Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Асыкбек ОМОРОВ
УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ
орозо кармабаганын, намаз окубагандарынын мойнуна зоолу салдырып, Ысар-Көлөпкө айдатат. Жөө айдалган кемпир-чалдар жолдо кыйналган. Ошондо эл арасында мындай ыр саптары пайда болгон:
Эшеги болсо токуйбуз,
Намазын кантип окуйбуз.
Көбү минет эшекти,
Билбейт экен тезекти...

Темирландын баш кесер желдетине айланган Кудаян жөнүндө, анын элге кылган запкылыгы жөнүндө эл арасында ар кандай ырлар айтылып калган.
Сен кара жолтой хандырсың,
Калемиң каткан жандырсың,
Ушул сенин тушуңда
Журт бузулат ушунда.
Калың кыргыз бузулат
Качып-бозуп кысылат
Калкка тиер кесириң
Көргүлүктү көрөсүң
Ач кайкалаң, куу белде
Как ошондо өлөсүң!

Кудаян-хан ошол кезде ислам дининин эрежелерин үйрөнө албагандарды алыскы Теңир-Тоого айдаттырып, ал эми динге каршы чыккандарды Темирландын ордосу Самарканга алып барып, дарга астырып, анысы аз келгенсип өлүктөрүн талаага таштаттырган, ит-кушка жем кылдырган. Дал ошол учурда Темирлан менен Кудаяндын кордугуна чыдабаган Токтогул ырчы мындай деп ырдаган экен:
Кудаяндын тушунда куурап калдык,
Куургуч баштуу кожону туурап калдык.
Айыпсыз ата-энени кыргын салып,
Ысар-Көлөп сүрүлүп чуулдап калдык.
Аркы атаң эр Супатай Катаганды
Коркомун Кудаян деп атагандан.
Кабыл албай исламды деп зоолу салып,
Өз атаң Сарысейиттен Мажит чолок,
Адамзат бул жалганга келген конок,
Динине Мухамеддин киргизем деп,
Конокту кордук кылдың боюн тоноп.
Кескениң Темирхандын душманы эмес,
Калысы болот Темирхандын накта белес.
Арбагы Кыргызхандын сени урар,
Кыргызды кыйнап салдың, домок…
Токтогулдун бул ыры эки жүздүү кошоматчылар аркылуу Кудаянга жетет. Кудайдын каары келип, бетинин түгү тик туруп, ислам динине ачык каршы чыккан бузуку деп айыптап, Токтогул ырчыны карматып, Самарканга Темирланга жеткиртет.
Темирлан аны дарга асып өлтүрүп, өлүгүн көмдүрбөй талаага таштаттырган. Ал түгүл жакындарына кошок кошуп үн чыгарганга да тыюу салдырган. Темирландын каарынан корккон эл түн ичинде үй-бүлөсүнө жашыруун угузуп, кара эчки союп, мындай деп кошок кошуп жоктогон экен:
Кара жаак Токтогул,
Калыстык менен ырдадың.
Каны менен бооруна,
Кара ниет хан Темир,
Кара жерди сырдадың.
Карга менен кузгунга
Кайсы аралда жем болдуң.
Кадырың өткөн кыргызга
Кара эчкиге тең болдуң.
Этеги жырык чапаның,
Элечек кийген апамын.
Эркине көндүң кантейин,
Эркектер сага капамын.
Аскасы белем бийиктин,
Азоосу белем кийиктин.
Каңкайган ак баш жорулар,
Касымды жесин ийиктин…

Бул ыр саптарын ошол кезде Темирлан менен Кудаян эл арасына жайылтпай тыюу салган үчүн бүгүнкү күндө кара жаак Токтогулдун ырлары жана анын эжесинин кошогу элдик ырга айланып калган.
Ушул жерден окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн тоолордун бөлүнүшүн атап кетейин. Биринчи - Теңир-Тоо, анын чокулары көк тиреп турган үчүн Теңир-Тоо деп аталат. Экинчиси - Улуу-Тоо. Теңир-Тоодон бир аз жапызыраак. Үчүнчүсү - Ала-Тоо. жай убакта тоо мөңгүлөрү эрип, чаар-ала көрүнгөн тоолор. Төртүнчүсү - жалпы жонунан адыр, бөксө, бучук, жапыз тоолор.
Темирлан 1371-1372 жылдарында Фергана, Талас, Иле аймактарына ээлик кылып турган түрк уруусунун башчысы Камар ад-Динге каршы жортуул жасайт. Камар ад-Дин мурун Моголистан бийлигинин башчысы Ильяс-Ходжаны жеңип бийликти тартып алган эле. Бул жерлерде мурун Чагатайдын урпактары бийлеп тургандыктан, бийлик ээлери улам алмашып, жаңы көтөрүлүштөр чыгып турган. Алсак, 1947-Каман жылынан бери дуглат эмири Пуладжа бир нече жолу көтөрүлүш жасап отуруп, акыры Туглук-Тимурду бийликтен алып түшкөн эле.
Пуладжа өлгөндөн кийин бийликке анын бир тууганы эмир Камар ад-Дин келген. Ал Чагатайдын урпактары болгон Ильяс-Ходжанын уулун өлтүрүп, бийлигин бекемдейт. Ошентип, Орто Азия чөлкөмүндө Чагатай урпактарынын бийликтери алсырап, түрк көчмөн уруусунан Камар ад-Дин бийлиги күчтүү болуп турган.
Камар ад-Дин бийлигин бара-бара 1366-1390-жылдары Чыгыш Түркестан, Жети-Суу, Тарбагатай дубанына, андан ары Түштүк Шиберге чейин жайылткан болчу. Камар ад-Дин өзү энеси жагынан түрк болгон, Чыңгызхандын согуштук ыкмаларын жакшы өздөштүргөн аскер башчы болуп таанылган.
Темирландын бул жолку жортуулунун максаты - өз аймагына түндүк жана түндүк-чыгыш тараптан кокусунан кол салуу коркунучун жок кылуу эле. Темирландын кийинки согуштук жүрүштөрү атак-даңкы жагынан анын ата-теги аралашкан Чыңгыз хандын дүңгүрөгөн жүрүштөрүнөн кем калышкан жок. Ал Волга дайрасынын жээгинен баштап Дамаскыга, Смирны шаарынан Гангага, Ташкенттен Ширазга, Табризден Ходжентке, Ирандан Орто Азияга чейин, же болбосо Гангадан кайра Жылдыз шаарына чейинки эбегейсиз аймакты кылычына чөгөлөттү. Бирок Темирлан Чынгызхандай басып алган шаарларына өз өкүлүн көзөмөлчү дайындаган эмес, душманын аёосуз кырган, өлгөн адамдардын баштарынан мунараларды тургузган. Темирлан кыргын салып кеткенден кийин кайра баш көтөрүп, каршылык көрсөткөн шаарларды, элдерди кайра-кайра чапкан. Алсак, Хорезмди үч жолу, Моголистанды жети, Чыгыш Иранды эки, Батыш Иранды үч, Орусиянын эки жолу баш көтөртпөй талкалаган.
Ал өзүнүн басып алган аймактарын үчкө бөлгөн. Биринчиси, Аралдан Табар (Каспий) көлүнө, Терең (Балхаш) көлдөн Тянь-Шань тоосуна чейинки аймакты өзөк катары караган. Экинчиси, Эдил (Волга) дайрадан Эртышка чейин, үчүнчүсү - Индиянын Ганга дайрасынан, Кытайдын Янцзы дайрасына чейинки аймак болгон. Темирланга орустардын Москва шаары, Кытайдагы ички согуштан алсырап калган Мин династиясы анчалык деле коркунуч туудурган эмес. Ал үчүн Иран менен Туран мамлекеттери кооптуу болгон.
Эми кайрадан Темирландын Моголистанга болгон жортуулуна кайрылалы. Темирлан Моголистанга каршы адегенде 1371-Каман жылында жаз жана күз айларында эки жолу жортуул жасайт. Биринчи жортуулунда Темирлан менен Камар ад-Дин тынчтык келишим менен бүтүшөт. Экинчи жортуулунда Ташкенден Сайрам аркылуу чыгып Талас, Олуя-Атага өтүп, көчмөн элдин көпчүлүгү качып кеткенге байланыштуу көп олжо алып кайтат.
Темирлан Самаркан шаарын кокустан колдон чыгарып жиберемби деген ойдо алтын жана кымбат баалуу байлыктарынын көбүн Талас менен Олуя-Атанын орто ченине жер астына, тоо этегине каттырган. Ал байлыктар бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Ушул эле багытта Темирлан 1375-Коён жылында үчүнчү жортуулун баштайт. Сайрам аркылуу чыгып Таласка, андан Чүй дайрасы аркылуу Токмок шаарына жетет. Камар ад-Диндин жоокерлери Оторго чейин сүрүлүп, Ала-Тоонун чыгыш башатындагы Илеге чейин жетип барат...





Чыгарма боюнча кызыккан суроолорго: 0772-411-357 байланыш телефону аркылуу автор жооп берет.
Жан дүйнө жаңырыгы...

Баары бар
Айтсам бизде баары бар:
Кедейи көп, байы бар.
Капчыгын пулга толтуруп,
Качып кеткен ханы бар.

Адилетсиз соттор бар,
Ар-намысы жоктор бар.
Эчен жыл келаткан,
Элди алдаган токтом бар.

Сепил үйлүү бектер бар,
Секс деген "цехтер" бар.
Түрмөдө желе байлатып,
Бал кымыз ичкен зектер бар.

Мүлктү талап жулган көп,
Криминалы мындан көп.
Баркы канча билбеймин,
Партиялар кумдан көп.

Кресло-саясат.
Брондолгон - пул орун.
Тополоңго түшүрөт,
Топ кишини бул орун.

Наркобарон деген бар,
Гектарлап салган тамы бар,
Талоонго түштү өлкөбүз -
араң эле жаны бар...

Бытпылдык,
бытпылдык!
(К.Бакиевдин ыры)

Мазгисин чагып бүт элдин,
Максим уулум экөөбүз
Мамлекетти ит кылдык!
Бытпылдык!
Бытпылдык!

Өкүнгүн, өксү, туз жала!
Өлкөнү биз бүлүнтүп,
Өзүбүз үчүн иш кылдык.
Бакиевчилер чогулуп,
Баарыңарды мыш кылдык!

Бытпылдык!
Бытпылдык!

Казынаны жүз жылдык
Качып кетип таптырбай,
Капчыкка салып, карматпай,
Качып кетип, ит кылдык.

Бытпылдык!
Бытпылдык!

Каркырам ай,
Каркырам!

Каркырам ай, Каркырам!
Кетким келип артыңдан...
Кала бердим "кол булгап",
Ажырап намыс, салтыман.

Жайлообуз кемип, кут кетти.
Сайраган куш бүт кетти.
Алданып арам акчага
Айталбай койдук түз кепти.

Кетти көлдүн бугусу,
Жер соорусу, сулуусу.
Кайгыга салды барганда
Кайыңдын ыйлап турушу...

Көкөтөйдүн ашы деп,
Көп жыйындын башы деп,
көлкүлдөп эл жыйылган,
Сактап сени Каркыра,
Сансыз эрлер кырылган.

Каркырам ай, Каркырам!
Ый жутуп калдым артыңан...
Кайрымы болбой Бишкектин
Кайрылгыс болуп түбөлүк
Казактарга түз кеттиң!...

Виза ачканга

Түрктөр Германияда
Эки миллионго жетет дейт.
Кыргыз ачса эшигин
Алар каптап кетет дейт.

Ушундай каңшаар кеп уктум,
Билбейм чын-төгүнүн.
Виза ачканга менин бүт
Каршы турат көңүлүм.

Түрк жерине шуулдап,
Кедей кыргыз баралбайт.
Барса дагы отунун,
Балпылдатып жага албайт.

Ай кыргызым, кыргызым,
Ак көңүл жагың калбайт го.
Ар жактан жылып келгендер
Акыры сени жайлайт го...
Түпкү атабыз бир болгон
Түрктөр ага барбайт го.

Каныбек Жунушев,
мамлекеттик жана Тоголок Молдо сыйлыктарынын ээси,
Кочкор району.