mainkaptal
Пользовательский поиск
Алтынбек Сулайманов, "Республика" фракциясынын депутаты:
"Парламентте ашыкча кишилер бар"
Күн өткөн сайын парламенттин ыркы кетип, коалиция тарайт деген пикирлер арбын айтыла баштады. "Ата-Журт" фракциясынын Камчыбек Ташиев баш болгон айрым депутаттар коалициядан чыгабыз дешип коркутуп жатышса, "Ар-Намыс", "Ата Мекен" фракцияларынын депутаттары коалицияны таратканга эки көздөрү төрт болуп, жаңы өкмөт курамын түзгөнгө жандалбастап жатышат. Коомчулукта болсо ынтымагы жок парламентке ичи чыкпагандар арбып баратат. Өлкөбүздөгү экономикалык жагдай да көңүл сүйүнтөрлүк эмес. Мына ушул маселелердин тегерегинде "Республика" фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов менен маек курдук.

- Алтынбек мырза, учурда коалициянын айланасында кыйла ызы-чуу чыгып, тарайт-тарайт болуп басылды. Абал азыр деле жеңил эмес. Камчыбек Ташиев башында турган "Ата-Журт" фракциясынын айрым депутаттары коалициядан чыгабыз дешип жатышат. Ушул жагдайга токтолуп кетсеңиз?
- Коалицияны бузабыз, таратабыз деген күчтөр бар. Аны элдин баары эле көрүп-билип турат. Айрыкча эки оппозициядагы фракциялар коалицияны таратып, кайра өкмөт түзөбүз дешип катуу аракет кылып жатышат. Эми оппозициянын табияты ошондой болот окшойт. Ошентсе да коалицияны бузбай сактоого аракет көрүп жатабыз. Коалициядан чыгабыз дешкен "Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын арасында деле коалицияны сактоо керек дегендер арбын. Коомчулук деле коалиция бузулбай иштесин, мамлекетибизде саясий туруктуулук болсун деп жатышат.
- Коалициядан чыгабыз деп жатышкан "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары эмнеге нааразы болуп жатышат?
- Коалициядан чыгабыз дешкен "Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын нааразы болушуна негиз деле жок. Бирок нааразычылык деген боло берет экен. Мына Ташиев баш болгон "Ата-Журттун" айрым депутаттары "өкмөт биз менен сүйлөшпөй, жолугушпай жатышат" - деген нааразычылыктарын айтып жатышып өкмөт башчылары менен жолугушту. Болгон шылтоолору ошол.
- Өкмөт башчылары биз менен жолугушпай жатат деп эле коалициядан чыгабыз дешкендери туурабы?
- Менин жеке пикиримде, эптеп эле шылтоо керек болуп жатат көрүнөт. Бирок бир нерсени эске албай жатышат. Коалициянын бузулушу учурдагы экономикалык абалыбызды оорлотот. Ошондуктан өкмөттүн иштешине мүмкүнчүлүк беришибиз зарыл. Өкмөт бери дегенде бир жыл иштеп көрүшү керек. Анан бир жылдык өкмөттүн ишин анализге алып, жыйынтыгына жараша мамлекетте кандай жылыштар болгонуна карап иш жүргүзүү абзел.
- Бирок коалицияны таратууга кызыкдар болгон күчтөр, "жакын арада баары бир коалиция тарайт. Басмайылы бошоп калды" деп жатышат го?..
- Менин оюмча, коалиция чукул арада тарабайт. Парламенттеги көпчүлүк депутаттар коалицияны таратпай сактоого аракет кылып жатабыз. Анткени коалициянын тарашы туура эмес кадам болуп калат. Экономикалык, саясий оор кырдаал түзүлүп калышы толук ыктымал. Кийинки коалиция түзүлбөй калып, парламент тарап кетиши мүмкүн. Анда кайрадан шайлоо болуп, жаңыдан чечилип жаткан экономикалык, социалдык маселелер токтоп, саясат менен алектенип калабыз. Эки революцияны башынан кечирген мамлекетибиз эми гана толук кандуу легитимдүү иштеп, коңшу мамлекеттер менен болгон мамилени кайрадан жөнгө салып жатканда, коалицияны таратуу өлкөбүзгө пайда алып келбейт. Албетте, премьер-министр, министр болгулары келип жаткандар аябай көп. Бирок кандуу окуяларды башынан кечирген мамлекетибиз экономикалык оор абалда турганда, кызмат көксөгөндөр саясий дымактарын жыйыштырып турушса жакшы болмок.
- Сиз өткөндө парламентте Текебаевдин амбициясынын айынан "Ата Мекен" фракциясы коалицияга кирбей калганын ачык эле айттыңыз. Ушул маселеге кыскача токтолуп кетпейсизби?
- Бул чындык. Коалиция түзүлүп жаткан мезгилде Текебаевдин спикер болушун каалабагандар көп болду. Ошондон улам, КСДП, "Ата Мекен", "Республиканын" ортосундагы биринчи коалиция түзүлбөй калды. Ошого карабастан экинчи жолу да коалицияны аталган үч партиянын ортосунда түзөлү деген сүйлөшүүлөр жүрдү. Бирок спикер Текебаев эмес, "Ата Мекендин" башка депутаттары Балтабаевби, же башкасыбы болсун деген сөздөр болду. Тилекке каршы, алар көнбөй коюшту. Бир Текебаевдин амбициясынан коалицияга кирбей коюшту.
- Парламенттеги айрым депутаттар өкмөт иштей албай жатат деген дооматтарды айтып жатышат. Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн көз караштары келишпей, тыгыз иштеше албай жатышабы?
- Азырынча Өкмөт иштей албай жатат, же жакшы иштеп жатат деп айтуудан алысмын. Бирок бир гана нерсени айта алам. Башкача айтканда, Өкмөт өзүнө тиешелүү экономикалык, социалдык милдеттерди так аткарып, парламент өзүнө тиешелүү делген мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө иштери менен алектениши керек. Ошондо гана мамлекетибизде алдыга жылуу болот. Бизде болсо башкача иштер жүрүп кетип жатпайбы… Мамлекетибизди оңдойлу десек, ар кимибиз өзүбүзгө тиешелүү милдеттерди так аткарышыбыз абзел. Колубуздан келген-келбегенине карабай эле, бардык жерге тумшугубузду сала берген жоруктан арылышыбыз зарыл.
- Учурда "МегаКом" компаниясынын тегерегинде чыккан чуу басылбай жатат. Бул ишке "Республика" партиясынын лидери, 1-вице премьер-министр Өмүрбек Бабанов дагы аралашууда деген сөздөр айтылды. Сиздин көз карашыңыз кандай?
- "МегаКомду" жүз пайыз улутташтырыш керек деген маселени Жогорку Кеңеште биринчилерден болуп Ө.Текебаев менен Ө.Абдрахманов көтөрүп чыгышкан. "Улутташтырып туруп, кайра сатабыз, 1 миллиард долларга чейин алабыз дегендер чыгып жатат. Бюджеттин тартыштыгын ошону менен жапсак болот" - дешкен. Ошентип, комиссия түзүп "МегаКомдун" ишин комитетке тапшырганбыз. Бүгүнкү күндө ата мекенчилердин көз караштары башкача болуп өзгөрүп жатат. Булар балким "МегаКомду" өздөрүнө алабыз дешкенби, же башкача бир максаттары болгонбу, так айтуу кыйын болуп турат. Азыр Каржы полициясы, Башкы прокуратура текшерип жатат, эки тараптын пикир келишпестиктери болуп жатат, андыктан бир беткей бул иште мунун же тигинин кызыкчылыгы бар деп айтууга эртелик кылат го…
- Парламентте "Ата Мекен" фракциясы менен "Республика" фракциясынын ортосунда тирешүү орун алып, ар кандай сын пикирлер айтылган эле. Окуянын негизги өзөгүнө токтолуп кетпейсизби?
- Албетте, тирешүүлөр болгон. Аны жашырып болбойт. Мунун себеби жөнөкөй. Коалиция түзүлгөндөн кийин "ээси келсе бээсин бер" дегендей, "Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрү мурда ээлеген кызматтарынан четтетилишти. Мындай жагдай алардын ич күйдүлүгүн жаратты. Эми, кызмат деген энчибизге тийген мүлк эмес да. Эртең эле "Республика" партиясынын кызматта отурган адамдары кызматтан кетип, башкалар келиши мүмкүн. Анан ага каршылык көрсөтүп, жаңжал чыгарып, трагедия жаратыштын кажети барбы?..
- Күн өткөн сайын парламенттин ыркы кетип баратканы байкалууда. Деги эле ынтымакташып иштешүүгө мүмкүнчүлүк барбы?
- Ынтымакта биргелешип иштешүү мүмкүнчүлүгү жок эмес. Ал үчүн амбицияларды жыйыштырып иш алып баруу зарыл. Бирок ачык айтып коюшум керек, парламентте ашыкча кишилер бар.
- Ашыкча болгондо кимдер?
- Ашыкча болгондо, 15-20 жылдан бери бийликте жүрүп, бирок эч нерсе кылбай саясатты булгап келаткандар. Бүгүнкү күндө ошолор кайра эле мурунку оюндарын жүргүзүп жатышат. Менин оюмча, бир эсептен парламент тарап, башка адамдар келсек жакшы болот эле.
- Басма булактарында парламентке кылмыш чөйрөсүнө аралашкан айрым адамдар депутат болуп келип калышты деген пикирлер айтылды. Ошондойлор чын эле барбы?
- Кылмыш дүйнөсүнө аралашкандар болсо, кантип депутат болуп келсин?.. Баарысы текшерүүдөн өтүшөт да. Балким, кылмыш дүйнөсүнө аралашкан делгендердин, кылмыш чөйрөсүндөгү адамдар менен кандайдыр тааныштыгы болгондур. Кыргызстан деген кичинекей мамлекет го. Бирок кимдир бирөөлөрдүн ким менен кандай мамиледе болгонун такташ абзел.
- Сиз тууралуу дагы кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар, спортсмен жигиттери көп деген ар түрдүү сөздөр айтыла калып жүрөт…
- Ооба, менин спортсмен жигиттерим бар. Бизнесте жүргөндө жумуш менен камсыз кылып, спорттук мелдештерге жөнөтүп турчумун. Эч бири кылмыш чөйрөсүнө аралашкан эмес. Баарысы түз жолдо жүрүшөт. Прокуратурада, милицияда, бизнесте иштеп, ордуларын таап жатышат. Ошентсе да мени кылмыш чөйрөсү менен байланыштырган сөздөр айтылып жүрөт. Бирок ушул күнгө чейин кайсы бир ишим үчүн кармалып сурак бермек түгүл, милицияга түшкөн жан эмесмин. Менин атам жак да, тага журтум да кылмышкер болуп сот жоопкерчилигин тартышкан эмес. Биздин сөөгүбүз таза. Бүгүнкү күндө башымды бийик көтөрүп жүрөм. Кырк чоро дегендей жигиттерим бар. Криминалына да, башкасына да баш бербейм. Анан, албетте, көрө албагандар кылмышкерлер менен байланышы бар деп айтышат да.
- Депутат катары кандай иштерди аткарып, кандай мыйзамдарды жазып жатасыз?
- Мен парламентте фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча комитеттин төрагасымын. Фискалдык дегенде киреше булактарын карайбыз. Ушул жаатта көптөгөн иштерди аткаруу далалаты менен бир топ мыйзамдардын үстүндө иштеп жатабыз.
- Сизди президенттик шайлоого катышат экен деген сөздөр айтылды эле, ажолукка ат салышасызбы?
- Мен президенттик шайлоого барбайм. Негизи ар кимибиз колубуздан келген мүмкүнчүлүгүбүзгө карап иш кылышыбыз керек. Депутат болуп деле элге кызмат кылсам болот. Депутат болбой деле элге колдон келген жардамыңды берип, иш кылса да болот. Ошондуктан алына карабай эле президент болом дегендерге, колунан келген өзүнүн ишин кылса дейт элем.
- Мына жакында 7-апрель революция күнү белгиленгени турат. Айрымдары ал үчүн 2005-жылкы 24-марттагы революцияны жокко чыгарыш керектигин айтышууда. Сиздин көз карашыңыз кандай?
- 24-март боюнча айтсак, албетте, анда дагы революция болгон. Эл үй-бүлөлүк бийликке каршы чыккан. Бул тарыхый чындык. Ал эми 7-апрелде дагы эл үй-бүлөлүк бийликке каршы көтөрүлүп, революция болду. Мындан саясат издебей, экөөнү тең белгилей бериш керек.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ