mainkaptal

Пользовательский поиск
Динара Башарова,
7-апрелде ок тийип курман болгон Чубак Кыдыралиевдин жубайы:
"Жок дегенде керээзин айтып кетсе эмне…"
Ала-Тоо койнун титиреткен каргашалуу 7-апрелде шейит кеткен баатырларды алардын жакындары менен бирге эскерип турууну уланта бермекчибиз. Деги эле, маркумдарды эстутумга салып, алардын арбагына багыштап куран окуп туруу мусулманчылыктын парзы эмеспи. Убагы келгенде гезит бетине жарык көргөн эскерүүлөр китеп болуп басыла тургандыгын баса белгилей кетели. Бүгүн биз кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн Бакиевдердин мөндүрдөй жааган огуна тосуп, күлгүндөй 25 жаш курагында курман болгон Чубак Кыдыралиевди эскерүү ниетинде маркумдун жубайы Динара Кыдыралиеваны маекке тарттык…

- Динара эже, жолдошуңуз Чубактын өмүр баянына кыскача токтоло кетсеңиз?
- Жолдошум, Кыдыралиев Чубак, 1985-жылы Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Асылбаш айылында карапайым адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Апасы Нина Константиновна орус улутунан. Чубак үй-бүлөдө 4 бир туугандын ортончусу болчу. 4 жашында атасы Сарбалдай рак оорусу менен ооруп, каза болуп калат. Энеси Нина чиедей төрт баласы менен жесир калып, бага албай кыйналганда балдарын аталаш агалары асырап алышыптыр. Ошентип, жолдошум тырмактайынан туугандарынын колунда ата-эне мээримине зар болуп, жетим өсүп жетилген экен. Кыскасы, жолдошумдун көргөн күнүн айтып отурсам өзүнчө трагедия.
- Канча жыл бирге өмүр сүрдүңүздөр?
- Болгону бир жыл бирге жашадык. 2008-жылдын декабрь айында таанышып кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 2009-жылдын январь айында баш кошконбуз. Аны менен жашаган бир жылдык өмүрүмдү асылзаттык бактым катары баалайм. Анткени мен Чолпонбай, Дүйшөнкулдай болгон кыргыздын эр жүрөк баатыры менен жашаганыма сыймыктанам. Артында бир жаштагы Гузаль аттуу наристе кызы калды. 7-апрелде кызым Гузаль төрт айлык ымыркай болгондуктан, атасын тааныбай калды. Кызыма татыктуу тарбия берсем, кызым келечекте 7-апрель баатыры болгон Чубак Кыдыралиевдин кызы деген сөзгө арзыган кыздардан болсо деп тилейм.
- Өзгөчө кайсыл сапаттарын эстегенде ичиңиз ачышат?
- Ичинде тырмактын агындай да кири жок жан дүйнөсү таза адам эле. Аялзатына болгон сый-урматын, мага кылган жароокер мамилесин эстегенде жан дүйнөм куушурулуп, ичим туз куйгандай ачышат. Жолдошумдун колунда жок үй-бүлөдөн экенин билсем дагы анын жан дүйнөсүнүн тазалыгына карап, ага баш байлагам. Анын жароокерлигинен бир мисал айтып берейин: экөөбүз кыз-жигит болуп, сүйлөшүп жүргөндө шаардагы "7 дней" деген дүкөндө кароолчу болуп иштеп жүргөн. Бир жолу кечинде дүкөндүн алдына бомж келиптир. Аны көрүп боору ооруганбы, айтор, дүкөндөн тамак-аш алып чыгып бомждун курсагын тойгузуптур. Ушундай кичи пейил, боорукерлиги менен менин туугандарымдын баарына жаккан. Эч бир адамды жактырбаган кыялы чатак жеңем бар, ошол жеңем да Чубакты аябай жактырган.
- Каргашалуу 7-апрель окуясына кантип аралашып калыптыр?
- Асылбаш айылында кайын энем менен бирге турчубуз. Каргашалуу 7-апрелдин астында Чубак Филармониянын артындагы Түрктөрдүн фирмасына кароолчу болуп жумушка орношкон. Айылга барып келип иштөө мүмкүн болбогондуктан, Бишкекке көчүп келгенбиз. Азыр ойлосом бизди ошондо шайтан айдап эле келген окшойт. Көчүп келгенден кийин эле мен ата-энеме учурашып келгени Таласка кеттим. Ошентип, 6-апрель күнү Таласта пикет башталып, эл ызы-чуу түшүп калды. Ошондо эле эмнегедир жүрөгүм сыгылып, алдыда жамандык күтүп турганын сезип, жолдошума телефон чалып: "Шаарда абал кандай? Тынч элеби? - десем,- Кудай сактасын! Тынч эле"- деп койду. Ошол менин акыркы сүйлөшүүм болду. Көп өтпөй эле классташ балдары телефон чалып, Чубактын башына таш тийип, ооруканада жатканын кабарлашты. Көрсө, таш тийбей эле ок тийип, ооруканада жатыптыр. 7-апрель күнү кечкурун классташ балдары кайра телефон чалып, суук кабарды угузушту. Жолдошумдун акыркы мүнөттөрүндө жанында болбой калганыма өкүнөм. Жок дегенде керээзин айтып кетсе эмне. 8-апрель күнү сөөгүн моргдон алып, өксүп ыйлап, кайрылып келбес акыркы сапарга узаттык. Түшүмө көп кирет. Күмбөзүн каздырганда кайнагам унутуп, күмбөз казган балдарга акча бербей калыптыр. Ошол күнү кечинде түшүмө кирип: "Күмбөз казган балдарга акы төлөп бергиле" - деди. Айтор, ушул сыяктуу туура эмес иш жасап койгон күндөрү түшүмө кирет.
- Ок кайсыл жерине тийиптир?
- Оң жак өпкөсүнө тийип, сол далысынан чыгыптыр. Жанында жүргөн балдардын айтымында, алар Киев-Логвиненко көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан клиникага алпарып жаткырышыптыр. Аталган клиникада операция жасалбайт экен. Башка ооруканага жатып, тезинен операция болсо аман калмак беле деп ойлойм. Дагы бир досу: "Мен 5 мүнөт кечигип калдым, эртерээк барганда Чубакты аман алып калмакмын"- деп айтып жүрдү. Иши кылып ар кандай ойлор келе берет. Каскактай болуп кайдан да Таласка кете калдым жанында болсом аман алып калмак беле деп да ойлойм. Кандай ойлосок дагы маңдайыбызга жазылган оор тагдырга баш ийип жашабаска арга жок экен. Эптеп күнүмдүк көр тирлик менен алпурушуп жашап атам. Кудайга шүгүр, кайын журтум келинге кесе сүйлөбөгөн нарктуу адамдар. Айрым кайнене, келиндер сыяктуу чачташып миллион сомду талашкан жерибиз жок. Өкмөт берген жардамдардын баарын тең бөлүшүп алдык.
- Өкмөткө нааразычылыгыңыз жокпу?
- Өкмөткө эч кандай нааразычылыгым жок. Учурдан пайдаланып, гезит аркылуу президентибиз Роза Отунбаевага терең ыраазычылык билдирем. Кантсе да мээримдүү азылзат эне да. Эл башына оорчулук түшүп, кыйналып турганда эки тизгин бир чылбырды колуна алып, мырза чиновниктер аткара албаган иштерди аткарып иштеп жатат. Ал эми кас, душман Бакиевдер эртедир-кечтир өз жазасын алып, жоопко тартыларына ишенем. Өткөндө "Асман kg" гезитине Ак үйдүн чатырчасына чыгып алып, элди аткан көзгө атар киши аткычтар актанып интервью беришиптир, окуп алып күйбөгөн жерим күл болду. Айтарым аларга каргышыбыз тийсин, баатырлардын арбагы канкорлорду тынч уктатпасын. Жолдошумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика