mainkaptal
Пользовательский поиск
Кыргызстанды криминалдар башкарабы?
Кыргыз Өкмөтү ээрге олтурары менен кылмыш дүйнөсүнүн кыйсыпырын чыгарып, четинен камап кирген эле. Ошондо алардын ана башчысы Камчы Көлбаев чет өлкөгө чыга качып, А. Анапияев дегени Дубайга түшүп кеткен. Эми алар учурдагы бийликтин устунун тиреп турган депутаттарга телефон чалышып, айрымдарын бирден чакырып сүйлөшүп, айтор коалицияны кулатууга катуу белсенишиптир. Аттуу - баштуу эле бир эл өкүлүнүн айтымында, Камчы баатыр "Ата-Журттагы" "тёзкасы" К. Ташиевди баш кылып, Н. Түлеев, Ж. Кудайбергенов, А. Суракматовдорду коркутуп - үркүтүп, кандай болсо да коалицияны кулатасыңар деп жаткан имиш. Демейде баатыр көрүнгөн Камчы Ташиев коендой коркуп, криматалыктын айтканын "лам" дебей аткарып жатат экен. Анын үстүнө "Ата-Журттагы" Улан Чолпонбаев деген депутат да К. Көлбаевдин көздөй адамы экени айтылып, жазылып эле келатпайбы. Ошентип, кислороду кысыла түшкөн кылмыш дүйнөсү "Ата-Журттун" айрым адамдары аркылуу расмий бийликти бутуна чөгөлөтүүгө билек түрө киришип турган чагы.
Алар аз келгенсип, айтылуу "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев бир кездеги "кесиптеши" Ф. Кулов аркылуу ар-намысчыларды айдактап, азыркы бийликти аласалдырууга аракеттенгени айтылууда. Кылмыш дүйнөсүнүн кухнясын кыйла жакындан билген генерал Феликс мырза алардын айтканын кыйшаюусуз аткарып жаткан имиш.
Ушуларга эле удаа, өз учуру келе түшкөнүн илгиртпей сезген Максим Бакиев бир тарабынан "Ата-Журт" менен "Ар-Намыстагы" өз кишилерин тукуруп, акчаны самандай сапырып, коалицияны уратуу компаниясына ургаалдуу салым кошуп жатканы эч кимге жашыруун болбой калды. Сөзү өткөндөрүнө жөн айтып, кыйшаңдагандарын кызылдай акчага сатып алып жатканын жакшы санаалаш депутаттардан уктук.
Демек, бул жерде "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев менен мамлекеттик маанидеги ууру Максим Бакиев биргелешип иштеп жатканы айкын болууда.
Ал эми парламенттик шайлоонун убагында "криминалды түп - орду менен жок кылам" деген ата-мекенчи Ө. Текебаев ушу тапта ата-журтчуларга "адвокат" болуп алганы, анын криминалдык күчтөргө салам берип барганы катары кабыл алсак болот, урматтуу окурман.
Ушундай тууган, туулганына эки айдан эми ашкан кыргыз өкмөтүн кылмыш дүйнөсү Максим Бакиев жана криминал менен коюн-колтук алышкан азыркы "эл өкүлдөрүбүз" кулатуу үчүн кутуруп турган чагы.
Кудай андан сактасын, эгер эле алардын арам ою ишке ашса, анда эле ишибиздин бүткөнү. Эптеп иреттелип, такталып, эми көтөрүлүүгө жол алган экономикабыз эски таз кейпине түшүп, эң ириде, элибиз запкы чегет. Инвесторлор үркүп, чет өлкөлөр киши катары санабай, иттин күнүн көрөбүз. Эң негизгиси, криминал кайра өз өкүмүн жүргүзүп, баарыбыздын башыбыздан төө матек ала баштайт.




Так чекеден жеген экен
Былтыркы жылы таластыктардын таламынан аман калган Акылбек Жапаров, акыры таластыктын колунан таяк жептир. "Аламан" сайтынан алган маалыматка таянсак, Акылбек Жапаров менен Өмүрбек Бабанов Атамбаевдин кабинетинен жакалаша кетишет, жапалдаш бойлуу Жапаров Өмүкени папкеси менен чаап ийсе, өткүр Өмүрбек так чекесине "тарс" эттире муштап ийет, эсине араң келген "эл өкүлү" эки жума үйүндө жатууга аргасыз болот. Атаң гөрү, Акылбек акылына эмес, алына караса болмок экен.


Канат кимди калкалайт?
"МегаКом" компаниясы боюнча чыккан чатакка эми башкы прокуратура аралашты. Башкы прокуратурадагы башкармалыктын башчысы Канат Аманкулов маалымат жыйынын өткөрүп, азыркы кезде "МегаКомдун" директорлук милдетин аткарып жаткан Азамат Мурзалиевге кылмыш иши ачылганын жар салат. Анын айтымында, Азамат мырзанын Алмазбек Атамбаевге жазган кызматтык катынын негизинде каржы полициясы козгогон кылмыш иши ыдырап түшүп, Азамат өзү айыптуу болуп чыккан имиш. Бул маселе боюнча башкы прокуратура башынан балык ооз болуп келип, эми баатыр болуп чыкканына баш оорутпай эле койгула. Балакеттин баарын баштаган Башкы прокуратура, аны ал кезде көзөмөлдөгөн Азимбек Бекназаров болгону аябай эле айтылды го. Азыркы Аманкулов 2005-жылы Азике башкы прокуратураны жетектеп турганда анын орун басары болуп иштегенин эске алсаңар, андан ары казбай деле койсоңор болот. Ал ортодо, азыркы башкы прокурор Байболовду айрым депутаттар алкымдан алып, "бекитпей коёбуз" таризинде бекем кармап турганын уктук. Айтор, тиреш күчөп эле баратат, кайдан чыгар экенбиз.


Айтканын танабы же артка алабы?
Экс-спикер Марат Султанов эмки спикер бөлөсү Ахматбек Келдибековго айткандай болду эле, "мен бул коалицияга кирбейм"- деп. Биз деле ойлогонбуз, ага чейин андай оюн ачыкка чыгарган Садыр Жапаров экөө эми коалициянын жыйындарына катышпайт деп. "Сыныктан башканын баары жугуштуу" демекчи, лидери Камчы Ташиев сыяктуу алар дагы айткандарынан айнып кеткен окшойт, коалициянын тагдыры чечилип жатканда кошулмак турсун, корстон болуп жүрүштү. Жанагы Нариман айткан 19дан 2ни алып койсок деле болчудай. Анан ушундай адамдар жигитчилик жөнүндө сөз козгогондо, кантип жийиркенбей коёсуң. Илгеркилер айтчу экен, эр жигиттин сөзү өлбөсүн… деп. Азыр башка заман, так что…


Арстанбек мырзанын аракети…
17-март күнү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде "Эл үчүн" демилгечи тобунун төрагасы, ири ишкерлердин бири Арстанбек Абдылдаев репрессия курмандыктарына, 7-апрель жана Ош коогалаңында каза болушкан мекендештерибизге куран окутуу же уюштуруучулар билдиргендей "Бата тилөө" аземи өтөт.
Албетте, Арстанбек мырзанын арбактар үчүн жасап жаткан бул иш-аракети колдоого аларлык. Бирок бул демилгенин артында дагы бир чоң маселе бар экенин айта кетсек болот. Себеп дегенде, кайсы бир гезитте Абдылда атанын небереси алдыда келаткан президенттик шайлоого катыша тургандыгы жазылган. Демек, ал кеп чын болсо, анда бул демилге Арстанбек мырзанын шайлоого карата жасап жаткан демдүү иштеринин алгачкысы болуп калары шексиз. Чынын айтканда, Арстанбек мырзанын бул акылы эмитен "чабал өрдөк эрте учат" болуп жаткан Ташиев, Кулов өңдүү эрендердин акылынан ашып түштү. Кандай болсо да, акчасы арбындар жакшы иш-аракеттери менен алга жыла беришин кааламакчыбыз.


"Пармаш" Жакыповго жакканбы же?..
"Орун басардын ою жаман" дегениң чын окшобойбу, Ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыпов кадимки "Пармашты" кайра ГУУРга алып келүү оюн министрине айткан имиш, аны уккан министри агынан жарылыптыр, кутуруп кеткенсизби таризинде. Кудая тобо, кан төктүргөн Жаныштын жандай көргөн кадрын кайра алып келсек, апрель окуясында каза тапкан азаматтарыбыздын арбагы бизди кечирер бекен. Дегеле, Жеңиш мырза мындай оюн эмнеге айтты экен. Балакет басып, балким, шефин шерменде кылыш үчүн болуп жүрбөсүн? Зарылбек мырза деле оңой эмес дечи. Бирок орун басарынын оюн тактап койгону оң.


Караколдо "паракор" жетекчиге каршы пикет…
Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы жогорку окуу жайда бир топ убакыттан бери талаш-тартыштуу маселе күчөп келет. Буга мисал мурунку ректор менен азыркы ректордун гезиттер аркылуу "ак терек, көк терек" ойноп келишкенин коомчулук жакшы эле билет.
Кечээ күнү да бул ЖОЖдо жогорку жактын көңүлүн бурдура турган орчундуу окуя болуп өттү. Тактап айтканда, аталган окуу жайга караштуу Экономика жана менеджмент институтунун директору Жолдошев Саламатка каршы окуу жайдын жалпы жамааты (200гө жакын адам) нааразычылык акциясына чыгышты. Митингдин катышуучуларынын айтымына караганда, Саламат мырза аталган окуу жайдын студенттеринин "кактабай канын ичип", катары менен пара алат экен. Эң эле кызыгы, студенттерден жыйнап алган акчаларды окуу жайдын ректору Абдылдаевге берерин, а ректор болсо министрге "отметка" кылып турарын айткан имиш. Кыскасы, жоболоңдуу Жолдошев эртелеп кызматтан алынбаса, жалпы жамаат нааразычылык акцияларын күн сйын өткөрүүгө белсенип жаткандыгы айтылууда. Министр Канат мырза бул талаш маселеге не дейт болду экен?


Баракелде Бабанов мырза
Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов экономиканы өнүктүрүү боюнча план иштеп чыгышканын, ага жараша 2011-жылдын ички дүң продукциянын көлөмүн 245 миллиард сомго жеткирүү болжолдонуп жатканын, туруктуу өсүш 6,2 пайызды түзөрүн "Азаттыкка" берген маегинде кабарлады. Өмүрбек мырза өз сөзүндө бюджеттеги 21 миллиард сом тартыштыкты жабуу үчүн солго кетип жаткан акча булактарын бюджетке буруп жатышканына токтолду. Тактап айтканда, спирт ичимдиктеринин акциздеринен 230 миллион, телекоммуникация компаниялары менен түзүлгөн келишимге ылайык салыктардан 200 миллион сом таап жатышканын билдирди. "Телекомдун" жыштыктарын пайдаланган "Мегаком" жылына 500 миллион пайда таап жатса, "Телекомдун" бир жылдык кирешеси 41 миллион сомду араң түзүп жатканына байланыштуу, аталган компанияны менчиктештирүү аркылуу 4 миллиард сом пайда көрө тургандыктарын кошумчалады.




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ