mainkaptal

Пользовательский поиск
Жылдыз Исаева,
7-апрелде ок тийип, курман болгон Адыл Өмүрбек уулунун жубайы:
"Көзүн ачып, Ак үй алындыбы деди…"
Ала-Тоо койнун титиреткен каргашалуу 7-апрелде шейит кеткен баатырларды алардын жакындары менен бирге эскерүүнү уланта бермекчибиз. Анткени маркумдарды эстутумга салып, алардын арбагына багыштап куран окуп туруу мусулманчылыктын парзы эмеспи. Убагы келгенде гезит бетине жарык көргөн эскерүүлөр китеп болуп басыла тургандыгын баса белгилеп кетели. Бүгүн биз кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн Бакиевдердин мөндүрдөй жааган огуна тосуп, кырчындай 46 жаш курагында курман болгон Адыл Өмүрбек уулун эскерүү ниетинде маркумдун жубайы Жылдыз Исаеваны маекке тарттык…

- Жылдыз эже, Адыл байке менен канча жыл бирге өмүр сүрдүңүз?
- Жолдошум Адыл экөөбүздүн түтүн булатып, бирге жашаганыбызга былтыр 25-апрелде 25 жыл болмок. 25 жылдык өмүрүбүздү салтанаттуу түрдө белгилеп коёлу деп пландап жатканбыз. Ойлогон оюбуз тескери чыгып, айттырбай келген шум ажал жолдошумду менден айрыбадыбы. Тилегеним Кудай пендени түгөйүнөн айрыбасын. Бул жашоодо адам эле эмес, жер үстүндө кыбыр эткен жандыктын баары түгөйлөш болуп өмүр сүрсө дейсиң. Тилекке каршы, андай болбойт тура, каргашалуу 7-апрелде канчалаган жубайлар түгөйлөрүбүздөн, энелер канынан жаралган чолпондой балдарынан ажырап, жүрөгүбүз сыздап, кан жутуп кала бердик.
- Кайсыл жердин кулуну эле?
- Чүй облусунун Москва районунан. 7 бир тууган, өзүнөн улуу агасы анан беш карындашы бар. 75 жаштагы кайын энем бар. Мага эле эмес, карыганда уулунан ажыроо ал кишиге да кыйын болду.
- Кайсыл сапаттарын эстеп алып ичиңиз ачышат?
- Бардык эле сапаттарын эстегенде. Жан дүйнөсү акактай таза, асыл адам болчу. Бирге жашаган 25 жылдык өмүрдө бир жолу катуу сөз айтып көңүлүмдү калтырган жок. Эл сыяктуу эле турмушубузда көптөгөн оор күндөрдү баштан кечирдик. Жолдошум 10 жашында атасынан ажырап, түйшүктүү турмушка эрте аралашыптыр. Ошондонбу, айтор, башка түшкөн кыйынчылыктардын баарын эрктүүлүк менен жеңди. Жогорку билими жок болгондуктан өмүр бою Кыргыз Полиграф комбинатында жумушчу болуп иштеп келди. "Шартым жок жогорку билимге ээ боло албай калбадымбы, кесибим болсо минтип комбинатта иштебейт элем"- деп өкүнүп калчу. Экөөбүз да Кыргыз Полиграф комбинатынан таанышып баш кошконбуз. Жашай турган үйүбүз жок комбинаттын жетекчилиги бир бөлмөлүү үй берип, ошол үйдөн агарып-көгөрдүк. Эки кыз, бир уулум бар. Улуу кызым Нуриза турмушта, экинчи кызым Айдана атасы каза болгондон кийин "иштеп келейин"- деп Италияга кетти. Кичүү уулум Максат мектепте окуйт. Адыл балдарым дегенде үзүлүп түшчү. Кыздарынын жалаяктарынан бери өзү жууп бөпөлөп чоңойтту. Улуу кызыбыз турмушка чыгып, эгиз балалуу болгондо таята болдум деп чексиз кубанды эле. Жээндерин эркелетип, "менин жүрөгүмдүн дарысы ушулар, ушуларымды жыттаганда жүрөгүм айыгып калат"- деп калчу. Анткени жүрөгү ооручу. Кореяга барып, эки жыл иштеп, операция жасатып келген.
- Каргашалуу 7-апрелге эмне болуп, аралашып калган?
- Өзүм Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинде мугалим болуп иштейм. Адыл күнүгө эртең менен мени автоунаасы менен жумушка жеткирчү. Каргашалуу 7-апрель күнү эртең менен "бүгүн жеткирбей эле коёюн, өзүң эле кете берчи"- деп койгон. Түшкө маал телефон чалып, коомдук транспорт токтоп кала электе үйгө эртерээк кел деди.Үйгө келсем, кошунабыз менен эшиктин алдында сүйлөшүп туруптур. Ошентип, үйгө кирип чай ичтик. "Медиа Форумдун" алдына барганын, эл кантип көтөрүлгөнүн бизге айтып берип отурган. Аңгыча эле, телефону чырылдап аянтта жүргөн иниси чалып калды. Ошондон эле "мен да барбасам болбойт"- деп барба дегениме болбой шаша-буша кийинип, жөнөп кетти. Дайыма чөнтөгүнөн түшүрбөй салып жүргөн автоунаасынын ачкычын, колуна тагынган чынжырын ошол күнү үйгө таштап кетиптир. Ошондо эле эмнегедир жүрөгүм алып учуп, жамандык болорун алдын ала сезгем. Көп өтпөй телефон чалып үйгө кел десем, "азыр барабыз, күйөө бала Рустам экөөбүз чогуу жүрөбүз"- деп койду. Чыдамым кетип күйөө балам Рустамга чалсам: "20 мүнөт болду, атамды таппай жүрөм"- деди. Кайра бир аздан кийин эле эжем чалып, Адылдын телефонун чоочун киши алып жатканын айтты. Чалсам чын эле чоочун киши алып, телефонун таап алдым деп койду. Ишенбей кайра чалсам, "бул телефондун ээси сүрмө топ элдин алдында калып, тез жардам машинасы келип ооруканага салып кетти" - деди. Ок тийгенин ойлобой эле жүрөгү оорукчан неме жүрөгү кармап калды го деп ойлодум. Кайда кайрыларымды билбей досу Талгатка чалып, "Адылдын жүрөк оорусу кармап калган окшойт, ооруканага алып кетиптир билип берчи, - десем, - ал жүрөгү кармабай эле ок тийип жараат алып, №3 ооруканага жатыптыр" - деди. Ошондон ооруканага кандай жеткенимди билбейм. Кирсем, дарыгерлер операцияга алып кирип кетиптир. 4 сааттык оор операциядан кийин көзүн ачып: "Ак үй алындыбы?" - деди. Ошентип, 9-апрель күнү Фучиктеги ооруканага которушту. Ок белиндеги курунун бляшкасын тешип ичине тийиптир. Эсине келе албай, уйку соонун арасында жатып, эки күндөн кийин үзүлдү. Ботодой боздоп кайрылып келбес акыркы сапарга узаттык. Ыйлап атып, көзүбүздүн жашы деле кургады. Кудай Таала маңдайыбызга ушул күндү жазыптыр, канчалык зар какшап ыйлаганыбыз менен, Адылдын ордун толтура албайт экенбиз. Белди бекем бууп, кайрат кылып жашабаска арга жок экен. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун деп арбагына багыштап куран түшүрүп, жүрөгүбүз сызылып жашап келебиз. Айтаарым, Бакиевдерди Кудайга койдук, Кудай жазаласын!
- 18-мартта соттук процесстер улантылганы турат. Адилеттүү өкүм чыгарына ишенесизби?
- Күнөөлүүлөр жазага тартылып, мыйзам алдында жооп берерине ишенбейм. Сот башында кандай башталса, дагы деле ошондой уланат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Данияр Үсөнов, Мурат Суталиновдор Кыргызстанда эле тайраңдап ээн-эркин жүрүшөт. Ак үйдүн чатырынан элди атты деген далилсиз күнөө менен бейкүнөө балдар УКМКнын абагында камалып жатышат. Арасында Ак үйдө эшик тосуп иштеген кызым Нуризанын курбу кызынын иниси да бар. Ал элди атмак турсун тапанча кармаганды билбеген бала. Мына ушундай адилетсиз соттордун айынан күнөөлүүлөр жоопко тартылбай, күнөөсүздөр камалып жатышпайбы.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев






кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика