Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Кадам ушул…

АЙДАР АКАЕВ, МАКСИМ БАКИЕВ ЖАНА АЛАРДЫН ЖҮҮТТӨРҮ АРАЛАШКАН ЖЕРДЕН ТАЗАЛЫК ИЗДЕП НЕ…
Акчанын күчүнө туруштук берчү күч жок! Аны бир жеңсе өлүм менен жеңбесең, бу тириликте жеңип ала албассың. Ошол акчанын күчү менен аппак нерсе капкарага айланат, жакшы адам жаманга айланат, көкмээ акылдууга айланат, айбандар адамга айланат, катын эркекке, эркек катынга айланат. Койчу, кокуй эй, акчанын амалына, күчүнө тең келчү күч жоктур! Эң коркунучтуусу, ошол акчанын жардамы менен нечен бир азамат жигиттерге көө шыбалып, анысы жарашып жатып калган учурлар кезигип жатпайбы, арман!

Дал ошол акчанын күчү менен элим деген тыңчыкма жигиттерибиздин бири - Өмүрбек Бабановду ушул азыр "жөнсалды жигиттердин", керек болсо өз кызыкчылыгын көздөгөн гана жигиттердин катарына кошуп саноо аракети болуп турган кези. Дароо эле айтып койгонубуз оңдур, Бабанов деген кандай болгон күндө да, кандай абалда болгон күндө да элим деген жигиттердин алдыңкы сабында жүргөнү жүргөн, аны каралоонун аракети көрүлсө көрүлөөр, бирок натыйжасында анын дагы бир мыкты мүнөзүн-өзүн каралап жаткан тарапка токтоолугу менен, сөз эмес, иш билгилигин көрсөтө жооп берип, кылы кыйшайбай ишин улантары бар!
Мына ошол Бабановдун элине уламдан-улам алынып бараткандыгы жандарына тынчтык бербей турган тарап "МегаКомдун" ишин курал кылып алып, ага чабуулун баштаган, жана ал чабуулду туура эмес тандашканы башынан эле айкын болуп калган, кыпкыргызча айтканда, оппоненттери атка мингенде эле кыйшык минип камчы урушкан жол тандабай…
Бул маселеде азырынча такталып жаткан маалымат менен кеп уласак, "МегаКом" өткөндөгү парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясын каржылаган экен. Ал партиянын лидерлери Өмүрбек Текебаев финансы боюнча "таптазамын" деп жүргөн жигиттердин бири болгону менен, арам акчаларын туш-тушка сапырган жана Максим Бакиевдин "казыналарынын" бири болгон "МегаКомдун" акчаларын пайдалануудан таптакыр жийиркенген эмес экен.
7-апрелдеги окуядан кийин "МегаКомдун" маселеси кайра каралып анын акциясынын 49 пайызы мамлекетке өткөн. А эмне үчүн 51 пайызды эмес, эмне үчүн андан көп пайызы эмес. Анткени "МегаКомдун" мурунку кожоюндары жогорудагы чечимди чыгарган тараптын курсагын жарылганча тойгузуптур деген да тактала элек сыяктанган так маалымат да бар.
Кийин "МегаКомдун" үстүнөн каржы полициясы кылмыш ишин козгоп, аргументтерин дааналап туруп Башкы прокуратурага өткөзөт. Аппали, эми келдик көрүнөт айтчу жерге - дал ошол жерде Бакиев кысымыш болуп койсо аялын, бала-чакасын жетелеп алып Америкага дыргаяктай качкан кубаттуулукту колуна алган Кубатбек мырза Байболов башкы прокурордун креслосунда ары бир кыйшактап, бери бир кыйшактап олтурган эмеспи. Байболов болсо "Ата Мекен" партиясынын активдүү мүчөсү, ал партияны болсо "МегаКом" каржылап жатат, анан акча берген тарапка кылмыш ишин козгомокпу?! Кылмыш ишин козгогонду кой, кайра "крышалабайбы".
Билерсиздер, "МегаКомдун" башында Россиянын жараны Андрей Силич деген жөөт олтурган. Ал момун кыргыздын момундугун мурун угуп жүрсө эми "кармалап" көрүп, "момундук" менен "ач көздүктүн" жакындыгын да айныгыс билип, кызматта турган кыргызбайларга арам акчадан ыргытып коюп турган эмеспи, анын бир жолу - спонсорлук иш. "Ата Мекен" партиясын каржылаганын айттык. Бу жөөттөргө айла жок, курсагы ачка жатса да улуттук атрибуттарын, салт-санаасын жакшы тутчу кыргызыңдын менталитетин дагы жакшы түшүнгөн Силич бат эле барган жерлерине ак калпакты кийип бара баштады, ырасында ал калпак жарашып да турчу. Жарашканы менен, калпактын канча касиети болсо да жөөттү кыргыз кыла албайт экен! Ошентип, Силич бергенине берип, негизги кирешени каалагандай тейлеш сыртка-оффшордук зоналарга чыгара баштады. Эми бул финансылык афераны чечмелей берсе көп уланат, анын үстүнө толугу менен дааналап берүүгө биздин кудурет жетпес.
Дал ошол афераны мурунтан эле байкап жүргөн Өмүрбек Бабанов "МегаКомдун" кыргызды соргон кылыгын токтотуу үчүн, сыртка чыгып кеткен 28 миллион долларды кайтаруу үчүн, мындан ары аталган компания элдин кызыкчылыгына иштөөсү үчүн аракетин баштады. Туура баштады. Эгерде "МегаКом" Максим Бакиевдин, Елисеев сыяктуулардын чөнтөгүнө иштебей эл казынасы үчүн иштесе, анда үстүбүздөгү жылы 2 миллиардга чукул салык төлөөгө кудуреттүү.
Ошентип, урматтуу окурманым, уккун да билип ал, "МегаКомдун" таттуу токочунан тоюнуп калган Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов сыяктуулар үчүн "МегаКомдун" былыктарын чукуп чыгуу ар тараптан урулган сокку болуп, аны сактап калуу үчүн Бабановду сындыруунун, ал турсун парламенттеги көпчүлүктү түзгөн коалицияны ыдыратууга чейин аракет кылып жатат деген жүз пайыз чын болсо, жакшы иш болбой калды…
Ойлоп багыңыз, бу парламент ишин оңой эле баштай койгон жок, анын натыйжасында бүтүндөй мамлекеттүүлүк маселеси кылтылдап турбадыбы. Анан тунук ой жеңип, парламент жамандыр-жакшыдыр ишин баштап турган кезде жеке кызыкчылыктын, ач көздүктүн айынан ошол парламенттеги коалицияны ыдыратуу аракети элинин душмандарынын гана колунан келчү иш деп түшүнүп жатабыз. Андай эмес десе, тил-оозу ордунда турат, айтышсын!
Бабановду сындырабыз деген күч Россия менен Кыргызстандын калыптанып турган мамилесине да жарака кетирип койгону турат.
Жакында эле орус Думасынын аты-жыты белгисиз эки депутаты келип, тим эле атасынын төрүндө олтургансып, биз тарапка сөөмөй кезеп жатпайбы.
Азыр "МегаКом" биздин мамлекеттеги өтө кубаттуу байланыш компаниясы - өлкөбүз боюнча анын миңден ашык базалык станциясы бар, дагы да пайда болуп жатат. Аталган компаниянын ишмердиги менен өлкөбүздүн 90 пайыздан ашык жери байланыш менен камсыз болуп турат.
Эки-үч күн мурун "МегаКомдун" ишин иликтөө боюнча комиссия өз сөзүн айтты. Комиссиядагы Башкы прокуратуранын өкүлүнүн айтымында, "МегаКом" таптаза компания экен. Ал эми анын ана башында турган Андрей Силич андан өткөн таптаза жан, ишин уланта берсе болот. Муну Силич өзү да сүйлөп тастыктап койду. Анан ошол эле Силич компаниянын 51 пайызынын артында ким турарын айтуудан баш тартты. Кызыкдар болгон органдар болсо, териштирип алат дейт. Териштирип алчу Башкы прокуратура Силичин колдоп турат - учу жок айланпа…Ошонун натыйжасында ал өзүнүн куралчан адамдары менен рейдерлик кылып, "МегаКомдун" офисине келип, мурун өзү олтурчу кабинетин ээлеп алган. Көрдүңөрбү, кайдагы бир орустун ээн баш жигити келип бүтүндөй бир мамлекеттин аймагында өз билгенин кылып турганын. Биздин бийликтин бечаралыгын ушундан бил!
Азырынча Башкы прокуратура тарап жеңип турат дейли да, Айдар Акаев, Максим Бакиев, Елисеев деген эргулдар аралашкан компания качан эле таза болмок. Анда жомок го бир. Бул маселеде дале болсо акча жеңип турганын байкадыңбы, окурманым, ар-ар маселеде сен экөөбүздү да оңколотуп коюшу оңой эле бу акча!
Асман түшүп кеткенден аман болсок, "МегаКомду" 100 пайыз улутташтырыш керек, калганы техниканын иши болот!
Баратбай АРАКЕЕВ