mainkaptal
Пользовательский поиск
"Ата-Мекен" үгүт өнөктүгүн кимдин эсебинен жүргүзгөн?
Акыркы саясий ызы-чуулар өлкөнүн коомчулугун Кыргызстандагы мамлекеттик мүлктү бөлүштүрүү процессине жаңы өңүттөн, башкача көз менен кароого мажбурлап отурат. Партиянын эки лидери - Бабанов менен Текебаевдин кыл чайнашкан кармашы коомчулуктун алдына жаңы суроолорду, табышмактарды коюп, анын маңызын аңдап-түшүнүү үчүн 2010-жылдын апрелинен кийин мамлекеттик башкаруу системасында эмнелер болуп өткөнүнө баам салууга туура келет.

Текебаевдин вице-премьер-министрге жанталашкан чабуулу "Ата Мекендин" өкүлү-Абдрахманов Болот Борисевич (Ал "Ата Мекендин" экинчи лидери Эркин Алымбековдун тууганы болот) "Манас" эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагалыгынан алынгандан кийин башталды.
Бул чабуулдун артында жөн гана саясий оюндар турабы же башка да бир мандем барбы? Биз ээрден жылмышкан чиновниктин ишин иликтеп көрүп, таң калычтуу жыйынтыкка келдик. Көрсө, "Ата Мекен" партиясы өзүнүн негизги киреше булагынан ажырап калган тура. Эми болсо алдыдагы президенттик шайлоодо үгүт иштерин жүргүзгөнгө алардын акча каражаты жок.
Биздеги маалыматтар боюнча, "Ата Мекендин" 2010-жылдагы шайлоо өнөктүгүнө "Манас" эл аралык аэропорту ААКынын башкармалыгынын төрагасы Болот Абдрахманов 3.500.000 доллар берген имиш.
Эми мындай "майлуу"орунду жоготкондон кийин "Ата Мекен" өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылай албайт, демек, Текебаевдин президенттик креслого отурсам деген үмүт-кыялы суу кечпей калышы мүмкүн. АКШнын Мамлекеттик департаменти сыяктуу тышкы оюнчулар эле колдоо көрсөтпөсө Өмүрбек Чиркешовичтин саясий карьерасы да бүттү дей берсек болот.
Азырынча биз окурмандарды Өмүрбек Текебаев "Манас" эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагалыгына отургузган кишинин ишмердүүлүгүнүн кээ бир кызыктуу жактары менен тааныштыра туралы.
Абдрахманов Болот Борисовичтин "Манас" Эларалык аэропортунун башкармалыгынын төрагалыгы кызматындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат.
№1 факт. Аэропорттун жетекчиси өзү жетектеген мамкомпанияга зыян келтирген контракт түзгөн.
Бетон түйүнү. Абдрахманов Болот Борисович "Манас" аэропортуна (бул өндүрүштүк бирикменин кубаттуулугу Транзиттик Жүк ташуу Борбору үчүн бетондолгон учуп-конуучу тилкени курууга мүмкүндүк берет)караштуу 5 гектар жерге бетон түйүнүн куруу максатында көз көрүнөө эле зыян келтирчү контракт түзгөн. "Манас" эл аралык аэропорту мамлекеттик ишканасынын Транзиттик Жүк ташуу Борбору үчүн авиаперрон курууга тийиш болгон өз бетондук түйүнү бар болчу. Мамлекеттин кызыкчылыгынан алып караганда авиаперронду алар өздөрү курганы эң туура чечим болмок.
Бирок Абдрахманов мамлекеттик кызыкчылыкка кол шилтеп, аэропорттун аянтын ишкана түзүү үчүн чет өлкөнүн жаранына ижарага берген, муну менен чет элдиктин мамлекеттик ишканага конкурент болуп, анын заказдарын тартып алуусуна шарт түзгөн. Бул маселени оңой чечүү үчүн ал Абдрахмановго 500.000 доллар бергени тууралуу маалымат бар.
№2 факт. Транзиттик Жүк ташуу Борборунун самолетторун Текебаевдин кишилери тейлешкен.
Транзиттик Жүк ташуу Борборуна хендлингдик (самолетторду борттук тейлөө) кызмат көрсөткөн эки компания: "Handling Kg" ЖЧКсы жана "HS &BA" ЖЧКсы пайдаланылган. Калган компаниялар администрация тарабынан Транзиттик Жүк ташуу Борборунан четтетилип, натыйжада жогоруда аты аталган фирмалар тейлөө боюнча монополист болуп калышкан. Бир америкалык бортту тейлөөнүн кызмат акысы айына 10.000 доллар турат.
Эки компаниянын тең реалдуу ээси болуп "Манас" эл аралык аэропорту ААКнын башкармалыгынын экс-төрагасы Абдрахманов Болот Борисович жана АККнын директорлор Кеңешинин мүчөсү Грязнов Геннадий Владимирович эсептелет. Киреше 50/50 катнашы менен тең бөлүнгөн. Абдрахманов иштеп турган мезгилде Транзиттик Жүк ташуу Борборунун бортторун тейлөө боюнча иштер болжол менен 1,5 млн.долларды түзөт жана ал акчалар жеке Абдрахмановдун чөнтөгүнө түшпөсө, казынага жеткен эмес.
№3 факт. Жүгүңүздү кагазга оротуңуз!
Жүктөрдү кагазга ороо кызматы. Эл аралык рейстер учуучу залда өз кишилерден турган жүк ороочулардын командасы түзүлүп, алар "Манас" аэропортундагы учуу залынын аянтын ижарага алып( 2011-жылдын 3-февралындагы №2020022/12, 2011-жылдын 15-февралындагы №202042/12, 2011-жылдын 27-январындагы №202012/12 келишимдери), Абдрахмановго айына 30 миң доллар өлчөмүндө "салам берип" турушканы айтылат. Ошол эле учурда Адрахманов жетектеген аэропорт бул сектордон айына бар болгону 550 доллардан пайда көргөн.
№4 факт. Текебаевдин тууганы мамлекеттик ишканы кантип итке мингизген?
"Манас" эл аралык аэропорту ААКнын Оштогу филиалынын директору Каратаев Сулайман Садыкович Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин жакын тууганы, бул кызматка 2010-жылдын апрелинен кийин дайындалган.
2010-жылы 4-июнда "Манас" ААКнын Ош филиалы аэропорттун башкармалыгынын төрагасы Абдрахманов менен алдын ала сүйлөшүп, №150 контрактты (жер участогун ижарага берүү) түзүшкөн.
Анын натыйжасында Ош шаарындагы аэропорттун авиациялык-техникалык базасы(АТБ), офиси, имараттары, курулуштары менен кошо чет элдик "Airline Transport Incorporation"( FZC) компаниясына ижарага берилип, мунун кесепетинен "Манас" аэропортунун авиа-техникалык базасы өзүнүн кардарларынан толугу менен кол жууп калган. Башкача айтканда, Ош жана "Манас" аэропортторунун директорлорунун жең ичинен сүйлөшүүсүнүн кесепетинен өндүрүштүк кубаттуулуктар чет элдик компанияга берилип, ал "Манас" ААК мамлекеттик компаниясынын бардык кардарларын тартып алган. Мамлекеттик эки компаниянын жетекчилери "Манас" эл аралык аэропорту ААКнын каржылык абалы начарлап, бардык кирешелер чет элдик компаниянын чөнтөгүнө түшүүсүнө шарт түзүп беришкен. Мындай кыянатчылыктан мамлекет тарткан зыян жылына болжол менен 120.000.000.сомду түзөт.
2010-жылдын 14-сентябрында С.Каратаев 12 сотых жерди ушул эле компанияга мурдагы наркынан да эки эсе арзан баада ижарага берген. Ижарага берген кызматы үчүн Өмүрбек Текебаевдин тууганы 300.000 доллар өлчөмүндө пара алган дешет.
№5 факт. Ысык-Көлгө путевкаларды өз кишилерине суткасына 70 сомдон пулдаган.
"Манас" эл аралык аэропортунун Ысык-Көлдүн жээгиндеги Бостери айылында жайгашкан "Асыл-Таш" пансионаты бар. 2010-жылдын 15-июлунда алдын ала макулдашуу боюнча пансионаттагы орундар аэропорт үчүн бөлөк-бөтөн кишилерге суткасына жетимиш сомдон ижарага берилген. Путевкалардын рыноктук баасы болсо суткасына 1000 сомдон кем эмес болчу. Натыйжада мамлекетке 3.700. 000 сом зыян келтирилген.
№6 факт. Кыргызстан эч качан Евросоюздун кара тизмесинен өчпөйт.
"Манас" эл аралык аэропорту ААКнын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп турганда "Ата Мекендин" өкүлү Б.Абдрахманов "Транс Аэро" техникалык компаниясы менен тил табышып, былык иштерди жасаган экен. "Транс Аэро" компаниясынын чыныгы ээси -"Манас" аэропортунун директорлор кеңешинин мүчөсү Г.Н.Грязнов өзүнө таандык Ил-18 самолетун эскиргендигине байланыштуу эксплуатациядан чыгарууга аргасыз болгон. Бирок ал көз боёмочулук кылып, башка бир самолёттун ЕХ 18005 идентификациялык номерин чаптап коет. Бул кылмыш билинип калган соң, транспорттук прокуратура 2010-жылдын 12-ноябрында самолетту камака алуу тууралуу токтом чыгарат. Бирок Б.Абдрахманов прокуратуранын бул токтомун көзгө илбей, самолеттун "Манас" аэропортунан, Кыргыз Республикасынын аймагынан ээн-эркин чыгып кетүүсүнө жол берген.
Натыйжада жогорудагы идентификациялык номер менен Түндүк Африкада Кыргызстанга таандык эки самолет учуп журөт. Мунун натыйжасында Кыргызстан Евросоюздун кара тизмесине илинип калды.
Жыйынтыктап айтканда, Б.Абдрахманов иштеп турган мезгилде жалпы суммасы 520 млн. сомдук тендер(курулуш, ремонт иштери, азык-түлүк, запастык тетиктер боюнча) өткөрүлүп, 300 млн. сомдук контракт төлөнгөн. Анын 15 пайызы, же 45 млн. сом "Манас"ААКнын башкармалыгынын төрагасы Абдрахмановго пара катары берилген имиш.
Абдрахманов Болот Борисович "Манас" ААКнын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп турганда жалпы жонунан 4, 2 млн. доллар пара алып, анын натыйжасында мамлекет болжол менен 320 млн. сом чыгымга учураган.
P.S.: Редакцияга келип түшкөн маалымат ушундай. Эгер андай эмес экендигин айтчулар болсо, "ММК жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, экинчи тараптын пикирин чагылдырып берүүгө даярбыз.
Кыргызбай КЫРЧЫНБЕКОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ