mainkaptal

Пользовательский поиск
Рыскелди МОМБЕКОВ,
КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча
Улуттук комиссиясынын төрагасы:
"Мамлекетти улут, улутту тил сактайт"
- Рыскелди мырза, азыркы аткарып жаткан кызматыңыз кут болсун! Айтсаңыз, кандайча бул кызматты кабыл алдыңыз, же болбосо кандайча барып калдыңыз?
- Ачыгын айтканда, акыркы айларда ар кандай сунуштар болгон, ага ылайык ар кандай жумуштар болгон. Бирок мен "депутаттык мөөнөтүмдү күтөм" деген пикирде болгом. Анан эле бул кызмат оруну бошоп калып, баягы "ойчул ойлонгуча тобокел тоого чыгат" дегендей болуп, ойлонуп отурбай эле ушул орунга отуруп калдым. Тарыхтын таза барагына кириш үчүн талдап, тандап отурмак белем, тобокелге салдым.
- Баракелде, барганыңыз бат болуптур, баштаганыңыз кандай болуп жатат? Дегеле, кыргыз тилинин кыйналып турган себеби эмнеде экен?
- Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналгандан кийин, албетте, ага мамлекеттик деңгээлде мамиле жасалышы шарт. Башкы мыйзамыбызда бадырайып жазылып тургандан кийин, анын талабын айыл башчысынан мамлекет башчыбызга чейин аткарышы керек. Айланып келип эле, мамлекеттик тил маселеси мамлекет башчыбыздын мамилесине барып такалат экен. Алардын аракети кандай болот, эне тилибиздин эртеңкиси эң ириде алардын саясатына жараша болот. Алыс барбай эле кошуна казактарды карайлы, алардын "ана тили" биздикине салыштырмалуу абдан начар акыбалда болчу. Азыркы тапта бизден ашмак түгүл, акыл айтып калышты. Алардын президенти Нурсултан Абишевич "ана тилине" тарыхта кала тургандай камкордук жасап, азыр ар бир казактын алкышына арзып турган чагы. Эгемендик алгандан кийин казактардын ашып кетсе 50 пайызы эне тилинде эркин сүйлөчү. Эмичи, эми? Эч нерсе айта албайсың. Айтайын дегеним, өз тилибизди өнүктүрүүнүн башында өлкө башчыбыздын өзү турганы оң.
- Айтканыңызга аралжы, азыркы ажобуздун мамлекеттик тилге болгон дарамети же ага болгон аракети аз деген турасызбы?
- Жок. Кепти азыркы ажобуздун дарегине келтириштин кереги жок. Азыркы ажобуз Роза Исаковнанын мамлекеттик тилге болгон мамилесин - анын ушул улуттук комиссияны өз карамагына алганын айтсак жетиштүү болот. Аз гана убакыт мурун азыркы комиссия маданият министрлигине баш ийген департаментке айланып калбады беле?! Ата-бала Бакиевдер кыргыз тилине кыянаттык кылып, ушул улуттук комиссиянын ошол жакка учкаштырып салбады беле?! Азыркы ажобуз 20 жылдан бери жыла албаган иштерди жылдырайын, кыла албаган иштерди кылдырайын деп атса, айып такканыбыз акмактык болбойбу. Ачыгын айтып кете турган болсом, азыркы жетекчилердин мамлекеттик тилге болгон мамилелери бир эле бизге эмес, көпчүлүк адамдарга жагып жатат. Ажобуз акыркы кездерде жалаң эле кыргызча сүйлөгөнгө өтүп баратса, спикерибиздин парламент жыйынын жалаң эле мамлекеттик тилде өткөрүп жатканы жаңылык болбосо керек.
- Биз билгенден, "мамлекеттик кызматчылар мамлекеттик тилди билиши керек" деген мыйзам бар. Ал мыйзам кандайча ишке ашырылат?
- 2004-жылы мамлекеттик тил боюнча ошол кездеги президентибиздин жарлыгы чыккан, аны ишке ашыруу боюнча ошол эле жылы өкмөттүн токтому да чыккан. Ооба, сиз айтып жаткан мыйзамда мындайча жазылат, "…мамлекеттик кызматчылар ….мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү" деп. Аталган мыйзам талабы азыркы күнгө чейин ар кандай тоскоолдуктарга кабылып, аткарылбай келет. Анткени анын жол-жоболору иштелип чыкпаптыр. Маселен, мамлекеттик кызматка талапкерлерди мамлекеттик тилди билүү деңгээлин биз дагы, мамлекеттик кадр кызматы дагы аныктай албайт экенбиз. Биздин кызматкерлер жобосун иштеп чыгып Адилет министрлигине жөнөтсө, алар экспертизадан өткөрбөй коюшкан экен. Жакында алар тил боюнча семинар өткөргөндө атайын барып катышып, ошол жобону өткөрүп берүүсүн, болбосо оңдоп-түзөгөнгө жардам берүүлөрүн сурандым. Ачык эле айттым, "бул улуттук комиссиянын кызыкчылыгы эмес, улуттун кызыкчылыгы" деп.
- Анда кандай, мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын мамлекетке кереги жок болуп калганбы?
- Кеп ошондо болуп жатпайбы! Азыркы парламенттин депутаттары эки Турсунбайдын иштерин иликтей бербей, кыргыз тилине дагы кызыгып койсо болмок да. Ушунча депутаттын арасынан улуттук тилге демилге көтөрө турган бир депутат чыкпаганына таң калам. Айрым депутаттар аябай эле өздөрүнө пиар жасап жатышпайбы, "кыргызча доклад жасагыла" кыязында. Ошондойлорго айтат элем, "мыкты мыйзам жазып бергиле, мыкты пиарды биз жасап беребиз" деп.
- Балким, алар сиздерден демилге күтүп жаткан чыгар?
- Депутатка демилге бергендин өзү уят. Алар шайлоочуларга сөз беришкен, мандат алгандан кийин "мамлекетибизди көздүн карегиндей сактайбыз" деп ант беришкен. Мамлекетти сактап калыш үчүн анын уюткусу болгон кыргыз улутун сактап калыш керек болсо, улутту сактап калыш үчүн анын урпактардан-урпактарга узап турган тилин сактап калышыбыз керек да! Ушуну алар айттырбай эле түшүнүшпөйбү! Мисалы, Башкы мыйзамыбызда минтип жазылып турат: "Кыргыз тили - Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп саналат" деп. Туурабы, башка сөз жок ээ. Ушуну биз - "кыргыз тили жоголгондо да кыргыз мамлекети дагы жоголот" деп чечмелешибиз керек. Ачуу чындыкты айткандын эмнеси жаман болсун. Бирок аларды эле карап отура бербей, биз дагы өз аракеттерибизди көрүп жатабыз. Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Чолпонкул Арабаевге сунуш киргизип жатабыз, мамлекеттик кызматка талапкерлер сизден сынактан өтүп жаткандан кийин, мамлекеттик тил боюнча дагы сынакты силерге кошушубуз керек таризинде.
- Кыргыз тилин өркүндөтүү, өстүрүү боюнча мыйзамдан башка дагы кандай чаралар көрүлүшү керек?
- Кыргыз тилин өстүрө турган кыргыз, тилекке каршы, өлтүрө турган да кыргыз болуп жатат. Мындайча айтканда, кыргыз менен "киргиздин" ортосундагы кыл чайнаштан кыргыз тили жабыркап жатат. Өз тилибиздин өгөй тилге айланышына өзүбүз күнөөлүү болуп жаткандан кийин, өңгөдөн эмес, өзүбүздөн башташыбыз керек да. Балапан уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат эмеспи, андыктан алгач үйдөн, андан кийин бала бакчадан, андан кийин мектептен баштаганыбыз оң. Ансыз өз тилибизди өз ордуна алып келиш аябагандай кыйын болот. Карагылачы, кошуна казактарды, канчалаган балдар адабиятын чыгарып, канчалаган балдар тасмаларын тартып жатышат. Бизден озуп кеткенине биринчи кезекте ушулар себеп болду го дейм. Экинчиден, мамлекеттик кызматчыларды мамлекеттик тил боюнча сынактан өткөрүшүбүз абзел. Дегеле, кызматка бара турган кыргыздан, кыргыз тили боюнча сынак алгандын өзү уят. Башка улуттун адамдары өтүп калып, өз улутубуздун уул-кыздары өтпөй калса өкүнүчтүү эмей эмне.
- Эми маданияттан саясатка аттасак. Азыркы коалиция таркайт деген ушактар угула баштады. Сиздин пикириңиз кандай буга?
- Өкмөт тараса, парламент тарайт, парламент тараса, чатактар тарайт, чатактардын арты менен Кыргызстан тарап кетиши мүмкүн. Ошондуктан азыркы коалицияны кулатабыз деген адамдарды - мамлекетибиздин чыккынчылары катары кабыл алышыбыз керек. Андай акылы тайкы саясатчылар арабызда жок эмес, бар. Бирок азыркы Аткаруу бийлигин айыптаганга негиз барбы? Менимче, жок болсо керек. Өкмөт өзүнө болгон жоопкерчиликти өкүртө жүктөп алды, мындайча айтканда, өздөрүнө көр казып алды. Алмазбек Шаршенович өзү айтып жатат: "мен силерден беш жыл эмес, беш гана ай сурайм"-деп. Өмүрбек Токтогулович өзү айтты, бул бюджетти аткара албасак, отставкага кетебиз таризинде. Анан, жаңыдан иштеп баштаган, менимче, жакшы иштеп баштаган Өкмөттү таркатабыз десек, анда бизди арбактар деле кечирбесе керек. Спикер Ахматбек Келдибеков да айтыптыр, азыркы Аткаруу бийлигин айыптаганга негиз жок кыязында. Келишимге кол койгон үч адам тең ишенимдүү айтып жатса, башкаларга ким ишенмек эле.
- Шамалсыз чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи, балким, башка күчтөр бар чыгар?
- Албетте, андай күчтөр бар. Алыста эмес, арабызда эле жүрөт. Атамбаев ачык эле айтпадыбы: "Биздин криминалдык күчтөргө, коррупциялык чиновниктерге каршы багытталган аракетибиз айрым саясатчыларга жакпай жатат, анткени алардын оокаты ошол жакта болчу" - деп. Азыркы өкмөткө өчөшкөндөр кимдер экени, алардын ою эмнеде экени, ачык эле көрүнүп турбайбы. Башка күчтөр бизге Батыштан келмек беле, баягы эле "Бакиев батальонунун" комбаттары менен солдаттары.
- Жаңы жылдын жагымдуу окуясы катары кайсыны айтат элеңиз?
- Шайлообек Дүйшеевдин 60 жылдык мааракесин. Акын Анатай Өмүрканов айткандай, 20 жылдан бери мындай ажобуз катышкан акындын тою болбосо керек эле. Шакем чынында ага татыктуу болчу. Шакем акыйкатты айтпаган калп акын эмес, Шакем акыйкаттан кайтпаган алп акын.
- Рахмат маегиңизге, ийгилик каалайбыз.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика