mainkaptal

Пользовательский поиск
БАКИЕВДЕР ЧАБУУЛУН БАШТАП ТУР
Ооба, Бакиевдер чабуулун баштап тур, ал чабуулдун бири эптеп-септеп түзүлгөн парламенттеги үч фракция коалициясын таратуу аракети болуп турат.

Экөө тең айбан болгону менен, Бакиев деген Акаев эмес. Бири айдама окумуштуу болсо, экинчиси - кежир бука, биринчиси - аялына алдырып койгон ашкере "назик" болсо, экинчиси - аялы канча экенине карабаган зөөкүр, биринчиси - бийликтен оңой эле кол үзсө, экинчиси - эмдигиче тырмышып жатат. Ошол экинчиси - бийлик менен байлык дегенде ата-бабасынын арбагынан баштап, кимди да болбосун сатып жиберүүгө токтоосуз барчу неме. Демек, ал бийлигинен айдалып калып эле таптакыр жөн жатпайт, ал үчүн бардык ишти жасайт, жасай берет, ишке жарап берчү элден алган акчасы эсепсиз… Ал эми анын ишин бул жакта аткарып турчу куйруктары оголе арбын, мейли эле арбын болсо, бирок алардын бир катары бийлик бутактарында отурганы коркунучтуу болуп жатпайбы. Алар өздөрүнүн бакиевчилер экендигин деле жашырып-жапканы жок. Мындай ашкере боорукер бийлик турганда жашырып не. Бакиеви бар кезиндегидей эле аралай-чаап иштеп жатышпайбы ошол Бакиевдин жигиттери: Ташиев, Келдибеков, Жапаров, Султанов, Сулайманов, Түлеев, Ташбаев, А.Жапаров, Жунусов, Абдылдаев, Мырзакматов, Осмоналиев… Ал эми сот, прокуратура, милийса тармактарында бакиевчилердин чети оюлган жери жок, "Жанышыбыз келсе, жайлай баштап жаныбыз жыргайт эле…" деп "бешинчи колонна" болуп турганы турган. Азыркы бийлик ушул тармакты бакиевчилерден тазалай албай койду, эрежесин билет да эмне кылышты билбейт, башына тийчү таяк кылып аябай багып жатат!
Ошентип, бакиевчилер контрреволюциялык аракеттерин баштап тур. Аларды Текебаев менен Кулов сыяктуулар колдоп турат. Кулов го жүрө берет, берки Текебаевге не болду?! Жеке амбициясынын айдагында айласыздан бакиевчилерге курал болуп жатканын билбейби… Болуптур, өзү бапестеп баккан парламенттик башкаруусунун алгачкы жолуна баш-көз боло албай калды. Антсе да ал башкаруу жыгылып-туруп ишин баштап жатат го. Же сөзсүз эле Текебаевдин колу менен жетелениш керек беле, мыйзам ошондой жазылган беле?
Ташиев менен Куловго го бийлик керек, Отунбаевасыз, Атамбаевсиз бийлик керек. Ошондой бийликке эгедер болом деген бу экөө эми-эми бутуна туруп бараткан мамлекетти кайрадан белгисиздикти көздөй, болгондо да коркунучтуу белгисиздикке карай жетелеп жатат. Эл деген байкуш качан адамча жашайт, качан бейпил, жетиштүү жашайт?! Же алардын тагдыры Кулов, Ташиев, Бакиевдердин оюнчугу болуп бу жашоонун кызыкчылык-жыргалын көрбөй, сезбей өтүүгө жаралган бекен?! "Бу парламент көпкө барбайт, барса да жемиштүү иштеп бериши арсар" дегенди тээ небактан айтып келатабыз. Анткени бакиевчилерден куралган "Ата-Журт" партиясы аралашкан жерде эл үчүн кайдагы иш?! Ал партияга санаалаш болуп коалицияга биригип жатса да сак боло жүрчү берки КСДП менен "Республикадан" саткындар чыга баштады, өлжүрөгөн депутаттары канча, эсеп-кысабы жок.
Баратбай АРАКЕЕВ




Ташиев парламентти таратып тынабы?..
"Ата-Журт" фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев башында турган "Ар-Намыс", "Ата Мекен" фракциялары 10-11-мартта коалицияны уратабыз дешип парламентке кыйла козголоң салышты. Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановго кире албай калдым деп каңырык түтөткөн Камчыбек Ташиев "коалициядан чыгам" деп коркутуп жатып 11- мартта премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, демиккен демин азга баскандай болду. Азга дегенибиз, кайран Камчыкең Алмазбек Атамбаевге Башкы прокуратура менен Жогорку Сотту Роза Исаковнага айтып алып бере турган болсо коалициядан чыкпай турганын айтып соодалашуу жүргүзүп, 22-мартка чейин убакыт бергени айтылууда. Ошондон улам, "Ата-Журт" фракциясы коалициядан чыгуу маселесин талкуулоону бир нече күнгө жылдырууну туура көргөн. Муну менен Ташиев койгон талаптары ордунан чыкпай турган болсо, коалициядан акыры чыга турганын да кыйытууда. Тактап айтсак, Ташиев эгерде коалиция таркатылса, жаңы коалиция түзгөн жаңы өкмөт куралат жана жаңы спикер шайланарын кошумчалады. Бирок мамлекет башчысы Роза Отунбаева эгер парламент өкмөттү иштетпей, ызы-чуу жарата берсе, чечкиндүү кадамдарга барып, коалицияны тараткан ыркы жок парламентти "өкмөттү, бюджетти бекитип бердиңер, иштегиңер келбесе тарагыла" деп таратып жибериши мүмкүн экен. Анткени үчүнчү коалицияны түзүү оңойго турбайт. Коалиция түзүлбөй калса, президент парламентти таратууга укуктуу.




"Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт"...
Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев 18-мартта өкмөт аралык социалдык, экономикалык маселелерди талкуулоо максатында Москвага учканы турат. Алмаз мырзанын бул иш сапарында бир топ олуттуу келишимдерге кол коюлары күтүлүп жатканы айтылууда. Алсак, Россия тарап Кыргызстанга жардам көрсөтүү багытында грант катары 200 миллион доллар бере турган болууда. Эгер, аталган келишимге кол коюлуп кала турган болсо, анда мамлекетибиздеги көйгөйлүү маселелерди чечүү кыйла жеңилдейт. Бюджеттин жыртык-тешигин жамап-жазгоого мүмкүндүк жаралып, мугалимдер менен догдурлардын маяналарын көтөрүүгө болгон маселе оңунан чечилет. Демек, өкмөткө болгон ишеним артат. Өкмөттүн мамлекетти каатчылыктан алып чыгууга болгон дал ушундай аракетин көралбаган парламенттеги "Ата-Журт", "Ар-Намыс", "Ата Мекен" фракцияларынын айрым депутаттары Алмаз Атамбаевдин Кремлге болгон 18-марттагы иш сапарын бүлгүнгө учуратып, өкмөт иштей албай жатат дегенге жеткириш максатында коалицияны таркатуу маселесин чукулунан козгоп кыйла ызы-чуу кылышты. Ойлогон ойлору оңунан чыкпай калганда, аргасыз үч "А"нын козголоңчулары абал курч бойдон калганын эскертишип, коалициядан чыгуу маселесин 22-мартка чейин калтырышканын билдиришти.




Эскилердин жолоюна түшүп...
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Ош базарынын айланасын иретке келтириш максатында базардын айланасында соода-сатык кылгандарды көчүрүүгө катуу киришип, нааразычылыктарга туш болгон. Угушубузга караганда, эми ошол соодагерлерди Маевкадагы "Баят" базарынын маңдайындагы өзү жаңы ачып жаткан базарга көчүрмөкчү болуп жатыптыр. Мэрдин мындай жоругу жеке капчыгын ойлоп жаткандай таасир калтырат экен. Исага чейин келген мэрлер да базар ачуу менен алектенишип, бир топ чуулган жаратышкан эле. Алсак, Нариман Түлеев "Баткен" базарында соода кылгандарды өзү ачкан "Дыйкан" базарына көчүрүп ызы-чуу кылган. Аны менен эле токтобостон "Комфорт" соода жайын дагы көчүрмөк болуп, жаңжал жараткан. Данияр Үсөнов да "Аламүдүн" базарын көчүрмөкчүмүн деп чыккан жайы бар. Ушундан улам ойлойсуң, Бишкек шаарына мэр болуп келген киши сөзсүз жаңы базар ачыш керек делген салт калыптанганбы деп. Болбосо, Иса мырза эскилердин жолоюна түшүп акча кумарына азгырылып жатабы, белгисиз. Балким, Иса мырза өзү түшүндүрүп берер?!.





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
Яндекс.Метрика