mainkaptal
Пользовательский поиск
Данияр Үсөновдун
туулган күнүн белгилешип…
Эли-жеринен безип жүргөн экс-премьер министр Данияр Үсөнов эки күн мурун Алматы шаарында туулган күнүн, жаш курагын эсептеп айтканда 51-жазын белгилептир. Такталбаган маалыматтарга караганда, Данчикти куттукташып "Ата-Журт" жана "Ар-Намыс" фракцияларынын айрым депутаттары жана кан досу Адахам Мадумаров да барган имиш. Себеп дегенде, Адахам менен Данчиктин туулган күндөрү бир күндө. Туулган күн Данчиктин ал жактагы хан сарайында зор шаан-шөөкөт менен коштолуп, Казакстандын 7 жана Орусиянын 3 эстрада ырчысы Данчикке хит ырларды белек кылышса, ар-намысчы менен ата-журтчу депутаттар жакын арада ага Кыргызстандын "абасын жана суусун" белек кылууну убада кылышкандыгы айтылууда. Демек, бул деген Данчикке Кыргызстанда ээн-эркин жүрүү бактысын белек кылышты дегенди билдирет. Данчик минтип Казакстанда туулган күнүн ээн-эркин өткөзүп, дардаңдап жүргөнү кандай? Биздин УКМК болсо, бир жылдан бери Данчикти таппай, аны издөөгө оңбогондой акча сыйлыгын сайып коюшуп, "уктап" жаткандыгы жакшы эмес.




Курманбек Бакиев Дубайга жер которуптур
Өз элин кадырлай албай, бөтөн элдин эшигин сагалап жүргөн Курманбек Бакиев Белоруссияга дагы батпай, түрткүнчүк боло баштаптыр. Анткени Лукашенко качкын досунун айынан өз эли менен Батыш өлкөлөрүнө суук тумшук көрүнүп, төмөндөп кеткен кадыр-баркын Бакиевди өлкөсүнөн чыгаруу аркылуу көтөргүсү келип жатыптыр. Бакиевди өлкөсүнөн кантип чыгаруунун айланасында баш катырып калган Лукашенко, акыры БаКСка "мага залакаң тийип жатат, кетпесең болбой калды" деп ачык эле жыландын башын кылтыйтыптыр. Аргасы кеткен качкын Латвиядагы биринчи аялы Татьянага чыгып, аталган өлкөдөн баш калкалоого жылчык издеп көрүүсүн өтүнгөн экен, байбиче айым токол алып карабай кеткенин айтып, "биз жакка келбей эле кой" деп, мурдун чүйрүп коюптур. Байбичесинен майнап чыкпагандан кийин президент болуп турган учурунда Германияга элчи кылган иниси Марат Бакиевге чыгып, Европа өлкөлөрүнөн баш паанек табууну суранса, андан дагы алгылыктуу жооп болбой супсуну сууптур. Айла-амалы түгөнгөн качкын неме Лукашенконун жеригенине түтө албай, иниси Жаныш Бакиев, Камчы Көлбаев, Алмамбет Анапияев жүрөт делген Дубайга баш калкалоо максаты менен жер которуп кетиптир.




Алтынбек Сулайманов,
ЖКнын "Республика" фракциясынан депутаты
(10-марттагы ЖКнын пленардык отурумунда сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү):
"Коалицияны бузуп же элди көтөрүп, дагы бир тополоң чыгарган турабы?"
Урматтуу кыргыз эли, урматтуу кесиптештер, мен Өмүрбек Чиркешовичтин сүйлөгөнүн айтып коёюн деп жатам. Өмүрбек Чиркешович кечээ телевизордон айтып жатат, эгерде коалиция бузулса, анда кээ бир саясатчылар элди чыгарып тополоң кылабыз деген деп бизди коркутуп жатат дейт. Ливияда эмне болуп жатат деп айтты.Түшүнбөйм, Өмүрбек Чиркешовичке эмне керек? Эки жолкуда кан төгүлдү. Бул жерде 90 бала, Оштон 2000-3000 адам шейит кетти. Ушул кан төгүлүүлөр аз болуп жатабы? Коалицияны бузуп, же элди көтөрүп, дагы бир тополоң чыгарган турабы, кечиресиздер, мен ушундай түшүнүп жатам. Бүгүнкү "кадровый чехардага" ким алып келди. Албетте, Конституция. Эмне кылалы анан ал Конституцияны? Өзү жазып берди го аны. Ошол жазылган Конституциянын негизинде биз иш алып бара жатабыз. Коалицияны түздүк. Азыр эмне кылышыбыз керек? Өмүрбек Чиркешович ушул жерде болсо мен айтайын деп жаттым эле. Эмне кылышыбыз керек? Анан улуу урматтуу "Ата Мекен" партиясынын депутаттары, мен сиздердин баарыңыздарды сыйлайм. Чындыкты айтыш керек, шайлоонун алдында рейтингиңиздер боюнча сиздер, "Ата Мекен" биринчи, экинчи орунда СДПК эле го. Ушундай анализ болгон. Эмне үчүн биринчи орунду албай калдыңыздар? Себебин билесиңерби? Анда билип алгыла. Эмне үчүн коалицияга кирбей калдыңар? Өмүрбек Чиркешовичтин айынан кирбей калдыңар. Эмне Өмүрбек Чиркешович гана спикер болуш керекпи? Керек болсо Балтабаевди спикер болсун деп мына биз сунуш кылганбыз. Жалган эмес. Муну бардыгы билишет. Коалицияга кирбей калып, ал кишинин артынан канчаңар бүгүн жумушсуз калдыңар. Эми айтып жатасыңар, коалицияны бузуш керек деп. Акыры бир чындыкка келбейлиби. Өмүрбек Чиркешович ким өзү? Ушул кишинин айтканындай эле боло береби? Акаевди алып келген ушулар. Кетирген ушулар. Бакиевди алып келген ушулар, кетирген да ушулар. Отунбаеваны алып келген ушулар, азыр кетиребиз деген да ушулар. Качанга чейин биз ушундай кадамдарга бара беребиз? Болбойт эми, коалиция урабайт. Урматтуу кыргыз элим, урматтуу кесиптештер, болду жетишет! Ушуга окшогон нерселер менен ушул күнгө чейин 20 жылдан бери сайрап келе жаткан Өмүрбек Чиркешович бүгүн бир нерсеге жеттиби? Эч нерсеге жеткен жок!




Дырылдаевдин ордуна Бекназаров барабы?
Түркиядагы Кыргызстандын элчисинин милдетин аткарып, жакшы пикирлерге ээ боло албай иштеп жаткан Рамазан Дырылдаевдин кызматтан алынат деген кабардын чыкканына көп болду. Бирок Дырылдаев кызматтан али күнчө алынбай, ары эмес, же бери эмес абалында кыйшаңдап, түрктөргө болушунча жаман көрүнүп турган чагы.
Ал эми Дырылдаев кызматынан алынса, анын ордуна барам деген талапкерлер "оптому" менен Алмаз Атамбаевдин алды-артынан буту үзүлгөнчө чуркап жүрүшкөндүгүн мурунку сандарыбызда учкай жазганбыз. Бул маселе али да болсо күчүндө турат. Эми элчи болууну каалап элирип жүргөндөрдүн катарына, болгондо да алдыңкы сабына айтылуу Азике Бекназаров чыккан экен. Ошентип, Азикең Түркияга өзү элчи кылган Рамазандын ордуна өзү барганы калыптыр. Эски досу Алмаз Атамбаев аны Түркияга элчи кылабы же кылбайбы? Кеп ушунда… Кыязы, Азикең Түркия элчилигин мээлеп калганына караганда "мээнет" кылып чогулткан жашыл акчаларын сарптап, ал жакта бир үлкөн бизнес ачканы калган окшобойбу.




Бир башка бир машина жетпейби?
Артынан ар түрдүү сөздөр көп айтылган Койсун Курманалиева деген Таластын губернатору бар. Бул айымдын дымагы туурасында айтылган сөздөрдүн учугу ушул убакка дейре уланып келет. Анын бири катары Таластагы мамлекеттик резиденцияны менчикке өткөрүп алганы жөнүндө айтылып келаткан "жомокту" эске алсак эле Койсун айымдын дымагы ат көтөргүс экенин баамдасак болот. Мына ушул айым бүгүнкү күндө кара башына мамлекеттик кара жана ак түстөгү эки машинаны басып алып, өзүн Таластын хан айымы катары каалагандай "чартаңбай" тебет экен. Мамлекет каражаттан каржалып турганда Койсун айымдын эки машинаны алмак-салмак тепкилеп жүргөнү, теңирин тааныбаган кишинин жоругуна жатпас бекен? Ушундан улам, Койсун айым мамлекеттик унаадан баш тартып койгон Нарын облусунун жаңы шайланган губернатору Канат Муратбековдон, кантип мамлекеттик бюджетти сарамжалдуу пайдаланыш керектиги боюнча сабак алып койсо ашыкча болбойт эле деген ой жаралат экен. Мүмкүн, Койсун айым чындап мамлекет үчүн иштегиси келсе ойлонуп көрөр. Дегенибиз, бир башына бир эле машина жетерин түшүнөр деп жатабыз.




БШК жаңы депутаттарды каттады
Борбордук шайлоо комиссиясы 9-марттагы отурумунда башка кызматка кеткендигине байланыштуу өз каалоосу менен депутаттыктан кеткен "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Шарапаткан Мажитованын ордуна Жыргалбек Cаматовду депутат кылып каттады. Буга чейин БШК 5-марттагы отурумунда "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жусуп Иманалиев Эсеп палатасынын аудитору кызматына кетип жатканына байланыштуу берген арызынын негизинде депутаттык кызматын токтотуп, ордуна партиянын тизмесинде 37-кезекте турган Абдумиталип Кочкорбаевди, 4-мартта ушул эле Эсеп палатасынын аудитору кызматына кеткен "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Азамат Кангелдиев ордуна Улугбек Кочкоровду депутат катары каттаган. Эске сала кетчү жагдай, "Ата Мекен" фракциясынын тизмесинде үчүнчү болуп катталган Жоомарт Оторбаевдин ордуна Досалиев Акуналы депутат болсо, КСДП фракциясынан Өкмөт башына кеткен Алмаз Атамбаевдин ордуна депутаттыкка БШК КСДПдан эч кимди каттай элек.






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ