mainkaptal

Пользовательский поиск
Кулов "жараксыз" болуп келген,
"жараксыз" бойдон калат…
Рысбектен корккон "темир генерал…"
Учурда 63 жашты багындырып, чачын ак бубак баскан Кул атанын небереси, кадимки Феликс Шаршенбаевич тууралуу учкай кеп кылууну эп көрдүк. Эске сала кетчү нерсе, учкай гана деп турабыз, эпадам узун сөз кыла турган болсок, гезитибиздин 16 бети да аздык кылып калары турган иш.
Кулов мырза Союз учурунда өз кесиби менен, тактап айтканда, ИИМде иштеп, эгемендүүлүккө кол созуп турган кезде, аталган министрликтин биринчи орун басары, 90-жылдардын башында Акаев президенттик такка олтурган соң, анын эң сүймөнчүктүү адамына айланып, бат эле министр болуп чыга келет. 1992-жылы биринчи вице-премьер министр, 1993-1997-жылдары Чүй облусунун губернатору, 1998-жылы УКМКнын төрагасы, 1999-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп шайланып, бул майлуу кызматта да бир жылга жакын иштеген. Кыскасы, Акаевдин биринчи 10 жылдык бийлигинин тушунда ФШКнын иштебеген иши, ичпеген "ашы", чычпаган "ташы" калган жок деп айтсак жарашат. Бирок гүлдөн гүлдү тандаган аарыдай болуп, кызматтан кызматка көтөрүлгөн Феликс мырза, көп кызматта иштесе да, көзгө көрүнө тургандай, оозго алына тургандай алгылыктуу иш жасаган эмес. Муну Акаевдин бийлиги тыкыр иликтеп чыгып, губернатор жана мэр, УКМКнын төрагасы болуп турган кезде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир нече тик учактарды саткандыгын жана миллиондогон сомдорду жеп койгондугун сот аркылуу далилдеп, 10 жылга камакка алган. Куловго байланышкан миллиондор маселеси аз-аздап унутулуп баратса да, тик учактар маселеси али күнчө козголуп келатат. Өткөн жумада эле "Азаттыктын" "Интернет эрөөлүнө" чыккан ФШКга бир окурман: "Кыргызстандын эки тик учагы Судан өлкөсүнө сатылгандыгы" тууралуу маалымат бар экендигин суроо катары узатты эле, капталдан качыра берилген бул суроого карт бөрү саясатчыбыз "билбейм" деп ийин куушуруп кутулуп кеткендей болду. Ал маселени катардагы окурмандар билип аткандан кийин, ошол кезде колуна эки тизгин, бир чылбырды чырмап, "ороп" жүргөн ФШКнын "билбей калышы" таң калычтуу да, күлкүлүү да болуп турат.
Ошентип, темир тор артында беш жыл жаткан Кулов абакта жаткан кезинде Акаев менен "муздак" мамилеге (1999-жылы) өтө баштаган кезде, түзө койгон аты бар, заты жок "Ар-Намыс" деген партиясы жана саясаттагы тарапташтары аркылуу элге тынымсыз актанып, мунун баары "кара пиар" экендигин жарыялай бергендигинен улам, коомчулук аны моралдык жактан колдоп, ага "темир генерал" деген каймана ат ыйгарган. Ал 2005-жылдагы төңкөрүштүн аркасы менен азаттыкка чыгып, КурСалиевич менен мандемдүү тандем түзүп, өзү эңсеген өкмөт башчылык кызматын басып жыгылат. Бирок ФШК бул кызматта да оңдуу иштей албай койгондугун Эштекбайдын энөө баласынан бери билет. Оңдуу иштемек тургай, жүргүзгөн ишинин баары каңырсып саясат гана жыттанып турган. Маселен, ошол эле ЖКнын депутаты Тынычбек Акматбаевди Молдовановкадагы абакка атайы буйрук менен жиберип, ал буйруктун азабынан Акматбаев Батукаев Азистин колунан ажал табат. Кримчөйрөнүн аталыгы аталып келген айтылуу Рысбек агасынын өлүмүнө түздөн-түз Куловду күнөөлөп, Ак үйдүн алдына миңдеген адамдарды алып чыгып, Куловдун чыгышын талап кылат. Рысбектин сүрүнөн корккон ФШК ал менен жолугууга кудурети жетпей койгондугунан улам, "темир генералдын" аброю төмөндөй түшөт. Ошондон бери ФШК чындыгында эле темир генерал болбой калгандыгын иш жүзүндө, кала берсе ташка тамга баскандай аныктап келатканы жалпыга маалым.
Элди да, экономиканы да ойлогон эмес…
"Кеп чынынан бузулбайт" демекчи, ФШК чыңырып чычаласа да, биз чындыкты гана айтууга милдеттүүбүз. Чынында эле Куловдун саясатта өз кызыкчылыгын ойлогон ойрондордун алдыңкы сабында турарын ММКлар байма-бай чагылдырып келет. Куловдун премьер-министр болуп турган кезиндеги өнүгүүгө чоң мүмкүнчүлүгү бар өлкөнү талаада калтыра турган бир эле аракетин айтсак жетиштүү. Тактап айтканда, анын бул аракети буту үзүлгөнчө, таманы жешилгенче, чачы ак кардай агарганча чуркаган ХИПК программасы эле. Эгер Куловдун бул акылы менен Кыргызстан ХИПКке кирсе, эмдигиче, эгемендүү Кыргызстан Африкадагы Сомали өлкөсүнүн аянычтуу кейпин кийип калмак. ХИПК ырын ырдап жүрүп чарчадыбы, айтор, акыркы убакта аз айтып калды. Бул маселени азыр Куловго окшоп ар-намысы "түгөнүп" калса да, ар-намысчы болуп чыга келген Акылбек Жапаров деген жапалдаш бойлуу, кыска ойлуу саясатчыбыз жаагы талыгыча "какшанып" ырдагандан тажабай келет. Кыскарта чапканда, ФШКнын "Американы ачкансыган" ХИПКке киргизүү идеясы кандайынан ойлосоң да "элди да, экономиканы да ойлогон эмес" деген эркин ойго жетелейт…
Баяман Эркинбаев,
Үсөн Кудайбергенов
жана ФШК
Маркум Баяман менен Үсөн жана Тынычбек мырза ФШК Кыргыз Өкмөтүн өзү билгендей калчап турган кезде өмүрлөрү менен кош айтышты. Ү. Кудайбергенов биздин бүгүнкү "каарманыбыздын" жакын досу эле. 2005-жылкы төңкөрүштө: "Түрмөдөн чыксам, Акаев өлтүрүп коет, чыкпайм"-деп бүрүшүп жаткан ФШКны түрмөдөн түз эле толкуган элдин алдына алып келген да, өкмөт башчылыкка түрткөн да Үсөн агабыз болчу. Үсөн агабыз өлтүрүлгөндөн кийин Феликс мырзанын: "Кудайбергеновду өлтүргөндөрдү "тезек кургаганча" табабыз" деп элге жана эң башкысы досунун арбагына берген убадасы аткарылбай унутта калды. Убадасын аткармак тургай, ошончо мансап, ошончо байлыкка чиренип турса да, Үсөн аганын жардам сурап кайрылышкан үй-бүлөсүн (жок дегенде анын эстелигин ачышканга жардам бербесе да) моралдык жактан колдоп койгондун ордуна алардан жаа бою качкандыгын "Форум" гезитине Үсөн аганын карачечекей иниси айтып берген эле. Сөзгө да, доско да туруксуз экендигин далилдеген ФШК жакында эле "Азаттык" аркылуу Үсөн аганы "Рысбек Акматбаев өлтүргөн" - деп, эч далили жок эле жар салды. Негизгиси генерал погонун тагынып жүргөн адамда талапка ылайык далилдер болуусу кажет. Коомчулукка белгилүү болгондой, Рысбек менен Үсөн мырзанын ортосунда талаштуу маселе жок эле. Атактуу каскадерду анын үй-бүлөсү Бакиевдер өлтүрткөнүн айтып эле келатат. Буга карабастан, ФШК эски тандемдешин "коргоп" келаткандай түр көрсөтөт.
Тынычбек мырза тууралуу жогоруда жаздык. Баяман тууралуу да учкай кеп кыла кетели. Баяман мырза атылардын астында шектүү адамдарды ачык айтып, өкмөт башчысы катары өзүнө жардам сурап кайрылгандыгын ал атылгандан кийин коомчулукка сенсация кылып, андан жардамын "аяп" койгондугун билгизип койгон. Деги эле, ФШК Бакиев менен тандемдеш болуп ал Кыргыз Өкмөтүн жетектеп турган кезде кыргыздын жогоруда аты аталган жана Рысбек Акматбаев, Раатбек Санатбаев сыяктуу кыраан жигиттери "белгисиз себептер" менен биринин артынан бири о дүйнөгө аттанышкан.
Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт…
Феликс мырзанын атасы, милициянын полковниги Шаршенбай аксакалдын баласына "атка така кактырбай" кеткендиги өкүнүчтүү. Тактап айтканда, аксакал куракты кууп жетип калган генералдын ушу күнгө чейин кыргыз туруп кыргыз эмес, "киргиз" бойдон калганы, анын патриотсуздугунан жана улутту улут кылган тилге карата "муздак" мамилесинен кабар берет. Чудинов сыяктуу кыргыз тилди "ана үйрөнөм, мына үйрөнөм" деп элди алдагандан да тажабады. Анан калса, кыргыз тилди билбей туруп, кыргыз тил боюнча мыйзамдын "белин сындыра" тебелеп, ажолукка аттангандан тажабаган дымагы да өзүнчө чоң сөз. Кыргыз тилин үйрөнө албастыгын, ал тургай аны орус тилиндей "сүйө албастыгына" көзү жеттиби, айтор, акыркы күндөрү, ажолукка барбай тургандыгын, өкмөт башчылыгына гана бара тургандыгын байма-бай айта баштады. Мунун дагы бир себеби катары, президенттин ыйгарым укуктары мурункудай көп болбой кыскарып, ал укуктар өкмөт башчылыгына берилгендигин айтсак болот. Бул жолу ажолукка аттанганы менен, аракетинен майнап чыкпасын билет. Кийинки шайлоодо курагы 65тен ашып кетет. Ошону менен ФШКнын ажолукка болгон дымагына мыйзамдуу түрдө чекит коюлат. Ажолуктан көрө, өкмөттүн эки тизгин, бир чылбырын мыкчый кармап, өзүнөн 25 жаш кичүү экинчи аялын жана карыганда көргөн уулун моокум кана жыттап, "жыргап" жатууну эп көрүп турган кези.
Деги эле, эне тилин барктабаган адам, элин да барктай албастыгы алмустактан бери карай айтылып келаткан анык сөз. Бул жагынан алып караганда, ФШК элди башкарууга мурун эле, "жараксыз" экендигин далилдеп койгон болчу, эми деле "жараксыз" бойдон кала бере тургандыгын турмуш өзү көрсөтүп турат. Кыскасы, ФШКнын саясат айдыңында жеңиши аз, жемиши жок соңку дүрмөтү гана калды десек болот.
Айбек ШАМШЫКЕЕВ







кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика