mainkaptal
Пользовательский поиск
Өткүр Өмүрбек өзү суранды
Өкмөттүн биринчи вице-премьери Өмүрбек Токтогуловичке өз депутаттарыбыздын өчөшкөнү аздык кылгансып, Орусиянын депутаттары да чыгышты. Алардын эки депутаты келип, Өмүрбек Токтогулович жөнүндө ар кандай пикирлерди айтып кетишти. Эмне жөнүндө болмок эле, баягы эле "МегаКом" боюнча. Алардын аягы Ала-Тоодон чыга электе, биздин "арзымат депутаттар" айкырып чыгышты, "кокуй Бабанов орустардан 50 млн. акча сураптыр" кыязында. Калп маалыматка каны кайнаган Өмүке, спикер Ахматбек Келдибековго кат жазыптыр, мен Ата Мекеним үчүн ак дилимден иштеп берүүгө ант бергенмин. Мен жөнүндө ар кандай ушактар чыгып жаткандыктан, депутаттык комиссия түзүүңүздү суранам. Мен алардын кандай суроосу болбосун жооп берүүгө даярмын таризинде. Өткүр Өмүрбек өзү суранып жаткандан кийин, Ахмат мырза депутаттык комиссия түзүп берди. Айта кетүүчү аябай керектүү сөз, бул жанагы эки орусиялык депутаттын келгени болуп жатат. Такталбаган маалыматтарга таянсак, алардын келип берүүсүн, жанагындай сөздөрдү айтып берүүсүн кадимки Камчы сураныптыр. Көлбаев эмес, Ташиев. "Бабановдун "МегаКомго" байланышы бар болуп чыкса, биз коалициядан чыгабыз"-деп айткан ким? Ташиев. Так, что тамашалар али алдыда окшойт.




Жаңы тандемдин жаңы мандеми
Өмүрбек Чиркешовичтин эки күн мурун "эгер коалиция кокусунан кулап калса, 1-2 күндүн ичинде жаңы коалиция түзүлөт" деген сөзүнө айрымдардын башы айланса, айрымдардын каны кайнап турган чак. Ата мекенчилердин анабашы ал сөзүн парламенттин трибунасы аркылуу эмес, угузганда да улуттук биринчи канал аркылуу угузду. Бул киши акыркы жылдары адашып көп сүйлөгөндүктөн, ошондой болду го деп ойлогонбуз. Абайлап айтса болмок экен десек, атайылап айтыптыр. Азыркы коалицияны кулатууга оппозициялык "Ата Мекен", "Ар-Намыс" партиялары менен биргеликте айрым ата-журтчулар аракет кылып жатышкандарын укканбыз. Айрым гезиттер ачык эле жазып чыгышпадыбы, "алардын артында Ташиев турат экен" деп. Көрсө, көмүскө лидери көшөгө артында "көлөкөлөп" жаткан тура. Анан эле ал көшөгөнү Кубат Оторбаев ачкандан кийин, айтарга сөз таппай калдык. Үшкүрүнүп, түкүрүнүп жибердик. Айрым саясатчылар ачык эле айтышты, "Текебаев менен Ташиев Атамбаевдин алдыдагы Кремлге боло турган сапарын болтурбаш үчүн ар кандай сюрприздерди жасашы мүмкүн" дешип. Алардын акыркы айткан сөздөрүн анализдеп көрсөк, туптуура чыгып жатат, кашайып. Ажобуздун Америкага болгон сапарына да, ал экөөсүнүн ичтери аябай ачышып жаткан имиш.


Учкунбек уят болду
Кечээ парламент трибунасынан бир тилде сүйлөп келатып экинчисине секирик жасап, чалды-куйду сүйлөп аткан Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташпаев Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнөн кагуу жеди. Депутат Эркин Алымбеков: "Сиз министрсиз, базардагылардай болбой бир тилде эле сүйлөсөңүз"-деп уяткарса, парламент спикери Келдибеков: "Дагы жакшы англисче кошпой сүйлөдү, ушунусуна рахмат"-деп шылдыңдап алганга үлгүрдү.


Пирматов Текебаев эрөөлү. Кимиси мандатын тапшырат?
"Республика" фракциясынын депутаты Исхак Пирматов "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди эркекче эсептешелик деп, эрөөлгө чакырды. "Кечээ кечинде КТРКнын эфиринде Өмүрбек Текебаев менин ар-намысыма доо келтирип "кылмыштуу келишимге кол койгон" деген күнөө койду. Эгер Текебаев муну далилдеп берсе, өзүмдүн мандатымды тапшырып берүүгө даярмын. Эгерде далидеп бере албаса, Текебаевдин кол тийбестигин жана мандатын чакыруу боюнча демилге көтөрөм. Ал киши маалыматын тактап алып, анан көтөрүп чыкса болмок", - деген Исхак мырза, ата мекенчилерге ачык жообун бергенге ар дайым даяр экендигин кошумчалады.


КТРК "Ата Мекендин" менчигиби?
Эшимканов "кара жащик" атап койгон КТР эски эки бийлик тушунда бир үй-бүлөнү мактап келсе, демократиянын шарданы менен Коомдук болуп өзгөргөн КТРК эми бир партиянын телесине айлангандай элес калтырууда. "Ата Мекен" партиясына башынан жан тартып келген КТРКнын учурдагы башчысы Кубат Оторбаев бул партияны болушунча мактап-жактатканга аракет кылып келет. Президент Роза Отунбаеванын АКШга болгон сапарын дүйнөлүк атактуу телеканалдар кенен чагылдырып атканда, Оторбаевың ал сапарды "Ала-Тоосунан" үзүл-кесил гана тартуулап, ата мекенчилердин атасы Өмүрбек Текебаевдин коалицияны ыдыратуу, Өкмөттү алмаштыруу сыяктуу өлкөнү туңгуюкка кептеген кептерин бир сааттай кеңири чагылдырып бергенин кандай түшүнсөк болот? Ал ортодо Токтайым Үмөталиевага окшогондор КТРК "Ата Мекен" фракциясынын трибунасына айланып, теледен текебаевчилердин түшпөй калгандыгын, ал гана эмес, "Кыргызстанда сөз эркиндиги жок" дегенге чейин барды. Коомдук телеканалды башкарып жаткандан кийин Кубат мырза бир партияны кубаттаганын токтотуп, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгын ойлосо болмок. Эгер анте албаса, эки тоонун чөбүн эңсебей кызматын өткөрүп бериши керек…


Акматбек акыйкат кебин айтты
Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков коалицияны ыдыратабыз деп күшүлдөп күнү-түнү аракет кылып аткан ата мекенчилерди, "Ата-Журттагы" айрым партиялаштарын сабырдуулукка чакырып, мамлекет кызыкчылыгы үчүн жеке амбицияларды тыя турууга чакырды.
"Азырынча КР Өкмөтүнүн ишине бир жактуу баа берүү эртелик кылат. Азыркы өкмөт курамы мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатып, республикалык бюджетти өтө чоң таңсыктык менен бекитүү аркылуу, өзүнө зор жоопкерчиликти алып отурат. Ошондуктан мен бардык саясий күчтөрдү биригүүгө, оппозицияга жана пропозицияга бөлүнбөөгө чакырам. Айрым саясатчылар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын унутууга тийиш" - деген Келдибековго бали дегендер четтен чыгууда.


АКШ Замира Сыдыкованы колдоп…
Кыргызстандын кыйын чыкма аялдарынын алдыңкы сабында Замира Сыдыкова деген Ала-Тоого аттын кашкасындай таанымал айым бар. Бул айымдын ишке жөндөмдүүлүгү, сөзгө чечендиги жана чечкиндүүлүгү анча-мынча "мен" деп төшүн каккан эркектерден бир топ жогору экендигин айтып жүрүшөт. Замира эжекебиз АКШда элчи болуп турган кезде америкалыктарга абдан жаккан окшобойбу, айтор, айрым бир маалыматтарга караганда АКШнын бийлиги аны быйыл өтө турган президенттик шайлоого катышуусун каалап, бардык жактан колдоого ала турганын тар чөйрөдө "кеңешкен" имиш. Замира эжекебиз болсо, учурда бул маселенин күңгөй-тескейин эсепке алып, терең ойдун үстүндө жүрөт дешүүдө.
Кыскасы, күн өткөн сайын ажолукка аттана турган талапкерлердин катары калыңдап баратат. Буга чейин маалым болгону А. Атамбаев, Ф. Кулов, Ө. Текебаев, К. Ташиев, Т. Сариев, А. Мадумаров, Т. Асанбеков. ж. б.


Акыл айтканга уста, ал өзүнө жукса

Куру чечендикке салып, ар качандан бир качан акылдуу сөздөрдү көп айткан Адахам мырза "Айат" гезитине агынан жарылып маек бериптир. Берекесинин баары тилине чыгып, колунан эч нерсе келбесин эбак далилдеп бүткөн Адахам: "Жогорку Кеңеш биржага айланды. Кызматка орноштуруу биржасы, ким партиялык кассага көбүрөөк акча төлөсө, ошол адам кызматка орношот. Анан бул жерде кайдагы кадр саясатын айтабыз " деп каңырык түтөтүптүр. Андан ары Адахам элирген оюна ээ боло албай калганбы, "Роза Отунбаеваны президент катары тааныбайм. Тарыхта президент катары калбайт" деп, баягы эле жөө жомогун эскертип өтүптүр. Ким тарыхта кандай иши менен каларын эл таразалайт деңизчи, ушул сөздү айтып жатканда Каркыраны казактарга кармата берген Адахам тарыхта кандай ат менен каларын ойлонгон эмес көрүнөт. Ойлонгонду мындай кой, Каркыранын казактарга кетиши Акаевдин учурунда чечилген маселе болчу, мен күнөөлүү эмесмин дегенге чейин барыптыр. Кайран Адахамдын айтканына таянсак, "өкмөттүн алып келген мыйзамын гана ратификация кылышыптыр". Башка эч деле "күнөөсү" жок экен. Ошол учурда спикер катары Каркыранын казактарга ратификациялап берүү, жер сатууга барабар күнөө экенин билип туруп, билмексенге салып, алакан жайган Адахамда тырмактын агынчалык уят, абийир, намыс деген таптакыр калган эмес окшойт. Бекеринен ошол кезде спикер катары эң кур дегенде "урматтуу депутаттар Каркыраны казактарга ратификациялап берсек, туура эмес болуп калат го. Бул ишибизди келечек муун, тарых кечирбей жүрбөсүн" деп бир ооз кеп айтканга жарабаган эргул, "менин эч кандай күнөөм жок" деп оозун куу чөп менен аарчып турса, жакаңды кармап тобо кылбаска аргаң калбайт экен. Ушундан улам, Кудай ушундай "жөө качкандардан" сакта дегиң келет.


Исхак акталды, Үсөн ака камалды
Өткөн жылы май айында жаңы бийликти басып алуу аракетин көрүшкөн, ниети бузук, нукура дүжүр чал Үсөн Сыдыков менен "атадан кем уул" баасына арзыган Исхак Масалиевге сот өтө жумшак өкүм чыгарганын алардын адвокаты Кайрат Загибаев жалпы коомчулукка жар салды. Адвокаттын айтымына караганда, сомураң калгыр сот Исхак Масалиев толугу менен актап койсо, Үсөн Сыдыковду шарттуу түрдө 6 жылга үй камагына өкүм кылыптыр. Мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирип, душмандык ишке барышкан бул адамдарды сот эмне себептен актап салгандыгы белгисиз. Кыязы, көп иш көңүл сыртында калып, жең ичинен бүтүп кетсе керек. Эсиңиздерде болсо, эски бийлик эч күнөөсү жок Петровка окуясына күнөөлүү деп таап, С. Аргынбаевди менен Э. Бөлөкбаевдерди 8 жылга кесип жиберген эле. Балыкчы окуясына күнөөлөнгөндөр болсо 4 жылдан 14 жылга чейин кесилишкен. Кыскасы, айтып отурса арман көп дегендей, соттор бул кадамы менен өздөрүн гана эмес, жалпы өлкөнү уят кылышты. Мындай соттордун барынан жогу жакшы.






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ