Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Куру кыялдан качан кутулабыз?
Элибиз эзелтеден эле кумар оюндарын адамзаттын жан дүйнөсүн бузуучу ыплас каражат катары эсептешип, жектеп келишкен. XX кылымдын башында карта оюн кумары, төрт чүкө (дарттикем) оюндары Кыргызстанда кеңири жайыла баштаган. Буга берилип кеткен кумарпоздор байлыгын, үй-мүлкүн эмес, орой айтканда, койнундагы аялын байгеге сайгандыгы кимдир бирөөлөр үчүн жомок болушу мүмкүн.

Азыркы илимий-техникалык прогресстин учурунда автоматтык оюндар клубу кыргыз жергесин басты. "Казино" аттуу "кыргыз рулеткасы" өлкөбүздүн бүтүндөй экономикасын "тейлеген" официалдуу эмес түрдө "экономикалык тескөө" бийлигине айлангандыгы жашыруун эмес. Орусия жана Казакстандан куугунтук жеген "казино" ээлери кыргыз жеринде өз бийлигин орноткон десек жаңылбайбыз. Алакандай кыргыз жергесиндеги ири казинолордон тарта майда автоматтык оюндар клубу кеңири жайылгандыгынан улам, бул учурдун актуалдуу темасына айланып отурат.
Бул оюндардын акча жасоочу бизнесине айлангандыгы опурталдуу көрүнүшкө айланды, анткени казинолорду "канатына калкалагандар" да, анын "башкы оюнчулары" да кылмыш дүйнөсүнүн "көрүнүктүүлөрү" жана ири олигархтар экендиги далилдөөнү деле талап кылбас. Мындан тышкары саны кескин өсүп бара жаткан "түнкү клубдары" да булар менен атаандаш да, өнөктөш да болуп келет. Мына ушулардын кесепетинен өлкөбүздө денесин саткан кыз-келиндер, наркомандар, аракечтер жана бул кумарпоздукка берилгендер "жаандан кийинки козу карындай" көбөйүшүүдө. Ошол учурда казинолор жана түнкү клубдар кылмыш дүйнөсүндөгүлөрдүн башкы "уюгуна" айланып отурбайбы?
Белгилей кетели, "кыргыз рулеткасына" жана "түнкү клубдарга" каалаган адамдар үчүн "ар дайым эшик ачык", бул "демократиялык көрүнүш", бирок ага кирип чыгуунун наркы да оңой эмес. Ал үчүн "акча мешогуна" ээ болбосоң, бул жөн эле куру кыял экендиги ачык көрүнөт. Буга жерде "күндүз чырак менен издеп таба албаган" олигархтарды, бизнесмендерди, мамлекеттик чиновниктерди, "бутунан туруп алгандарды" таба аласың. Ушундан улам, "жаңы парламенттин" депутаты ар-намысчы Бактыбек Жетигеновдун автомат оюндарынын клубдарын жоюуга демилгеси колдоого татыктуу болмок.
Тилекке каршы, бул демилге канчалык деңгээлде ишке ашырылат? Максатка жетүү үчүн кандай жол тандалып алынат? Же адаттагыдай ири казинолордун ээлери "шапкесин" төлөп берген соң, бул да ишке ашпаган куру сөзгө айланабы? Ушул жерде дагы бир "кычыткы" суроо туулат, "Ар-Намыс" партиясынын лидери Ф.Кулов баягы "мандемдүү тандемдин" учурунда бул маселени козгобостон, эми анын партиясындагылар азыр "ойгонуп" отурат?
Ал эми бул маселе боюнча коррупцияга каршы эксперт Бакыт Бекитаевдин: "Казино мафиясы" - бул таасирдүү күч. Алардын көбү бийлик чөйрөсүндө, же бул чөйрөдө өзүнүн ишенимдүү өкүлдөрү бар. Алар жеке кызыкчылыктарын коргоодо ишенимдүү күчкө ээ болушуп, "лоббирациялоодо" негизги добушка ээ болушкан. Автоматтык оюндарды жабууда алардын алсыз карама-каршылаштары (конкуренттери) гана жабыр тартат. Бул аракеттен мамлекет пайда табышы күмөн" - деген пикирин реалдуу берилген баа катары эсептөөгө болот.
Жылына элдин жүз миллиондогон акча каражаттарын ажыдаар болуп соргон казинолордон мамлекеттин казынасына бар болгону 56 миллион сом салык алынат экен, тактап айтканда, бул океандан чөмүчтөп суу алганга тете десек жаңылыштык болбос. Чынында эле ири казинолордун нукура кирешеси кайсы критерийлер менен эсептелинет? Алар мамлекет тарабынан такай көзөмөлдө турабы, же анын ээлеринин толтурган декларациясы боюнча гана эсептелинеби? Бүтүндөй автоматтык оюндар клубдарында иштегендердин жалпы саны такталганбы? Бул жерде эмгек акы алгандардын канчасынан социалдык фондго каражат которулган жана "эсепке кирбеген", "жең алдынан" эмгек акы алгандар канча адам экенин тактай алышабы? Казино жана автоматтык оюндарды тыюуга демилге көтөргөн Б. Жетигенов тарабынан кандай иш-чаралар көрүлөрү да так көргөзүлбөгөн. Ушундан улам, кайсы жерде канча казино калтырыларын жана алар ар кайсы негизде иштеп каларын ачык айтса болмок. Майда автоматтык оюн клубдарын жоюу менен Шин сыяктуулардын "ажыдаар" казинолору монополист болуп калышпайбы?
Биз кумар оюндарынын очокторун жоюуну туура дейбиз, бирок монополист казинолордун үстөмдүгүнө чек койбосо, бул куру кыял катары кала берерин айтууга аргасыз болуп калабыз. Айрыкча, Кыргызстандагы казинолордун активдүүлүгү менен Казакстандын "ишмерлеринин" акчасы агылып кирип жатат" - деген жомокко ишенбей, ар тараптуу реформа жүргүзүлүшүн карапайым калк күтөрүн ачык айта кетели…
Эртабылды Аттокуров