mainkaptal
Пользовательский поиск
  Кемигинде да, керкисинде да бар…

"MegaСom" көкбөрүсү, же Елисеевдин ордун Мурзалиев ээледиби?
Апрель окуясынан кийин Убактылуу Өкмөт өз декретин шардана кылып, Максим Бакиевге тиешелүү делген 49% акциясын улутташтырып, 51% акциясын сот иштери бүткөнчө сактап туруу үчүн Маммүлк министрлигине тапшырган. Ошону менен сапаттык менеджмент жагынан эл аралык сертификация алган Кыргызстандагы бирден-бир телекоммуникацияны көзөмөлдөө иши жаңы бийликтегилердин колуна өтөт. Сөздүн ток этер жери, компаниянын акчалары кайсы бир жакка которулуп кетер болсо ага Башкы прокуратура башы менен жооп бериши керек эле!

Айтор, эки тизгин, бир чылбыр мамлекеттин колуна толук алынат. Анан эмне болду? Жергиликтүү соттор "БиМоКом" ЖЧКдан "Альфа Телеком" ЖАКтын тегерегиндеги мыйзамдуу, мыйзамсыз иштерди аныктап баштайт. 2010-жылдын июль-октябрь айларында соттордун аракети "БиМоКом" ЖЧКнын мүлкүн соодалоо мыйзамсыз жасалгандыгын негиздеп, а декабрда Penwell Business Limited "БиМоКомдун" активдерин "Альфа Телекомго" которууга болгон соттук чечимдердин бардыгын жокко чыгарып, иштин баары өз ордуна коюлганына мүлктүн мыйзамдуу ээлеринин санаасы тынат.
Бул ортодо Башкы прокуратуранын өзүндө эмне болду? Жетекчилер алмашты. Мурункусу кийинкисинин, кийинкиси мурункусунун ишин сындаган интригалар гана көп болду. Кимиси канча иштин аягына чыкты, кимиси чыккан жок, айтор, далай-далай ит өлүгү туш-тушка көмүлдү. А бул арада кудум чөөгө окшогон жемсөөкорлордун MegaСomго көзү кызара баштаганын ушундан билиңиз: азыр кайсы гезитти ачпа, аталган компаниянын айланасындагы эки өйүзгө бөлүнгөн маалыматтык согуш күндөн-күнгө күч алууда.
Тилекке каршы, маалыматтардын дээрлик көпчүлүгү бир жактуу жалаага жамынган далилдерден алыстай албай атат. Каягына ишенерди билбейсиң. Бир тарабы (мурдакы мүлк ээлери) 15 млн. доллар суммадагы каражатты Максим Бакиевдин тушундагы схема боюнча Montgomery компаниясы аркылуу оффшордук зонадан чыгарып жибергени айтылат. Болжолу, 70% өлчөмдү түзгөн мындай тейлөө кызматы аркылуу акчалар кайда житкени белгисиз экендигин MegaСomдун азыркы жетекчиси А.Мурзалиев оозанган экен, аны мурдакылары жокко чыгаралбай убара чегүүдө.
Бирок бир жагынан карасаң, муну жокко чыгарууга компаниянын эски кожоюндарынын да колунда күч жок. Себеби сот, прокуратура MegaСomдун жаңы жетекчилигинин сөзүн сүйлөп коюшу да мүмкүн. Арийне, азырынча соттук адилеттик кайсы жагынан оойт, аны убакыт көрсөтөр. Тек гана "көз кысты, бармак бастыга" көнгөн соттор чечимди жогору жактагыларга карап да чыгарып коюшу ыктымал, ага кепилдик жок. Бирок ошентсе да чет өлкөлүк соттордун чечими менен MegaСomдун мурунку ээлери жабырлануучу деп табылып, бир канча жолку соттук процесстерден жеңип алганын Кыргызстандын соттору эске алабы, жокпу, айтыш кыйын. Сотторго алигиче коомчулуктун ишеними туула элек. Ал эми чындыктын экинчи тарабын билели десек, MegaСomдун көшөгө артындагы орусиялык кожоюну ким? Деги анын ким экенин мурунку жетекчиликтин жактоочулары да буйтаңдатпаса жакшы болот эле. Алардын азырынча бетке карманганы: MegaСom ("БиМоКом") 2006-жылы орусиялыктардын (Penwell Business Limited) 100 миллион доллардан ашык инвестициясына курулуптур. Аны кашайып, орусиялык инвестордун буту Кыргызстанга аттаганы үчүн ошондо эле Максим БАКИЕВ жанынан бир тыйын чыгарбай компаниянын 49% акциясын тартып алат. Бакиевдин кенже уулу муну менен эле чектелбей, 2008-жылы май менен июнда анык рейдерлик жасайт. Компаниянын 49% акциясынан түшкөн кирешенин кыныгын алган эргул калган 51% акциясын кошо тоноп, Кыргызстан ратификациялаган мыйзам менен инвесторлордун укугун коргогон конвенцияны каакым ордуна көргөн эмес. Ошо менен тонолгон мүлктү мыйзамдаштырганга өтөт.
Ал үчүн "Альфа Телеком" деген ЖАК түзө салат да, "БиМоКом" ЖЧКнын жасалма жол менен банкрот кылып, анын активдерин толук бойдон "Альфа Телекомго" мыйзамсыз которуп, жетекчилигине Алексей ЕЛИСЕЕВДИ коёт. Албетте, мындай өкүм зордукка ичи ачышкан орусиялык инвесторлор Кыргызстандан адилеттик таппай, чет өлкөлүк сотторго кайрылат, жабырлануучу катары утуп да чыгат. А бирок Кыргызстандын юриспруденциясы үчүн мындай чечимдерди үй-бүлөлүк бийликке гана көз каранды өзүбүздүн соттор кайра карап чыкмак беле. Ошол бойдон орусиялык инвесторлор М.Бакиевден куйругун түйүп жашынып жатып, кийин бийлик алмашары менен өз укуктарын минтип талашып чыккандагысы. Аныгында MegaСomду негиздеген орусиялык инвестор эмнеге ошондо эле Максим БАКИЕВ аталган компаниянын 49% акциясын тартып алды деп коомчулукка азыркыдай чуу салып, өз укугун коргоого далалаттанган эмес?
Бизге эми так ошол буга чейин "куйругун түйүп" жаткан инвестордун аты-жөнү ким экени кызык (А негизинен ал Глеб ОГНЯННИКОВ аттуу жаран экени айтылып жүрөт - О.Ш). Муну коомчулукка MegaСomдун мурунку жетекчилери ачык айтса, ар кандай шектүү ойлор да азаят эле. Анткени А. Мурзалиев MegaСomго жаңы жетекчи болуп дайындалган күндөн тартып, мурункуларга көө жабуунун амалын көбүрөк колдонгону туюлат. Учурда MegaСomдун айланасындагы соттук териштирүүлөр али жүрүп атса, А.Мурзалиев басылмалар аркылуу өз чечимдерин сотко таңуулаганыбы, же аркасында "чоң көлөкө" барбы, айтор, эки тараптын мүлк талашы ыплас оюнга айланып бараткандай… Мисалы, өткөн аптадагы "Агым" гезитинин № 8 (034) санына Шаршен ЖАМАЛОВ дегендин оозу менен MegaСomдун буга чейинки ишмердигин бир жактуу көөлөткөн макала жарыяланыптыр. Мындай ыкма орусиялык инвесторлорго керекпи же Мурзалиевгеби, аны өзүңүз ойлонуп көрүңүз окурман.
Бул ишке чекит койчу соттук териштирүүлөр, иликтөөлөрдү күтпөй эле ушундай мазмундагы материалды "Дело №..." гезити (2-март, 2011-ж.) "Как потрошили "Мегаком" аттуу Артур ИСАЕВ деген автордун оозу менен өтө бир жактуу жар салды. Көлөмү да, мазмуну да жалаяктай. Макаладагы бир үзүндүгө көңүл бурсаңыз: "Всего с августа 2009 года по апрель 2010 года ЗАО "Альфа Телеком" перечислило в компанию "Монтгомери" 7 миллионов 423 тысячи 783 доллара. Любопытно, что Алексей ЕЛИСЕЕВ, только-только учредив сотовую компанию, тут же её и продает! Новые владельцы от компании тоже быстро избавились - короче, в течение 4-х месяцев "Альфа Телеком" успел сменить 3-х собственников. Но партнёр у всех у них оставался прежний "Монтгомери".
Сейчас выясняется, что вся эта смена собственников - фикция, что "Альфа Телеком" продолжал работать под контролем Алексея ЕЛИСЕЕВА и стоявшего за ним Максима БАКИЕВА. Но вот грянула апрельская революция. А Елисеев, и Бакиев-младший исчезли. Но "Альфа Телеком" под руководством всё того же Андрея СИЛИЧА продолжает сотрудничать с "Монтгомери", заключает с ним новый генеральный договор. И продолжает перечислять в оффшор огромные деньги…" - дейт.
Окурман көңүлүн бул үзүккө бурган себебим, эгер Максимдин зулумдугу астында MegaСom 2006-жылы 49%, 2008-жылы 51% акциясын толук тарттырып жиберип, ташжалак калган болсо, эмнеге орусиялык инвесторлор жалаага кабылыш керек? Кыргызча айтканда, айран уурдагандар кутулуп, айранды жалагандар тутулушу керекпи? Бул жерде албетте, орусиялык инвесторлорду таптаза деп коргогондон алысмын, бирок "мышык акпы, карабы, чычкан алса болду" демекчи, өлкөбүздүн экономикасына миллион, миллиарддаган сом кирешелерди алып келер MegaСomбу, башкасыбы, айтор аларга жагымдуу шарт түзүп берүү мамлекеттин да, коомчулуктун да милдети. Болбосо, Кыргызстанга келген инвесторлор жакында жаа бою кача баштайт.
Ал эми Кыргызстандын экономикасы сырттан келер инвесторлорсуз очорулган белин түзөй албайт. Эгерде аталган ири компаниянын укугу корголбой, дагы көк бөрүгө айланса, жогору жактагы атка минерлердин MegaСomдой ири компанияларга сук артканы дагы күчөйт. Аныгында: 1999-жылы кыргызстандык бизнесмен Орусиядан өнөктөш болор инвестор таап, "ОсОО БиМоКомду" түзүп, лицензия алат. Иштин темпи ылдамдап, чоң үлүшкө ээ боло баштаганын кулагы чалган Айдар АКАЕВДИН көзү кызарып, ошондон баштап "ОсОО БиМоКомду" тооруп, 2001-2002-жылдары эле ханзаданын ээлигине өткөн. 2005-жылы атасы тактан ажыраган Айдардын колу "ОсОО БиМоКомдон" ажырары менен ага М.Бакиев, Елисеев дегендер афера жолу менен мыйзамсыз ээлик кылып келгени коомчулукка эбактан дайын. Анан эле ортодон бүгүнкү бийликтин айрым жемсөөкорлору пайда боло калып, аны улутташтыруунун шылтоосун таап чыккан жокпу? А улутташтыруу үчүн эмне аракеттерди кылышууда? MegaСomду мурда Елисеев, Гуревич деген эргулдар тескеп келген болсо, азыр ал милдетти аткарган А.Мурзалиев деле эскилердин жолоюна түшүп, мүлктүн мыйзамдуу ээлерин бизнестен четтете албай жүргөндөй... Бул эмнени эске салат? Мурзалиев өзү күнөөлөгөн Максим жана Елисеевдин рейдерлигин!
Ошол эле "Дело №..." гезити макаланын андан ары жагында: "С 13 июля по 22 декабря 2010 года компания "Монтгомери" получила от ЗАО "Альфа Телеком" (49% акций которого к тому времени уже национализировало кыргызское государство) 7 миллионов 393 тысячи 913 долларов. За 5 послереволюционных месяцев - почти столько же, сколько за 8 месяцев "бакиевских"! - деген соболун эмнеге ошондогу Башкы прокуратурага жолдобойт (Азимбек Бекназаров менен Байтемир Ибраев турат го)?
Макаланын башында айтылгандай, эгер апрель окуясынан кийин Убактылуу Өкмөт өз декретин шардана кылып, Максим БАКИЕВГЕ тиешелүү делген 49% акциясын улутташтырып, 51% акциясын сот иштери бүткөнчө сактап туруу үчүн Маммүлк министрлигине тапшырылган болсо, Башкы прокуратура буга чейин каякты карап келди?! Же ал жакта, буга чейин каракчылар отурду беле?
Олжобай ШАКИР



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"