mainkaptal

Пользовательский поиск
Бөрү болгусу келген бөлтүрүк
"Он же тупой"
(Максим Бакиевдин телефондук сүйлөшүүсүнөн)
Бу бала 2005-жылкы парламенттик шайлоодо айтылуу Сузактан депутат шайланып келген эле. Жаңы чыкканда илим-билими, акыл-эси менен эмес, атактуу акасы К.Бакиевди коргогону менен көзгө урунду. Закиржан үчүн тим эле отко күйүп, сууга аккандан кайра тартпачудай болуп, парламенттин төрүндө күрсүлдөгөнүн далай ирет көргөнбүз. Ал эмгегинин акыбети кайтып, аңгыча эле МЧСке министр болуп чыга келди. Баарынан да күйгүзгөнү, тим эле бир генералдардын династиясынан чыккансып, генералдык китель кийип, честь бергендери болду, мурда-кийин офицер болуп жүргөнсүп.

Аз өтпөй эле кызматынан шыпырылып, ал аз келгенсип кылмыш иши козголуп, айтор, Закиржан акесинин каарына чалдыкты. Дал ошентип куурулуп турган учурда, Кудайдан болуп 7-апрель революциясы ишке ашып кетип, бир азаптан калды. Аңгыча эле Жаныш менен Максим Бакиевдердин телефондук сүйлөшүүсү чыгып, сөз арасында Максим "он же тупой" деп салбаспы, баарыбыздын оозубузду ачырып. Эң негизгиси, ал сүйлөшүүдө бир туугандар Камчыны пайдаланып кайра реванш алсак дешкен эле. Айткандай эле кийин парламенттик шайлоонун маалында Лейлектеги жолугушууда элге "Биз Бакиевди кайра апкелебиз" дегенин УТРК жамы журтка жарыя кылды. Сыягы, шайлоодо 50 пайыздан ашуун орун алабыз, анан акабызды апкелип салабыз дегендей кыязда кыялданса керек. Кийин коалиция куралып, А.Келдибеков спикер шайланып кеткенде, ичи от менен жалын болуп кала берген эле. Арадан эки айдан ашуун мезгил өтөрү менен кайрадан чамынып, өзү коалицияга кирген партияда экенине карабай, өкмөттү кулатууну кыялдангандардын армиясында жүрөт. Дал ушул жерден бир икаянын удулу келип турат. Парламенттик шайлоо маалында Ө.Текебаев: "Ташиевдер Бакиевдин бөлтүрүктөрү"-деген экен. Ага жооп кылып, дал ушул Камчы мырза: "Ооба, биз азыр бөлтүрүкпүз. Күздө бөрү болуп келип, текени жейбиз"-деген имиш. Эми Теке менен Бөлтүрүк биригип алып, коалицияны кулатабыз деп чамынып жүрүшөт. Экөө бир ээн жерге барып алып, бир сутка бою "барбарос" планын түзүп, катуу белсенишиптир деген кеп тарады.
Камчыке өзү кээде ашепке сүйлөп алып, анысынын азабын көп тартат. Шайлоо бүткөндөн кийин КТРге барып калып, бир журналист микрофон сунса, "мен азыр силерге жооп бербейм. 10 күндүн ичинде Оторбаевди алмаштырам, анан көрөсүңөр" деп опурулганын айтып жүрүшөт. Ошондон кийин "кытырчылар" кыткылыктап күлүп жүрүшкөн. Уккан кулакта жазык жок, эми болсо, кылмыш дүйнөсүнүн кыйындары менен коюн-колтук алышып жүргөндүгү айтылууда. Кадимки Камчы Көлбаев азыр Камчы мырзаны каалаган жагына айдап, билгениндей башкарат экен деген да кеп тарады. Анысын азырынча имиштетип туралык, бирок учурдагы өкмөттүн криминалга каршы күрөшүнүн кесепетинен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон "мыйзамдагы ууру" Камчы баатыр дал ушул К.Ташиев аркылуу "ата-журтчулардын" айрымдарына дубай салам айткан экен. Эгер азыркы өкмөт куласа, кримдүйнө кайрадан өз ордуна келип, баштагыдай жашоосун уланта берет эмеспи. Ошентип, Камчы мырза адашы менен, кечээги тап душманы Текебаев менен, Кул уулу Феликс менен кол кармашып, азыркы өкмөттү ала салдыруучулардын ана башчысы болуп жүрөт окшойт. Ал эми анын арам ою ишке ашса, өлкөнүн экономикасы кургуйга кулары менен мунун таптакыр эле иши жоктой.
Айтор, айтып отурса арман көп демекчи, ажал менен арбашып, Бакиевдерди Кыргызстандан кубалаган калкыбыздын каны дагы деле кайнап турат. 90го жакын мекенчил азаматтарыбыздын кыйылган кырчындай өмүрлөрүнүн аркасы менен Ала-Тоодо аз-аздан сого баштаган демократиянын жел аргысы дал ушул Камчыбек Ташиевге окшогондорго оңбогондой пайдасын берип, эски бийлик тушунда талтаңдагандар азыр да армансыз бийлик, байлык кумарында көөшүлүп келишет. Эмнеге андай болуп калганы буга чейин көп эле айтылды.
Негизи, Кыргызстандын саясий айдыңында Камчыбек Ташиевдин айбаттуу карааны 2010-жылдын ортосунан, тагыраагы, июнь айындагы кыргыз-өзбек кагылышынан кийин көбүрөөк көрүнө баштаган. Ага чейин бул адам ММКларга байма-бай маек берип, улуттук баалуулуктар тууралуу кеп салгыдай деңгээлде эмес эле. Өзү айткандай, төрт-беш чыгаан саясатчынын бири эмес, өлкөбүздөгү төрт жүз, беш жүз шагыраган саны бар сапаты жок саясатчы сөрөйлөрүбүздүн катарында болсо керек. Аз-маз өзгөрүүлөрү менен азыр деле ошондой деңизчи. Ошентсе да, Бакиевдердин бийликтен айдалганы Ташиевге окшогондордун ташын жакшы эле жогорулатып койду. Кандайча деген суроого жооп издеп көрсөк, себептери оголе көп. Эң башкысы, эски бийлик менен эриш-аркак иштешкендер "тыйын-тыпыр" жагынан оңбогондой олжолуу эле. Баарын акча чечип калган бүгүнкү заманда, Камчыке баатыр болбогондо, ким баатыр болмок эле? Эл оозундагы элеги жок кептердин биринде былтыркы Ош окуясы башталганда, бүтүндөй Түштүк аймагын күйүүчү майлоочу май менен камсыз кылган "ТОМАС" деп аталган жеке менчик ишканасын сактайм деп тишине чейин куралданган жигиттерин жетелеп барып калган Ташиев кокусунан окуянын чок ортосуна түшүп калып, эл көзүнө чалдыгып, ойдо жок жерден баатыр аталып калган дешет. Канткен күндө да Камчыкенин өткөн-кеткен тарыхын жакшы билгендер анын дарамети алыс кетпестигин ачык эле айтып келишет. Башкасын коюп, 2006-жылдагы айтылуу ноябрь митингинде калдайган калың калктын кысымы аркасында айласы куруган КурСалич жаңы Конституцияга кол коюп бергенде, көпчүлүк депутаттар кубанып, "реформа эми башталат"-деп колдорун көкүрөккө алып өлкөбүздүн Гимнин ырдап атканда, жалгыз Камчыкебиз "позорлоп" кыйкырып турду эле го. Мамлекетти, улутубузду сыйласа Гимн ырдалып бүткөндөн кийин деле "позорлосо" болмок да. Айткандай эле Курмакең кийин реформаңардын мага кереги жок дегенсип, "анда мен карабай эле кол коюп койгон экенмин"-деп жүзү каралык менен калкыбызды алдап кеткен. Ошентип, 2007-жылы бийлигин башкача жол менен бекемдөөнүн камын көргөн Бакиев өзүн жарга такаган парламентти таратып, ак жолчу кол балдарын Жогорку Кеңешке алып келип, авторитардык башкаруусун катуулаткан. Ошондо бригадачылардын "Ата-Журт" партиясы куралып, шайлоого катышабыз деп шадыраңдап катуу чыгышкан. Анан эле дымы чыкпай "Ак жолго" аралашып, "биз Бакиевдин саясатын колдойбуз, ошондуктан "Ак жолго" кирдик"-деп демдерин басып калышты. Кийин "Ата-Журттун" атамандары Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп, Акматбек Келдибеков Салык тармагын башкарып, Марат Султанов Соцфонд, кийин Каржы министрлигин тейлеп, Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшкөн агенттиктин комиссары болуп жалаң майлуу-сүттүү мансаптардын ээси болуп чыга келишти. Көрсө мандаттар мансаптарга алмашкан экен да. Өткөн иш өттү деңизчи, бирок бул окуя тарых барактарында ташка тамга баскандай жазылып калды.
Ал ал болсун дейли, бирок көпчүлүктү күйдүргөнү, күлдүргөнү Камчыбек Ташиевге окшогон эски бийликтин эпчилдери бүгүн бир заматта Бакиевдерден кордук көргөн, жапакеч болуп чыга келгендиги болууда. Жакында эле кайсы бир басылмага маек курган Камчыбек Ташиев "эгер апрель окуясы болбогондо эмне болот элеңиз"-деген кабарчынын суроосуна, "Анда мени түрмөдөн көрүп калышыңар мүмкүн эле. Себеби Бакиевдер маалында, айрыкча Максим мени каматууга аракет кылган"-деп көпчүлүктүн күлкүсүн келтирди. Анан да "чындык чыркырап турганда четте карап тура албайм. Ар дайым оюмдагы нерсени ачык айтам. Айрым депутаттарга чындык чыркырайбы, муунабы, тебеленеби, баары бир. Андай саясатчылардай боло албаймын. Чындык чыркырап турган жерде, мамлекеттин тагдырыбы же жеке бир адамдынбы, мен жөн гана байкоо салып, унчукпай кое албайм"-дегени чындыкка анчейин коошпой калды. Чындык үчүн чыркырап кетем деп аткан Камчыбек мырза Бакиевдер "Түндүкэлектро", "Кыргызтелеком", "Чыгышэлектро" ж.б. эл байлыктарын арзыбаган тыйынга соодалап атканда, электр жарыгына болгон баалар асмандап, ар бир телефондук чалуулар үчүн 60 тыйындан төлөйсүңөр деп жок жерден элдин акчасын сол чөнтөккө солоп атканда эмне үчүн чындыкты айта алган эмес. Антүүгө анын ал кезде чама-чаркы чак эле. Эми гана ай деген ажосу жок, кой деген кожосу жок, тагыраагы Курманбек, Максим, Жаныштарсыз билген намазын окуп, одоно айтканда, оозуна келгенин каалагандай "оттоп", оюндагысын ачык айткан чынчыл болуп чыга келип атпайбы. Балким, 7-апрелден кийин "демокартияңды уруп ойнобойм"-деген Бакиевдердей капсалаңдуу бирөө бийликке келгенде, Камчыкенин кайраты канчалыкка барар эле, ким билет?!
Тиленбек Азык


кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика