдай мурун алган өзбекстандык укук коргоочу бир айым "сыйлык Отунбаевага берилсе, мен андан баш тартам" деп жатыптыр. Себеби ошол экен, өзбек айымдын пикиринде Түштүктөгү кыргыз-өзбек жаңжалында Отунбаеванын күнөөсү бар тура. Ал айым сыйлыгын кайта тапшырса Американын кылы кыйшайбайт дечи, сезилсе пилге конгон чымындай сезилер. Ошол каргашалуу окуяда чырды баштаган өзбек лидерлерин күнөөлөгөндүн ордуна кайра кыргыз тарапты күнөөлөп жаткан пикирди чет элдин маалымат каражаттары пайда кылбадыбы. Ага биринчи иретте өзүбүз күнөөлүүбүз-Абдрасулова, Исмаилова сыяктуу билгендер айтып жатат, ошол кезде Ошто жүргөн ички иштер министринин басма сөз катчысы Рахматулла Ахмедов чет элдик телечилер келсе акырын гана өзбек махаллаларына жөнөтүп койчу тура, билмексенге салып. Анан ал жердеги өзбектер окуянын сүрөтүн бир жактуу кылып саймедиреп берет да. Мындай маалыматты Ахмедовду жакындан билгендер айтышат экен. Анын чындыгы болсо мындай кызматкердин жооптуу орунда ишин улантышы, албетте, туура эмес. Бул маселени министр Рысалиев териштирип-тескеп койсо, зыяны болбос…
Ошентип, Отунбаева Американын баалуу сыйлыгына татып келди. Дүйнөлүк аброюн биротоло жогорку деңгээлге кайткыс жеткирип кайтты десек, жалганы болбос.
Отунбаеваны "катуу басса - таскак, акырын басса - аксак" кылуу аракети менен түркүн ушактарды таратып жаткан тарап кимдер? Дароо таптыңар, алар Курманбек Бакиевдин "өлүп-тирилген куйруктары", ошол эле Отунбаеванын боорукерлигинен, адамгерчиликтүүлүгүнөн камалбай-этпей аман калган жана да мышык абалынан "арстанга" айланып жаткан адамдыгы аз немелер болуп жатат. Анткени Отунбаева аларды жийиркеничтүү адамдар катары жанына жолотпой койгон. Анткен менен, ошолордун бир катары Парламент тарапка илинип, азыр мамлекеттеги саясий абалды курчутуп, кандай да болбосун Отунбаеваны кызматтан кетирип, жок эле дегенде эл ишениминен кетирүү болуп жатат. Эмне алар өлүп баратабы, мына, Отунбаева президенттигин өткөзүп берчү убакыт аз калды, азга чыдашса кетет Отунбаева президенттигинен.
"Ар ким өңгөнү өзүндөй ойлойт" деген кеп бар. Эгерде Отунбаеваны каралап жаткандар президенттик бийликке эптеп илинип калганда, анда кетпейт болчу да. Отунбаева да президенттиктен кетпей убара кылат деген ою бар Акаев менен Бакиевдин куйруктары андан өйдөрөөк ойду кайдан ойлоп тапмак. Дээрине жараша деген ошол…
Отунбаева кезектеги президенттик шайлоого катышпайм деген чечимин жеке мен жана мага окшогон жүз миңдеген адамдар кыйчалыш кырдаалга жараша, стабилдүүлүктү сактоо үчүн шашылыш чыгарган чечим деп билебиз. Бирок дал ошол чечими менен мыйзамдуулукту кандай сактоо керектигинин классикалык түрүн көрсөтүп жатпайбы.
Биз билгенден, Роза Отунбаева президенттик кызматка шайлангандан кийин тууган-туушкандарын, куда-пудаларын, өң-тааныштарын мерчемдүү кызматтарга койдурган жок. Антмек турсун, таланттуу, профессионал дипломат жана адамдыгы ашкан иниси Болотко Атамбаев суранганына карабастан кызмат бербей "көгөрүп" койгон эмеспи! Отунбаеванын ал чечимин Акаев менен Бакиев укса, таң кала жинди болушту го…
Ооба, азыр Отунбаева Конституциябызда жазылгандай өзүнүн президенттик милдетин так аткарып жатат. Ой кетет: атаганат, мамлекеттик башкаруубуз, тиги эки жексурдун тушундагыдай эле президенттик башкаруу болгондо эмне, анан да Отунбаева эки мөөнөт иштеп бергенде эмне деген. Анан да момундай жакшы үмүт келет, кыргыз эмеспизби. Отунбаева президенттигин сак-саламат өткөзүп берсе, өзү кайрадан партиясына кирсе… ошентип олтуруп Спикер болсо деген… Дурус ой бекен?
Учурдун адамдары тарыхта калган адамдарды, же болбосо, көркөм каармандарды мисалдата жашоосун улайт. Маселен, аялдар жөнүндө айтканда Каныкей, Айчүрөк, Акыл Карачач, Курманжан Датка, Уркуя, Бакен, Бүбүсара… санай берсең, тизме жолун улай берер… Мындай, сөздүн жакшы маанисинде "дүжүр" тизмени тирүүлөр менен улантсак, анда Роза деген ысымдын эң биринчи болуп айтылышы сөзсүз болуп калды. Болсун!
Айтор ушундай кырдаалда Роза Отунбаеванын кыргыз бийлигинин бир жеринде орчундуу, маанилүү жеринде беш-алты жыл иштеп бериши далай жакшылыктарды жаратмак деген ой өзүнөн-өзү келет да турат.
Ооба, Отунбаева мамлекеттүүлүгүбүздүн тагдыры бычак мизинде турганда анын башына келди. Келди да мурунку эки жексур таптап кеткен жолду тандабай, өзүнүн төтө жолун тандады. Ал жол - кандай да болбосун бир ууч кыргыз элин толук кандуу эл катары бейпилчиликте, жетиштүү жашатуу эле. Өзүнүн максатын ишке ашыруу үчүн ага мөөнөт аябагандай аз берилген, далай иштерин аткарууга үлгүрбөй да калат. А бирок, кыйын кырдаалда мамлекеттин башына туруп берген, кыргыз элинин каарман кызы катары тарыхыбызда бадырая жазылып калары турулуу.
Отунбаеванын президенттик мөөнөтүнүн бүтүшүнө саналуу айлар калды. Андыктан аны тынч иштеткениңер өзүңөргө эле жакшы, урматтуу үргүчтөр. Экинчиден, силердин үргөнүңөр эч нерсени өзгөртүп жибере албайт, байма-бай мисалдата берчү баягы эле байкуш кандекти эстегиле! Эстедиңерби? Ии, ошондой!
Баратбай АРАКЕЕВ



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"