mainkaptal

Пользовательский поиск
Осунбек Жамансариев, "Мекен шейиттери" коомдук кыймылынын жетекчиси:
"24-мартты жокко чыгарып, 7-апрелди элдик революция деп атоо зарыл"

9-мартта "Мекен шейиттери" коомдук кыймылы "АкиПресс" маалымат агенттигине маалымат жыйынын өткөрүштү. Ал жыйында: "Каргашалуу 7-апрелди аза күтүү күнү эмес, элдик революция күнү болсун"- деген пикирин билдиришти. Ошондой эле "Мекен шейиттери": "24-март, революция күнү кандай болгон күндө да тарых бүктөмүнө калды, аны жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Бирок ал күндү элдик революция деп эсептебеш керек. Бакиев үй-бүлөлүк бийлигин орнотуп, карапайым элдин канын соруп, акырында элге каршы ок чыгарып, бейкүнөө 87 баатырды мерт кылып баса берди. Ошондуктан мындан ары 24-мартты жокко чыгарып, 7-апрелди элдик революциялык күн катары календарга кызыл кылып киргизүү зарыл"- экенин баса белгилешти. Ошондой эле азыркы депутаттардын жүргүзүп жаткан саясатын сынга алып, шайлоо убагында элге берген убадалары курулай сөз болуп, конкреттүү эч бир иш аткарылбай, Өкмөттүн ишине тоскоол болуп жаткандыгын баса белгилешти. Ошондой эле 22-апрелге чейин өкмөткө төмөндөгү беш талапты коюшту:
7-апрелде окко учкан адамдардын жакындарын жумуш орду менен камсыз кылуу; соттук процесстерди жандандырып, адилет өкүм чыгаруу; күнөөлүүлөрдү алып келип, жоопко тартуу ж.б. Эгер бул талаптар 22-апрелге чейин аткарылбаса, мөөнөтсүз пикетке чыгып, ар кандай нааразычылык акцияларды уюштурарын билдиришти.


Нурия Айдабосова,
"Мекен шейиттери" коомдук кыймылынын жетекчисинин орун басары:
- Бакиевчилерден куралган "Ата-Журт", "Ар-Намыс" партиялары бизге ачыктан-ачык бут тосуп, 7-апрелди элдик революция катары эсептебей, маселени күн тартибине койбой жатышат. Бул маселе өз кезегинде жалпы элдин нааразычылыгын жаратат. Ошондой эле 22-апрелге чейин Өкмөткө төмөндөгү беш талапты коебуз: 7-апрелде окко учкан адамдардын жакындарын жумуш орду менен камсыз кылуу; соттук процесстерди жандандырып, адилет өкүм чыгаруу; күнөөлүүлөрдү алып келип, жоопко тартуу ж.б.

Осунбек Жамансариев,
"Мекен шейиттери" коомдук кыймылынын жетекчиси:
- Кан төгүлүп бийлик алмашканы менен, өлкөдө эч кандай өзгөрүү болгон жок. Кымбатчылык болуп, элдин жашоо-турмушу күндөн-күнгө кыйындап баратат. Анткени элди ойлобой өз чөнтөгүн ойлогон коррупционер бакиевчилер бийликке келип, кылгылыктын баарын кылып жатышат. Министрликтердин, агенттиктердин санын кыскартышыбыз керек. Бир эле мисал, Айыл чарба министрлигин алалы. Кызматтык орунда 3 000 киши иштейт экен. Бир министрликке мынча кызматкердин эмне кереги бар. Анын баарына мамлекет айлык төлөп жатат. Андан көрө кызматкерлердин санын кыскартып, ал каражатты мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүп берсек жакшы болмок. Негизгиси люстрация мыйзамын күчүнө киргизип, кадрдык реформа жасамайын өлкөбүз өнүкпөйт.
- "Мекен шейиттери" бир пикирге келише албай, ич ара ыдырап жатат"- деген пикирлер айтылууда. Бул пикир тууралуу эмне дээр элеңиз?
- Эч кандай бөлүнүү болгон жок. Бирок арабызда акчага азгырылып алданган, жеңил ойлуу 5-6 аял качкында жүргөн экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаеванын акчасын алып, тамагын ичкен экен. Аларды биз аталган кыймылдын мүчөлүгүнөн чыгардык.





2005-жыл 24-март. 2010-жыл 7-апрель.
Ким кандай көз карашта?
7-апрель жакындаган сайын, мындан алты жыл мурун болгон, тактап айтканда, "2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштү жокко чыгаруу жана аны менен катар ал күндү кызыл күн кылып, эс алуу күнү кылуунун зарылчылыгы жок"- деген пикирлер арбын айтылды. 7-апрелдин да статусу тууралуу да ар кандай пикирлер айтылууда. Жогоруда "Мекен шейиттеринин" пикирине күбө болдуңуздар. Төмөндө бул маселе тууралуу белгилүү саясатчылардын да пикирине ортоктош болуңуздар.

Темир Сариев,
"Ак шумкар" партиясынын лидери:
- 7-апрель элдик революция күнү болду. Муну бир гана бизде эмес, бир топ башка мамлекеттерде болгон окуялар да тастыктап турат. Биз үй-бүлөлүк, авторитардык башкарууну кулатуу жагынан алдыңкы катарга чыгып, башкаларга үлгү болуп жатабыз десек болот. Ошон үчүн 7-апрелди Элдик боштондук революция күнү деп атасак болот. Албетте, биздин тандап алган жол абдан кыйын, абдан оор жол. Анткени биз атаандаштык жолун тандап алдык. Бирок кыйынчылыктарды биримдик, ынтымак менен жеңсе болот. Эгер биз саясат менен алектенбей, ынтымакта, биримдикте талыкпай иштесек, буйруса, алдыда чоң жеңиштер турат.
Ал эми 24-март боюнча айта турган болсок, биз ар бир окуяны майрам кылып кое албайбыз. Ал окуялар өз өзгөчөлүктөрү менен элдин жүрөгүндө калат. 24-март күнү да миңдеген адамдар келечек үчүн жакшы үмүт менен эски бийликке каршы чыгышкан. Бирок кийинки окуялар ал күндүн үмүтү акталбай, элдин алданып калгандыгын көргөзүп койду. Эми болсо, алданбай, 7-апрель күнүнөн да сабак алышыбыз керек. Мен парламентте жүргөндө 24-марттын статусуна бир нече жолу каршы пикиримди айткам. Бүгүн да ошол пикиримден кайткан жокмун. Албетте, биз ал күндү тарыхтан чийип кое албайбыз, бирок ал күндүн кызыл күн болгонуна каршымын.

Бектур Асанов,
Жалал-Абад облусунун губернатору:
- Менин оюмча, 24-мартты таптакыр жокко чыгарып жоюунун кереги жок. 24-март менен 7-апрелди байланыштырып, бирдей майрам кылуу абзел. Себеби эл экөөндө тең үй-бүлөлүк бийликке каршы чыккан. Бирок эл биринчисинде алданып калды. 7-апрелге болсо али бир жыл толо элек. Ошондуктан азыр 7-апрелдин үмүтүн, максатын 100 пайыз акталды деп айтууга эртелик кылат. 2005-жылдан кийин эски бийлик жакшы эле кызмат кылган. Алдыда дагы эмне болуп кетет, эч ким билбейт. Ошон үчүн бул маселеге шашылбашыбыз керек. Убакыт өтсө, тарых өз баасын берет. Мисалы, 7-ноябрь арадан 20 жыл өткөн соң, революция күнү деп жарыяланган. Биз 24-март эс алуу күнү болуп жарыяланып калгандан кийин, ошол бойдон калтырышыбыз керек. 7-апрелди да кызыл күн кылуу зарыл. Ал эми бизде азыр мааниси жок Союздан калган 1-Май, 23-февраль деген сыяктуу майрамдарды жойсок болот.

Ишенбай Абдразаков,
мамлекеттик жана коомдук ишмер:
- Менин оюмча, 24-март менен 7-апрелди деле даталуу күн катары белгилөөнүн кереги жок. Ансыз деле кыргызда майрамдан көп нерсе жок. Жылда революция болсо, ар бир революцияны майрам кыла берүүнүн кереги эмне. Андан көрө 7-апрелди жөн гана аза күтүү күнү катары кабыл алып, туубузду түшүрүп аза күтүүбүз зарыл. Кыскасы, 7-апрелди майрам кылып шоуго айланткан болбойт.

Жоомарт Сапарбаев, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты:
- Жеке менин пикирим - 7-апрель күнүн кызыл күн кылып белгилесек негиздүү болот деп эсептейм. Себеп дегенде, бул күнү 10 миңдеген адамдар бир үй-бүлөлүк башкарууга каршы көтөрүлүшкө чыгып, элди эзип жаткан, кара ниет бийликти кулатты. Бул жеңиш оңой-олтоң келген жок, натыйжада 90го чукул патриот, баатыр мекендештерибиз бейкүнөө шейит кетти. Ошон үчүн, бул күндүн тарыхта орду чоң.
Ал эми 2005-жылкы 24-март күнүн болсо мыйзам аркылуу чечсек болот.
Даярдаган Мирлан АЛЫМБАЕВ







кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика