mainkaptal

Пользовательский поиск
Кубаныч Сатаев, ырчы:
"Аябай баласаакмын…"
- Кайсы бир гезитке берген маегиңизде жакынкы аралыкта атамдын эскерүү кечесин өткөрсөмбү деп айткан элеңиз. Бул максатыңызды качан иш жүзүнө ашырайын деп жатасыз?
- Ооба, атама арналган жакшы, өзгөчө эскерүү кече өткөрүү көңүлүмдө бар. Буйруса, 55 жашын утурлай өткөрсөмбү деп турам. Башка эскерүү кечелеринен айырмаланып, аталган кечеде жаштар арасында атамдын ырын ырдоо боюнча сынак жүргүзсөмбү деген жакшы тилектер бар. Быйыл атамдын көзү тирүү болгондо 51 жашка чыкмак. Тилекке каршы, шум ажал аны биздин арабыздан эрте алып кетти. Атамдын артында ырлары, аты, жолун улаган балдары, күйөрмандары калды.
- Кыргыздын таланттуу инсандарын даталуу күндөрү гана эскерип, калган күндөрү унутта калтырабыз. Атаңызды эскерүүнү 55 жашына таябай эскерип турсаңыз болбойбу?
- Албетте, болот. Улуу таланттарды күн сайын эскерүү да аздык кылат. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, ар дайым эскерип турууга шарт туура келбей калат экен. Болбосо, ырлары элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан, элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган атамды мүнөт сайын эскерип тургум келет. Бир чети кайра-кайра эскерүү алардын кадырын түшүрүп коюшу да ыктымал. Буга аяр мамиле жасоо керек.
- Атаңыздын ырларын жаш ырчылардын ырдап чыгуусуна каршы эмессизби?
- Жок, каршы эмесмин, тескерисинче колдойм. Атамдын ырлары эл ичинде канчалык көп жаңырса, анын аты ошончолук көп эскерилип, элдин жүрөгүндө жашап калат деген пикирдемин. Ошол себептен атамдын ырларын жаңыртып ырдаган жаш ырчылардын көбүнө кубанам.
- Эгер эски ырлардын деңгээлин түшүрүп койгон ырчылар болсо, сиз кандай иш-аракеттерди көрмөксүз?
- Мындай көрүнүштөр болгон. Мен анын кайсы ырчы экендигин айтпай эле коеюн. Ырды бузуп салган. Анан ага жолугуп: "Ырдасаң ырды бузбай ырда. Ырдабасаң жайына кой. Эгер атамды сыйласаң, ырды башынан иштеп чык. Жаңыча жаздыр"- дегем. Бирок ал ырчы кайра жаздырган жок. Ошону менен ырдабай да койду. Ага деле макулмун. Болгону атамдын артында калган ырлары булганбаса деген эле тилек.
- Акыркы күндөрү ыр, обон жаратып аны сатуу бизнеси башталды деген сөздөр айтылууда. Атаңыздын ырларын сатып акча тапкан учурларыңыз болду беле?
- Жок. Атамдын ырларын эч качан, эч кимге саткан эмесмин. Сатууга акым да жок. Ал менин ырларым эмес. Андайга менин уят-намысым жол бербейт. Бирөөнүн атын сатып акча тапкандан кудай сактасын. Сатпайм дагы. Өзүмдүн тапканым өзүмө жетет. Ошого шүгүр дейм. Менин көңүлүмө жаккан, мен сыйлаган, талантын баалаган ырчыларга жөн эле берем.
- Чубак Сатаевдин уулу болгонуңуз үчүн эле ыр дүйнөсүнө аралашып калдыңыз беле?
- Мен жаш кезде башка кесиптин ээси болгум келчү, кино жана сүрөт искусствосу боюнча. Бирок окуп билим алган кесибим менен алектенген жокмун. Ырчылык жан дүйнөмө жакын болуп туруп алды. Ошондон улам ыр дүйнөсүнө кадам таштадым.
- Бала кезде эңсеп тандаган кесибиңизди аркалабай калууңузга эмне себеп болду эле?
- Кино тартуунун түйшүгү аябай оор. Эгер режиссерлук жолду тандасаң, анда баш-отуң менен ошол кесипке киришип, баарын таштоого туура келет. Андан башка чыгармачылык менен алектенүүгө мүмкүн эмес. Ырчылыкка ооп кетүүмө ушул жагы да чоң таасир этти.
- Кесибиңиз кино жаатында экен. Кайсы бир учурда сиздин эмгектин арты менен тартылып калган тасмага күбө болуп калышыбыз мүмкүнбү?
- Аны азыр айта албайм. Балким, күбө болуп калышыңыздар деле мүмкүн. Эртеңки күнгө эч кимдин көзү жетпейт дегендей, келечекте кандай нерселер болуп кетерин алдын ала айтуудан алысмын.
- Эгер тартып калсаңыз кайсы жанрга басым жасайт элеңиз?
- Бардык жанрга. Ар бир жанрдын өз көрөрманы, тарбиялык мааниси, орду, ролу бар деп ойлойм.
- Сизге тасмага тартылууга сунуштар түшсө кандай ролду тандайт элеңиз?
- Менимче, роль тандоо режиссердон көз каранды болсо керек. Сценарийди жазгандан кийин ошол каарманга ылайыктуу, сырткы келбети, ички жан дүйнөсү төп келген адамды режиссер өзү тандап алат.
- Кандай ролдон баш тартат элеңиз?
- Терс каармандын ролунан. Анткени мен андай адамдардын ролун ачып бере албайм го деп ойлойм. Себеби менде бирөөгө жамандык кылган начар сапаттар жок. Анан да мен актердук чеберчилик окуусун бүткөн эмесмин. Жан дүйнөмө каршы келген каармандын образына кире албашым да толук ыктымал. Роль деп эле ачып бере албаган образды ала берүү туура эмес.
- Сахнада жүргөнүңүзгө бир топ жыл болду. Айтсаңыз, ушул жыл аралыгында сиз атаңыздын атын чыгардыңызбы, же атаңыз сиздин атыңызды чыгардыбы?
- Башында атам менин атымды чыгарган. Кийин мен атамдын атын чыгара баштадым десем жаңылышпайм.
- Сиздин атыңызды кайсы ырыңыз чыгарды деп ойлойсуз?
- "Эсимде" жана "Арман ошол" деген атама арналган 2 ырымды эл "мыкты" деп көп айтышат. Ырас, элдин купулуна толгондон кийин ушул ырларым мени Кубаныч Сатаев кылды го деген пикирдемин.
- Чарчооңузду кантип жазасыз?
- Достор менен мончого барып, же үйдө телевизор көрүп жатып эс алганды жактырам.
- Кандай жолдош, кандай атасыз?
- Күйүмдүү жолдош, камкор атамын. Аябай баласаакмын. Бала - жашоону, маңызы, үй-бүлөнү бекемдөөчү чеп экен.
- Үйүңүздө аялзатына тиешелүү жумуштарды жасайсызбы?
- Келинчегим жок кезде, курсак ачканда картошка, жумуртка кууруганды билем. Ал эми келинчегим үйдө болгондо баарын өзү эле жасап бүтүрүп коет.
- Мага жардам бербейсиң деп таарынбайбы?
- Жок. Өзү баарына жетишет. Негизи аял киши түшүнүктүү, акылдуу болгону жакшы. Келинчегим менин жумушумду жакшы түшүнгөндүктөн, мени үй жумуштары менен алагды кылбайт.
- Келинчегиңиз менен бирге түтүн булатканыңызга 2-3 жылдын жүзү болду. Ошол аралыкта жубайыңыздын начар сапаттарын көрө алдыңызбы?
- Андай деле көңүл калтырган сапаттарын байкай алган жокмун. Башында кандай болсо азыр деле ошондой. Болгону бири-бирибизге көп көңүл бура албай калдык. Убакыттын көбү балага, каражат табууга, үй-бүлөнү багууга арналып калат экен.
Даярдаган
Жаркынай Кадыркулова







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика