Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Текебаев үч тамгага айдаптыр
Эки Өмүрбектин эрегиши күн өткөн сайын курчуп барат. Өткөндө өлкөдөгү экономикалык оор кырдаалды эске алып, республикачы кичи Өмүрбек, ата мекенчи улуу Өмүрбек агасынын алдына түшүп, "бир пикирге келелик, чукулашпай эриш-аркак иштешелик"-деп ынтымакка чакырганы жатканы жөнүндө угуп калганбыз. Анан эле мурдагы күнү кыргыз тилдүү "Alaman.kg" интернет сайтында бир кызык окуя баяндалыптыр. Аталган сайттын ишенимдүү булактардан алган маалыматында "өткөн аптада 1-вице-премьер Бабанов Текебаевден аудиенция сурап, элдешели деп барган экен. Текебаевдин Жогорку Кеңештеги кабинетинде бул убакта Акылбек Жапаров, Равшан Жээнбеков, Жоомарт Оторбаевдер отурган болот. Жардамчысынан "Бабанов келиптир" дегенди уккан Өмүкең "айтып койгула, пошел он на ..."-деп туруп үч тамгага айдап салыптыр"-деп баяндалат. Ошентип кичүүлүк кылып, элдешели деп барган Бабановго Текебаев текеберлик кылып койгон экен.




Коалиция тагдыры:
Өкмөт таркаш керекпи, же…
Ошентип, бүгүн эл аралап кетишкен эл өкүлдөрүбүз жумушка чыгышты. Парламентте кайрадан күрү-гүү, ызы-чуу. Коалицияны ыдыратабыз, Өкмөттү таратабыз дегендер 22-мартка чейин Өкмөткө убакыт беришкен. "Ынтымак жана биримдик" деп аталган коалициянын тагдыры бүгүн чечилгени турат. Ал ортодо биз "азыркы Өкмөттү чын эле таркатуу керекпи?"-деген суроо менен айрым саясатчы, коомдук ишмерлерибизге кайрылып, пикирин угуп көрдүк.

Абдыгул Чотбаев,
Улуттук гвардиянын мурунку башкы командачысы:
- Менин оюмча, бул жөн гана саясий оюн. Булар кетсе, алардын ордуна башкалары келет да, дагы бир-эки айдан кийин кайра Өкмөттү таркатабыз деп чыгышат. Ошондуктан азыркы Өкмөткө жок дегенде бир жыл убакыт бериш керек. Ошондо бул Өкмөт канчалык деңгээлде ишке жарамдуу экендиги ачыкка чыгат.

Топчубек Тургуналиев,
Президенттин кеңешчиси:
- Коалицияны таркатуу азырынча эрте. Өкмөткө убакыт берип, иштөөсүнө шарт түзүп бериш керек. Эгер берилген убакыттын аралыгында өкмөт иштей албаса, анда коалиция таркап, жаңы өкмөт куралууга тийиш. Менимче, азыркы өкмөт жакшы иштеп жатат. Ошондуктан коалицияны таркатып, өкмөттү кетирүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок. Коалицияны таркатыш, мурда жогорку кызматта иштеп, мамлекеттик казынага кол салып, жеп-ичип көнүп калган адамдардын эле максаты болуп жатат.

Алмамбет Матубраимов,
экс-спикер:
- Коалиция таркаганы менен, парламент кала берет. Коалициянын курамы кайра эле ошол депутаттардан куралат. Эгер коалиция таркаса, ар кандай саясый оюндар жүрө берет. Анткени саясатчылардын башы оорубайт. Тескерисинче, ошол оюндардан ырахат алышат. Эки дөө кармашса, ортодо кара чымын кырылат болуп, бөөдө карапайым элге кыйын болот. Ошондуктан депутаттар ынтымакка келип, биргелешип иш алпарышса жакшы болор эле.

Жамин Акималиев,
Айыл чарба институтунун директору:
- Коалиция маселеси коомчулукту абдан дүрбөтүп жатат. Жаз келип, айдап-себүү иштери башталып, өкмөт экономиканы көтөрүүнүн аракетин көрүп жатканда коалициянын таркап кетиши жакшы эмес. Азыркы популизмге алдырып, өкмөткө сын айтып жаткан саясатчыларыбыз элдин убалынан корксо жакшы болор эле. Минтип кызмат талашып, кызыл чеке болуп отурушса, 7-апрелдеги революция өз максатына жетпей калабы деп корком.

Орозбек Молдалиев,
саясий серепчи:
- Коалицияны таратабыз деген жөн гана кызматка жетүүнүн шылтоосу болуп жатпайбы. Айрым депутаттар "Бизге кызмат бербейсиңер" - деген жеке таарыныч менен коалицияны таратабыз деп чыгышты. Мейли силерге кызмат берели десе, тынчып калышпадыбы. Коалицияны кимдер жана эмнеге таратууга кызыкдар экендиги айдан-ачык эле көрүнүп турат. Эгер коалицияга кирген фракциялардын ортосунда идеялык жактан келишпестиктер болуп, экономикалык саясат туура эмес жүргүзүлсө, ички-тышкы саясатты жүргүзүүдө пикир келишпестиктер болуп, башкача айтканда кординалдуу суроолордун негизинде көз караштар дал келбей калып коалицияны таратабыз дешсе, биз түшүнмөкпүз. Анан "Ата-Журт" партиясына портфель аз тийип калды, жалаң эле рюкзак, эски мешоктор тийип калды, коалициядан чыгабыз дегендери туура эмес. Азыр коалицияны таратабыз дегендери жөн гана папка талашуунун таарынычынан улам чыгып жатат. Жеке таарынычтар үчүн коалицияны таратуунун зарылчылыгы жок деп эсептейм.
Даярдаган
Мирлан АЛЫМБАЕВ





Чабактар кармалып, жаяндарга чара көрүлбөй…
Ички иштер министрлиги кезектеги жыйынын өткөрүп, криминалдарга катуу чара көрүп жатышкандыгын маалымдады. ИИМ бул ирет уюшкан кылмыштуу топтун 118 мүчөсү кармалаганын, жетөө үй түрмөгө "айдалганын" айтып, алардын 17си "положенц" жана "смотрящий" экенин, алардан 10го жакынынан ар түрдүү курал - жарак жана 60 килограммдан ашык наркотикалык заттар алынганын жар салышты.
Кыскасы, ИИМдин бул маселе боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгү алгылыктуу болуп жатат десек болчудай. Бирок криминал чөйрөсүнүн чабактарына катуу чара көрүлүп, ал эми Көлбаев, Анапияев сыяктуу кирминал чөйрөсүнүн киттерине Анталияда "эс алдырууга мүмкүнчүлүк" берилип калгандыгы түшүнүксүз. Же ИИМдин толук кандуу иштешине ЖКнын депутаттары тоскоол болуп жаткан жокпу? Себеби спикер Келдибеков менен Көлбаевдин Караколдо "Капризде" жолуккандыгы көп жолу жазылып, ал тургай бул тууралуу жакындан билген саясатчылар тарабынан да байма-бай айтылып тастыкталгандай эле болду. Ушул өңүттөн алып караганда, криминалдын киттери жакын арада кармалбаса (кармалышы да күмөн) керек. Ал ортодо коомчулукта учурда камакта жаткан "Водолаз" аттуу каймана атка ээ Максат Абакировду Камчы Көлбаевдин ордуна "вор в законе" кылууга кызыкдар болгон күчтөр тымызын иштеп, Максатты камактан чыгарып алууга колдон келишинче аракет кылып жатышкандыгы тууралуу кеп кетти.




Акаев Ала-Тоодо той берди, бирок…
Өткөн жумада Кыргызстандын тунгуч жана ошол эле учурда тунгуч качкын президенти Аскар Акаев Бишкекте (Орто-Сай базарынын тегерегиндеги ресторандардын бирине) үлкөн той бердирди. "Той бердирди" дегенибиздин себеби, ал тойго Акайчик өзү катышпастан, ал тойду Акаевдин агасы уюштургандыгы айтылууда. Акаевдин той бердиргенинин себеби: "мен бармын, мени да эстеп, колдоп жүргүлө" деген максатты көздөп, ал тойго Акаевдин саясатта жүргөн үзөнгүлөштөрүнө караганда, окумуштуу жана илимпоз достору арбын катышкан экен.
Тойду өткөзүп жаткан Акаевдин тууганы той башталганда эле конокторго Акаевдин үй-бүлөсүнүн атынан салам-дуба айтып, алар жөнүндө кенен кеп козгоптур. Учурда Акаев мурункусундай эле "болтоюп", маанайы көтөрүңкү, МГУдан тышкары айына эки-үч ирет Санкт-Петербургдын ЖОЖдорунда лекция окуп жатканын, ал эми байбичеси Майрам болсо, аз убакыттын ичинде эле картайып, мурункудан да жини чукул болуп, кыйналып жүргөнүн ачыктаптыр.
Айдар болсо Кыргызстандагы, Казакстандагы жана Москвадагы бизнесин өркүндөтүүнүн үстүндө тынбай иштеп жатканын, Бермет Кыргызстандын саясатына аралашуу маселесинин үстүндө иштеп, жогоруда аты аталган үч өлкөнүн айрым таасирдүү саясатчылары менен алака түзүп жатканын да кошумчалаган. Мындан тышкары Акайчиктин тууганы Бермет менен Айдардын бала-бакырасынан бери "эринбей" кеп салып жаткан кезде жүрөк оорусу кармап калып, тез жардам машинеси чакырылып, аны (акыркы убакта жүрөгүнөн эки жолу операция болгон экен) ооруканага алып кетишкен экен. Ошентип, тойдун ээси жок, тойго катышкандардын көбү томсоруп, ичкен-жегендери анча аш болбой, маанайлары суз тарашкан экен.




"Бабалар баскан жолдо", "Өлбөс баатырлар"…
Теңдик, калыстык, адилеттик, мамлекеттин келечеги үчүн деп Аксы окуясында жана былтыркы каргашалуу 7-апрелде кайтыш болгон кыргыздын баатыр жигиттеринин жаркын элесине арнап, белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов "Бабалар баскан жолдо", "Өлбөс баатырлар" аттуу сүрөт көргөзмөсүн 3-апрелде Гапар Айтиев атындагы Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде уюштурганы жатат. Учурда Асан мырза көргөзмөгө катуу кам уруп, жеке демилгеси менен кандуу 7-апрелде шейит кеткен балдар менен Аксы окуясында шейит кеткен балдардын портреттерин тартуунун үстүндө күнү-түнү тыным албай эмгектенип жаткан кези. Эске сала кетсек, Асан мырзага мамлекет тарабынан да, жеке коомдук ишмерлер тарабынан да көмөк көрсөтүлгөн жок. Мындай оор жүктү Асан Турсункулов жеке патриоттук сезим менен карандай эмгегине таянып жасап жатканын айта кетүү ашыктык кылбас. Ал эми кандуу окуянын арты менен бийликке келишкен атка минерлер мындай жакшы демилгени таназарына албай жатышканы өкүндүрөт.