mainkaptal

Пользовательский поиск
  Актоо эмес, тактоо...

Турсунбек Чыңгышев тууралуу
туура эмес маалыматка туура жооп

Окурмандардын эсинде болсо, "Фабула" гезитинин 11-март күнкү санына: "Турсунбек Чыңгышев эмне мынча тырмышты?" деген чакан макала чыккан. Бул макалада жазылган маалыматтар жалган жана белгилүү инсан Турсунбек Чыңгышевге карата кара пиар экендигин эл-журтка маалымдап коюуну чечтик. Эң алды менен эскерте кете турчу нерсе, бул макаланын аягына автор катары көрсөтүлгөн Эсенгулов Конокбай, Келгенбаев, Элебесов, Токтокожоевдер бул макаланын жазбагандыгын далилдөө үчүн алыскы "Барскоон" айылынан бери ат арытып, жол карытып, редакциябызга кайрылышып: "Бул макаланы окуяга эч тиешеси жок Турсунбек Чыңгышевди каралоо жана айыл өкмөт башчысы Бекболот мырзаны актоо, даңктоо үчүн чыныгы авторун көргөзүшпөй, биздин атыбыздан жазып койгондугун"- айтышты. Чынында, бул макала гезитибиздин электрондук адресине келген. Ал эми биздин милдет мындай талаштуу маселеде тактыкты жаратуу үчүн эки тараптын тең пикирин чагылдыруу. Ошол себептен, Турсунбек Чыңгышевден бул маселе боюнча туура түшүнүшүн өтүнөбүз.
Ал макалада жазылган Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Бекболот Акулуев аталган айылда "Америка ачып", укмуш иштеп жаткан жери жок экендигин редакциябызга кайрылгандар төмөндөгү бир катар далилдер менен айтып беришти. Бекболот мырза айыл үчүн эмес, жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн укмуш иштеп жатышы толук мүмкүн. Сөзүбүз кургак болбос үчүн айыл элине белгилүү кеп-сөздөрдү мисалга тарталык. Өзүңүздөр боолголоп тургандай, сөз Бекболот мырзанын ичип-жегичтик "ишмердүүлүгү" тууралуу. Бекболот мырзанын ичип-жеп койгондугун далилдөө үчүн айылда бир эмес эки ирет Жети-Өгүз районунун акими Р. Элебесов, райондук кеңештин төрагасы ж.б. адамдардын катышуусундагы жыйын өткөн. Маселен: "айылдыктардын таза сууга чогултуп, Кыргызстан акционердик коммерциялык банкына салынган 1 миллион 133100 сомунун 444 миң сомун өз кызыкчылыгына жумшап койгон. Бул боюнча Бекболот мырза: "Алганым чын, бирок айыл чарба өнөктүктөрүнө жумшагам. Билгениңерди кылып алгыла" -деп моюн толгоп койгон. Ысык-Көл облустук Каржы бөлүмү Бекболот мырзанын 444 миң сомду өз кызыкчылыгына жумшап койгондугун аныктап, кылмыш ишин (бул боюнча аталган каржы полициясынын кагазы редакцияда) козгогон экен. Экинчиси: Кумтөр алтын комбинатынан түшкөн 4 миллион 244 миң сомго жакын каражатка сатып алган техникалардын айыл өкмөткө пайдасы тийбей келет. Тактап айтканда, бул маселеге Акулуев эч ким менен кеңешпей туруп эле 1 "Хово" жүк ташуучу чоң автоунаа жана бир жүктөгүч автоунаа сатып алган. Бул техникалар сатып алган жер менен тендерде коюлган баанын ортосунда 19889 доллар айырма чыгып "ойноп" тургандыгы да айтылат.
9-февраль күнү өткөн экинчи жыйында 500 адам катышкан. Бул жыйында узакка созулуп, эл малын тейлөөгө (кечки саат 8дерде) кеткенде, тактап айтканда, залда басымдуу өз кишилери (120 адам) калганда, Бекболот мырза амалданып, колго салдырып, өз ишин "канаттандырарлык" деп жыйынтык чыгартып алгандыгын жалпы айыл билет. Мына, кептин негизги төркүнү да ушунда жатат.
Бирок биздин колубузга тийген маалыматтарга караганда, айыл өкмөттүн башчысы Бекболот мырзанын кызматтык абалынан пайдаланган "кызык окуялары" муну менен эле бүтпөйт экен. Маселен, аталган айылда 1959-жылы салынган клуб бар экендиги айтылат. Аталган клубдун өнөрпоздору өздөрү коюшкан оюндар менен республикадан сырткы өлкөлөргө чейин гастролго чыгышып, айылдык маданият үйүн "Элдик театр" деген наамга чейин жеткиришет. Бекболот мырзанын шалаакылыгы жана кызыкчылыгы менен бул клубга айтылуу АРИСтен бөлүнгөн 400 миң сом да кайра эле "клубдун ичин оңдотобуз" деген шылтоо менен дайынсыз жок болуп кеткен. Натыйжада, клуб талапка ылайык, толук оңдолбой калып, учурда Т. Чыңгышев аталган клубдун отургучтарын жаңыртып бергендиги айтылат. Мындан тышкары Бекболот мырза айылда 60-жылдары салынган мончону да 498 миң сомго "оңдотконуна" карабастан, оңдоо-түзөө иши бул каражаттын өлчөмүндө талапка ылайык оңдолбой калгандыгын да билдиришти. Мончо окуясынан тышкары дагы бир орчундуу окуя бар. Анысы айылдагы 120 гектар алма, өрүк багында башында жакшы иштетип жүрүп, кийинчерээк ал алма бактардын көбүн ит бекерге сатып жибергендиги, ортодогу техниканын да сайда саны калбай баратканы да Бекболот мырзанын "ишмердүүлүгүн" толуктаган окуя болуп чыкты.
Кыскасы, Бекболот мырзанын чыныгы жүзү ушундай экен. Ал эми биздин гезиттин жамааты такталбаган маалыматты, кала берсе республикага белгилүү инсанды далили жок "көөлөп", ошондой окуяга эч тиешеси жок макала башында аты-жөндөрү аталган адамдардын автор катары көргөзүп, ортодо экинчи тараптын нааразычылыгын жараткан аты-жөнүн жашырышкан эргулдарды өз абийирлерине коюп, жолу болушун "каалайт".
Айбек ШАМШЫКЕЕВ




Хилпилдаманын кылыгы, же
ашыңды ичейин, кадырыңа…
Тээ, алмустактан бери, кыргыздардын жери да кенен, суусу, абасы таза, жаратылышы бир ажайып эң кооз, эли да меймандос, кең пейил, ичинде кири жок, коногун сыйлап төрүнө отургузуп, болгон тамагын оозуна кармап, сый-урматын көргөзүп келишет. Ыдык көрүп, куугунтук жеген айрым бир улуттар биздин жерибизге өткөн кылымдарда ооп келишип биротоло байыр алып, укум-тукуму өсүп, жашоолорун улантышууда. Ал эле эмес кечээги 90-жылдардын башында коңшу тажик туугандарда болгон жарандык согушта бир топ кандаштарыбыз анын ичинде тажиктер да бизге жер которуп келишти. Дегеле, кайсы жерден кысым, ыдык көрүп, жерилген, айдалгандардын баары Кыргызстанга келип баш паанек алышат, андан кийин тоюнуп оңолгондон кийин кайра бизге ыдык көргөзө баштайт. Андай мисалдар эң эле көп, айталы түрктөрдүн, күрддөрдүн кылган иштери, уйгур, дунган, өзбек, чечен, карачай, айрыкча ушу аты аталгандар ж.б.

Буга эки себеп бар: биринчиси, кыргыз элинин түз жүргөн куулук-шумдугу, бирөөлөргө жамандыгы жок кең пейил, эң жогорку адамдык сапаты, экинчиси, биздин жетекчилердин улутунун түпкү кызыкчылыгын ойлобогондугу. Буга кошумча ар кандай маселелерде көбүрөөк бекер акчага берилип кеткендиктеринде болуп келген. Кийинки жылдарда, тактап айтканда, эгемендик алгандан баштап, биздин улуттук аң-сезимибиз болуп көрбөгөндөй ойгонуп, духубуз жогорулап, ким экенибизди көргөзүп, мамлекетибизди жамандыр-жакшыдыр түптөп, алга карай өсүүнүн жолуна түштүк. Ооба, өткөөл мезгилде бир топ мүчүлүштүктөр болду, ал баарыбызга белгилүү. Ошондой болсо да, башка улуттун өкүлдөрү мурункудай болбой, кындарына кирип, ээн-эркин өз билгендерин кылганды токтотуп, баш ийип калышты. Эми өзбек туугандар жөнүндө кеп башкараак, алар илгертеден түштүк жергесинде кыргыздар менен аралашып кыз берип, келин алып чогуу-чаран жашап келишкен. Ырас, айрым бир же көпчүлүк жерлеринде жалаң гана кандаш тууганыбыз аябай иштерман мээнетчил дыйкан эл болгондуктан, өсүп-өнүгүп жашоолорун эң жогорку деңгээлге жеткиришти, бөтөнчө соода жагында банк системасында майда-бараттан баштап, чоң-чоң кафелердин баарын ээлеп алышкан.
Мындай майкөл-сүткөл жомоктогудай жакшы жашоого ким шарт түзүп берди, албетте, кыргыздар. Жаныбыздагы эле Өзбекстан мамлекетин алалы, ал жерде абал такыр башка биздин боордошторубуз ачыгын айтканда, эч бир орчундуу маселелерди кой, жөнөкөй эле укуктарынан ажыраган, депутат эмес, жөнөкөй эле жетекчилик кызматтарга койбойт. Себеби күчтүү диктаторлук өлкө, анын үстүнө алардын лидерлери бир гана өз улутунун кызыкчылыгын биринчи орунга коёт. Эптеген жашоо менен айла жок илгертеден ата-бабаларынан калган жерде жашап келе жатышат. Өз үй, өлөң төшөктөрү. Бирок түпкүлүктүү улуттун деле укуктары басмырланган. Анткени алардын мыйзамдары ошондой. Ошон үчүн кайсы улуттун өкүлү болбогун, кай жерде жашасаң, ошол мамлекеттин мыйзамдарына баш ийип жашайсың, буга кошумча ошол элдин каада-салтын да билип, буга улай өзүңдүкүн да унутпай улап жашоо кечиресиң. Өзбек республикасындагы биздин боордош кыргыздар ал жерден баш көтөрүп, биз өзүнчө автономиялык област болобуз деп, Ош жергесиндегидей, бийликке каршы көтөрүлүшкө чыгышсынчы Каримов эмне кылар экен, араң турган неме таптакыр кырып жок кылмак да, калганын түрмөнүн түбүндө чиритмек, калгандарын туш-тушка кууп чилдей таратып, бир тобун өзбектештирип биротоло жок кылмак. Жалаң биздин иш билбеген мажирөө, коркок, жалтак, дөдөй болгон күч аракетин, бийлигин өмүр бою бербей менчикке басып, нааразычылыктарынан элди күч менен басып турган эки президентибиздин ишинин жыйынтыгы десек болот. Бул иштин башы-тамыры тээ илгертеден эле башталган алгач 90-жылдарда анда да анык күнөөкөрлөр-уюштургандар өз жазасын албай, биз күнөөлүү болгонбуз, бир топтору түрмөгө кесилип да кетишкен. Ошон үчүн июнь айындагы жаңжалды түз эле айтсак, өзбек туугандарыбыз баштады, алар көптөн бери даярданып жүрүшкөн. Аларга далил көп. Биринчиден, курал-жарак идеология ж.б. муну жашырбай эле ачык айтышыбыз керек, эмнесинен коркобуз. Алардын түпкү максаты түштүк жергесинде Өзбек автономиясын түзүү, мынакей баягы мал арыгын баксаң - ооз майланат, адам арыгын асырасаң - төбөң кандайт дегендин дал өзү болду. Ал жерлердеги болгон мыкаачылыктарды жасарын жасап алышып, эми будуң-чаңдан эч ким билбей калат дешкенби, Ош, Жалал-Абадда болуп аткан соттун жүрүшүндө эч бир күнөөлөрүн моюндарына албай далбастап актанып жатышат. Булардын жанагы кылмыш кылгандарын эч бир аябай эң жогорку жазаларды бере бериши зарыл, антпесе калгандарына сабак болбойт. Кыргыз мамлекетинде өсүп-өнүгүп илим-билимге жетишип, болгон жакшы нерселерден мүмкүнчүлүктөрдөн кеңири пайдаланып, тагдыр ыроологон ырыскысын көтөрө албай, коюндарына котур ташын салып бүлүк салыштыбы, эми мындан ары буларга кең пейилдик, тең укуктуулук жарашпайт экен. Өткөндө кайсы бир депутатпы же бир укук коргоочубу айтып жатпайбы минтип: "Жогорку кызматтарды, айрыкча сот органдарында ИИМде, УУКда өзбек улутундагылар жокко эсе. Ошон үчүн июнь коогалаңы болду, андан кийин да жаңжалды басуу учурунда кийин кылмышкерлерди издеп табууда да бир жактуу каралоо болду" - деп жанды кашайтып айтып турбайбы. Бул айтылгандар эч бир негизсиз.
Жогоруда аталган кызматтарда ошолор арбын болгондуктан, Кыргызстандын аймагында өзүнчө мамлекет курабыз дешип капсалаңдуу калабаны башташты. Элдин талабы мындай болуп жатат: Мындан ары аларды бөтөнчө ИИМге, УУКга, сот, прокуратура тармактарына жана ушуга окшогон өтө маанилүү кызматтарга түк да жолотпош керек. Болду, булар ишеничтен чыкты. Ошондой эле банктарга жана соода жагындагы кызматтарга карыш жолотпоо эң зарыл, анткени алардын колтугуна суу бүркүп тукуруп турган, сүйөнөр жөлөгү бар... Мындан ары тынч эле кыргыз эли менен бирдикте жашоолорун уланта беришсин, дыйканчылык кылып… Хилпилдамасын театрда гана көргөзүп. Анткени адам пендесинин биринчи олжосу - ач кулактан тынч кулак болуп жашоосун өткөргөндүгү.
Садыбакас Бакаев,
Панфилов району.



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика