Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

МегаКомдун 100 000 доллары жана Джек
Эл арасында "Джек потрошитель" аттуу каймана аты бар А.Жекшенкулов деген бирөө бар. Качан болбосун капсалаңдуу иштерден башы чыкпайт. Тээ Союз убагында эле Ошто комсомолдун катчысы болуп иштеп жүрүп, бир катуу эс алган жеринде чолпондой болгон эки кыз көз жумуп кетип, борборго которула качып, андан араң кутулган деп илгери бир басылма жазып чыкты эле. Кийин өйдө-ылдый кызматтарда жүрүп, анан эле Таластагы бир буурчак ташыган түрк ишкери толгондон ушунун тапанчасынан набыт болуптур дегенди кулагыбыз чалып калган.

А-бу дегиче болбой, ТИМди жетектеп турганда тыйындарды тууралап жибериптир дешип, абактын да даамын татып көрдү. Андан соң, "Эл дарбыса, эшек кошо дарбыйт" болуп, бир партия ача калып, шанаңдап парламенттик шайлоого катышып, андан утулуп сууга түшкөн чычкандай болуп араң чыкты. Айтор, акыркы жылдары турмуштун "черный полосасынан" кутула албай келет. Парламенттик шайлоо аяктагандан бери шаабайы сууп, ышкырып көчөдө калгансыган. Анан эле бир күнү М.Өмүракунов экөө "көмүскө өлкөнүн" бири премьери, бири спикери болдук деп оозубузду ачырды. Бул эки нарындыкты карап олтуруп, кичинекей тентектердин оюнчук тапанчалар менен "согуш" оюнун ойногону эске түштү. Ал аңгыча болбой эле, айтылуу МегаКомдун артынан кулагы "сорок" дей түштү. Джек балбан былтыркы жылдын 7-апрелинде кырчындай балдардын өмүрү кыйылып атса, МегаКомдун кызылдай акчаларын сапырып, күн-түн дебей "бизнес" жасап жүргөнбү деген ойго келдик. Айтканыбыз кургак болбос үчүн, "Альфа Телеком" ЖАКтын коопсуздук департамент директорунун орун басары Кызалаков Тилен-Аалы Тиленовичтин түшүнүк катын кенен-кесир келтире кетели. Ал минтип жазат. "Мен жетисинен сегизине караган түнү Мегакомдогу 4 миллион сомду жетекчим А.Силичтин айтуусу боюнча өз үйүмө алпарып катып койгом. Ошол эле түнү мага кимдир бирөөлөр келип компанияны басып алгандыгын айтышты. Алар өздөрүн "Камчынын" жана "Жекшенкуловдун" балдарыбыз деп тааныштырган. Кайра-кайра тамакка акча сурашканынан А.Силичтин көрсөтмөсү менен төрт жетекчисине 45 000 сомдон бергем. Компаниянын башкы бухгалтери директор менен байланышып, касса башчысы Роман Мешалкинге акча бергин деп тапшырды. Р.Мешалкин 1 386 895 сомду мага калтырып, калган 2 миллиондон ашуун сумманы менин көзүмчө Мултиком, Реннесанс компанияларынын өкүлү Александр Ребенокко берди. 9-апрель күнү офиске А.Силич келип, андагыларга кете берсеңер болот деди. Топтошкон балдар чуулдап калышты. Ошондо мага А.Жекшенкуловдун жардамчысымын деген Рашид аттуу келип: "200 000 сом берсең буларды тынчытам" деди. Мен А.Силичтин макулдугу менен Рашидге 200 000 сомду бердим. 11-12 апрелде офиске Рашид келип, "А.Жекшенкуловго 100 000 доллар бергиле, ал силердин компанияңарды сактап калат"-деп Эмил Худаяровго айтты. Биз А.Силич менен макулдашып, 100 000 долларды чогулта баштадык. Мен үйдөгү калган акчаны алып келип, ошол эле күнү "Фонекс" компаниясынын жанында жайгашкан, Шопоков-Токтогул дарегиндеги үйгө келдим. Мени Рашид тосуп алып, экөөбүз экинчи кабатка көтөрүлдүк. Ал үйдөн мен А.Жекшенкуловду көрүп калдым. А.Жекшенкулов мени көрүп, муну кетиргиле деди. Мен акча салынган коробканы кабинеттеги дивандын жанына коюп, чыгып кеттим. Эки күндөн кийин Эмил Худояров Рашидге дагы 100 000 доллар алпарып беришибиз керек деди. Мен "Вассаби" кафесине келип, экинчи кабатка көтөрүлдүм. Рашид менен Камчынын баласы деп тааныштырган Баха деген неме тосуп алышты. Мен 100 000 долларды Рашиддин көзүнчө Бахага бердим. 15-апрелдерде Рашид Эмил Худояровду Камчы Көлбаевге алып кетти. Э.Худояровдун айтымында, компаниядан үлүш берүүнү талап кылышкан экен. Жетисинен он алтысына чейин мен ИИМ, УКК органдарына ушул фактылар боюнча кайрылып, эч кандай жооп ала алган жокмун. 15-апрелде А.Силич финполициянын спецназынын балдары менен офиске келип, Кант шаарындагы аскердик базага кетти. Мен ооруканада жатканда мага финполициянын тергөөчүсү телефон чалып, Э.Худояров экөөбүзгө арыз түшкөнүн айтты. Мен арыз менен таанышып, андан кийин ИИМге арыз жаздым. Алар Биринчи май райондук бөлүмүнө жөнөтүштү. Андан соң мени Биринчи май райондук прокурордун орун басары сурак кылып, дагы бир революционер болуп калбасын деп кылмыш ишин козгобосун айтты. 2010-жылдын сентябрь айында мен А.Силичке барсам, ал акчаларды жойдук, иш токтотулду, бул маселеге кайрылбай эле коелу, анткени А.Жекшенкулов биздин досубуз деп айтты."
Ал эми баятан бери сөз болуп аткан Э.Худояров МегаКомдун админситративдик директору экен. А.Силичтин Россияда болгондугуна байланыштуу, 7-апрелде А.Елисеевдин ишеним каты боюнча генералдык директордун милдетин аткарып турган. Ал өз түшүнүк катында мындай деп жазат: "Болжол менен 9-10-апрелде МегаКомдун офисине А.Жекшенкулов келип, офистин бир тарабын ижарага ала тургандыгын айтты. Бирок анысынын аягына чыккан жок. Т.Кызалаков аларга 14-апрелге чейин компаниянын акчасын берип турганын айтты. Акча алгандардын арасында Равшан деген да адам болгон." Мына, урматтуу окурман, биз саясатчы, партия лидери деп жүргөн адамдын чыныгы жүзү. Аянтта миңдеген адамдар жараат алып, 86 бала көз жумуп, эчендеген энелер жаш төгүп жатканда А.Жекшенкулов кулкунун толтурууга жан үрөп, кылмыш дүйнөсү менен кучакташып акча ташып жүргөн экен.
Арстан Табылдиев