mainkaptal

Пользовательский поиск
Максимдин жардамчысы келди
Кечээ А.Силич деген неме МегаКомду кире качырып келгенде, анын жанында Максим Бакиевдин көздөй жардамчысы Равшан Жамгырчиевдин жүргөнү оозубузду ачырды. Эртең Максим өзү келсе деле, ар-намысты жыйыштырып койгон арсыз, "Ата Мекенибиз" менен "Ата-Журтубуздун" абийирсиз уулдары коштой чалып, кошомат айтып жүрө беришет окшойт. Өзгөчө Бакиевдердин жеке менчик душманы Текебаевдин, аларга "кидать" этилген Куловдун, алардын абагына түшүп кала жаздаган Ташиевдин, Америкага түшө качкан К.Байболовдун А.Силичке жан тартып, коргоого алып жаткандары кызык. Сыягы, МегаКомдун долларбайлары булардын көзүн тумандатып, акыл-эсин алдастатып койгон көрүнөт. Угушубузча, Равшан мырза Текебаев менен жолугуп, кыйла масилеттешип, биргелешип иш алпарууга сөз бекитишкен имиш. Кайран гана Максим, канткен менен кыйын экенсиң. Жердин түбүндө туруп алып, мындагыларды куурчак кылып ойнотуп атасың. Дагы бир аз тыйын бере түшсөң, булар сени президент кылабыз деп чыгышат. Ишенсең, койсоң, өзүң бил.


Чындык ким тарапта?
"МегаКомдун" айланасындагы чыр өз апогейине жетип турган чак. 14-февралда кечке жуук "МегаКомдон" 200 миң доллар акча алган деген айып менен Аликбек Жекшенкуловдун жардамчысы Рашид Коплеутовду УКМК камакка алды. Шейшемби күнү 15-мартта MegaCom уюлдук операторуна ээлик кылган "Альфа Телеком" компаниясынын мурдагы жана жаңы жетекчилиги Бишкектеги баш кеңседе тирешип, компанияда бири-бирине баш ийбеген кош бийлик орноду. Бир тарапта Кыргызстандын Каржы полициясы январь айында кылмыш ишин козгогон мурдагы башкы директор Андрей Силич, экинчи тарапта башкы директордун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиевдин куралчан сакчылары топ-топ болуп жүрүшкөн. 16-мартта "Альфа Телеком" компаниясынын баш кеңсесин Андрей Силич баштаган адамдар ээлеп, компаниянын өкмөт дайындаган тышкы башкаруучусу Азамат Мурзалиевдин адамдарын кеңсеге киргизбей коюшту. Учурда эки тараптын тең адамдары өздөрүнүкүн туура деп эсептешип, тирешип жатышат. Чындыктын тараза ташы кимге оойт, азырынча туңгуюк бойдон калууда.


Адилеттик үчүн айтылган кеп
Экинчи ордо калаабыз Ош шаарынын учурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун кыргыз үчүн жасаган эмгеги эл арасында ооздон-оозго айтылып, көпчүлүктүн көңүлүнө жагып келет. Башкасын айтпаганда да, тил маселесине болгон мамилеси калкыбызга майдай жагууда. Буга чейин мамлекеттик тилге анчейин маани берилбей келген ОшТВда бүгүн абал таптакыр башкача. Мэрдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен Түштүктөгү бир туугандарыбыз эми жалаң кыргызча сайрай баштаган телекөрсөтүүлөрдү көрүшүп жыргап эле калышыптыр. Албетте, Мелис Мырзакматовдун буга чейинки саясий ишмердүүлүгүнө бир топ эле сындар айтылып келген, бирок Кыргызстандын келечеги үчүн жасаган жогорудагыдай эрдигин адилеттүүлүк үчүн айта кетпесек болбойт.


Е.Гуревич 15 жылга эркинен ажыратылды
Максим Бакиевдин жакындарынын бири Евгений Гуревичке 3-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан өкүм чыгарылганын ""Дело №" гезити 16-мартта чыккан санында жазып чыкты. Сот Евгений Гуревич Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык күнөөлүү деп таап, мүлкүн тартып алуу жана күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыраткан. Өкүм Е.Гуревич издөөгө алынганына байланыштуу сырттан чыгарылды. Сот аныктагандай, Е.Гуревичтин күнөөсү "Манас" эл аралык ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү катары эл аралык уюшма кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн чечимдерди кабыл алууга катышкандыгында болгон. Ошондой эле, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча министрлигинин мурдагы статс-катчысы Суеркул Бакиров күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик министрлигинин стратегиялык объектилерди менчиктештирүү жана өнүктүрүүнү башкаруу бөлүмүнүн башчысы Абдырашит Муканбетов 5 жылга, анын жардамчысы, "Манас" аэропортун башкарган Нурбек Сариев 3 жылга эркинен ажыратылды. Баса, ошол сот жакында эле шарттуу түрдө 6 жылга (үй камагына) камакка алынган Үсөн Сыдыковдун көкүрөк күчүгү Манас эл аралык аэропортунун экс-жетекчиси Бакыт Сыдыков да апакай болуп акталып чыкты.


Барымталар башталып, балакет баспагай эле
Жаза өтөө мекемелеринин башчысынын орун басары Калыбек Качкыналиев деген эме кайдагы кабарды угузуп, баарыбызды калчылдатып салды. Анын айтымында, качып жүргөн кадимки Камчы Көлбаев түрмөдө отургандарга катуу команда бериптир. "Эгер мени капысынан камакка алышса, бардыгыңар баш ийбөөчүлүк боюнча башаламандыкты баштайсыңар" таризинде. Жакында болгон №16 түрмөдөгү дүрбөлөңдү Камчынын бул буйругуна тиешеси жок экендигин билдирген жетекчи, азыркы тапта бардык түрмөлөр көзөмөлдө экенин эскертет. Эсиңерге сала кетчү нерсе, мындан эки жыл мурун Камчыны "кызылдар" кармаганда, абактагылар ачкачылык жарыялап жиберишкен эле. Эми дагы эмнени баштап жиберишер экен.


Түй ата, эми чекисттер чечмей болушту
"МегаКомдон" чыккан чыр акыры барып ажобузга жетти. Айым ажобуздун алдына Башкы прокурор Байболов, Ички иштер министри Рысалиев, Каржы полициясынын башчысы Жакыпбаев, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Дүйшөбаевдер барышты. Айтар сөзүн айтышты. Алардын сөзүн уккандан кийин, Роза Исаковна бул ишти Улуттук коопсуздук кызматына узатты. Анткени Башкы прокуратура менен Каржы полициясынын иликтөө иштери каршы пикирлерди жаратып, ортодон от чыкканы калган. "Бул иш боюнча тергөөнү тездетип, мыйзам талаптарын так аткаруу менен, таза жана калыс карап чыгыңыз" таризинде Дүйшөбаевге тапшырма берди. Ошентип, "талашканга таш да жок" демекчи, Башкы прокуратура менен Каржы полициясы как талаада калышты. Эми УККнын чечими кандай чыгар болду экен.


Жаңы "бригада" дейби?..
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жаңы "бригада" түзүшкөнү тууралуу Ак үй тараптан каңшаар тарады. Башкача айтканда, өкмөттү көргүлөрү келбей, куйкалары курушуп оппозициянын добулбасын катуулап кагып алышкан Равшан Жээнбеков, Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Марат Султанов дегендердин ысымдары айтылууда. Бул топтун максаттары саясатта бири-бирин колдоп, өйдө-ылдыйда жөлөк-таяк болуу менен чайлашып туруу экен.


Уруксат алганды унутуптур
Мамлекеттик каржы полициясы Андрей Силичтин "Альфа Телекомдун" Башкы директорунун кызматын аркалоого укугу жок деп эсептейт. Ал түгүл Кыргызстанда иштөөгө уруксаты да жоктугун билдиришүүдө. Бул тууралуу Каржы полициясынын тергөөчүсү Эрнст уулу Айбек маалымдады. Анын сөзүнө караганда чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагында ишкерчилик кылуу үчүн миграция жана эмгек менен камсыз кылуу министрлигинен уруксат алышы керек экен. Андай уруксат Силич мырзага 2009-жылы берилген. Бирок анын мөөнөтү 2010-жылдын октябрь айында бүткөн. Ал эми Силичтин орун басары болгон У.Бороздинанын иштөө уруксаты таптакыр болгон эмес. Силич болсо кийинки эки жылга уруксат алганы менен, 2005-жылдан бери иштеп келаткан. Эрнст уул Айбек мындай көрүнүш мыйзам бузуу болуп саналат деп белгилейт.



кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика